Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
2020–ж. 4-ноябрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 4-ноябрь 2020-ж.
Убактысы: 16.00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Ош облусунун Өзгөн районунун Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмүнүн башчысы)
2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кенештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Жалал-Абад жана Жумгал аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмүнүн башчысы)
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Чороев Кубан Аманбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө
(баяндамачы – М. Кожокеева, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү)
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө
(баяндамачы – М. Кожокеева, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү)
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Асанов Бектур Жантөрөевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө
(баяндамачы – М. Кожокеева, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү)
6. Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого байкоо жүргүзүү ниети тууралуу коммерциялык эмес уюмдарынын билдирүүсү жана коомдук байкоочуларды каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти)
7. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 17-июнундагы №165 токтому менен бекитилген «КР Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колтамгаларын чогултуу жана талапкерлер жана (же) алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү сунуш кылган кол коюу барактарындагы колтамгаларды жана маалыматтарды текшерүү тартиби жөнүндө” Нускамага жана КР БШКнын
2017-жылдын 20-июнундагы №170 токтому менен бекитилген “Кол коюу барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ жөнүндө” Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти)
8. Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
БШКга Б. К. Бакетаевден Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер болуу үчүн өзү-өзү көрсөткөн арызы келип түштү
2020-жылдын 4-ноябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 1958-жылы туулган, "Апрель" коомдук бирикмесинин төрагасы Бакыт Кушбекович Бакетаевден, Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен талапкерлигин койгон арыз менен кайрылган.
Эске салсак, 2020-жылдын 4-ноябрына карата КР БШКсына Кыргыз Республикасынын 5 жаранынан Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өзүн-өзү көрсөтүү менен талапкерлигин койгон адамдардан (А. Мадумаров, А. Абдылдаев, К. Чороев, Н. Нышанов, Б. Асанов) арыздар түшкөн.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КРнын жарандарына жана саясий партиялардын өкүлдөрүнө кайрылуу
КАЙРЫЛУУ
Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары жана саясий партиялардын өкүлдөрү!
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын кээ бир аймактык шайлоо комиссияларынын – Ош аймактык, Баткен облусунун Баткен шаардык, Баткен, Кадамжай, Кызыл-Кыя, Лейлек, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука, Базар-Коргон, Майлуу-Суу, Ноокен, Чаткал, Нарын облусунун Ак-Талаа, Жумгал, Кочкор, Ош облусунун Араван, Алай, Кара-Кулжа, Ноокат, Талас облусунун Талас шаардык, Бакай-Ата, Манас, Чүй облусунун Кемин, Москва, Панфилов, Сокулук, Чүй, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Түп аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктоо максатында, саясий партиялардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органдарынан өкүлдөрдү көрсөтүү тууралуу жарыялайт.
Аймактык шайлоо комиссиялары – жарандардын шайлоо укуктарын коргоону жана ишке ашырууну камсыз кылган, шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү уюштурган коллегиалык орган болуп саналат. Аймактык шайлоо комиссияларынын курамындагы иш жооптуу жана шайлоо мыйзамдарына ылайык так жүргүзүлөт.
Ошол себептен, аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине талапкерлерди көрсөтүүдө жарандардын макулдугун, алардын шайлоо комиссияларынын ишине даярдык деңгээлин, иш тажрыйбасын эске алуу зарыл.
Аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине жарандардын чогулушунан, коомдук бирикмелерден талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдору чогулуштун төрагасынын жана катчысын колтамгасы менен күбөлөндүрүлүшү керек. Протоколго жашаган жери көрсөтүлгөн жана кол тамгалары менен күбөлөндүрүлгөн чогулушка катышкандардын тизмеси тиркелүүгө тийиш.
Саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү алардын уставына ылайык жүргүзүлөт. БШКага саясий партиянын жетекчисинин (жана чогулуштун төрагасынын) колтамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүргөн тийиштүү документ тапшырылат.
Жогоруда көрсөтүлгөн документтерге төмөнкүлөр тиркелет:
-аймактык шайлоо комиссиялардын резервинде иштөөгө макулдугу жөнүндө талапкердин арызы жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоо жөнүндө милдеттенмеси;
-паспортунун көчүрмөсү;
-иштеген, окуган жерин, билимин көрсөтүү менен өмүр баянына тиешелүү маалыматтары (кадрларды эсепке алуу боюнча жеке баракчасы же резюмеси);
-байланыш маалыматтары: жашаган жеринин дареги, телефону.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин негизинде төмөнкүлөр АШКнын мүчөсү боло албайт:
- Жогорку Кеңештин депутаты, жергиликтүү кеңештин депутаты;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары;
- судья, укук коргоо жана фискалдык органдын кызматкери, аскер кызматчысы;
- талапкер, талапкердин жана саясий партиянын өкүлү;
- башка мамлекеттин жарандыгы бар адам;
- мыйзамда белгиленген тартипте, соттуулугу алып салынбаган же жоюлбаган адам;
- башка шайлоо комиссиясынын мүчөсү;
- шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнөн мөөнөтүнөн мурда терс негиздер боюнча бошотулган адамдар.
Көрсөтүү субъектилери шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкер, эреже катары, тиешелүү калк жашаган пунктта жашашы керек экенин эске алуулары зарыл.
Жарандардын чогулушунан, коомдук уюмдардан аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор 2020-жылдын 16-ноябрынын саат 18-00гө чейин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарында (шаардык, айылдык кеңештерде) кабыл алынат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары сессиясында каралган документтерди (сессиялардын токтомдору жана көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси менен) тиешелүү АШКга берет. БШКнын тиешелүү АШКдагы атайын өкүлү бүт документтерди БШКга тапшырат.
Аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор 2020-жылдын 16-ноябрынын саат 18-00гө чейин саясий партиянын жетекчи органынын өкүлү тарабынан БШКга тапшырылат.
“Шайлоо комиссияларын түзүү жана таратуу тартиби жөнүндө” жана “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” жоболор менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын www.shailoo.gov.kg расмий сайтынан таанышсаңыздар болот.
Маалымат алуу телефону: (0312) 62-08-29, (0312) 66-01-16
Керектүү документтердин үлгүлөрү: Арыз, СП Протоколдору, жыйындын Протоколу
Эскертүү: “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 2-пунктунун негизинде аймактык шайлоо комиссияларынын курамында ар бир саясий партиядан бирден ашык эмес өкүл болушу мүмкүн, башкача айтканда, тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын курамында турган саясий партиялар (БШКнын расмий сайтын караңыз) ошол аймактык шайлоо комиссиясынын резервине документтерди берүүсү мүмкүн эмес.
Кененирээк билүү >>
БШК үч коомдук байкоочуну каттады
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 3-ноябрындагы жыйналышында 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилине “Жалпы иш” коомдук фондунан төмөнкү байкоочуларды каттоо жөнүндө чечим кылды:
АсылбековТаалайбек Спартаковичти,
Бобушев Сейт Рысбековичти,
Аалиев Тариэл Муратбековичти.
Ошондой эле катталган байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү берүү чечими кабыл алынды.
Чечим Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-1-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин, “Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 24-октябрындагы №263 токтомун, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 11-июлундагы №226 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо коомдук байкоочулардын статусу, ыйгарым укуктары жана иш тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып кабыл алынды.
КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кааров Батырбек Кара-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 2-ноябрындагы жыйналышында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 12-октябрда № 251 токтому менен дайындалган Ош облусунун Ноокат районунун Кара-Таш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгын жана шайлоонун натыйжаларын бекитүү токтомун кабыл алды.
Кара-Таш айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер –Кааров Батырбек Дыйканбаевич жана Арынов Абабакир Абдыкалыковичкатталган, талапкерлер жергиликтүү кеңешинин депуттарынан сунушталган.
Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2020-жылдын 30-октябрындагы протоколу менен Кара-Таш айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын бардыгы катышып, Кааров Б.Д. - 14 добуш, Арынов А.А. - 6 добуш алгандыгы белгиленген, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 1 добуш катталган.
Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2020-жылдын30-октябрындагыпротоколу мененКааров Батырбек Дыйканбаевич Кара-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Ош облусунун Ноокат районунун Кара-Таш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.
КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Джаныбеков Азат Орок айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 2-ноябрындагы жыйналышында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 12-октябрда № 251 токтому менен дайындалган Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгын жана шайлоонун натыйжаларын бекитүү токтомун кабыл алды.
Орок айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – Джаныбеков Азат Максатович катталган, талапкер жергиликтүү кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2020-жылдын29-октябрындагы протоколу мененОрокайылдык кеңешиндеги 21 депутаттынын 19 депутаты катышып, А.М. Джаныбеков 18добуш алган «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 1 добуш берилгендиги белгиленген.
Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын кайра шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2020-жылдын 29-октябрындагы протоколу мененДжаныбеков Азат Максатович Орокайыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.
КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Бактыгул Ахматов Ананьев айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 2-ноябрындагы жыйналышында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 12-октябрда № 251 токтому менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ананьев айыл өкмөтүнүн башчысын башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгын жана шайлоонун натыйжаларын бекитүү токтомун кабыл алды.
Ананьев айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер –Ахматов Бактыгул Сооромбаевич катталган, талапкер жергиликтүү кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Ананьев айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 15 депутаты катышып, Б.С. Ахматов 15 добуш алган.
Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын кайра шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2020-жылдын 26-октябрындагы протоколу менен Ахматов Бактыгул Сооромбаевич Ананьев айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ананьев айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.
КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Ыбышов Каныбек Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 2-ноябрындагы жыйналышында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 12-октябрда № 251 токтому менен дайындалган Нарын облусунун Кочкор районунун Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгын жана шайлоонун натыйжаларын бекитүү токтомун кабыл алды.
Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер –Ыбышов Каныбек Зарлыкович катталган, талапкер жергиликтүү кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2020-жылдын 30-октябрындагы протоколу менен Кум-Дөбө айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 17 катышып, К.З. Ыбышов 16 добушалган,“бардык талапкерлерге каршы” позициясына – 1 добуш берилгендиги белгиленген.
Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2020-жылдын30-октябрындагы протоколу менен Ыбышов Каныбек Зарлыкович Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Нарын облусунун Кочкор районунун Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.
КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Садыков Болот Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 2-ноябрындагы жыйналышында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 12-октябрда №251 токтому менен дайындалган Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгын жана шайлоонун натыйжаларын бекитүү токтомун кабыл алды.
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – Садыков Болот Анварбекович катталган, талапкер жергиликтүү кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2020-жылдын 30-октябрындагы протоколу менен Кара-Суу айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын баардыгы катышып, Б.А. Садыков 21добушалган.
Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2020-жылдын30-октябрындагы протоколу менен Садыков Болот Анварбекович Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.
КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2020–ж. 2-ноябрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 2020-жылдын 2 ноябрындагы
Убактысы: 17:00
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы
1. 2020-жылы 30-октябрда өткөрүлгөн Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмүнүн башчысы)
2. 2020-жылы 30-октябрда өткөрүлгөн Нарын облусунун Кочкор районунун Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмүнүн башчысы)
3. 2020-жылы 26-октябрында өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ананьев айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмүнүн башчысы)
4. 2020-жылы 29-октябрындагы өткөрүлгөн Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмүнүн башчысы)
5. 2020-жылы 30-октябрда өткөрүлгөн Ош облусунун Ноокат районунун Кара-Таш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмүнүн башчысы
6. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө” 2020-жылдын 26-октябрындагы №268 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(баяндамачы – Дюшембаева Г.К.., пландоо, эсепке алуу жана отчеттуулук бөлүмдүн башчысы)
7. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 17-июнундагы №165 токтому менен бекитилген «КР Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колтамгаларын чогултуу жана талапкерлер жана (же) алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү сунуш кылган кол коюу барактарындагы колтамгаларды жана маалыматтарды текшерүү тартиби жөнүндө» Нускамага жана КР БШКнын 2017-жылдын 20-июнундагы №170 токтому менен бекитилген “Кол коюу барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ жөнүндө» Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн эксперти)
8. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 26-июнундагы №117 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредитациялоонун тартиби жөнүндө” Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(баяндамачы – Абдысатаров Т.З.,., укуктук камсыздоо бөлүмдүн эксперти)
9. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 26-июнундагы №115 токтому менен бекитилген “Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топ жѳнүндѳ Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(баяндамачы – Абдысатаров Т.З.,., укуктук камсыздоо бөлүмдүн эксперти)
10. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 26-июнундагы №116 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо жөнүндө” Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(баяндамачы – Абдысатаров Т.З.,., укуктук камсыздоо бөлүмдүн эксперти)
11. 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого коомдук байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө
(баяндамачы– Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн эксперти)
12. Ар түрдүү маселелер.
Кененирээк билүү >>
БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу Б.А. Асановдон арыз келип түштү
2020-жылдын 2-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу Кыргыз Республикасынын жараны, 1969-жылдын 5-мартында туулган, убактылуу иштебеген Асанов Бектур Жантороевичтен КР БШКга арыз келип түштү.
Эске сала кетсек, 2020-жылдын 2-ноябрына карата Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын жараныдан Президенттин кызматына өзүн өзү талапкер катары көрсөтүү арызы келип түшкөн (А. Мадумаров, А. Абдылдаев, К. Чороев, Н. Нышанов).
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону дайындоо жѳнүндѳ» КР БШК токтомун жокко чыгаруу жөнүндө Административдик соттун чечимине кассациялык даттануу боюнча
2020-жылдын 27-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону дайындоо жѳнүндѳ» Борбордук шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 21-октябрындагы № 258 токтомун мыйзамсыз деп таануу жана жокко чыгаруу жѳнүндѳ Бишкек шаарынын Административдик сотунун чечимине кассациялык даттануу менен кайрылган.
2020-жылдын 28-октябрында КР Жогорку сотунун административдик иштер боюнча канцеляриясы Бобордук шайлоо комиссиясынын кассациялык даттануусу боюнча 2020-жылдын 30-октябрына 15.00 саатка соттук отурум дайындалгандыгы жѳнүндѳ маалымдаган.
Ошентип, Борбордук шайлоо комиссиясынын кассациялык даттануусу ѳндүрүшкѳ кабыл алынып, ал боюнча 2020-жылдын 30-октябрына сот отуруму дайындалган. Мында ошол учурда кассациялык даттанууну кайтарып берүү үчүн сот коллегиясы эч кандай негиздерди караган эмес.
2020-жылдын 29-октябрында Борбордук шайлоо комиссиясынын дарегине кассациялык даттанууну кайтарып берүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аныктамасы келип түштү.
Мында кассациялык даттанууну кайтарып берүү жѳнүндѳ ѳзүнүн аныктамасында сот коллегиясы кассациялык даттанууга 2020-жылдын 27-октябрында И.Т. Азимов тарабынан алуучу «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна» мамлекеттик алымдын тѳлѳнгѳндүгү тууралуу 2 квитанция тиркелгендигин кѳрсѳткѳн. Бирок алуучу Кыргыз Республикасынын Жогорку соту экендиги так кѳрсѳтүлүп турса да, сот коллегиясы мамлекеттик алымды тѳлѳѳнүн далили катары аталган квитанцияны кабыл алууну укуксуз деп эсептеген жана Борбордук шайлоо комиссиясынын кассациялык даттануусун кайтарып берген.
Мында сот коллегиясы тарабынан тѳмѳндѳгү жагдайлар эске алынган эмес:
- кассациялык даттануу Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Админстрациялык-процесстик кодексинин 203-беренесинде белгиленген мѳѳнѳттѳ берлиген;
- Борбордук шайлоо комиссиясынын штаттык кызматкери И.Т. Азимов тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун эсебине жалпы 700 сом суммасындагы мамлекеттик алым тѳлѳнгѳн. Ошентип соттук жыйындарды тѳлѳѳнүн зарылдыгы жѳнүндѳ мыйзамдардын талаптары Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аткарылган;
- кассациялык даттанууну кайтаруу жѳнүндѳ аныктама чыгарылган учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда Борбордук шайлоо комиссиясынын катышуусу менен башка иштер болгон эмес, ошондуктан мамлекеттик алымдын тѳлѳнгѳн суммасы ушул ишке тийиштүү болгон.
Жогоруда баяндалгандарга байланыштуу, 2020-жылдын 29-октябрында Борбордук шайлоо комиссиясы зарыл кошумча документтерди тиркѳѳ менен кассациялык даттанууну ѳндүрүшкѳ кабыл алуу жѳнүндѳ негизделген арыз менен КР Жогорку сотуна кайрылды.
Бирок, 2020-жылдын 30-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аныктамасы менен Борбордук шайлоо комиссиясынын кассациялык даттануусу Кыргыз Республикасынын Админстрациялык-процесстик кодексинин 203-беренесине ылайык сот актысына даттануу мѳѳнѳтү ѳткѳндүгүнѳ байланыштуу кайтарылып берилген.
Кененирээк билүү >>
БШК мөөнөтүнөн мурда айылдык кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын токтотуп, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгарды жана ваканттык депутаттык мандаттарды башкаларга ыйгарды
2020-жылдын 31-октябрында КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында, Аламүдүн, Жайыл райондук, Нарын шаардык, Баткен шаардык, Сузак жана Түп аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана ваканттык депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин келе жаткан Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине депутаттыкка талапкерлерге берүү жөнүндөгү чечимин бекитүү токтомун кабыл алды.
Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Лебединовка айылдык кеңешинен Мурсалы Токтогазиевич Асанбековдун көзү өтүп кеткендигине байланыштуу анын депутаттык мандаты Эмил Бердибекович Айбековго – энергетика тармагындагы коррупциянын алдын-алуу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлгө берилди.
Чүй облусунун Жайыл районундагы Кара-Суу айылдык кеңешинен Эсенкан Каналбекович Мисиркуловдун көзү өтүп кеткендигине байланыштуу анын депутаттык мандаты Чынара Макеналиевна Шакировага – ФАП дарыгерине ыйгарылды.
Жайыл районундагы Красно-Восточныйайылдык кенешинен Бактыбек Кокумбаевич Закировдун көзү өтүп кеткендигине байланыштуу депутаттык мандаты Джапарбек Кубанычбекович Кожоналиевге – убактылуу иштебеген адамга ыйгарылды.
Нарын облусунун Нарын шаардык кеңешинин депутаты Анаркүл Кыдыковна Калмамбетова өз арызы боюнча мандатын тапшырган, анын мандаты Рыскүл Муратовна Турдалиевага – Нарын облустук билим берүү мекемесинин директорунун орунбасарына ыйгарылды.
Баткен облусунун Баткен шаардык кеңешинин депутаты Улукбүбү Аскаралиевна Амированын көзү өткөндүгүнө байланыштуу анын мандаты Гүлмира Боруевна Салиевага – Ч. Айтматов атындагы орто мектептин мугалимине ыйгарылды.
Баткен облусунун Баткен шаардык кеңешинин депутаты Чынара Мамедовна Ахмедова өз арызы боюнча мандатын тапшырган, анын мандаты Перизат Абдиевна Абдырахмановага – жеке ишкерге берилди.
Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Ырыс айылдык кеңешинин депутаты Зохиджон Омарович Камчиев өз арызы менен мандатын тапшырган, анын мандаты Кеңешбек Акимжанович Нусубалиевге – жеке ишкерге ыйгарылды.
Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Балбай айылдык кеңешинин депутаты Роза Шаршекеевна Шаймолдоеванын көзү өткөндүгүнө байланыштуу анын мандаты Абдысалам Мамбетжанович Муздабаевге – убактылуу иштебеген адамга берилди.
БШК мындан тышкары 31-октябрдагы жыйынында Баткен шаардык жана Түп аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кенештерге катталган талапкерлердин тизмесинен төмөнкүлөрдү чыгаруу чечимин да бекитти:
Баткен шаардык кеңешинин талапкерлеринин тизмесинен чыгаруу тууралуу Максудахан Миңбаевна Гапарованын 2020-жылдын 29-октябрында түшкөн жеке арызынын негизинде.
Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Балбай айылдык кеңешинен Акылбек Дюшембекович Калыковдун жана Оболбок Мукатович Байтерековдун 2020-жылдын 27-октябрында түшкөн жеке арыздарынын негизинде аларды Балбай айылдык кеңешине талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө.
Токтом “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комисссиялары жөнүндө” КР мыйзамынын 6-7-18-беренелерине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” КР мыйзамынын 52-беренесине жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” КР мыйзамынын 3-беренесине ылайык кабыл алынды.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Сузак районунун эки айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоону дайындады
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 31-октябрында өз жыйналышында Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Барпы, Көк-Арт айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө токтом кылды.
Жалал-Абад облусунун Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2020-жылдын 22-октябрындагы № 99-к буйругу менен Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы Сыргабаев Абсаттар Токтогулович өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.
Жалал-Абад облусунун Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2020-жылдын 27- октябрындагы № 100-к буйругу менен Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысы Кулматов Эделбек Маматкулович өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык БШК төмөнкүдөй токтом кылды:
1.Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2020-жылдын 17-ноябрына дайындалсын жана саат 09:00дөн 12:00гө чейин өткөрүлсүн.
2. Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2020-жылдын 18-ноябрына дайындалсын жана саат 09:00дөн 12:00гө чейин өткөрүлсүн.
БШК Сузак аймактык шайлоо комиссиясына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелеринин сакталышы менен (1,5-2 метр аралыкты сактоону камсыздоо жана контролдоо, бир жолку бет каптарды колдонуу, дезинфекциялоочу эритмелер, спирт камтылган антисептик менен колдорду тазалоо) өткөрүүнү уюштурууну тапшырды.
КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календардык планы
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 24-октябрындагы № 263 токтому менен Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген
Мамлекеттик порталда www.tizme.gov.kg2020-жылдын 10-ноябрынын кошуп алганда шайлоочулардын алдын ала тизмеси жайгаштырылат, ал жерден шайлоочулар ѳзү жѳнүндѳ маалыматтарды тактап алса болот. Ошондой эле шайлоочулардын алдын ала тизмеси 2020-жылдын 18-ноябрын кошуп алганда тийиштүү шайлоо комиссияларында илинип коюлат.
Кандай гана болбосун каталар же так эместиктер белгилүү болгон, ошондой эле шайлоочулардын тизмесинде жок болуп калган учурда шайлоочу Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун кѳчүрмѳсүн (ал эми Кыргыз Республикасынын чектеринен сырткары жашаган же жүргѳн адамдар үчүн – Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун кѳчүрмѳсүн, ал жок болгон учурда Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортунун, кызматтык же дипломатиялык паспортунун кѳчүрмѳсүн) тиркѳѳ менен белгиленген үлгүдѳгү (№ 1 форма) арыз менен тийиштүү участкалык шайлоо комиссиясына 2020-жылдын 29-декабрын кошуп алганга чейин кайрылууга укуктуу, бул учурда шайлоочу биометрикалык идентификациядан ѳтѳт.
2020-жылдын 19-ноябрынан 29-декабрын кошуп алганга чейин шайлоочу мыйзамдарда белгиленген тартипте автороштуруудан ѳтүү менен мамлекеттик порталдагы «Шайлоочунун кабинети» сервизи аркылуу электрондук түрдѳгү арыз менен кайрылууга укуктуу.
Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо жѳнүндѳ конституциялык Мыйзамга ылайык Президенттин кызматына талапкерлерди кѳрсѳтүү 2020-жылдын 14-ноябрын кошуп алганга чейин жүргүзүлѳт.
Президенттикке талапкерди колдоп кол чогултуу боюнча кол коюу барактары ыйгарым укуктуу өкүлдөр тарабынан, 2020-жылдын 3-декабрынын 24:00 саатына чейин Борбордук шайлоо комиссиясына өткөрүлүп берилет, ал 7 күндүк мөөнөттө каттоо кызматтарынын кызматкерлерин тартуу менен коюлган колдордун аныктыгын текшерүүнү жүзөгө ашырат. Колдор коюлган барактарды кабыл алууда Борбордук шайлоо комиссиясы ар бир кол коюу барагын мөөр менен күбөлөйт жана кол коюу барактарын кабыл алганы жөнүндө жазуу жүзүндө ырастама берет.
Каттоо үчүн Президенттин кызматына талапкер же анын ыйгарым укуктуу өкүлү 2020-жылдын 6-декбарын кошуп алганга чейин Борбордук шайлоо комиссиясына төмөнкү документтерди берет:
1) Президенттин кызматына талапкер болууга макулдугу жөнүндө арызды (арыздарды) тиркөө менен, өзүн-өзү көрсөтүү жөнүндө арызды же саясий партиянын талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечиминин протоколун;
2) өмүр баян маалыматтарын көрсөтүү менен, талапкер жөнүндө маалыматтардын формасын;
3) паспорттун көчүрмөсүн;
4) иштеген же окуган жеринен маалымдаманы;
5) ушул конституциялык Мыйзамда каралган шайлоо күрөөсүн төккөнүн ырастоочу документти;
6) мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификатты.
Борбордук шайлоо комиссиясы документтерди кабыл алган күндөн тартып 7 календардык күндүн ичинде Президенттин кызматына талапкерди көрсөтүү тартибинин Конституциянын жана ушул конституциялык Мыйзамдын талаптарына ылайыктуулугун текшерет жана каттоону жүзөгө ашырат, же каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлүү чечим чыгарат.
Мында эгерде Борбордук шайлоо комиссиясы талапкердин документтеринен аны каттоо үчүн тоскоол болуучу ылайык келбѳѳчүлүктѳрдү тапса, документтерди алгандан кийин 24 сааттын ичинде Борбордук шайлоо комиссиясы ушул ылайык келбѳѳчүлүктѳр жөнүндө талапкерге же саясий партияга кабарлайт. Талапкер же саясий партия кабарландыруу алган учурдан тартып 48 сааттын ичинде зарыл өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана оңдолгон документтерди Борбордук шайлоо комиссиясына берүүгө укуктуу.
Кыргыз Республикасынын Президентине талапкерлерди каттоо 2020-жылдын 14- декабрын кошуп алганда аяктайт.
Борбордук шайлоо комиссиясы каттагандан кийин 2 календардык күндүн ичинде, катталган күнүн көрсөтүү менен Президенттин кызматына талапкерлерге тиешелүү ырастама берет.
Шайлоо алдындагы үгүт талапкерлердин тизмесин каттоо мѳѳнѳтү аяктаган күндѳн тартып башталат жана добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда, б.а. 2021-жылдын 9-январынын 08:00 саатынан тартып токтотулат.
10-январь – добуш берүү күнү.
2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнүн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын
КАЛЕНДАРДЫК ПЛАНЫ
№
Иш-чаралардын мазмуну
Аткаруу мөөнөтү
Аткарууга жооптуулар
Шайлоону дайындоо жөнүндө БШКнын токтому
2020-жылдын
24-октябры
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (мындан ары – БШК)
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочуларга, жарандарга, саясый партиялардын өкүлдөрүнө, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө, шайлоо процессинин башка катышуучуларына кайрылуусу
Шайлоо дайындалгандан кийин
(2020-жылдын
25-октябры)
БШК,
Маалымат бөлүмү
Шайлоону маалыматтык камсыздоо
БШКнын шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарына кайрылуусу
Шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыялангандан кийин
Маалымат бөлүмү
БШКга ЖМК, интернет-басылмалар тарабынан обо убактысын, басма аянтын бергендиги же интернет-басылмада жарыялоо укугу үчүн акы төлөө өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалыматтарды берүү
Шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күндөн тартып 15 календардык күндөн кечиктирбестен
(2020-жылдын
7-ноябрына чейин) (кошуп алганда)
БШКнын жумушчу тобу, маалымат бөлүмү, ЖМК, интернет-басылмалар.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 22-беренесинин 20-бөлүгү
(мындан ары – Мыйзам)
БШКнын өзүнүн расмий сайтында обо убактысын, басма аянтты же интернет-басылмада жарыялоо укугун акы төлөө өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө берилген маалыматтарды жарыялоо
Шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күндөн тартып 19 күндөн кечиктирбестен
(2020-жылдын
11-ноябрына чейин) (кошуп алганда)
Маалымат бөлүмү.
Мыйзамдын 22-бер. 20-бөл.
Жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет-басылмаларда коомдук пикирди сурамжылоонун натыйжаларын, жарыялоого, шайлоонун натыйжаларын божомолдоолорду, шайлоого байланыштуу башка изилдөөлөрдү жарыялоого (чагылдырууга) тыюу салуу
Добуш берүү күнүнө чейин акыркы 4 календардык күн
(2021-жылдын
6-январынан тартып)
БШКнын жумушчу тобу.
Мыйзамдын 22-бер. 6-бөл.
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде шайлоо участокторун түзүү
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган же жүргөн шайлоочулардын добуш берүүсүн өткөрүү жана добуштарын эсептөө үчүн, чет өлкөлөрдө тышкы иштер маселелерин тескеген органдын сунушу боюнча жана аккредитациялаган өлкөнүн компетенттүү органдары менен макулдашуу боюнча, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын чет өлкөдөгү өкүлчүлүктөрүнүн аймагында шайлоо участокторун түзүү
КРнын ТИМнин сунушунан кийин
ТИМ,
БШК,
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы.
Мыйзамдын 13-бер. 3-5-бөл.
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде шайлоо комиссияларын түзүү
Шайлоо дайындалган күндөн тартып 11 күндөн кечиктирбестен
(2020-жылдын
3-ноябрына чейин) (кошуп алганда)
ТИМ,
БШК,
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Мыйзамынын
19-беренеси,
«КРнын аймагынан тышкары жактарда жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу жөнүндө» Жобонун
9, 11-пункттары
Добуш берүү үчүн жай
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын муктаждык картасын түзүү
Добуш берүү күнүнө чейин 45 календардык күндөн кечиктирбестен
(2020-жылдын
25-ноябрына чейин) (кошуп алганда)
АШК, УШК, ЖӨБО.
Мыйзамдын 29-бер. 6-бөл.
Добуш берүүчү жайлардын ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын муктаждык картасында көрсөтүлгөн керектөөлөрүнө ылайыктуулугун текшерүү
Добуш берүү күнүнө чейин 37 календардык күндөн кечиктирбестен
(2020-жылдын
3-декабрына чейин) (кошуп алганда)
АШК, УШК, ЖӨБО.
Мыйзамдын 29-бер. 6-бөл.
Тийиштүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн добуш берүүчү жайдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү боюнча кайрылууну жөнөтүү
Шайлоо күнүнө чейин 30 календардык күндөн кечиктирбестен
(2020-жылдын
10-декабрына чейин) (кошуп алганда)
АШК, УШК. Мыйзамдын 29-бер. 6-бөл.
Эл аралык жана коомдук байкоочулар
Эл аралык уюмдарга жана чет мамлекеттердин шайлоо органдарына шайлоого байкоо жүргүзүүгө катышууга чакыруу жөнөтүү
Шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыялангандан кийин
Президенттин Аппараты, Жогорку Кеӊеш, Өкмөт,
БШК.
Мыйзамдын 10-бер. 1-бөл.
КРнын Президенти, КРнын ЖКи, КРнын Өкмөтү, КРнын БШКсы тарабынан жиберилген чакырууларынын негизинде байкоочулардын аккредитациясы
Шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыялангандан кийин
БШК.
Мыйзамдын 10-бер. 1-бөл.
Коммерциялык эмес уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн жазуу жүзүндөгү жолдомосунун негизинде коомдук байкоочуларды каттоо.
Билдирмелердин келип түшкөнүнө жараша КЭУнун кабарламасынын - жолдомосунун негизинде жана шайлоонун натыйжалары расмий жарыяланган күнү аяктайт
БШК, АШК.
Мыйзамдын 10-1-бер.
Шайлоочулардын тизмелери
Консулдук каттоого турган жана биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жактарда жашаган шайлоочулар жөнүндө маалыматтарды берүү жана аларды ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өткөрүп берүү
Добуш берүү күнүнө чейин 64 календардык күндөн кечиктирбестен
(2020-жылдын
6-ноябрына чейин) (кошуп алганда)
ТИМ, Кыргыз Республикасынын тиешелүү
дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин жетекчилери,
МКК.
Мыйзамдын 14-бер. 6-бөл.
Ар бир шайлоо участогу, район, шаар боюнча түзүлгөн шайлоочулардын алдын ала тизмесин tizme.gov.kg мамлекеттик порталына жайгаштыруу
Добуш берүү күнүнө чейин 60 календардык күн калганда
(2020-жылдын
10-ноябрына чейин) (кошуп алганда)
БШК
(ПТК жана МК).
Мыйзамдын 14-бер. 4-бөл.
Ар бир шайлоо участогу боюнча түзүлгөн алдын ала тизмелерди участкалык шайлоо комиссияларына тапшыруу
Добуш берүү күнүнө чейин 56 календардык күн калганда
(2020-жылдын
14-ноябрына чейин) (кошуп алганда)
БШК, АШК, УШК.
Мыйзамдын 14-бер. 7-бөл.
Шайлоочуларды тааныштыруу үчүн участкалык шайлоо комиссияларында шайлоочулардын алдын ала тизмесин илүү
Добуш берүү күнүнө чейин 52 календардык күн калганда
(2020-жылдын
18-ноябрына чейин) (кошуп алганда)
УШК.
Мыйзамдын 15-бер. 1-бөл.
Биометрикалык каттоодон өткөн шайлоочулардын арыздарын кабыл алуу (андагы каталар же так эместиктер жөнүндө)
(1-форма)
Добуш берүү күнүнө чейин 11 календардык күндөн кечиктирбестен
(2020-жылдын
19-ноябрынан
29-декабрына чейин) (кошуп алганда)
УШК.
Мыйзамдын 15-бер. 2-бөл.
Биометрикалык каттоодон өткөн шайлоочулардын шайлоо дареги боюнча добуш берүү ниети жөнүндө арыздарын кабыл алуу
(2-форма)
Добуш берүү күнүнө чейин 11 календардык күндөн кечиктирбестен
(2020-жылдын
29-декабрына чейин) (кошуп алганда)
УШК, КР БШКнын системалык администратору.
Мыйзамдын 15-бер. 3-бөл.
Шайлоочулардын таанышып чыгуусу үчүн участкалык шайлоо комиссияларында шайлоочулардын контролдук тизмесин илүү
Добуш берүүгө чейин 22 календардык күн калганда
(2020-жылдын
18-декабрына чейин) (кошуп алганда)
УШК.
Мыйзамдын 15-бер. 4-бөл.
Добуш берүү күнү стационардык дарылоо-алдын алуу мекемелеринде, шектүүлөр жана айыптуулар катары кайтарууда кармоочу жайларда, иш цикли үзгүлтүксүз ишканаларда (вахталык иштерде) болгон шайлоочулар, мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары, аскер бөлүктөрүндө жашаган аскер кызматчылары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү жана башка шайлоочулар жөнүндө тизмелерди түзүү, аларды ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана тиешелүү УШКга өткөрүп берүү
Добуш берүү күнүнө чейин 9 календардык күндөн кечиктирбестен
(2020-жылдын
31-декабрына чейин) (кошуп алганда)
Көрсөтүлгөн мекемелердин жетекчилери,
МКК,
УШК.
Мыйзамдын 14-бер. 5-бөл.
Шайлоочулардын биротоло тизмесин БШКнын расмий сайтына жайгаштыруу
Добуш берүү күнүнө чейин 7 календардык күн калганда
(2021-жылдын
2-январына чейин) (кошуп алганда)
БШК
Участкалык шайлоо комиссияларында шайлоочулардын биротоло тизмесинин илүү
Добуш берүү күнүнө чейин 5 календардык күндөн кечиктирбестен
(2021-жылдын
4-январына чейин) (кошуп алганда)
УШК
Мыйзамдын 15-бер. 5-бөл.
Шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын окутуу
Талапкерлердин, ЖМК, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо процессинин башка катышуучулары үчүн окуу семинарларын өткөрүү
Шайлоо дайындалгандан кийин өзүнчө план боюнча
БШК
АШК, УШК мүчөлөрү, АЭУ жана шайлоочуларды идентификациялоо операторлору үчүн окуу тренингдерин өткөрүү
Шайлоо дайындалгандан кийин өзүнчө план боюнча
БШК
Талапкерлердин көрсөтүү жана каттоо
КР Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү
Шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күндөн кийинки күнү башталат жана шайлоо күнүнө чейин 56 календардык күн калганда аяктайт (2020-жылдын
14-ноябрына чейин) (кошуп алганда)
Талапкерлер.
Мыйзамдын 49-бер. 2-бөл.
Ыйгарым укуктуу өкүлдөрдү каттоо жана аларга каттоо күбөлүктөрүн берүү же талапкер сунуштаган ыйгарым укуктуу өкүлдүккө талапкерлерди каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлүү чечимди берүү
Керектүү документтер келип түшкөн күндөн тартып 2 календардык күндүн ичинде
БШК.
Мыйзамдын 19-бер. 4-бөл.
Талапкердин сунуштамасынын жана ишенимдүү адам болууга макулдугу жөнүндө жарандын өзүнүн арызынын негизинде ишенимдүү адамдарды каттоо
Талапкердин сунуштамасынан кийин
БШК.
Мыйзамдын 20-бер. 2-бөл.
КР Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдоп кол чогултуу боюнча кол коюу барактарын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн берүүсү
Шайлоо күнүнө чейин 37 календардык күндөн кечиктирбестен
(2020-жылдын
3-декабрынын саат 24:00нө чейин)
БШК.
Мыйзамдын 52-бер. 7-бөл.
Талапкерди колдогон колтамгалардын аныктыгын текшерүү
Кол коюу барактарын тапшыргандан кийин 8 күндүк мөөнөттө
БШКнын Жумушчу тобу каттоо кызматтарынын кызматкерлерин ишке тартуу менен. Мыйзамдын 52-бер. 7-бөл.
Талапкерлерди каттоо үчүн КР БШКга документтерди берүү
Шайлоо күнүнө чейин 34 календардык күндөн кечиктирбестен
(2020-жылдын
6-декабрына чейин) (кошуп алганда)
БШК.
Мыйзамдын 53-бер. 1-бөл.
КР Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин КР Конституциясында коюлган талаптарга ылайыктыгын текшерүү
Жаран өзүн өзү көрсөткөндүгү жөнүндө арыз берген же саясий партиянын чечими берилген учурдан тартып 8 календардык күндүн ичинде
БШК.
Мыйзамдын 50 бер. 4-бөл.
Документтердин талапкерди каттоого тоскоол болгон ылайык эместиги жөнүндө талапкерге же саясий партияга кабарлоо
Документтерди кабыл алгандан кийин 24 саат ичинде
БШК.
Мыйзамдын 53-бер.
Зарыл өзгөртүүлөрдү киргизүү жана оңдолгон документтерди БШКга берүү
Кабарламаны алгандан кийин 48 саат ичинде
БШК.
Мыйзамдын 53-бер.
Мыйзамдарда белгиленген эсептик көрсөткүчтүн он миң эселенген өлчөмүндө шайлоо күрөөсүн төгүү
Шайлоо күнүнө чейин 37 календардык күндөн кечиктирбестен
(2020-жылдын
3-декабрынын саат 24:00 чейин)
БШК.
Мыйзамдын 52-бер. 7-бөл.
КР Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди каттоо
Шайлоо күнүнө 26 календардык күн калганда
(2020-жылдын
14-декабрына чейин) (кошуп алганда)
БШК.
Мыйзамдын 53-бер. 5-бөл.
Талапкерлерди каттоо жөнүндө басма сөзгө билдирүү жарыялоо
Талапкерлерди каттагандан кийин 4- календардык күндөн кечиктирбестен
БШК.
Мыйзамдын 53-бер. 7-бөл.
Каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алуу жана талапкерге же ыйгарым укуктуу өкүлгө баш тартуунун негиздерин баяндоо менен Борбордук шайлоо комиссиясынын чечиминин көчүрмөсүн берүү
Чечим кабыл алган учурдан тартып 24 саат ичинде
БШК.
Мыйзамдын 53-бер. 4-бөл.
Талапкердин каттоодон баш тартуу жөнүндө чечимди сотто даттануусу
Чечим кабыл алган учурдан тартып 4 күн мөөнөт ичинде
Талапкерлер 53-бер. 4-бөл.
Талапкердин шайлоого андан ары катышуудан баш тартуу жөнүндө БШКга жазуу жүзүндө арыз берүүсү
Добуш берүү күнүнө чейин 2 календардык күндөн кечиктирбестен
(2021-жылдын
7-январына чейин) (кошуп алганда)
Талапкерлер 53-бер. 6-бөл.
Талапкерлерге катталган датасын көрсөтүү менен күбөлүктөрдү берүү
Каттагандан кийин 2 календардык күн ичинде
БШК.
Мыйзамдын 53-бер. 8-бөл.
Талапкерлердин шайлоо комиссияларындагы өкүлдөрүн, ишенимдүү адамдарын, байкоочуларын каттоо
Талапкерлерди каттагандан кийин
БШК.
Мыйзамдын 17-бер. 1-бөл. жана 20-бер.
Шайлоо алдындагы үгүт иштери
Шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү
Талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып башталат жана добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда токтойт
(2020-жылдын
15-декабрынан тартып
2021-жылдын
9-январынын саат 08:00гө чейин)
Талапкерлер,
Кыргыз Республикасынын жарандары.
Мыйзамдын 23-бер. 1-бөл.
Шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү үчүн акы төлөнүүчү обо убактысын берүү
Талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда токтойт (2020-жылдын
15-декабрынан
2021-жылдын
9-январынын саат 08:00гө чейин)
Телерадиоуюмдар.
Мыйзамдын 24-бер. 4-бөл.
Талапкерлерге үгүт иштерин жүргүзүү жана шайлоочулар менен жолугушуу укугун камсыздоо
Талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда токтойт (2020-жылдын
15-декабрынан
2021-жылдын
9-январынын саат 08:00гө чейин)
АШК, БШКнын атайын өкүлдөрү, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары.
Мыйзамдын 22-бер. 9-бөл.
Ар бир шайлоо участогунун аймагында үгүт материалдарын илүү үчүн атайын орундарды берүү
Шайлоо дайындалган күндөн тартып 7 календардык күндүн ичинде
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары.
Мыйзамдын 27-бер. 3-бөл.
Шайлоону каржылоо
Талапкер тарабынан шайлоо фондун түзүү
Шайлоо комиссиясы талапкердин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн каттагандан кийин 4 календардык күндүн ичинде
Ыйгарым укуктуу өкүл.
Мыйзамдын 41-бер. 1-бөл.
Мыйзамдарда белгиленген эсептик көрсөткүчтүн он миң эселенген өлчөмүндө шайлоо күрөөсүн төгүү
Шайлоо күнүнө чейин 37 календардык күндөн кечиктирбестен
(2020-жылдын
3-декабрынын саат 24:00гө чейин)
БШК.
Мыйзамдын 52-бер. 7-бөл.
Талапкердин атайын эсебинде турган каражаттын келип түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат берүү
Жума сайын, ал эми БШКнын талабы боюнча – 24 сааттын ичинде
Банк же башка мекемелер, БШК
Мыйзамдын 41-бер. 12-бөл.
Шайлоо фонддоруна каражаттардын келип түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө финансылык отчетторду талапкерлер тарабынан БШКга тапшыруу
Биринчи финансылык отчет – шайлоо күрөөсү төгүлгөндүгүн ырастаган документтерди БШКга берүү менен бир учурда;
Экинчи финансылык отчет – добуш берүү күнүнө чейин 7 күндөн кечиктирбестен
(2021-жылдын
2-январына чейин) (кошуп алганда);
Үчүнчү жыйынтыктоочу финансылык отчет - шайлоодон кийин 7 күндөн кечиктирбестен
(2021-жылдын
17-январына чейин) (кошуп алганда)
Көзөмөлдөө-текшерүү тобу.
« Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин шайлоо фондунун акча каражаттарын түзүүнүн, алардын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуунун тартиби жөнүндө»
Нускаманын
39-пункту
Атайын эсептердеги финансы операцияларын, анын ичинде жеке жана юридикалык жактар менен эсептешүүлөрдү токтотуу
Добуш берүү күнүнөн бир күн мурда саат 18:00дө
(2021-жылдын
9-январы, саат 18:00)
Көзөмөлдөө -текшерүү тобу.
Мыйзамдын 41-бер. 14-бөл.
Шайлоо бюллетендери
Шайлоо бюллетенинин текстин бекитүү (Брайль тамгасында)
Добуш берүү күнүнө чейин 19 календардык күндөн кечиктирбестен
(2020-жылдын
21-декабрына чейин) (кошуп алганда)
БШК.
Мыйзамдын 30-бер. 2-бөл.
Шайлоо бюллетендерин мамлекеттик жана расмий тилдерде даярдоо
Добуш берүү күнүнө чейин 7 календардык күндөн кечиктирбестен
(2021-жылдын
2-январына чейин) (кошуп алганда)
БШК
Мыйзамдын 30-бер. 6-бөл.
Шайлоо бюллетендерин аймактык шайлоо комиссияларына өткөрүп берүү
Добуш берүү күнүнө 7 календардык күн калганда
(2021-жылдын
2-январына чейин) (кошуп алганда)
БШК
Мыйзамдын 30-бер. 9-бөл.
Шайлоо бюллетендерин участкалык шайлоо комиссияларына өткөрүп берүү
Добуш берүү күнүнө 2-1 календардык күнгө чейин
(2021-жылдын
8-январына чейин) (кошуп алганда)
БШК.
Мыйзамдын 30-бер. 9-бөл.
Добуш берүү тартиби
Добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө шайлоочулардан арыздарды кабыл алуу
Добуш берүү күнүнө чейин 2 календардык күндөн кечиктирбестен
(2021-жылдын
7-январына чейин) (кошуп алганда)
УШК.
Мыйзамдын 33-бер. 2-бөл.
Добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү
Добуш берүү күнүнө чейин 1 календардык күн калганда саат 08:00дөн 20:00гө чейин
(2021-жылдын
9-январы)
УШК.
Мыйзамдын 33-бер. 2-бөл.
Добуш берүүнү жүргүзүү
2021-жылдын 10-январы,
(саат 08:00дөн 20:00гө чейин)
УШК.
Мыйзамдын 31-бер. 1-бөл.
Добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын белгилөө
Добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын тизмесин Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жайгаштыруу жана участкалык шайлоо комиссияларынын жайларынын алдындагы стендге жайгаштыруу
Добуш берүү аяктагандан кийин 2 календардык күндөн кечиктирбестен
(2021-жылдын
12-январына чейин) (кошуп алганда)
БШК,
АШК,
УШК.
Мыйзамдын 35-бер. 23-бөл.
Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун натыйжаларын аныктоо
Добуш берүү күнүнөн тартып 15 календардык күндөн кечиктирбестен
(2021-жылдын
24-январына чейин) (кошуп алганда)
БШК.
Мыйзамдын 37-бер. 1-бөл.
Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун натыйжаларын жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыялоо
Шайлоонун натыйжалары аныкталган күндөн тартып эки күндүк мөөнөт ичинде
БШК
Мыйзамдын 64-бер. 8-бөл.
Кайра добуш берүү (дайындалган учурда)
Кайра добуш берүүнү жүргүзүү
Шайлоонун натыйжалары аныкталган күндөн тартып 20 күндүк мөөнөт ичинде
БШК
Мыйзамдын 56-бер. 2-бөл.
Кайра добуш берүү жөнүндө билдирүүнү жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо
Шайлоонун натыйжалары аныкталган күндөн тартып 2 календардык күндөн кечиктирбестен
БШК
Мыйзамдын 56-бер. 2-бөл.
Кайра шайлоо (дайындалган учурда)
Кайра шайлоону дайындоо (эгерде шайлоо жараксыз деп табылса, ошондой эле, бюллетенге эки талапкер киргизилип, алардын бири дагы шайланбаса, же болбосо, кайра добуш берүүдө бир дагы талапкер шайланбаса)
Шайлоо жараксыз деп табылгандан кийин бир айдын ичинде
КР ЖК
Мыйзамдын 57-бер.
Кайра шайлоону өткөрүү жөнүндө билдирүүнү жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо
Тиешелүү чечим кабыл алынгандан кийин 2 календардык күндүн ичинде
БШК
Мыйзамдын 57-бер.
Кайра шайлоону жүргүзүү
Конституциялык мыйзамда белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө
БШК
Мыйзамдын 38,
57-бер.
* «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР КМ 48-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, шайлоо иш-аракеттеринин мөөнөттөрү чейрекке кыскартылат.
КР БШКнын маалымат бѳлүмү
Кененирээк билүү >>
ЖӨБОнун башчыларын шайлоонун графиги
ЖӨБОнун башчыларын шайлоонун графиги
№
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын
Шайлоону өткөрүү убактысы
Талапкерлердин документтерин кабыл алуу мөөнөтү
Талапкерлердин
каттоо мөөнөтү
2020-жылдын 4-ноябры
Чүй облусу
Москва району
1
Александров айыл өкмөту
саат 9:00дөн 12:00 чейин
саат 18:00гө чейин
27.10.2020 ж.
саат 18:00гө чейин 30.10.2020 ж.
2020-жылдын 4-ноябры
Талас облусу
Бакай-Ата району
2
Ак-Дөбө айыл өкмөту
саат 9:00дөн 12:00 чейин
саат 18:00гө чейин
27.10.2020 ж.
саат 18:00гө чейин 30.10.2020 ж.
2020-жылдын 4-ноябры
Кайра шайлоо
Ош облусу
Өзгөн району
3
Ак-Жар айыл өкмөту
саат 9:00дөн 12:00 чейин
саат 18:00гө чейин
27.10.2020 ж.
саат 18:00гө чейин 30.10.2020 ж.
2020-жылдын 9-ноябры
Нарын облусу
Нарын району
4
Учкун айыл өкмөту
саат 9:00дөн 12:00 чейин
саат 18:00гө чейин
01.11.2020 ж.
саат 18:00гө чейин 04.11.2020 ж.
2020-жылдын 12-ноябры
Нарын облусу
Ак-Талаа району
5
Тоголок-Молдо айыл өкмөту
саат 9:00дөн 12:00 чейин
саат 18:00гө чейин
04.11.2020 ж.
саат 18:00гө чейин 07.11.2020 ж.
2020-жылдын 13-ноябры
Чуй облусу
Сокулук району
6
Новопавлов
айыл өкмөту
саат 9:00дөн 12:00 чейин
саат 18:00гө чейин
05.11.2020 ж.
саат 18:00гө чейин 08.11.2020 ж.
2020-жылдын 17-ноябры
Жалал-Абад облусу
7
Жалал-Абад шаары
саат 9:00дөн 12:00 чейин
саат 18:00гө чейин
9.11.2020 ж.
саат 18:00гө чейин 12.11.2020 ж.
2020-жылдын 17-ноябры
Жалал-Абад облусу
Сузак району
8
Барпы айыл өкмөту
саат 9:00дөн 12:00 чейин
саат 18:00гө чейин
9.11.2020 ж.
саат 18:00гө чейин 12.11.2020 ж.
2020-жылдын 18-ноябры
9
Көк-Арт айыл өкмөту
саат 9:00дөн 12:00 чейин
саат 18:00гө чейин
10.11.2020 ж.
саат 18:00гө чейин 13.11.2020 г.
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
05.10.2026
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
02.10.2026
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02.10.2026
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
01.10.2026
КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү
01.10.2026
КР БШКнын бөлүм башчысы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйланды
28.09.2026
Кыргыз Республикасынын жарандарына жана саясий партиялардын өкүлдөрүнө кайрылуу