Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын кайра өткөн шайлоо жөнүндө маалымат
30 октября 2020
2020-жылдын 30-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 12-октябрындагы № 251 токтому менен дайындалган Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна – Садыков Болот Анварбекович, жергиликтүү кеңештин депутаттарынан сунушталган 1 талапкер катталган.
Кайра шайлоо күнү Кара-Суу айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 21 депутаты катышып Б.А. Садыков – 21 добуш алган.
