Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөр киргизилди
20 ноября 2018
КР БШК Ош облусунун Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кабыл алынды.
Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү О.Ю. Хворостанцева каза болгондугуна байланыштуу токтом кабыл алынды.
Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:
“Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Хворостанцева Ольга Юрьевна комиссиянын курамынан чыгарылып; жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Рахимова Райхан Исмаиловна резервден комиссиянын курамына киргизилди.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
