КР БШК Нарын облусунун Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кабыл алынды.
Жумгал аймактык шайлоо комиссиянын мүчөлөрү: С.А. Мамышованын, Н.К. Термечиковдун комиссиянын курамынан чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде токтом кабыл алынды.
Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:
“Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Мамышова Самара Алмасбековна жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Термечиков Нурбек Калмурзаевич комиссиянын курамынан чыгарылып; жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Осмоналиева Нурила Мамытбековна, Джумагулов Токтогул резервден комиссиянын курамына киргизилди.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү