2018-жылдын 14-ноябрында Үч-Дөбө жана Жекенди айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын шайлоосу өттү
14 ноября 2018
2018-жылдын 14-ноябрында Ош облусунун Алай районунун Үч-Дөбө, Чоң-Алай районунун Жекенди айыл өкмөттөрүнүн башчылары шайланды.
Натыйжада:
- Ош облусунун Алай районунун Үч-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 11 добуш алган Акматов Таалайбек Эргешбаевич шайланды. Үч-Дөбө айылдык кеңешиндеги 21 депутаттан 20 катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 3 талапкер аттанган;
- Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 15 добуш алган Колдошов Жээнбек Исламович шайланды. Жекенди айылдык кеңешинде 21 депутат бар, алардын ичинен 21 тең катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 4 талапкер аттанган.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
