КР БШК 2018-жылдын 13-майына дайындалган айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын шайлоосуна карата шайлоо бюллетендерди аймактарга жөнөттү

29 апреля 2018

2018-жылдын 29-апрелинде «Учкун» басмаканасында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрү, аппарат кызматкерлери, массалык маалымат каражаттары, саясий партияларынын өкүлдөрүнүн катышуусунда 2018-жылдын 13-майына дайындалган айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын шайлоосуна карата Жалал-Абад, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын аймактык шайлоо комиссияларына шайлоо бюллетендери өткөрүлүп берилди.

Жалал-Абад облусуна -20188, Ош облусуна -13705, Нарын облусуна 2970,  Чүй облусуна 8421 бюллетень жөнөтүлдү (4209 – мамлекеттик тилде, 4212 – расмий тилде).

Жалпысынан 45284 бюллетень даярдалып, анын ичинен 41072 мамлекеттик тилде, ал эми 4212 расмий тилде.

“Учкун” ААКсындагы бюллетень даярдоо күн-түнү үзгүлтүксүз жүрүп, анын даярдалышы КР БШК мүчөлөрүнүн жана аппаратын кызматкерлеринин көзөмөлүндө жүргүзүлдү. Ошондой эле, ИИМ жана МУКК кызматкерлери тарабынан коопсуздугу камсыз кылынды.

Шайлоо бюллетендери атайын орнотулган жабдуулар менен “Учкун” ААКсындагы басылып чыккан бөлмөсүндө сынактан өткөрүлдү.

Шайлоо бюллетени жогорку коргоо даражасына ээ, автоматтык эсептегич урнасы (АЭУ) ар бир бюллетенди окугандай атайын коргоо боегу сүртүлгөн.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү