Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
23.11.2018

КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

2018-жылдын 23-ноябрында КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Бакай-Ата, Ала-Бука, Кадамжай, Кочкор, Ысык-Көл жана Чүй АШКнын чечимдерин бекитти. Ошентип: - Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Ак-Дөбө айылдык кеңешиндеги депутат Э.Оморканов депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – К.Нурманбетовго өткөрүлүп берилди; - Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Өрүктү айылдык кеңешиндеги депутат Н.Усенбаева депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – С.Смановго өткөрүлүп берилди; - Баткен облусунун Кадамжай районундагы Халмион айылдык кеңешиндеги депутат Т.Кудайкулов депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – М. Балтабаевге өткөрүлүп берилди; - Баткен облусунун Кадамжай районундагы Котормо айылдык кеңешиндеги депутат Б.Акимов депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – Э.Паизовго өткөрүлүп берилди; - Баткен облусунун Кадамжай районундагы А. Мамсалиев атындагы айылдык кеңешиндеги депутат Г.Жусупбекова өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – А.Маматкулову өткөрүлүп берилди; - Нарын облусунун Кочкор районундагы Кум-Дөбө айылдык кеңешиндеги депутат Э.Токушов депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – У.Абдырасуловго өткөрүлүп берилди; - Нарын облусунун Кочкор районундагы Кош-Дөбө айылдык кеңешиндеги депутат Н.Бакиров депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – А.Сыдыковго өткөрүлүп берилди; - Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Садыр-Аке айылдык кеңешиндеги депутат Ж.Кадыркуловго карата соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киргендигине байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – Н. Карабековго өткөрүлүп берилди; - Чүй облусунун Чүй районундагы Ак-Бешим айылдык кеңешиндеги бош калган мандат кийинки талапкер Ш.Мамедовго өткөрүлүп берилди (2018-жылдын 2-ноябрында №203 токтом менен мөөнөтүнөн мурда токтотулган). КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК 2018-жылдын 2-декабрына дайындалган Чаек айылдык кеңешинин депутаттарынын мөөнөтүнөн мурда шайлоосуна карата шайлоо бюллетендери Жумгал АШКсына өткөрүлдү
23.11.2018

КР БШК 2018-жылдын 2-декабрына дайындалган Чаек айылдык кеңешинин депутаттарынын мөөнөтүнөн мурда шайлоосуна карата шайлоо бюллетендери Жумгал АШКсына өткөрүлдү

2018-жылдын 23-ноябрында «Учкун» басмаканасында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрү, аппарат кызматкерлери, массалык маалымат каражаттары өкүлдөрүнүн катышуусунда 2018-жылдын 2-декабрына дайындалган Чаек айылдык кеңешинин депутаттарынын мөөнөтүнөн мурда шайлоосуна карата Жумгал аймактык шайлоо комиссиясына бюллетендери өткөрүлүп берилди. Жалпысынан 7075 бюллетень мамлекеттик тилде даярдалды. “Учкун” ААКсындагы бюллетень даярдоо күн-түнү үзгүлтүксүз жүрүп, анын даярдалышы БШКнын аппаратын кызматкерлеринин көзөмөлүндө жүргүзүлдү. Ошондой эле, ИИМ жана МУКК кызматкерлери тарабынан коопсуздугу камсыз кылынды. Шайлоо бюллетендери атайын орнотулган жабдуулар менен “Учкун” ААКсындагы басылып чыккан бөлмөсүндө сынактан өткөрүлдү. Шайлоо бюллетени жогорку коргоо даражасына ээ, автоматтык эсептегич урнасы (АЭУ) ар бир бюллетенди окугандай атайын коргоо боегу сүртүлгөн. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү ​​​​​​​
Кененирээк билүү >>
2018-жылдын 23-ноябрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
23.11.2018

2018-жылдын 23-ноябрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы:23- ноябрь2018-ж. Убактысы:14:00 Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1.Нарын облусунун Жумгал районунун Жумгал, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө (Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 2.Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Бакай-Ата, Ала-Бука, Кадамжай, Кочкор, Ысык-Көл жана Чүй аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу (Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 3.Ар түрдүү маселелер Төраганын орун басары
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын эмгек жамааты Айтикеев Тологон Ороскуловичке көңүл айтат
21.11.2018

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын эмгек жамааты Айтикеев Тологон Ороскуловичке көңүл айтат

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын эмгек жамааты БШКнын аппаратынын кызматкери Айтикеев Тологон Ороскуловичтин карындашы Айтикеева Кенжегул Ороскуловна мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтып, орду толгус аза кайгысын тең бөлүшөт. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын эмгек жамааты
Кененирээк билүү >>
2018-жылдын 21-ноябрында Беш-Терек жана Талды-Суу айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын шайлоосу өттү
21.11.2018

2018-жылдын 21-ноябрында Беш-Терек жана Талды-Суу айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын шайлоосу өттү

2018-жылдын 21-ноябрында Чүй облусунун Москва районунун Беш-Терек, Ысык-Көл облусунун Түп районунун Талды-Суу айыл өкмөттөрүнүн башчылары шайланды. Натыйжада: - Чүй облусунун Москва районунун Беш-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 9 добуш алган Раев Марлис Турусбекович шайланды. Беш-Терек айылдык кеңешиндеги 11 депутаттан 9 катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 1 талапкер катталган; - Ысык-Көл облусунун Түп районунун Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 18 добуш алган Мамбеталиева Айнура Аалиевна шайланды. Талды-Суу айылдык кеңешинде 21 депутат бар, алардын ичинен 21 тең катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 2 талапкер аттанган. КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Үч-Төбө жана Жекенди айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдор бекитилди
20.11.2018

Үч-Төбө жана Жекенди айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдор бекитилди

2018-жылдын 20-ноябрында КРнын БШКсы 2018-жылдын 14 ноябрында Ош облусунун Алай районунун Үч-Төбө, Чоң-Алай районунун Жекенди айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитти. Протоколдордун негизинде: - Ош облусунун Алай районунун Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылып, Акматов Таалайбек Эрмекбаевич айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды; - Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылып, Колдошов Жээнбек Исламович айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Шайланган айыл өкмөт башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү Алай жана Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссияларына тапшырылды. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөр киргизилди
20.11.2018

Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөр киргизилди

КР БШК Ош облусунун Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кабыл алынды. Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү О.Ю. Хворостанцева каза болгондугуна байланыштуу токтом кабыл алынды. Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди: “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Хворостанцева Ольга Юрьевна комиссиянын курамынан чыгарылып; жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Рахимова Райхан Исмаиловна резервден комиссиянын курамына киргизилди. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
20.11.2018

КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

2018-жылдын 20-ноябрында КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Бакай-Ата, Токтогул, Ак-Суу, Ысык-Көл жана Жайыл АШКнын чечимдерин бекитти. Ошентип: - Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Миң-Булак айылдык кеңешиндеги депутат С.Сеитов депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – Ш.Турдубаевге өткөрүлүп берилди; - Жалал-Абад облусунун Токтогул шаардык кеңешиндеги “Өнүгүү-Прогресс” депутаттык фракциясынан депутат С. Мейманжанов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – С.Абышовго (“Өнүгүү-Прогресс” депутаттык фракциясынан) өткөрүлүп берилди. - Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Отрадное айылдык кеңешиндеги депутат А.Закиярев депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – С. Карымшаковго өткөрүлүп берилди; - Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кумбел айылдык кеңешиндеги депутат Бекмырза уулу Алыбай өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – Н.Мадиновго өткөрүлүп берилди; - Чүй облусунун Жайыл районундагы Сары-Коо айылдык кеңешиндеги бош калган мандат кийинки талапкер Табалды кызы Лаззатка өткөрүлүп берилди ( 2018-жылдын 13-ноябрында №207 токтом менен мөөнөтүнөн мурда токтотулган). КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2018-жылдын 20-ноябрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
20.11.2018

2018-жылдын 20-ноябрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы:20- ноябрь2018-ж. Убактысы:14:00 Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1. Ош облусунун Алай районунун үч-Төбө, Чоң-Алай районунун Жекенди айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.) 2.Ош облусунун Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.) 3.Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Бакай-Ата, Токтогул, Ак-Суу, Ысык-Көл жана Жайыл аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.) 4. Ар түрдүү маселелер Төраганын орун басары  
Кененирээк билүү >>
Өзбекстандын БШКсы Кыргызстандын шайлоодо инновациялык-коммуникациялык технологияларды (ИКТ) колдонуу боюнча тажрыйбасына кызыгууда
17.11.2018

Өзбекстандын БШКсы Кыргызстандын шайлоодо инновациялык-коммуникациялык технологияларды (ИКТ) колдонуу боюнча тажрыйбасына кызыгууда

КР БШКнын төрагасынын орун басары А. Бекматов Өзбекстандын БШКсынын чакыруусу боюнча 2018-жылы 16-17-ноябрда Бухара шаарында өтүп жаткан “Шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү жана демократиялык шайлоолор: Өзбекстандын жана эл аралык тажрыйба” деген конференцияга катышты. Конференциянын алкагында Өзбекстан Республикасынын Шайлоо кодексинин долбоорун,  ошондой эле ЕККУнун БДИПЧинин, Венеция комиссиясынын, Шайлоо органдарынын бүткүл дүйнөлүк ассоциациясынын, БУУнун Катчылыгына караштуу Саясий маселелер боюнча департаментинин шайлоолорду өткөрүүдө жардам көрсөтүү боюнча бөлүмдүн өкүлдөрүнүн ж.б. чет өлкөлүк эксперттердин катышуусунда шайлоо процессине инновациялык-коммуникациялык технологияларды киргизүү маселелери талкууланды.  КР БШКнын төрагасынын орун басары конференциянын экинчи күнүндө катышуучуларга Кыргыз Республикасында колдонулуп жаткан жаңы шайлоо моделинин тажрыйбасы тууралуу айтып берди. Жаңы шайлоо моделин киргизүү, көрүлгөн чаралар (мыйзам чыгаруу, техникалык жактан камсыздоо), шайлоого даярдануу жана аны өткөрүү (уюштуруу чаралары) жөнүндө “Инновациялык технологияларды киргизүү. Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарындагы жаңылыктар” деген презентацияда кеңири баяндалды. “Адилет жана атаандаш шайлоо аркылуу түзүлгөн бийлик бекем болот жана шайлоочулардын ишенимине ээ болуп, эл аралык коомчулук тарабынан таанылат. Шайлоо процессине жаңы моделди киргизүү Кыргызстанга учурдагы этапта жарандардын шайлоо тутумуна ишениминин негизи болуп саналган добуш берүүнүн жыйынтыктарынын толук аныктыгына жана айкындуулугуна жетишүүгө мүмкүнчүлүк берди”. Өзбекстандын БШКсы Кыргызстандын шайлоодо инновациялык-коммуникациялык технологияларды колдонуу боюнча тажрыйбасына кызыгууда жана эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү менен өз ара аракеттешүүгө даяр экенин көрсөтүүдө. КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Чаек айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлерди каттоо аяктады
16.11.2018

Чаек айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлерди каттоо аяктады

 2018-жылдын 16-ноябрында, Календардык планга ылайык Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлерди каттоо аяктады. Жумгал аймактык шайлоо комиссиясы талапкерлерди көрсөтүү тартиби “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык келиши жагынан документтерди текшерди. Кыргыз Республикасындагы Чаек айылдык кеңешинин депутаттарын 2018-жылдын 2-декабрында дайындалган шайлоого катышуу үчүн 72 талапкер катталды, алардын ичинен: -Актатыр-Аксеки шайлоо округунда (9 мандат) – 26 талапкер, -Чаек шайлоо округунда (4 мандат) –  17 талапкер, -Шортон шайлоо округунда (3 мандат) – 10 талапкер, -Каражээк-Бештерек шайлоо округунда (5 мандат) – 19 талапкер Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү иштери айылдык кеңештерге бардык талапкерлерди каттоо аякталгандан кийин, же 2018-жылдын 17-ноябрынан башталып, добуш берүү башталаарга 24 саат калганда, же 2018-жылдын 1-декабрында 8.00дө токтотулат. КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештин депутаттарынын төш белгилери тууралуу маалымат
15.11.2018

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештин депутаттарынын төш белгилери тууралуу маалымат

Өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгы боюнча 2018-жылдын  31-октябрында КР БШК жеке ишкер В.Н. Подстречный менен “КР жергиликтүү кеңештин депутаттарынын төш белгилерин даярдоо жөнүндө” келишимге кол коюлган. Келишимге ылайык даярдап берүүчү үлгү бекитилгенден тартып, 30 жумушчу күндүн ичинде 10 000 төш белгини 740 000 сомго (ар бир бирдиги 74 сом) даярдап берүүгө тийиш. Маалымат үчүн: 2018-жылы 17-августта мамлекеттик сатып алуулардын электрондук порталына Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын төш белгилерин сатып алуу жөнүндө кулактандыруу жарыялаган. 2018-жылы 12-сентябрда конкурстук табыштамалардын конверттери ачылган. Электрондук мамлекеттик сатып алуулар порталына конкурс тууралуу кулактандыруу жарыялангандан кийин берүүчүлөрдүн бири даттанууларды жана нааразылыктарды кароо боюнча, ошондой эле ишенимсиз жана ак ниет эмес  берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) маалыматтар базасына киргизүү боюнча ведомстволор аралык көз карандысыз комиссияга (мындан ары - КВК) даттануу менен кайрылган. Анда конкурстун катышуучулары 2018-жылга чейин кеминде 5 жыл Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан, менчигинде же үзгүлтүксүз ижарада окшош продукция чыгарган цехи барын ырастаган документтерин көрсөтүүгө тийиш экендиги тууралуу квалификациялык талаптардын бири негизсиз деп нааразылыгын билдирген. КВК 2018-жылдын 17-октябрдагы чечими менен берүүчүнүн даттануусун негиздүү деп тапкан. Конкурстук комиссия КВКнын 2018-жылдын 17-октябрдагы чечимин эске алып, конкурстун бардык катышуучуларынын конкурстук  документацияда белгиленген талаптарга жана критерийлерге ылайыктыгын баалоодо жогоруда көрсөтүлгөн квалификациялык талапты эске алган жок. КР БШК 2018-жылы 19-октябрда мамлекеттик сатып алуулардын электрондук порталына Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын төш белгилерин сатып алуу жол-жобосунун протоколун жарыялаган. Конкурстук документацияны жана техникалык талаптарды баалоонун жыйынтыгы боюнча конкурстук комиссия эң төмөнкү бааны сунуштаган берүүчүнү - жеке ишкер В.Н. Подстречныйдын конкурстук табыштамаларын жеңүүчү деп аныктады. КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
Чаек айылдык кеңешке депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоого карата даярдыктын алкагында КР БШКнын аппаратынын кызматкерлери жер-жерлерде окутуу өткөрүүдө
15.11.2018

Чаек айылдык кеңешке депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоого карата даярдыктын алкагында КР БШКнын аппаратынын кызматкерлери жер-жерлерде окутуу өткөрүүдө

Нарын облусунун Жумгал районундагы Чаек айылдык кеңешке депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдануу жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын Календардык планына ылайык КР БШКнын аппаратынын кызматкерлери Т.Айтикеев жана У. Каныбеков Жумгал аймактык шайлоо комиссиясы (АШК) жана алты участкалык шайлоо комиссиясы (УШК 4114, 4115,4116, 4117,4118 жана 4119) үчүн 2018-жылдын 13-15-ноябрда жер-жерлерде окутуу өткөрүүдө. Окутуу ар кандай деңгээлдеги шайлоо комиссияларынын иш-аракетин натыйжалуу пландаштыруу көндүмдөрүн калыптандырууга, АШК, УШКлардын иш милдеттерин талаптагыдай аткарышына жана бийликтин жергиликтүү органдары менен өз ара аракеттешүүсүнө багытталган. Окутуу программасына төмөнкүлөр киргизилген: шайлоо комиссияларынын шайлоого даярданууда жана өткөрүүдө этап боюнча иш-аракети; шайлоочулардын тизмелери, шайлоо бюллетендери менен иштөө боюнча блок; жергиликтүү кеңештерди шайлоого добуш берүү күнүнө чейин, добуш берүү күнүнө жана жыйынтыктарды чыгарууга даярдануу жол-жоболору; ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн шайлоонун жетимдүүлүгүн камсыздоо. Мындан тышкары, Чаек айылдык кеңешке депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча шайлоо участокторунун төмөнкү иштери текшерилди: шайлоо участокторун зарыл жабдыктар менен жабдуу боюнча; участоктордо маалыматтык материалдардын (шайлоочунун шайлоо участоктогунда добуш берүү схемасы, “Кошунаңды ала кел”, “Өзүңдү шайлоочулардын тизмелеринен текшер”) болушу боюнча; энергия, телефон байланышы жана интернет менен үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча; шайлоо участкаларында пандустардын болушу боюнча. Маалымат үчүн: Чаек айыл аймагында мөөнөтүнөн мурда шайлоо жергиликтүү кеңеш таркатылгандын натыйжасында дайындалган. 2018-жылдын 18-октябрында Кыргыз Республикасынын Президенти “Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылдык кеңешин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө” УП №210 Жарлыкка кол койгон, мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2018-жылдын 2-декабрына дайындалган. КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2018-жылдын 14-ноябрында Үч-Дөбө жана Жекенди айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын шайлоосу өттү
14.11.2018

2018-жылдын 14-ноябрында Үч-Дөбө жана Жекенди айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын шайлоосу өттү

2018-жылдын 14-ноябрында Ош облусунун Алай районунун Үч-Дөбө, Чоң-Алай районунун Жекенди айыл өкмөттөрүнүн башчылары шайланды. Натыйжада: - Ош облусунун Алай районунун Үч-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 11 добуш алган Акматов Таалайбек Эргешбаевич шайланды. Үч-Дөбө айылдык кеңешиндеги 21 депутаттан 20 катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 3 талапкер аттанган; - Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 15 добуш алган Колдошов Жээнбек Исламович шайланды. Жекенди айылдык кеңешинде 21 депутат бар, алардын ичинен 21 тең катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 4 талапкер аттанган. КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айыл өкмөтүнүн башчысынын шайлоосу дайындалды
13.11.2018

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айыл өкмөтүнүн башчысынын шайлоосу дайындалды

Нарын облусунун Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 3-ноябрындагы № 184-б буйругу менен Жаңы-Талап айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Алдеев, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган. КР БШКнын токтомуна ылайык, Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айыл өкмөтүнүн башчысынын шайлоосу 2018-жылдын 30-ноябрына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин дайындалды. Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруп, өткөрүү Ак-Талаа АШКсына тапшырылды. Маалымат катары: “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөр киргизилди
13.11.2018

Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөр киргизилди

КР БШК Нарын облусунун Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кабыл алынды. Жумгал аймактык шайлоо комиссиянын мүчөлөрү: С.А. Мамышованын, Н.К. Термечиковдун комиссиянын курамынан чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде токтом кабыл алынды. Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди: “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Мамышова Самара Алмасбековна жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Термечиков Нурбек Калмурзаевич комиссиянын курамынан чыгарылып; жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Осмоналиева Нурила Мамытбековна, Джумагулов Токтогул резервден комиссиянын курамына киргизилди. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
1 … 364 366 … 483