Башкы Жаңылыктар БШК Кыргыз Республикасынын Президентине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын …

БШК Кыргыз Республикасынын Президентине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк мекемелерин аныктады

31-Окт, 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк мекемелерин аныктады.

Атайын эсептерин ачуу үчүн банк мекемелери катары - “РСК Банк” ААК жана “Айыл Банк” белгиленди. 

КР Президентине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептери Борбордук шайлоо комиссиясынын уруксаты менен ачылат жана талапкерлердин, саясий партиялардын өз акча каражаттарынан, жарандар менен укуктук жактардын ыктыярдуу кайрымдуулуктарынан мыйзамдардын талаптарына ылайык чектөөлөр жана чек өлчөмдөрү эске алынып, түзүлөт.

Мурда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан ченемдик актылардын комплекси кабыл алынган, алар талапкерлердин шайлоо фонддорун каржылоонун айкындуулугун камсыздайт,  шайлоо өнөктүгүнүн убагында талапкерлердин шайлоо фонддорунун акча каражаттарынын келип түшүү булактарын, аларды чыгымдоону милдеттүү түрдө ачыкка чыгарууну, ошондой эле жоопкерчилик ченемдерин карайт.

Банк мекемелери жума сайын БШКга талапкердин атайын эсебиндеги каражаттардын келип түшүүсү жана чыгымдалышы тууралу маалымат берип турат. Өз кезегинде талапкерлер БШКга өз шайлоо фонддорун түзүүнүн бардык булактары жана өлчөмдөрү, ошондой эле жүргүзүлгөн бардык чыгымдар тууралу отчетторду берип турат.

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону ачык-айкын өткөрүү, ошондой эле шайлоо өнөктүгүн каржылоо тууралу шайлоочуларга өз убагында  маалымат берип туруу максатында БШК расмий сайтындагы “Шайлоо”/“Выборы” жана “Талапкерлер жана партиялар”/“ Кандидаты и партии” деген бөлүктөрдө төмөнкүдөй маалыматтарды жайгаштырат:

1) Жума сайын банк мекемелери:

  • каражаттардын келип түшүү булактары боюнча – талапкердин  шайлоо фондуна качан, ким жана канча каражат төктү,
  • чыгымдоо боюнча – товарлар же кызмат көрсөтүүлөр үчүн качан, кимге, эмнеге жана канча төлөндү.

2) Президенттин кызмат ордуна талапкерлердин финансылык отчеттору (Биринчи финансылык отчет – шайлоо күрөөсү төгүлгөндүгүн ырастаган документтерди БШКга берүү менен бир учурда; Экинчи финансылык отчет – добуш берүү күнүнө чейин 7 күндөн кечиктирбестен (2021-жылдын 3-январына чейин); Үчүнчү жыйынтыктоочу финансылык отчет – шайлоодон кийин 7 күндөн кечиктирбестен (2021-жылдын 18-январына чейин).

3) Талапкерлердин БШКнын депозит эсебине төккөн шайлоо күрөөсү тууралу маалымат.

Президенттин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фонддоруна акча каражаттарынын келип түшүү булактарына, аларды туура эсепке алууну жана пайдаланылышына Көзөмөлдөө-текшерүү тобу контроль жүргүзөт жана финансылык отчетторун текшерет.

БШК маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында аяктайт. Бул акыркы күн! Шашылыңыздар! Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” https://accreditation.srs.kg/ автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>