КР БШК, 2020-жылдын 30-октябрына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке өзүн өзү көрсөтүү жолу менен көрсөтүп жаткандыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын жаранынан арыз түшкөндүгү тууралуу маалымдайт.
Биринчи болуп, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке өзүн өзү көрсөтүү тартибинде өз талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арызы менен 1965-жылдын 9-мартында туулган, «Бутун Кыргызстан» саясий партиясынын төрагасы Мадумаров Адахан Кимсанбаевич 2020-жылдын 30-октябрында кайрылган.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү