Нарын облусунун Кочкор районунун Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын кайра өткөн шайлоо жөнүндө маалымат
30 октября 2020
2020-жылдын 30-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 12-октябрындагы № 251 токтому менен дайындалган Нарын облусунун Кочкор районунун Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна – Ыбышов Каныбек Зарлыкович, жергиликтүү кеңештин депутаттарынан сунушталган жана Тажиев Бообек Жолдошбекович, жергиликтүү кеңештин депутаттарынан сунушталган 2 талапкер катталган.
Тажиев Бообек Жолдошбековичтин талапкерлиги 2020-жылдын 27-октябрында берилген жеке арызынын негизинде алынды.
Кайра шайлоо күнү Кум-Дөбө айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 17 депутаты катышып К.З. Ыбышов– 16 добуш алган, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 1 добуш берилгендиги белгиленген.
