Башкы Жаңылыктар 10 жергиликтүү кеңештин биринчи сессиясы болуп өттү

10 жергиликтүү  кеңештин биринчи сессиясы болуп өттү

26-Апр, 2022

2022-жылдын 10-апрелинде Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын 3 шаардык кеңешинин – Кара-Балта, Таш-Көмүр, Токтогул шаардык кеңештеринин жана 13 айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

2022-жылдын 26-апрелине карата графикке ылайык 10 жергиликтүү  кеңештин биринчи уюштуруу сессиясы өттү.

Аймактык  шайлоо комиссиялары (АШК) Токтогул жана Кара-Балта шаардык кеңештеринин жана 8 айылдык кеңештин шайланган депутаттарына белгиленген үлгүдөгү ырастамаларды жана төш белгилерди тапшырды.

Депутаттарга ырастамаларды жана төш белгилерди тапшырууда КР БШК төрагасынын орун басары Койчукеев Н.Ч., КР БШК мүчөлөрү Гайпкулов И.Т., Бекматов А.Г. жана КР БШКнын шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын начальниги Айтикеев Т.О., ошондой эле КР БШКнын тиешелүү АШКдага атайын өкүлдөрү катышты.

Маалымат үчүн:

2022-жылдын 14-15-апрелинде аймактык  шайлоо комиссиялары (АШК) участоктордон түшкөн протоколдордун негизинде жалпысынан кеңештин аймагында добуш берүүнүн жыйынтыктаран чыгарды жана алардын негизинде 2022-жылы 10-апрелде болуп өткөн 16 жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо натыйжаларын аныктады.

2022-жылдын 18-апрелинде КР БШК 2022-жылы 10-апрелде болуп өткөн 3 шаардык жана 13 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу АШКлардын протоколдорун бекитти.

2022-жылы 23-апрелде АШКлар жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө 16 жергиликтүү  кеңештин шайланган депутаттарын каттады.

Биринчи сессияларда Токтогул жана Кара-Балта шаардык кеңештеринин жана 8 айылдык кеңештин төрагалары депутаттардын арасынан жашыруун добуш берүү жолу менен жергиликтүү кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланды.

Төмөнкү депутаттар төрага болуп шайланды:

1) Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Таш айылдык кеңеши – Аматов Абдикарим, 21 добуштан 21 добуш алды, кеңештин депутаттарынын тобу көрсөттү;         

2) Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылдык кеңеши – Боронбаев Денис Купуевич, 31 добуштан 25 добуш алды, кеңештин депутаттарынын тобу көрсөткөн 2 талапкердин ичинен;         

3)  Ош облусунун Араван районунун С. Юсупов айылдык кеңеши – Файзуллаев Нурулло Шукуруллаевич, 30 добуштан 16 добуш алды, кеңештин депутаттарынын тобу көрсөткөн 2 талапкердин ичинен;   

4) Чүй облусунун     Кемин районунун Кара-Булак айылдык кеңеши – Кулболдиев Алмазбек Медетович, 11 добуштан 6 добуш алды, кеңештин депутаттарынын тобу көрсөткөн 2 талапкердин ичинен;  

5) Чүй облусунун     Кемин районунун Көк-Ойрок айылдык кеңеши – Шейшенбеков Алишер Шейшенбекович, 11 добуштан 6 добуш алды, кеңештин депутаттарынын тобу көрсөткөн 3 талапкердин ичинен;  

6) Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңеши – Энназаров Азамат Арзыкулович, 21 добуштан 11 добуш алды, кеңештин депутаттарынын тобу көрсөткөн 2 талапкердин ичинен;        

7) Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеңеши – Назарбеков Анаралы Чиркейович, 20 добуштан 11 добуш алды, кеңештин депутаттарынын тобу көрсөткөн 2 талапкердин ичинен;        

8) Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылдык кеңеши – Абдыласов Бекназар Асанбекович, 11 добуштан 11 добуш алды, кеңештин депутаттарынын тобу көрсөттү;        

9) Жалал-Абад облусунун Токтогул шаардык кеңеши – Белеков Барман Самидинович, «Ынтымак» депутаттык фракциясынан, 31 добуштан 16 добуш алды, депутаттык фракциялар көрсөткөн 2 талапкердин ичинен;  

10) Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаардык кеңеши – Ажыматов Азамат Темиркатович, «ЭлАман» депутаттык фракциясынан, 31 добуштан 31 добуш алды, депутаттык фракция көрсөттү.

Ошондой эле 2022-жылдын Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айылдык кеңешинин жана Нарын облусунун Ат-Башы районунун Казыбек айылдык кеңешинин жаңы шайланган депутаттарынын 25 жана 26-апрелине дайындалган биринчи сессиялары  2022-жылдын 29-апрелине которулду.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
09-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 9-октябрда өз жыйынында Жайыл, Сокулук, Өзгөн, Ноокат, Сузак, Чаткал жана Айтматов аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.   Жайыл районунун Ак-Башат айылдык кеңешинин депутаты Таштанбеков Кайрат Таштанбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Кадыркулов Данияр Асылбековичке өткөрүлүп берилди; *  Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Кубанычбекова Гүлүкан Кубанычбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Мырсаканова Астра Шадыбековнага өткөрүлүп берилди;   •  Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Артыкбек уулу Нуртилектин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыкулов Таалайбек Асаналиевичке өткөрүлүп берилди; * Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты Ураимова Махаёохон Махамаджановнанын (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Усманова Екутхан Халдаралиевнага (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан)  өткөрүлүп берилди;* Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылдык кеңешинин депутаты Калдыбаев Адилбек Арзыматовичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду;* Ноокат районунун Зулпуев айылдык кеңешинин депутаты Абдикеримов Үсөн Аскарбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду; * Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңешинин депутаты Малашев Кубанычбек Сатыбалдиевичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Орунбекова Айымкан Кадыралиевнага  өткөрүлүп берилди;   * Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңешинин депутаты Куниева Динара Анарбаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Курмантаев Нурдин Туралиевичке өткөрүлүп берилди;   * Айтматов районунун Чолпонбай айылдык кеңешинин депутаты Суюнтбеков Фархад Маратовичтин ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Чормонов Эрдос Төлөгөновичке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>