Чаек айылдык кеңешке депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоого карата даярдыктын алкагында КР БШКнын аппаратынын кызматкерлери жер-жерлерде окутуу өткөрүүдө
15 ноября 2018
Нарын облусунун Жумгал районундагы Чаек айылдык кеңешке депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдануу жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын Календардык планына ылайык КР БШКнын аппаратынын кызматкерлери Т.Айтикеев жана У. Каныбеков Жумгал аймактык шайлоо комиссиясы (АШК) жана алты участкалык шайлоо комиссиясы (УШК 4114, 4115,4116, 4117,4118 жана 4119) үчүн 2018-жылдын 13-15-ноябрда жер-жерлерде окутуу өткөрүүдө.
Окутуу ар кандай деңгээлдеги шайлоо комиссияларынын иш-аракетин натыйжалуу пландаштыруу көндүмдөрүн калыптандырууга, АШК, УШКлардын иш милдеттерин талаптагыдай аткарышына жана бийликтин жергиликтүү органдары менен өз ара аракеттешүүсүнө багытталган.
Окутуу программасына төмөнкүлөр киргизилген:
- шайлоо комиссияларынын шайлоого даярданууда жана өткөрүүдө этап боюнча иш-аракети;
- шайлоочулардын тизмелери, шайлоо бюллетендери менен иштөө боюнча блок;
- жергиликтүү кеңештерди шайлоого добуш берүү күнүнө чейин, добуш берүү күнүнө жана жыйынтыктарды чыгарууга даярдануу жол-жоболору;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн шайлоонун жетимдүүлүгүн камсыздоо.
Мындан тышкары, Чаек айылдык кеңешке депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча шайлоо участокторунун төмөнкү иштери текшерилди:
- шайлоо участокторун зарыл жабдыктар менен жабдуу боюнча;
- участоктордо маалыматтык материалдардын (шайлоочунун шайлоо участоктогунда добуш берүү схемасы, “Кошунаңды ала кел”, “Өзүңдү шайлоочулардын тизмелеринен текшер”) болушу боюнча;
- энергия, телефон байланышы жана интернет менен үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча;
- шайлоо участкаларында пандустардын болушу боюнча.
Маалымат үчүн: Чаек айыл аймагында мөөнөтүнөн мурда шайлоо жергиликтүү кеңеш таркатылгандын натыйжасында дайындалган. 2018-жылдын 18-октябрында Кыргыз Республикасынын Президенти “Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылдык кеңешин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө” УП №210 Жарлыкка кол койгон, мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2018-жылдын 2-декабрына дайындалган.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү









