Казыбек айылдык кеңешинин биринчи сессиясы болуп өттү
30 апреля 2022
2022-жылдын 29-апрелинде Нарын облусунун Ат-Башы районунун Казыбек айылдык кеңешинин биринчи сессиясы болуп өттү.
Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын (АШК) төрагасы Алымбекова Акылай Ишеналиевна Казыбек айылдык кеңешинин шайланган депутаттарына белгиленген үлгүдөгү ырастамаларды жана төш белгилерди тапшырды.
айылдык кеңешинин төрагасынын кызмат ордуна 2 талапкер – Бактыгулов Э. и Мамбетмусаева З. көрсөтүлдү.
Добуш берүүгө Казыбек айылдык кеңешинин 21 депутаты катышты, талапкер Э. Бактыгулов үчүн 14 депутат, З. Мамбетмусаева үчүн 6 депутат өз добуштарын беришти, 1 депутат баарына каршы добуш берди.
Добуш берүүнүн жыйынтыгына ылайык Бактыгулов Эрмек Бактыбекович Казыбек айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайланды.
Маалымат үчүн:
Бактыгулов Эрмек Бактыбекович, 1991-жылы 20-декабрда туулган,
Улуту – кыргыз.
Билими – жогорку.
Эмгек жолу:
2016–2021-жж. – Казыбек айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкери;
2021-ж. азыркы кезге чейин – фермер.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү