2018-жылдын КР БШКсы 2018-жылдын 13-апрелинде өткөн Талас облусунун Талас районундагы У.Өмүралиев айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорун бекитти.
Берилген протоколдордун негизинде У.Өмүралиев айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп таанылып, Айталиев Козубек Кундузбекович айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
Шайланган айыл өкмөт башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү Талас аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү