Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылдык кеӊешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүү аяктады
Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылдык кеӊешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүү аяктады. 2018-жылдын 2-декабрында саат 20.00гө, шайлоо участкаларынын жабылуу убактысына карата 2976 шайлоочу добуш берди, бул тизмеге кирген жалпы шайлоочулардын 42 пайызын түзөт. Чаек айылдык кеӊешинин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын тизмесине жалпысынан 7 086 шайлоочу киргизилген. Добуш берүү 6 участкада өттү (21 мандаттык айылдык кенеш).
Добуш берүү бүтөрү менен бардык байкоочулар добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгы боюнча автоматтык үкөктөрдүн отчетун колдоруна ала алышат, ушул эле отчеттор автоматтык режимде http://ess.shailoo.gov.kg/ServiceJSP.do КР БШКнын сайтына жөнөтүлөт жана участкалар, округдар боюнча бөлүнүп ачык жеткиликтүү көрүүгө мүмкүн.
Бардык участкаларда добуштарды кол менен эсептөө башталды. Шайлоочулардын добуштарын эсептөө добуш берүүсү өткөрүлгөн жайда добуш берүү аяктаары менен башталат жана добуш берүүнүн жыйынтыктары белгиленгенге чейин үзгүлтүксүз жүргүзүлөт (“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамынын 36-беренеси).
Чаек айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого талапкерлердин 66 байкоочулары катышты.
Добуштарды кол менен эсептөө бүткөндөн кийин, кол менен эсептөөнүн протоколунун көчүрмөсү бардык байкоочуларга берилет, протоколдун өзү сканерленип, графикалык көчүрмө катары (идентификация боюнча отчет менен бирге) серверге жөнөтүлөт, кол менен эсептөөнүн маалыматтары райондордогу аймактык шайлоо комиссиясына жеткирилгенден кийин сайтка жайгаштырылат.
Добуш берүүнүн жүрүшүндө арыздар жана даттануулар участкалык шайлоо комиссияларына жана Жумгал аймактык шайлоо комиссиясына келип түшкөн жок.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылдык кеӊешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо шайлоочулардын добуш берүүсү тууралуу саат 20.00 гө карата маалымат
Шайлоо участкасынын аталышы
Шайлоочулардын саны
Саат 20:00гө карата шайлоочулардын катышы
Добуш берген шайлоочулардын % көрсөткүчү
Ак-Татыр
№4114
1533
647
42,2
Ак-Секи
№4115
1571
642
40,87
Чаек
№4116
1295
541
41,78
Шортон
№4117
1008
428
42,46
Кара-Жээк
№4118
1198
480
40,07
Беш-Терек
№4119
481
238
49,48
Баардыгы:
7086
2976
42
КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылдык кеӊешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо шайлоочулардын добуш берүүсү тууралуу саат 17.00 гө карата маалымат
Шайлоо участкасынын аталышы
Шайлоочулардын саны
Саат 17:00гө карата шайлоочулардын катышы
Добуш берген шайлоочулардын % көрсөткүчү
Ак-Татыр
№4114
1533
506
33,01
Ак-Секи
№4115
1571
518
32,97
Чаек
№4116
1295
435
33,59
Шортон
№4117
1008
388
38,49
Кара-Жээк
№4118
1198
383
31,97
Беш-Терек
№4119
481
201
41,79
Баардыгы:
7086
2431
34,31
КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылдык кеӊешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо шайлоочулардын добуш берүүсү тууралуу саат 13.00 гө карата маалымат
Шайлоо участкасынын аталышы
Шайлоочулардын саны
Саат 13:00гө карата шайлоочулардын катышы
Добуш берген шайлоочулардын % көрсөткүчү
Ак-Татыр
№4114
1533
260
16,96
Ак-Секи
№4115
1571
277
17,63
Чаек
№4116
1295
257
19,85
Шортон
№4117
1008
291
28,87
Кара-Жээк
№4118
1198
244
20,37
Беш-Терек
№4119
481
118
24,53
Баардыгы:
7086
1447
20,42
КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылдык кеӊешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо шайлоочулардын добуш берүүсү тууралуу саат 10.00 гө карата маалымат
Шайлоо участкасынын аталышы
Шайлоочулардын саны
Саат 10:00гө карата шайлоочулардын катышы
Добуш берген шайлоочулардын % көрсөткүчү
Ак-Татыр
№4114
1533
65
4,24
Ак-Секи
№4115
1571
47
2,99
Чаек
№4116
1295
55
4,25
Шортон
№4117
1008
64
6,35
Кара-Жээк
№4118
1198
66
5,51
Беш-Терек
№4119
481
17
3,53
Баардыгы:
7086
314
4,43
КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылдык кеӊешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо үчүн добуш берүү башталды
Бүгүн, 2018-жылдын 2-декабрында саат 8.00 до Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылдык кеӊешинин депутаттарын шайлоо үчүн добуш берүү башталды. Чаек айылдык кеӊешинин депутаттыгына 70 талапкер катталды, алардын ичинен 21 депутат шайланат.
Добуш берүү үчүн 6 шайлоо участкалары ачылды. Бардык шайлоо участкалары зарыл болгон жабдуулар жана маалыматтык материалдар менен жабдылган. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан үзгүлтүксүз электр энергиясы, телефон жана интернет байланыш менен камсыз кылынган.
Шайлоочулардын акыркы тизмесине жалпы 7086 шайлоочу киргизилген. Тиешелүү сандагы шайлоо бюллетендерди шайлоо комиссияларына даярдалып жана өткөрүлүп берилген.
Эскерте кетсек: Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылдык кеңешинин таркалышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 18-октябрындагы ПЖ №210 Жарлыгы менен айылдык кеңешинин мөөнөтүнөн мурда шайлоосу 2018-жылдын 2-декабрына, жекшембиге дайындалган.
КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2018-жылдын 2-декабрына дайындалган Чаек айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү жүргүзүлдү
Бүгүн, 2018-жылдын 1-декабрында, 2018-жылдын 2-декабрына дайындалган Чаек айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча добуш берүүчү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү жүргүзүлдү.
Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылдык кеңешинин таркалышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 18-октябрындагы ПЖ №210 Жарлыгы менен айылдык кеңешинин мөөнөтүнөн мурда шайлоосу 2018-жылдын 2-декабрына, жекшембиге дайындалган.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-беренесине ылайык, добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү шайлоо күнүнө чейин бир календарлык күн калганда гана жана шайлоочунун добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү жөнүндө жазуу жүзүндө кайрылуусунун негизинде гана жүргүзүлөт.
Добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү боюнча бардыгы болуп 12 шайлоочудан арыз түшкөн болсо, анын ичинен 10 шайлоочу добуш берди, 2 шайлоочунун паспорту жоктугуна байланыштуу добуш бере алышкан жок.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Баш-Дөбө жана Тамга айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын шайлоосу дайындалды
КР БШКнын токтомуна ылайык, Ош облусунун Өзгөн районунун Баш-Дөбө, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тамга айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоосу 2018-жылдын 19-декабрына саат 9-00дөн 12-00гө чейинкиге дайындалды.
Ош облусунун Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 27-ноябрындагы № 333-б буйругу менен Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы К. Бөдөнов, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 28-ноябрындагы № 75 буйругу менен Тамга айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Усенбаев, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруп, өткөрүү Өзгөн жана Жети-Өгүз АШКна тапшырылды.
Маалымат катары: “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
2018-жылдын 30-ноябрында КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Аксы, Ысык-Ата, Кемин, Ак-Талаа жана Жумгал АШКнын чечимдерин бекитти.
Ошентип:
- Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кара-Жыгач атындагы айылдык кеңешиндеги депутат Б. Сапарбаев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – Дооран уулу Турдакунга өткөрүлүп берилди;
- Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Люксембург айылдык кеңешиндеги депутат Т. Павловская Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоо үчүн чыгып кетишине байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – А.Казыбаевге өткөрүлүп берилди;
- Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Люксембург айылдык кеңешиндеги депутаты К.Шайылдабековдун каза болгондугуна байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – К.Зайнуллаевге өткөрүлүп берилди;
- Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Логвиненко айылдык кеңешиндеги депутат С. Кузнецова өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – Р.Коджаевге өткөрүлүп берилди;
- Чүй облусунун Кемин районундагы Кара-Булак айылдык кеңешиндеги депутат М.Чоткараев депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – А.Кулушевге өткөрүлүп берилди;
- Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Ак-Талаа айылдык кеңешиндеги депутат А. Макеева депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – К.Дүйшөмбиевге өткөрүлүп берилди;
- Нарын облусунун Жумгал районундагы Чоң-Дөбө айылдык кеңешиндеги депутаты А. Абакировдун каза болгондугуна байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – Ч. Имашовага өткөрүлүп берилди;
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын резервине өзгөртүүлөр киргизилди
КР БШК Ош облусунун Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кабыл алынды.
Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди: Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Капаров Маматкарим Мамаджанович каза болгондугуна байланыштуу комиссиянын резервинен чыгарылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Беш-Терек жана Талды-Суу айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдор бекитилди
2018-жылдын 30-ноябрында КРнын БШКсы 2018-жылдын 21-ноябрында Чүй облусунун Москва районунун Беш-Терек, Ысык-Көл облусунун Түп районунун Талды-Суу айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитти.
Протоколдордун негизинде:
- Чүй облусунун Москва районунун Беш-Терек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылып, Раев Марлис Турусбекович айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды;
- Ысык-Көл облусунун Түп районунун Талды-Суу айыл айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылып, Мамбеталиева Айнура Аалиевна айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
Шайланган айыл өкмөт башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү Москва жана Түп аймактык шайлоо комиссияларына тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2018-жылдын 30-ноябрында Жаңы-Талап айыл өкмөтүнүн башчысынын шайлоосу өттү
2018-жылдын 30-ноябрында Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды.
Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, айылдык кеңешинин депутаттарынын көп добушун алган Бейшенкулов Кенжебай Акжолтоевич шайланды. Жаңы-Талап айылдык кеңешиндеги 11 депутаттан 8 катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 1 талапкер катталган.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2018-жылдын 30-ноябрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 30 - ноябрь 2018-ж.
Убактысы: 14:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Чүй облусунун Москва районунун Беш-Терек, Ысык-Көл облусунун Түп районунун Талды-Суу айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.)
2. Ош облусунун өзгөн районунун Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.)
3. Ош облусунун Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.)
4. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге откөрүп берүү жөнүндөгү Аксы, Ысык-Ата, Кемин жана Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.)
5. Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
Шайлоочулардын добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү кайрылуулардын кабыл алуусу аяктады
Бүгүн, 2018-жылдын 29 ноябрында Чаек айылдык кеңешинин депутаттарынын мөөнөтүнөн мурда шайлоосуна карата шайлоочулардын добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү кайрылуулардын кабыл алуусу аяктады.
Жумгал АШКсына баардыгы болуп 12 шайлоочудан добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыздар түштү.
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Мыйзамынын 33 беренесинин 2 пунктуна ылайык, добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү шайлоо күнүнө чейин бир календардык күн калганда гана жана шайлоочунун добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде гана жүргүзүлөт.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
ЕККУ/БДИПЧинин директору Ингибьерг Сольрун Гисладоттир: “Кыргызстанда шайлоо процессин өркүндөтүү үчүн абдан көп иштер аткарылууда жана алар туура багытта жүргүзүлүүдө”
“Кыргызстанда шайлоо процессин өркүндөтүү үчүн абдан көп иштер аткарылууда жана алар туура багытта жүргүзүлүүдө” деп 2017-жылдын 27-ноябрында ЕККУ/БДИПЧинин директору Ингибьерг Сольрун Гисладоттир КР БШКсынын төрагасы Н. Шайлдабекова менен жолугушууда билдирди. 2017-жылдагы президенттик шайлоону байкоо боюнча БДИПЧтин миссиясынын отчетун талкуулоо үчүн жолугушуу болуп өттү.
Жолугушуу ЕККУ/БДИПЧтин делегациясынын Кыргыз Республикасына сапарынын алкагында өттү. Делегациянын сапарынын максаты – 2017-жылдагы президенттик шайлоодо ЕККУ/БДИПЧтин байкоочуларынын миссиясынын тыянактарын жана сунуштарын талкуулоо, шайлоо мыйзамдарын ЕККУнун демократиялык стандарттарына ылайык келтирүү үчүн жасалуучу андан аркы кадамдар; келечекте өз ара аракеттешүү багыттарын аныктоо жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү Стратегиясын жүзөгө ашыруу жолунда КРдин күч-аракеттерине көмөктөшүү.
ЕККУ БДИПЧинин директору Ингибьерг Сольрун Гисладоттир Президентти шайлоодо бир катар оң өзгөрүүлөр болгонун жана шайлоонун натыйжасы боюнча бийликтин тынч өткөрүлүп берилгенин демократиялык онүгүүнүн маанилүү өңүтү катары белгиледи. КР Президентин шайлоодо ЕККУ/БДИПЧтен (Европадагы башка уюмдар менен кошо) 412 байкоочу катышкан.
ЕККУ/БДИПЧтин байкоочуларынын миссиясы 2017-жылдагы шайлоого мониторингдин жыйынтыгы боюнча өз Отчетунда Кыргызстанда шайлоону жакшыртуу боюнча 25 негизги сунуш берди, миссиянын пикиринде алардын жетөө башкы сунуш болуп саналат. “БДИПЧтин 2015-жылдан 2017-жылга чейинки шайлоолор тууралуу отчетунда Кыргызстанга шайлоо процессинде жардам берүүгө багытталган бир катар сунуштар камтылган. Силер кеңири жолго түшүп, кыска убакыт ичинде абдан көп иштерди жасай алдыңар. Стратегиянын кабыл алынышы сунуштарга олуттуу мамиле жасоонун көрсөткүчү болуп саналат, Кыргызстандын шайлоо процессин демократиялаштырууга кызыкдар экенин биз жогору баалайбыз. ЕККУ/БДИПЧ өлкөдө шайлоо мыйзамдарын жана шайлоо жол-жоболорун өркүндөтүү, демократиянын башка институттарын өнүктүрүү маселелери боюнча Кыргызстанды мындан ары дагы колдоого даяр” деп билдирди БДИПЧтин директору И.С. Гисладоттир.
БШКнын төрагасы шайлоо укугундагы жана процессиндеги мүчүлүштүктөргө баа берүүдө ЕККУ/БДИПЧтин миссиясынын тыянактары калыс жана негиздүү экенине канааттанганын билдирип, шайлоонун жыйынтыктарын талдоо процессинде эске алынган сунуштар үчүн ыраазычылыгын айтты. Ал делегацияга шайлоо укугундагы жана процессиндеги кемчиликтерди четтетүү, шайлоонун уюштуруу өңүттөрүн оптималдаштыруу, жарандардын шайлоого катышуу укуктарын жүзөгө ашырууга көмөктөшүучү органдар менен өз ара аракеттешүүнү жакшыртуу үчүн чаралар тууралуу, ошондой эле шайлоо реформасындагы учурда орун алган оң жетишкендиктердин туруктуу болушун камсыздоо үчүн көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди. 13-августта туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук Кеңеш КРде 2018-2020-жылдары шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү Стратегиясын эл аралык жана улуттук байкоочулардын сунуштары эске алынган чаралардын планы менен кабыл алды.
Стратегияда 2017-жылы КР Президентин шайлоонун жыйынтыктары боюнча ЕККУ/БДИПЧтин Отчетунда көрсөтүлгөн көп сунуштарды жүзөгө ашыруу боюнча чаралар чагылдырылды.
ЕККУ/БДИПЧтин Отчету шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча Жумушчу тобунда кеңири форматта талкууга коюлду.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Жумгал жана Улахол айыл өкмөтүнүн башчысынын шайлоосу дайындалды
КР БШКнын токтомуна ылайык, Нарын облусунун Жумгал районунун Жумгал, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол айыл өкмөттөрүнүн башчыларын жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен, шайлоосу 2018-жылдын 7-декабрына саат 9-00дөн 12-00гө чейин дайындалды.
2018-жылдын 21-ноябрына дайындалган Нарын облусунун Жумгал районунун Жумгал айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо катталган бир талапкер депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албай калгандыгына байланыштуу өткөн жок.
Ошондой эле, 2018-жылдын 21-ноябрына дайындалган Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо биринчи турда катталган эки талапкер депутаттардын добуштарынын тең санын алып калгандыгына байланыштуу өткөн жок.
Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруп, өткөрүү Жумгал жана Тоң АШКна тапшырылды.
Маалымат катары: “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
29.09.2026
КР БШКнын 2026-жылдын 30-сентябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
29.09.2026
КР БШКда президенттик шайлоого даярдык боюнча мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен кеңешме өттү
29.09.2026
КР БШКнын өкүлдөрү Индияда шайлоону башкаруу органдарынын потенциалын чыңдоо боюнча эл аралык семинарга катышууда
28.09.2026
Кыргыз Республикасынын жарандарына жана саясий партиялардын өкүлдөрүнө кайрылуу
26.09.2026
ЖМК жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо боюнча кайрылуу
25.09.2026
Шайлоо участокторунун чек аралары маселеси жөнүндө