Жалал-Абад шаарынын мэрин шайлоо дайындалды

29 октября 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 29-октябрындагы жыйынында Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын мэрин шайлоону дайындады.

БШК Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2020-жылдын 26-октябрындагы № 519 буйругу менен Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын мэри Тагаев Мураталы Абдыкадырович, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган. «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесине ылайык, Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген «Шаардын мэрин шайлоо тартиби жөнүндө» жобосуна ылайык, шайлоо жөнүндө чечим кабыл алды.

Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын мэрин шайлоо 2020-жылдын 17-ноябрына дайындалды.

Шайлоо саат 9.00дөн 12.00гө чейин өткөрүлөт.

Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясыга шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышы менен (1,5-2 метр аралыкты сактоону камсыздоо жана контролдоо, бир жолку бет каптарды колдонуу, дезинфекциялоочу эритмелер, спирт камтылган антисептик менен колду тазалоо) менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.

КР БШК маалымат бөлүмү