Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
КР БШКнын 2022-жылдын 25-майында өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 25-май 2022-ж.
Убактысы: 17-00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
2. Ар кандай маселелер
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК ардагерлерди, оорук эмгекчилерин жана бардык кыргызстандыктарды Улуу Ата мекендик согуштагы Жеңиш күнү менен куттуктайт!
Улуу Ата мекендик согуштун урматтуу ардагерлери жана оорук эмгекчилери! Урматтуу кыргызстандыктар!
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жамааты Сиздерди 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата мекендик согуштагы Жеңиш күнү менен ак дилинен куттуктайт!
Фронт ардагерлеринин, тыл эмгекчилеринин, ошондой эле талкаланган өлкөнү урандыдан, күлдөн тургузгандардын эрдигинин аркасында 77 жылдан бери бейпил асман астында жашап, шаарларды куруп, эгин өстүрүп, балдарды тарбиялап келе жатабыз. Муун алмашат, бирок Сиздердин эрдигиңиздерге, каармандыгыңыздарга, кайраттуулугуңуздарга ыраазычылыгыбыз эч качан түгөнбөйт.
Мекенди коргоодо боордош элдер менен бирге эриш-аркак болуп, Кыргызстан эли жалпы Жеңишке олуттуу салымын кошту. Жүз миңдеген жердештерибиз өздөрүнүн жарандык милдетин ар-намыс менен аткарып, Ата журтка берилгендиктин бийик чегин көрсөтүп, фронттогу салгылашта баатырлыкты көрсөтүштү, ал эми оорукта ойго келбеген кыйынчылыктарды жеңишти. Биздин ыйык милдетибиз – муну эстеп, Жеңиштин натыйжасында жетишилген тынчтыкты сактоо.
Урматтуу мекендештер, кымбаттуу ардагерлер жана оорук эмгекчилери!
КР БШК ар бириңизге чың ден соолук, бакубатчылык жана бакыт каалайт. Кыргызстандыктарга ачык асман, эл биримдигинин бекемделишин жана мамлекетибиздин өнүгүүсүндө туруктуулук болуусун каалайбыз!
Кененирээк билүү >>
БШК кыргызстандыктарды Кыргыз Республикасынын Конституция күнү менен куттуктайт!
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы кыргызстандыктарды Кыргыз Республикасынын Конституция күнү менен куттуктайт!
Кыргыз Республикасынын Конституциясында өлкөнүн эгемендиги жана көз карандысыздыгы бекитилген, адам укуктары жана эркиндиктери жогорку баалуулук катары таанылып, демократиялык мамлекеттин укуктук негиздери аныкталган.
Конституция эл бийлигинин маанилүү принцибин аныктаган: Кыргызстандын эли мамлекеттик бийликтин жападан жалгыз булагы болуп саналат жана өз бийлигин түздөн-түз шайлоолордо жана референдумдарда, ошондой эле мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тутуму аркылуу Конституциянын жана мыйзамдардын негизинде жүзөгө ашырат.
Кыргыз Республикасынын Негизги мыйзамы шайлоо эркин болуп саналган, жалпыга бирдей, тең жана тикелей шайлоо укугунун негизинде өткөрүлө турган демократиялык шайлоо тутумунун негиздерин дагы белгилеген.
Жүргүзүлгөн шайлоо реформасынын алкагында көрүлгөн чаралар Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекитилген жарандардын эрк-ниетин эркин билдирүүсү үчүн шарттарды камсыздоого мүмкүнчүлүк түздү, бул биздин өлкөнүн демократиялык өнүгүү жолундагы маанилүү жетишкендиги болуп саналат.
БШК Конституция ченемдерин жана жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну мындан ары өркүндөтүү үчүн бардык күч-аракетин жумшайт.
Урматтуу кыргызстандыктар!
Сиздерге бекем ден соолук жана бакубатчылык, тынчтык жана ынтымак, ишиңиздерде ийгиликтерге жетип, эмгегиңиздердин үзүрүн көрүүңүздөрдү, өлкөбүздө биримдик жана гүлдөп-өнүгүү болуусун каалайбыз!
Кененирээк билүү >>
КР БШК кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктайт!
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы кыргызстандыктарды Рамазан айынын аякташын белгилеген Орозо айт майрамы менен куттуктайт!
БШК Кыргызстандын жарандарына чың ден соолук жана дөөлөт, кубаныч алып келүүчү ийгиликтерди жана ар бир үй-бүлөгө бакыт каалайт! Сүйүктүү Кыргызстаныбызда биримдик жана гүлдөп-өнүгүү болсун!
Кененирээк билүү >>
Казыбек айылдык кеңешинин биринчи сессиясы болуп өттү
2022-жылдын 29-апрелинде Нарын облусунун Ат-Башы районунун Казыбек айылдык кеңешинин биринчи сессиясы болуп өттү.
Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын (АШК) төрагасы Алымбекова Акылай Ишеналиевна Казыбек айылдык кеңешинин шайланган депутаттарына белгиленген үлгүдөгү ырастамаларды жана төш белгилерди тапшырды.
айылдык кеңешинин төрагасынын кызмат ордуна 2 талапкер – Бактыгулов Э. и Мамбетмусаева З. көрсөтүлдү.
Добуш берүүгө Казыбек айылдык кеңешинин 21 депутаты катышты, талапкер Э. Бактыгулов үчүн 14 депутат, З. Мамбетмусаева үчүн 6 депутат өз добуштарын беришти, 1 депутат баарына каршы добуш берди.
Добуш берүүнүн жыйынтыгына ылайык Бактыгулов Эрмек Бактыбекович Казыбек айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайланды.
Маалымат үчүн:
Бактыгулов Эрмек Бактыбекович, 1991-жылы 20-декабрда туулган,
Улуту – кыргыз.
Билими – жогорку.
Эмгек жолу:
2016–2021-жж. – Казыбек айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкери;
2021-ж. азыркы кезге чейин – фермер.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Кара-Буура, Майлуу-Суу, Жумгал жана Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизди
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 29-апрелиндеги жыйналышында Кара-Буура, Майлуу-Суу, Жумгал жана Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизди:
1. Талас облусунун Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Бейсебаев Сейджан Рахманбекович, Чаргынова Фатима Рысбековна, Ишматов Замиркул Айдарбекович комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Сыдыгалиев Каныбек Кенешбекович, Чоюнкулакова Гулнара Анаркуловна, Бодошева Багиля Сапаралиевна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
2. Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Айдарбеков Чынгыз Айдарбекович комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Нажмидинова Нургүл Айдарбековна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
3. Нарын облусунун Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Ирасов Тынчтыкбек Ирасович комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Жолочиев Адилет Жолочиевич резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Урматбек уулу Эркинбек каза болгондугуна байланыштуу Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын резервинен чыгарылсын.
Токтом Кара-Буура, Майлуу-Суу жана Жумгал аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн комиссиянын курамынан чыгуу жөнүндө арызынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 29-апрелинде өткөн жыйналышында Жалал-Абад, Сузак, Токтогул, Тогуз-Торо, Чаткал, Токмок, Сокулук, Москва, Панфилов, Жети-Өгүз, Кара-Кулжа, Өзгөн жана Кочкор аймактык шайлоо комиссияларынын кээ бир депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.
Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Шериева Зарниса Бегалиевнанын (№12, «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Айдарова Назгүл Кубанычбековнага (№24, «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясы) өткөрүп берилди.
Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кыз-Көл айылдык кеңешинин депутаты Абдыкалыков Амирбек Касымбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Калимбетов Жеңиш Туратбековичке өткөрүп берилди.
Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Суеркулов айылдык кеңешинин депутаты Табалдиев Айдарбек Мундузбаевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Чыйрымбаев Илдар Матказиевичке өткөрүп берилди.
Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Бел-Алды айылдык кеңешинин депутаты Мыктарбек уулу Саматтын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Тилеген уулу Жаныбекке өткөрүп берилди.
Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Атай айылдык кеңешинин депутаты Жолдошбек уулу Эрмектин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Турапбаев Мирбек Абакировичке өткөрүп берилди.
Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Сумсар айылдык кеңешинин депутаты Абдыкадырова Зарина Мурабдиллаевнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Юнусов Талантбек Рахманбердиевичке өткөрүп берилди.
Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Сумсар айылдык кеңешинин депутаты Аскаров Баялы Камбаралыевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Мараимбеков Өткүрбек Джумабековичке өткөрүп берилди.
Чүй облусунун Токмок шаардык кеңешинин депутаты Маров Ильяз Даусовичтин (№1, «Патриот Ынтымагы» фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Дууланов Руслан Джолдошбековичке (№10, «Патриот Ынтымагы» саясий партиясы) өткөрүп берилди.
Чүй облусунун Сокулук районунун Камышановка айылдык кеңешинин депутаты Лаврентьева Лидия Лаврентьевнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Шабикова Чынара Базаржановнага өткөрүп берилди.
Чүй облусунун Сокулук районунун Төш-Булак айылдык кеңешинин депутаты Джолдошев Марс Олжобаевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Жандарбеков Субан Муратбековичке өткөрүп берилди.
Чүй облусунун Сокулук районунун Төмөнкү-Чүй айылдык кеңешинин депутаты Каландаров Маматемин Өлмасовичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Галбаева Нургүл Токтобаевнага өткөрүп берилди.
Чүй облусунун Москва районунун Первомай айылдык кеңешинин депутаты Алишеров Рамиль Рысбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Качкимбаев Манасбек Санкуловичке өткөрүп берилди.
Чүй облусунун Панфилов районунун Күрпүлдөк айылдык кеңешинин депутаты Орозалиев Бакыт Турарбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Калкабаев Русланбек Калыбековичке өткөрүп берилди.
Чүй облусунун Панфилов районунун Чалдыбар айылдык кеңешинин депутаты Копбаев Азиз Иембергеновичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду.
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Жаргылчак айылдык кеңешинин депутаты Канаев Эдил Абдысадыковичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Абдылдаев Капарбек Кыяновичке өткөрүп берилди.
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Ырдык айылдык кеңешинин депутаты Разиев Кубан Рустамовичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Юсупов Ринат Харсановичке өткөрүп берилди.
Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Кочкор айылдык кеңешинин депутаты Шарипбекова Жибек Максатбековнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Ибраимов Таалайбек Мамажановичке өткөрүп берилди.
Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Капчыгай айылдык кеңешинин депутаты Базиев Иличбек Сүйүнбаевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Талантбек уулу Авазбекке өткөрүп берилди.
Ош облусунун Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты Джалилов Азаматжандын (№2, «Нур» фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Умаралиев Санжарбек Маматмусаевичке (№4, «Нур» саясий партиясы) өткөрүп берилди.
Ош шаардык кеңешинин депутаты Турсунбаева Бахтияр Нематжановнанын (№ 9, «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Мирзаева Раида Асилбековнага (№37, «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясы) өткөрүп берилди.
Ош шаардык кеңешинин депутаты Караева Айгүл Адилбековнанын (№15, «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Шатманова Эльмира Бакировнага (№43, «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясы) өткөрүп берилди.
Ош шаардык кеңешинин депутаты Акматова Уларкан Жидебаевнанын (№18, «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Нарын облусунун Кочкор районунун Чолпон айылдык кеңешинин депутаты Сатыбалдиева Асель Качкынбековнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Касымов Алмаз Исабековичке өткөрүп берилди.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2022-жылдын 29-апрелинде өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 29 апрели 2022-ж.
Убактысы: 15-00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү Жалал-Абад, Сузак, Токтогул, Тогуз-Торо, Чаткал, Токмок, Сокулук, Москова, Панфилов, Талас, Жети-Өгүз, Кара-Кулжа, Өзгөн, Кочкор аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(баяндамачы – Мамбетов Б.М., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмүнүн эксперти)
2. Кара-Буура, Майлуу-Суу, Жумгал жана Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(баяндамачы – Мамбетов Б.М., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмүнүн эксперти)
3. Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
Сагынбек Кудайбердиев Таш-Көмүр шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайланды
2022-жылдын 28-апрелинде Таш-Көмүр шаардык кеңешинин биринчи уюштуруу сессиясы өттү.
Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясынын (АШК) төрагасы Токтомамат Тургунбаев Таш-Көмүр шаардык кеңешинин шайланган депутаттарына белгиленген үлгүдөгү ырастамаларды жана төш белгилерди тапшырды.
Депутаттарга ырастамаларды жана төш белгилерди тапшырууда Таш-Көмүр шаарынын вице-мэри Деванаева Б., КР БШКнын шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын начальниги Айтикеев Т.О. жана КР БШКнын Аксы жана Таш-Көмүр АШКдагы атайын өкүлү Шадыбеков К.Ж. катышты.
Таш-Көмүр шаардык кеңешинин төрагасынын кызмат ордуна «Жаштар», «Ынтымак» жана «Ата Журт Кыргызстан» депутаттык фракцияларынан 1 талапкер – Кудайбердиев Сагынбек Токтосунович көрсөтүлдү.
Добуш берүүгө Таш-Көмүр шаардык кеңешинин 30 депутаты катышты, С.Т.Кудайбердиевдин талапкерлиги үчүн бардык 30 депутат добуш берди.
Добуш берүүнүн жыйынтыгына ылайык Кудайбердиев Сагынбек Токтосунович Таш-Көмүр шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайланды.
2022-жылдын 10-апрелинде Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.
2022-жылдын 14-апрелинде Аксы жана Таш-Көмүр АШК Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжаларын аныктады.
Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо 3 партия шайланды: 1. «Жаштар» -14 мандат, 2. «Ата-Журт Кыргызстан» - 12 мандат, 3. «Ынтымак» - 5 мандат алды.
Маалымат үчүн:
Кудайбердиев Сагынбек Токтосунович, 1985-жылы 23-июлда туулган,
Улуту – Кыргыз.
Билими – жогорку, Кыргызстан эл аралык университети, “юриспруденция” адистиги боюнча. Жалал-Абад мамлекеттик университети, “экономика жана аудит” адистиги боюнча. КР Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы, “мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу” адистиги боюнча.
Үй-бүлөлүк абалы – үй-бүлөлүү, 3 баласы бар.
Эмгек жолу:
- 2019-жылдан тартып азыркы кезге чейин Таш-Көмүр шаардык кеңешинин төрагасы;
- 2018-2019-жж. – Таш-Көмүр шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары;
- 2017-2018-жж. – Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаты;
- 2015-2016-жж. – Таш-Көмүр шаарынын мэриясынын “Мендигулов” аймактык башкармалыктын төрагасы.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
3 айылдык кеңештин биринчи сессиясы болуп өттү
2022-жылдын 27, 28-апрелинде Чүй облусунун Кемин районунун Жаңы-Алыш жана Москва районунун Александровка, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айылдык кеңештеринин жаңы шайланган депутаттарынын биринчи сессиясы болуп өттү.
Кемин, Москва жана Тоң аймактык шайлоо комиссияларынын (АШК) төрагалары 3 айылдык кеңештин шайланган депутаттарына белгиленген үлгүдөгү ырастамаларды жана төш белгилерди тапшырды.
Депутаттарга ырастамаларды жана төш белгилерди тапшырууда КР БШК мүчөлөрү Бекматов А.Г., Дубанбаева А.С., Москва райондук мамлекеттик администрациясынын уюштуруу иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу секторунун башчысы Орозбаева М. М., Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Толонов У.Т., ошондой эле КР БШКнын Кемин АШКдагы атайын өкүлү Вахрушева Т.Н., КР БШКнын Кемин АШКдагы атайын өкүлү Кыдыралиев Т.К., КР БШКнын Тоң АШКдагы атайын өкүлү Токтосунов Б.Б. катышты.
Биринчи сессияларда 3 айылдык кеңештин төрагалары депутаттардын арасынан жашыруун добуш берүү жолу менен жергиликтүү кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланды.
Төмөнкү депутаттар төрага болуп шайланды:
1) Чүй облусунун Кемин районунун Жаңы-Алыш айылдык кеңеши – Мырзадаиров Бакыт Жолдошбекович, 11 добуштан 11 добуш алды, кеңештин депутаттарынын тобу көрсөттү.
Маалымат үчүн:
Мырзадаиров Бакыт Жолдошбекович, 1983-жылы 1-февралда туулган,
Улуту – Кыргыз.
Билими – жогорку, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин «электр станциялары» адистиги боюнча.
Эмгек жолу:
2006-2022-жж. азыркы кезге чейин “Түндүк электр” ААКта инженер–метролог.
2) Чүй облусунун Москва районунун Александровка айылдык кеңеши – Давузова Марьям Юнуровна, 21 добуштан 14 добуш алды, кеңештин депутаттарынын тобу көрсөткөн 2 талапкердин ичинен.
Маалымат үчүн:
Давузова Марьям Юнуровна, 1955-жылы 16-ноябрда туулган,
Улуту – дунган.
Билими – жогорку, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетин «тарых жана коом таануу окутуучусу» адистиги боюнча.
Эмгек жолу:
2008-ж. азыркы кезге чейин Александровка Маданият үйүнүн директору;
2003–2022-жж. - «Кыргызстан дунгандар ассоциациясы» КБнын Александровка айылындагы Маданият борборунун төрагасы;
2000–2008-жж. - Александровка Маданият үйүнүн көркөм жетекчиси;
1996-2012-жж. - Александровка айылдык кеңешинин депутаты;
1992–2000-жж. - Александровка айылындагы «Улыбка» бала бакчасынын башчысы;
1989–2006-жж. – «Дружба» колхозунун Маданият үйүнүн методисти;
1980-1989-жж. - Александровка айылдык кеңешинде АЭС (ВУС) боюнча иш кагаздарын жүргүзүүчү;
1979-1980-жж. - Александровкадагы №1 орто мектептин география мугалими;
1977-1979-жж. – улук пионер башчы жана айкаштырып иштөө боюнча – китепканачы;
1975-1977-жж. - китепканачы жана эмгек жетекчиси;
1974–1975-жж. – Александровкадагы №1 орто мектептин пионер башчысы.
3) Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айылдык кеңеши – Акунов Ильич Талдыбекович 11 добуштан 6 добуш алды, кеңештин депутаттарынын тобу тарабынан 2 талапкер көрсөтүлдү.
Кажы-Сай айылдык кеңешинин төрагалыгына 2 талапкер – Ильич Акунов жана Гулмира Каратаева көрсөтүлдү.
Добуш берүүгө Кажы-Сай айылдык кеңешинин бардык 11 депутаты катышты, И. Т. Акунов 6 добуш, Г.К. Каратаева 5 добуш алды.
Маалымат үчүн:
Акунов Ильич Талдыбекович, 1978-жылы 1-ноябрда туулган,
Улуту – кыргыз.
Билими – орто.
Эмгек жолу:
2018-ж. азыркы кезге чейин “Кажы-Сай” СООППВ жетекчиси;
2015–2018-жж. – БӨСМда (ДЮСШ) бокс боюнча инструктор;
2004-2006-жж. – Каджи-Сайдагы кварц фабрикасында жумушчу;
2002-2004-жж. – жеке менчик түрүндөгү коопсуздук кызматынын кызматкери;
1996-1998-жж. – армияда кызмат өтөгөн.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Барман Белеков Токтогул шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайланды
2022-жылдын 26-апрелинде Токтогул шаардык кеңешинин биринчи сессиясы өттү.
Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын (АШК) катчысы Перизат Бошкоева Токтогул шаардык кеңешинин шайланган депутаттарына белгиленген үлгүдөгү ырастамаларды жана төш белгилерди тапшырды.
Депутаттарга ырастамаларды жана төш белгилерди тапшырууда Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Тюкебаев А.А., Токтогул шаарынын мэри Болгонбеков Б. Т., КР БШКнын шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын начальниги Айтикеев Т.О. жана КР БШКнын Токтогул АШКдагы атайын өкүлү Ажыканов А.Б. катышты.
Токтогул шаардык кеңешинин төрагасынын кызмат ордуна 2 талапкер – «Ынтымак» депутаттык фракциясынан Барман Белеков жана «Тынчтык» депутаттык фракциясынан Максатбек Дөөлөтбеков көрсөтүлдү.
Добуш берүүгө Токтогул шаардык кеңешинин бардык 31 депутаты катышты, Б.С. Белеков – 16, М.К. Дөөлөтбеков 15 добуш алды.
Добуш берүүнүн жыйынтыгына ылайык Белеков Барман Самидинович Токтогул шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайланды.
2022-жылдын 10-апрелинде Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.
2022-жылдын 15-апрелинде Токтогул АШК Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжаларын аныктады.
Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо 7 партия шайланды: . «Ата-Журт Кыргызстан» - 6 мандат, 2. «Тынчтык» - 5 мандат, 3. «Ынтымак» - 5 мандат, 4. «Бирге-Вместе» - 4 мандат, 5. «Мекен-Ынтымагы» - 4 мандат, 6. «Ишеним» - 4 мандат, 7. «Эл - Үмүтү» - 3 мандат алды.
Маалымат үчүн:
Белеков Барман Самидинович, 1982-жылы 4-февралда туулган,
Улуту – Кыргыз.
Билими – жогорку, КР ИИМ Академиясы
Үй-бүлөлүк абалы – үй-бүлөлүү, 3 баласы бар.
Эмгек жолу:
- 2015-жылдын сентябрынан тартып азыркы кезге чейин Эл аралык славян институтунун Бишкектеги филиалынын (ЭСИ БФ) «Юриспруденция» кафедрасынын башчысы;
- 2013-2015-жж. – ЭСИ БФ «Юриспруденция» кафедрасынын доценти;
- 2012-2013-жж. – КРӨ караштуу ЭККМК ТБ (финансы полициясы) тергөөчүсү;
- 2009-ж. – КР Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана адам укуктары боюнча комитетинин бөлүмү;
- 2008-2009-жж. – КР Жогорку Кеңешинин Аппараты, депутаттын консультанты;
- 2004-2007-жж. – Россия ИИМдин Башкаруу академиясы, аспирант;
- 2004-ж. - Ленин районунун ИИБ, оперыйгарым укуктуу;
- 1999–2004-жж. ИИМдин Академиясы, курсант.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Азамат Ажыматов Кара-Балта шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайланды
2022-жылдын 26-апрелинде Кара-Балта шаардык кеңешинин биринчи уюштуруу сессиясы өттү.
Аймактык шайлоо комиссиясынын (АШК) төрагасы Турсункүл Бешкемпирова Кара-Балта шаардык кеңешинин шайланган депутаттарына белгиленген үлгүдөгү ырастамаларды жана төш белгилерди тапшырды.
Депутаттарга ырастамаларды жана төш белгилерди тапшырууда КР БШК төрагасынын орун басары Койчукеев Н.Ч., КР БШК мүчөсү Бекматов А.Г., Кара-Балта шаарынын вице-мэри Мусаев Ж.Ч. Кара-Балта шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Шабданалиев Н.С. жана КР БШКнын Жайыл АШКдагы атайын өкүлү Джумабаев Н. Б. катышты.
Кара-Балта шаардык кеңешинин төрагасынын кызмат ордуна «ЭлАман» депутаттык фракциясынан 1 талапкер – Ажыматов Азамат Темиркатович көрсөтүлдү.
Добуш берүүгө Кара-Балта шаардык кеңешинин бардык 31 депутаты катышты, А. Ажыматов 31 добуш алды.
2022-жылдын 10-апрелинде Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.
2022-жылдын 13-апрелинде Жайыл АШК Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжаларын аныктады.
Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо 6 партия шайланды:1. «Ишеним» - 8 мандат, 2. «Күчтүү Коом – Сильное Общество» - 6 мандат, 3. «Социал-демократтар» - 5 мандат, 4. «Ыйман –Нуру» - 5 мандат, 5. «Альянс» - 4 мандат, 6. «ЭлАман» - 3 мандат алды.
Маалымат үчүн:
Ажыматов Азамат Темиркатович, 1984-жылы 15-мартта туулган,
Улуту – Кыргыз.
Билими – жогорку, Бишкектеги экономика жана ишкердик мамлекеттик университети, «Финансы жана кредит» адистиги боюнча
Үй-бүлөлүк абалы – үй-бүлөлүү, 3 баласы бар.
Иш стажы:
- 2018-жылдан тартып азыркы кезге чейин Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаты;
- 2017-2018 жж. – Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаты;
- 2012-2016-жж. – Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаты;
- 2008-2014-жж. –«Шедевр» ЖЧК, региондук менеджер;
- 2006-2008-жж. –«Ак-Бата» ЖЧК, соода өкүлү;
- 2005-2006-жж. – билим берүү бөлүмү, айдоочу.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
10 жергиликтүү кеңештин биринчи сессиясы болуп өттү
2022-жылдын 10-апрелинде Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын 3 шаардык кеңешинин – Кара-Балта, Таш-Көмүр, Токтогул шаардык кеңештеринин жана 13 айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.
2022-жылдын 26-апрелине карата графикке ылайык 10 жергиликтүү кеңештин биринчи уюштуруу сессиясы өттү.
Аймактык шайлоо комиссиялары (АШК) Токтогул жана Кара-Балта шаардык кеңештеринин жана 8 айылдык кеңештин шайланган депутаттарына белгиленген үлгүдөгү ырастамаларды жана төш белгилерди тапшырды.
Депутаттарга ырастамаларды жана төш белгилерди тапшырууда КР БШК төрагасынын орун басары Койчукеев Н.Ч., КР БШК мүчөлөрү Гайпкулов И.Т., Бекматов А.Г. жана КР БШКнын шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын начальниги Айтикеев Т.О., ошондой эле КР БШКнын тиешелүү АШКдага атайын өкүлдөрү катышты.
Маалымат үчүн:
2022-жылдын 14-15-апрелинде аймактык шайлоо комиссиялары (АШК) участоктордон түшкөн протоколдордун негизинде жалпысынан кеңештин аймагында добуш берүүнүн жыйынтыктаран чыгарды жана алардын негизинде 2022-жылы 10-апрелде болуп өткөн 16 жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо натыйжаларын аныктады.
2022-жылдын 18-апрелинде КР БШК 2022-жылы 10-апрелде болуп өткөн 3 шаардык жана 13 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу АШКлардын протоколдорун бекитти.
2022-жылы 23-апрелде АШКлар жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө 16 жергиликтүү кеңештин шайланган депутаттарын каттады.
Биринчи сессияларда Токтогул жана Кара-Балта шаардык кеңештеринин жана 8 айылдык кеңештин төрагалары депутаттардын арасынан жашыруун добуш берүү жолу менен жергиликтүү кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланды.
Төмөнкү депутаттар төрага болуп шайланды:
1) Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Таш айылдык кеңеши – Аматов Абдикарим, 21 добуштан 21 добуш алды, кеңештин депутаттарынын тобу көрсөттү;
2) Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылдык кеңеши – Боронбаев Денис Купуевич, 31 добуштан 25 добуш алды, кеңештин депутаттарынын тобу көрсөткөн 2 талапкердин ичинен;
3) Ош облусунун Араван районунун С. Юсупов айылдык кеңеши – Файзуллаев Нурулло Шукуруллаевич, 30 добуштан 16 добуш алды, кеңештин депутаттарынын тобу көрсөткөн 2 талапкердин ичинен;
4) Чүй облусунун Кемин районунун Кара-Булак айылдык кеңеши – Кулболдиев Алмазбек Медетович, 11 добуштан 6 добуш алды, кеңештин депутаттарынын тобу көрсөткөн 2 талапкердин ичинен;
5) Чүй облусунун Кемин районунун Көк-Ойрок айылдык кеңеши – Шейшенбеков Алишер Шейшенбекович, 11 добуштан 6 добуш алды, кеңештин депутаттарынын тобу көрсөткөн 3 талапкердин ичинен;
6) Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңеши – Энназаров Азамат Арзыкулович, 21 добуштан 11 добуш алды, кеңештин депутаттарынын тобу көрсөткөн 2 талапкердин ичинен;
7) Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеңеши – Назарбеков Анаралы Чиркейович, 20 добуштан 11 добуш алды, кеңештин депутаттарынын тобу көрсөткөн 2 талапкердин ичинен;
8) Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылдык кеңеши – Абдыласов Бекназар Асанбекович, 11 добуштан 11 добуш алды, кеңештин депутаттарынын тобу көрсөттү;
9) Жалал-Абад облусунун Токтогул шаардык кеңеши – Белеков Барман Самидинович, «Ынтымак» депутаттык фракциясынан, 31 добуштан 16 добуш алды, депутаттык фракциялар көрсөткөн 2 талапкердин ичинен;
10) Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаардык кеңеши – Ажыматов Азамат Темиркатович, «ЭлАман» депутаттык фракциясынан, 31 добуштан 31 добуш алды, депутаттык фракция көрсөттү.
Ошондой эле 2022-жылдын Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айылдык кеңешинин жана Нарын облусунун Ат-Башы районунун Казыбек айылдык кеңешинин жаңы шайланган депутаттарынын 25 жана 26-апрелине дайындалган биринчи сессиялары 2022-жылдын 29-апрелине которулду.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Айрым жергиликтүү кеңештердин жаңы шайланган депутаттарынын биринчи уюштуруу сессиясын өткөрүү графиги
Айрым жергиликтүү кеңештердин жаңы шайланган депутаттарынын биринчи уюштуруу сессиясын өткөрүү графиги
№
Жергиликтүү кеңештин аталышы
Өткөрүү убактысы
Өткөрүлүүчү жер
Эскертүү
2022-жылдын 23-апрели
Ош облусу, Кара-Суу району
1
Ак-Таш айылдык кеңеши
9-00 .
Кара-Суу району,
Жылкелди айылы, Ак-Таш айыл өкмөтүнүн имараты
2
Төлөйкөн айылдык кеңеши
11-00 .
Кара-Суу району,
Дыйкан-Кыштак айылы, Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн имараты
3
С. Юсупов айылдык кеңеши
14-00 .
Араван району,
Араван айылы, С. Юсупов айыл өкмөтүнүн имараты
Чүй облусу, Кемин району
4
Кара-Булак айылдык кеңеши
10-00 .
Кемин району,
Кара-Булак айылы, Кара-Булак айыл өкмөтүнүн имараты
2022-жылдын 25-апрели
Чүй облусу, Сокулук району
5
Сокулук айылдык кеңеши
10-00 .
Сокулук району, Сокулук айылы,
Сокулук айыл өкмөтүнүн имараты
2022-жылдын 29-апрелине жылдырылды
Чүй облусу, Кемин району
6
Көк-Ойрок айылдык кеңеши
10-00 .
Кемин району,
Кайыңды айылы, Көк-Ойрок айыл өкмөтүнүн имараты
Жалал-Абад облусу, Сузак району
7
Көк-Арт айылдык кеңеши
10-00 .
Жергетал айылы,
Көк-Арт айыл өкмөтүнүн имараты
Жалал-Абад облусу, Аксы району
8
Кара-Жыгач айылдык кеңеши
10-00 .
Кара-Жыгач айылы,
Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн имараты
Нарын облусу, Ак-Талаа району
9
Тоголок Молдо айылдык кеңеши
11-00 .
Ак-Талаа району,
Тоголок-Молдо айыл өкмөтүнүн имараты
2022-жылдын 26-апрели
Жалал-Абад облусу, Токтогул шаары
10
Токтогул
шаардык кеңеши
10-00 .
Токтогул шаары ,
раймамадминистрациянын имараты
Чүй облусу, Жайыл району Кара-Балта шаары
11
Кара-Балта шаардык кеңеши
10-00 .
Кара-Балта шаары, мэриянын имараты
Нарын облусу, Ак-Башы району
12
Казыбек айылдык кеңеши
10-00 .
Ат-Башы району,
Казыбек айыл өкмөтүнүн имараты
2022-жылдын 29-апрелине жылдырылды
2022-жылдын 27-апрели
Чүй облусу, Кемин району
13
Жаңы-Алыш айылдык кеңеши
10-00 .
Кемин району,
Жаңы-Алыш айылы,Жаңы-Алыш айыл өкмөтүнүн имараты
Чүй облусу, Москва району
14
Александровка айылдык кеңеши
10-00 .
Москва району, Александровка айылы,
Александровка айыл өкмөтүнүн имараты
2022-жылдын 28-апрели
Жалал-Абад облусу, Таш-Көмүр шаары
15
Таш-Көмүр шаардык кеңеши
10-00 .
Таш-Көмүр шаары, мэриянын имараты
Ысык-Көл облусу, Тоң району
16
Кажы-Сай айылдык кеңеши
10-00 .
Тоң району, Кажы-Сай айылы,
Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн имараты
2022-жылдын 29-апрели
Чүй облусу, Сокулук району
Сокулук айылдык кеңеши
10-00 .
Сокулук району, Сокулук айылы,
Сокулук айыл өкмөтүнүн имараты
Нарын облусу, Ак-Башы району
Казыбек айылдык кеңеши
10-00 .
Ат-Башы району,
Казыбек айыл өкмөтүнүн имараты
Кененирээк билүү >>
БШК Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Кара-Балта аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитти
БШК Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Кара-Балта аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитти.
2022-жылы 10-апрелде Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.
Кара-Балта шаарында шайлоочулардын жалпы саны 30 968 адамды түзөт, анын ичинде шайлоого добуш берүүгө 10 926 шайлоочу катышты, бул 35,28%ды түзөт.
Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн Кара-Балта шаарынын аймагында 16 шайлоо участогу жана 1 бирдиктүү шайлоо округу уюшулган.
2022-жылы 10-мартта Кара-Балта аймактык шайлоо комиссиясынын чечими менен 6 саясий партия катталган, талапкерлердин тизмесинде – 323 талапкер, анын ичинде – 140 аял.
2022-жылы 15-апрелде Кара-Балта аймактык шайлоо комиссиясы Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжаларын аныктады.
Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу протоколдун негизинде катталган 6 партиядан 6 партия 7%дык босогодон өттү:
1. «Ишеним» - 2 591 добуш (23, 66%);
2. «Күчтүү Коом – Сильное Общество» - 2160 добуш (19,72%);
3. «Социал-демократтар» - 1856 добуш (16,95%);
4. «Ыйман –Нуру» - 1563 добуш (14,27%);
5. «Альянс» - 1529 добуш (13,96%);
6. «ЭлАман» - 993 добуш (9,7%).
Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары боюнча саясий партиялардын ортосунда мандаттар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
1. «Ишеним» - 8 мандат:
- Ачакеева Аида Бейшембиевна;
- Абышов Эржан Ковланович;
- Сарсембаев Галым Арипжанович;
- Джуматаева Айсулуу Дуйшенбековна;
- Болотбеков Данияр Болотбекович;
- Рыскулбек уулу Нурмат;
- Шашко Ирина Васильевна;
- Айткожоев Эмир Чолпонкулович.
2. «Күчтүү Коом – Сильное Общество» - 6 мандат:
- Макишев Нурпаис Эсенбекович;
- Байышбаев Абдусамат Сайпидинович;
- Жапакова Нуржан Масалбековна;
- Асаналиев Аскат Уланбекович;
- Джетыбаева Айгуль Алымкуловна;
- Бекболотова Зарыл Кенжеевна.
3. «Социал-демократтар» - 5 мандат:
- Байсариев Арсен Русланович;
- Дуйшенбиев Рустам Аширсултанович;
- Ладожинская Надежда Ивановна;
- Аманов Азим Галидинович;
- Ниязов Адилет Анарбекович.
4. «Ыйман –Нуру» - 5 мандат:
- Сатыбалдиев Айбек Рахатбекович;
- Мурадылов Рустам Асанович;
- Шыгаева Наргиза Асылбековна;
- Бутобаев Шамшидин Закиржанович;
- Алыбаев Кенжебек Мадылбекович.
5. «Альянс» - 4 мандат:
- Дуйшеналиев Мирбек Кубанычбекович;
- Айтыкулов Урмат Калыбекович;
- Тыналиева Наргиза Маратовна;
- Кадыркулов Адилет Адылбекович.
6. - «ЭлАман» - 3 мандат:
- Ажыматов Азамат Темирканович;
- Суюмбаев Мирбек Бектурович;
- Билялова Алмазханум Башировна.
«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 27-пунктуна ылайык КР БШК жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет жана аларды жалпыга маалымдоо каражаттарына расмий түрдө жарыялоону жүзөгө ашырат.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитти
БШК Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитти.
2022-жылы 10-апрелде Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.
Токтогул шаарында шайлоочулардын жалпы саны 12 991 адамды түзөт, анын ичинде шайлоого добуш берүүгө 4 645 шайлоочу катышты, бул 35,76%ды түзөт.
Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн Токтогул шаарынын аймагында 5 шайлоо участогу жана 1 бирдиктүү шайлоо округу уюшулган.
2022-жылы 10-мартта Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын чечими менен 7 саясий партия катталган, талапкерлердин тизмесинде – 361 талапкер, анын ичинде – 150 аял.
2022-жылы 15-апрелде Токтогул аймактык шайлоо комиссиясы Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжаларын аныктады.
Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу протоколдун негизинде катталган 7 партиядан 7 партия 7%дык босогодон өттү:
1. «Ата-Журт Кыргызстан» - 858 добуш (18,47%);
2. «Тынчтык» - 734 добуш (15,80%);
3. «Ынтымак» - 699 добуш (15,05%);
4. «Бирге-Вместе» - 624 добуш (13,43%);
5. «Менек-Ынтымагы» - 590 добуш (12,70%);
6. «Ишеним» - 548 добуш (11,80%);
7. «Эл Үмүтү» - 539 добуш (11,60%).
Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары боюнча саясий партиялардын ортосунда мандаттар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
1. «Ата-Журт Кыргызстан» - 6 мандат:
- Тургунбаев Эркин Эсенбаевич;
- Борбугулов Мирбек Табылдиевич;
- Оркулова Назира Абдалиевна;
- Кылданов Максат Сапарович;
- Нургазы уулу Кыязбек;
- Кудайназарова Анарбүү Жумагуловна.
2. «Тынчтык» - 5 мандат:
- Дөөлөтбеков Максатбек Кошукеевич;
- Тойчубеков Урмат Кадырбекович;
- Иманбекова Динара Майлыбековна;
- Калмурзаев Нурсултан Маратович;
- Токтосунов Рысбек Райымбекович.
3. «Ынтымак» - 5 мандат:
- Белеков Барман Самидинович;
- Сарпашов Манас Мурсажанович;
- Джаныбаева Айнура Омушевна;
- Аблесов Мирлан Аблесович;
- Мураталиев Эмил Кадырбекович.
4. «Бирге-Вместе» - 4 мандат:
- Өмүржан уулу Мирбек;
- Курбанов Мухиддин Кабылахунович;
- Куттубаева Клара Токтосуновна;
- Үмөталиев Темурлан Мурсатбекович.
5. «Мекен-Ынтымагы» - 4 мандат:
- Тулекеева Асылбу Таштемировна;
- Тян Светлана Инокентьевна;
- Койчиев Мырзакерим Кайкыевич;
- Раханова Лариса Сабырбековна.
6. - «Ишеним» - 4 мандат:
- Касымов Алмаз Рахматиллаевич;
- Караева Динара Текишовна;
- Бакиева Дамира Токтосуновна;
- Тотобаев Марс Анарбекович.
7. «Эл Үмүтү» - 3 мандат:
- Дүйшөналиев Болотбек Согушбекович;
- Чынтемиров Бакыт Чынтемирович;
- Осмонкулова Гүлзада Абдылдаевна.
«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 27-пунктуна ылайык КР БШК жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет жана аларды жалпыга маалымдоо каражаттарына расмий түрдө жарыялоону жүзөгө ашырат.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
21.10.2026
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөттөн мурда жүргүзүүгө жол берилбестигин дагы бир жолу эскертет
19.10.2026
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү
19.10.2026
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди
19.10.2026
Байкоочунун шайлоодогу укуктары жана милдеттери
16.10.2026
КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү
16.10.2026
КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады