Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөр киргизилди
24 апреля 2018
2018-жылдын 24-апрелинде КР БШК Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө токтом кабыл алды. Токтом Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү Н.Садывакасованын комиссиянын курамынан чыгаруу жөнүндөгү арызынын негизинде кабыл алынды.
Ошентип:
- Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан Н.Садывакасова (“Элдик-Народная” саясий партиясынан) чыгарылды жана комиссиянын курамына резервден А.Исаева (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
