КР БШК ардагерлерди, оорук эмгекчилерин жана бардык  кыргызстандыктарды Улуу Ата мекендик согуштагы Жеңиш күнү менен куттуктайт!

09 мая 2022

Улуу Ата мекендик согуштун урматтуу ардагерлери жана оорук эмгекчилери! Урматтуу кыргызстандыктар!

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жамааты Сиздерди 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата мекендик согуштагы Жеңиш күнү менен ак дилинен  куттуктайт!

Фронт ардагерлеринин, тыл эмгекчилеринин, ошондой эле талкаланган өлкөнү урандыдан, күлдөн тургузгандардын эрдигинин аркасында 77 жылдан бери бейпил асман астында жашап, шаарларды куруп, эгин өстүрүп, балдарды тарбиялап келе жатабыз. Муун алмашат, бирок Сиздердин эрдигиңиздерге, каармандыгыңыздарга, кайраттуулугуңуздарга ыраазычылыгыбыз эч качан түгөнбөйт.

Мекенди коргоодо боордош элдер менен бирге эриш-аркак болуп, Кыргызстан эли жалпы Жеңишке олуттуу салымын кошту. Жүз миңдеген жердештерибиз өздөрүнүн жарандык милдетин ар-намыс менен аткарып, Ата журтка берилгендиктин бийик чегин көрсөтүп, фронттогу салгылашта баатырлыкты көрсөтүштү, ал эми оорукта ойго келбеген кыйынчылыктарды жеңишти. Биздин ыйык милдетибиз – муну эстеп, Жеңиштин натыйжасында жетишилген тынчтыкты сактоо.

Урматтуу мекендештер, кымбаттуу ардагерлер жана оорук эмгекчилери!

КР БШК ар бириңизге чың ден соолук, бакубатчылык жана бакыт каалайт. Кыргызстандыктарга ачык асман, эл биримдигинин бекемделишин жана мамлекетибиздин өнүгүүсүндө туруктуулук болуусун каалайбыз!