Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Отрадное айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана натыйжасы жөнүндөгү протоколдор бекитилди
04 мая 2018
2018-жылдын 4 майында КР БШКсы 2018-жылдын 23-апрелинде өткөн Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Отрадное айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорун бекитти.
Берилген протоколдордун негизинде Отрадное айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп таанылып, Сагындыкова Салтанат Бейшеевна айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
Шайланган айыл өкмөт башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
