Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
БШК Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитти
БШК Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитти.
2022-жылы 10-апрелде Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.
Токтогул шаарында шайлоочулардын жалпы саны 12 991 адамды түзөт, анын ичинде шайлоого добуш берүүгө 4 645 шайлоочу катышты, бул 35,76%ды түзөт.
Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн Токтогул шаарынын аймагында 5 шайлоо участогу жана 1 бирдиктүү шайлоо округу уюшулган.
2022-жылы 10-мартта Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын чечими менен 7 саясий партия катталган, талапкерлердин тизмесинде – 361 талапкер, анын ичинде – 150 аял.
2022-жылы 15-апрелде Токтогул аймактык шайлоо комиссиясы Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжаларын аныктады.
Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу протоколдун негизинде катталган 7 партиядан 7 партия 7%дык босогодон өттү:
1. «Ата-Журт Кыргызстан» - 858 добуш (18,47%);
2. «Тынчтык» - 734 добуш (15,80%);
3. «Ынтымак» - 699 добуш (15,05%);
4. «Бирге-Вместе» - 624 добуш (13,43%);
5. «Менек-Ынтымагы» - 590 добуш (12,70%);
6. «Ишеним» - 548 добуш (11,80%);
7. «Эл Үмүтү» - 539 добуш (11,60%).
Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары боюнча саясий партиялардын ортосунда мандаттар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
1. «Ата-Журт Кыргызстан» - 6 мандат:
- Тургунбаев Эркин Эсенбаевич;
- Борбугулов Мирбек Табылдиевич;
- Оркулова Назира Абдалиевна;
- Кылданов Максат Сапарович;
- Нургазы уулу Кыязбек;
- Кудайназарова Анарбүү Жумагуловна.
2. «Тынчтык» - 5 мандат:
- Дөөлөтбеков Максатбек Кошукеевич;
- Тойчубеков Урмат Кадырбекович;
- Иманбекова Динара Майлыбековна;
- Калмурзаев Нурсултан Маратович;
- Токтосунов Рысбек Райымбекович.
3. «Ынтымак» - 5 мандат:
- Белеков Барман Самидинович;
- Сарпашов Манас Мурсажанович;
- Джаныбаева Айнура Омушевна;
- Аблесов Мирлан Аблесович;
- Мураталиев Эмил Кадырбекович.
4. «Бирге-Вместе» - 4 мандат:
- Өмүржан уулу Мирбек;
- Курбанов Мухиддин Кабылахунович;
- Куттубаева Клара Токтосуновна;
- Үмөталиев Темурлан Мурсатбекович.
5. «Мекен-Ынтымагы» - 4 мандат:
- Тулекеева Асылбу Таштемировна;
- Тян Светлана Инокентьевна;
- Койчиев Мырзакерим Кайкыевич;
- Раханова Лариса Сабырбековна.
6. - «Ишеним» - 4 мандат:
- Касымов Алмаз Рахматиллаевич;
- Караева Динара Текишовна;
- Бакиева Дамира Токтосуновна;
- Тотобаев Марс Анарбекович.
7. «Эл Үмүтү» - 3 мандат:
- Дүйшөналиев Болотбек Согушбекович;
- Чынтемиров Бакыт Чынтемирович;
- Осмонкулова Гүлзада Абдылдаевна.
«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 27-пунктуна ылайык КР БШК жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет жана аларды жалпыга маалымдоо каражаттарына расмий түрдө жарыялоону жүзөгө ашырат.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитти
БШК Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитти.
2022-жылы 10-апрелде Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.
Таш-Көмүр шаарында шайлоочулардын жалпы саны 24 889 адамды түзөт, анын ичинде шайлоого добуш берүүгө 7 703 шайлоочу катышты, бул 30,95%ды түзөт.
Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн Таш-Көмүр шаарынын аймагында 11 шайлоо участогу жана 1 бирдиктүү шайлоо округу уюшулган.
2022-жылы 9-мартта Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясынын чечими менен 3 саясий партия катталган, талапкерлердин тизмесинде – 143 талапкер, анын ичинде – 45 аял.
2022-жылы 15-апрелде Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясы Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжаларын аныктады.
Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу протоколдун негизинде катталган 3 партиядан 3 партия 7%дык босогодон өттү:
1. «Жаштар» - 3493 добуш (45,34%);
2. «Ата-Журт Кыргызстан» - 2966 добуш (38,50%);
3. «Ынтымак» - 1126 добуш (14,61%).
Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары боюнча саясий партиялардын ортосунда мандаттар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
1. «Жаштар» - 14 мандат:
- Кудайбердиев Сагынбек Токтосунович;
- Сыдыков Кенжебек Бакасович;
- Чолпонкулова Гульназ Жыналиевна;
- Арстанбеков Мирзалбек Боронбаевич;
- Абдумомунов Нуралы Оросбекович;
- Сыдыкова Астра Анаркуловна;
- Арстанбеков Асылбек Өмүркулович;
- Малабеков Талайбек Ыманбекович;
- Сапаралиева Миргүл Асановна;
- Мырзаканов Самат Кылычбекович;
- Шоруков Асылбек Акбаралыевич;
- Субанова Аида Нарынбековна;
- Садыров Данияр Маматкаримович;
- Садырбаев Нуралы Анарбекович.
2. «Ата-Журт Кыргызстан» - 12 мандат:
- Тултаев Марат Абдузакирович;
- Ажыканов Жумабек Алымжанович;
- Абидова Жылдыз Исраиловна;
- Мырзакматов Нургазы Орозбаевич;
- Бабатаев Сманжан Самарбекович;
- Чаргынова Сабиракан Туралыевна;
- Овазбеков Адилет Овазбекович;
- Жумагулов Нурбек Жумагулович;
- Конкобаева Гульмира Каримовна;
- Отунчиев Талайнур Ахмаджанович;
- Джумашев Азамат Сатаркулович;
- Курманкулова Жылдызкан Тургуналиевна.
3. «Ынтымак» - 5 мандат:
- Дуйшенов Канат Райымбекович;
- Ормонов Раимбек Базарбекович;
- Токтомамбетова Жамилякан Сакибаевна;
- Султаналиев Жыргалбек;
- Доронкулов Айбек Маматисакович.
«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 27-пунктуна ылайык КР БШК жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет жана аларды жалпыга маалымдоо каражаттарына расмий түрдө жарыялоону жүзөгө ашырат.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын 13 айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдорун бекитти
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылы 18-апрелде өткөн жыйналышында 2022-жылы 10-апрелде болуп өткөн Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын 13 айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдорун бекитти.
13 айылдык кеңештеги депутаттык мандаттардын жалпы саны 243тү түзөт, анын ичинде округдарда аялдар үчүн 96 мандат резервде калтырылган, 491 талапкер катталган, анын ичинде 160ы аял талапкер.
13 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын тизмесине бардыгы 89 110 шайлоочу киргизилген, добуш берүүгө 29 089 шайлоочу катышты, бул 32.64%ды түзөт.
Протоколдордун негизинде 13 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо натыйжалары аныкталды.
Бардыгы 243 депутат шайланды, анын ичинде 95 депутатов – аял.
13 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо натыйжалары:
Жалал-Абад облусу
1. Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеңеши;
2. Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңеши.
Ысык-Көл облусу
3. Тоң районунун Кажы-Сай айылдык кеңеши.
Нарын облусу
4. Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылдык кеңеши,
5. Ат-Башы районунун Казыбек айылдык кеңеши
Ош облусу
6. Араван районунун С. Юсупов айылдык кеңеши;
7. Кара-Суу районунун Ак-Таш айылдык кеңештери;
8. Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылдык кеңештери.
Чүй облусу
Кемин районунун Жаңы-Алыш айылдык кеңеши;
Кемин районунун Кара-Булак айылдык кеңеши;
Кемин районунун Көк-Ойрок айылдык кеңеши;
Москва районунун Александровка айылдык кеңеши;
Сокулук районунун Сокулук айылдык кеңеши.
«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 27-пунктуна ылайык КР БШК жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет жана аларды жалпыга маалымдоо каражаттарына расмий түрдө жарыялоону жүзөгө ашырат.
Аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын3 күндүк мөөнөттө каттайт, аларга белгиленген үлгүдөгү ырастамаларды жана төш белгилерди тапшырат.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК жарандык билим берүү программаларын ишке ашыруу боюнча Фридрих Эберт атындагы Фонд менен кызматташат
БШК жарандык билим берүү программаларын ишке ашыруу боюнча Фридрих Эберт атындагы Фонд менен кызматташат. Бул тууралуу КР БШК төрагасы Н. Шайлдабекованын Фонддун өкүлү Филипп К. Ян менен жолугушуунун жүрүшүндө белгилүү болду.
Жолугушууга Фридрих Эберт атындагы Фонддун илимий кызматкери И. Сатыбалдиев, БШК аппаратынын жана Жарандык билим берүү борборунун кызматкерлери катышты.
Фридрих Эберт атындагы Фонд Германиянын эски фонддорунун бири болуп саналат, анын иши саясий билим берүүгө жана жаштардын лидерлигине, парламентаризмди алга жылдырууга жана эмгекчилердин укуктарын коргоого багытталган.
Филипп К. Ян өткөн шайлоолор жогорку деңгээлде даярдалгандыгын жана өткөрүлгөндүгүн баса белгилеп, учурда Кыргызстандын парламенти менен иш жаңылангандыгын, жаштардын лидерлиги боюнча долбоор ишке ашырылып жаткандыгын айтты.
БШК Кыргыз Республикасынын шайлоо тутумунун өзгөчөлүктөрү, шайлоо тутумунун өркүндөтүү боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу маалымат берди.
Жолугушуунун жүрүшүндө жарандык билим берүү тармагында, атап айтканда, Кыргыз Республикасынын саясат жактан өнүктүрүү боюнча изилдөөлөрдү колдоо, эл аралык эксперттерди чакыруу жана жаштар үчүн лекцияларды өткөрүү мүмкүнчүлүгү жаатында мындан ары кызматташуу маселелери талкууланды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Бишкекте BRIDGEнин Кыргыз Республикасында жарандык билим берүүнүн 5 жылдык Стратегиясын иштеп чыгуу боюнча 4 күндүк семинар өтүүдө
Бишкекте BRIDGE тутуму боюнча Кыргыз Республикасында жарандык билим берүүнүн 5 жылдык Стратегиясын иштеп чыгуу боюнча 4 күндүк семинар өтүүдө.
Семинар Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (БУУ ӨП) жана Шайлоо тутумдарынын эл аралык фондунун Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгү менен биргеликте өткөрүлүүдө.
Семинарга КР БШКнын, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, китепканалдардын, жарандык коом уюмдарынын жана университеттердин өкүлдөрү катышууда.
Семинар шайлоочуларга жарандык билим берүүнүн жана аларды агартуунун Стратегиясынын, максаттуу топтордун максаттарын жана милдеттерин, жарандык билим берүүнүн негизги багыттарынын аныктоого багытталган. Иш-чаранын жүрүшүндө эл аралык тажрыйбаларды эске алып, жарандык билим берүүнүн программаларын иштеп чыгуунун практикалык үлгүлөрү менен тааныштырылат.
Мындай семинар Ошто 2022-жылдын 25-28-апрелинде өткөрүлөт.
BRIDGE – бул шайлоо чөйрөсүндө билим берүүнүн эл аралык программасы, ал бүт дүйнөдө ийгиликтүү өткөрүлүүдө. Ал демократия жана башкаруу тармагында иштеген төмөнкү беш уюмдун комплекстүү окуу программаларын иштеп чыгуу, жайылтуу жана колдоо боюнча демилгеси болуп саналат: БУУ ӨПтүн, БУУнун шайлоолорго көмөктөшүү бөлүмүнүн (UNEAD), Шайлоо тутумдарынын эл аралык фондунун (IFES), Демократия жана шайлоолорго көмөктөшүү эл аралык институтунун (IDEA) жана Австралия шайлоо комиссиясынын (AEC).
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 18-апрелинде өткөн жыйналышында Кара-Суу, Ак-Суу, Түп, Ак-Талаа, Манаса, Токтогула, Аламүдүн, Чүй жана Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын кээ бир депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.
Ош облусунун Кара-Суу районунун Мады айылдык кеңешинин депутаты Абасов Нурсултан Мамасалиевтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Абдисаламов Нурбакыт Абдирашидовичке өткөрүп берилди.
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Октябрь айылдык кеңешинин депутаты Бектуров Жаныбек Бектуровичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат «Ынтымак–Үч Кайнар» бала бакчасынын жетекчиси Ирсалиева Эльвира Кенешбековнага өткөрүп берилди.
Айыл өкмөт башчысы кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Ысык-Көл облусунун Түп районунун Ак-Булуң айылдык кеңешинин депутаты Ботоев Таалайбек Кычыевичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат фермер Иманкулов Малик Керимбековичке өткөрүп берилди.
Ысык-Көл облусунун Түп районунун Тогуз-Булак айылдык кеңешинин депутаты Бектурсунов Джайлебай Касымовичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду.
Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп айылдык кеңешинин депутаты Байтокова Назгүл Керимовнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду.
Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылдык кеңешинин депутаты Капарбек уулу Билимбектин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат жеке ишкер Аскарбеков Азаматка өткөрүп берилди.
Депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылдык кеңешинин депутаты Абышбаев Руслан Качкынбековичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат Баетов айылынын социалдык фондунун жетектөөчү адиси Жолдубаев Нурбек Тилекбековичке өткөрүп берилди.
Талас облусунун Манас районунун Покровка айылдык кеңешинин депутаты Календаров Айдин Калыбаевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат «Нуржан» дыйкан чарбасынын мүчөсү Акматжанов Нуржан Акматжановичке өткөрүп берилди.
Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кетмен-Төбө айылдык кеңешинин депутаты Сманов Төрагазы Бабановичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Токтогул районунун Чон-Арык айылынын социалдык кызматкери Бердигулов Махаратбекке өткөрүп берилди.
Жүйөөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин сессияларына бир жыл ичинде төрт жолудан ашык келбегендигинин негизинде Чүй облусунун Аламүдүн районунун Ленин айылдык кеңешинин депутаты Аралбаева Рыскүл Сагыналиевнанын ыйгарым укуктары токтотулду.
Чүй облусунун Чүй районунун Ак-Бешим айылдык кеңешинин депутаты Азизов Аскарбек Медетбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат ветеринардык врач Дуйшенова Жибек Суюнбековнага өткөрүп берилди.
Чүй облусунун Чүй районунун Ак-Бешим айылдык кеңешинин депутаты Нурбекова Назгүл Эмилбековнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат жетектөөчү адис Байсубанова Аселя Жешеновнага өткөрүп берилди.
Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Жээк айылдык кеңешинин депутаты Рашидов Исмаил Камаловичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат мурап Ахмедов Рафик Рустобековичке өткөрүп берилди.
Ошондой эле КР БШК мүчөлөрү жыйналышта Каныбек уулу Алымбекти өз арызынын негизинде Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Октябрь айылдык кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгарды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2022-жылдын 18-апрелинде өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 18 апрели 2022-ж.
Убактысы:15:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. 2022-жылдын 10-апрелинде болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
(баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоо процессин уюштуруу боюнча башкармалыгынын начальниги)
2. 2022-жылдын 10-апрелинде болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө.
(баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоо процессин уюштуруу боюнча башкармалыгынын начальниги)
3. 2022-жылдын 10-апрелинде болуп өткөн Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө.
(баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоо процессин уюштуруу боюнча башкармалыгынын начальниги)
4. 2022-жылдын 10-апрелинде болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө.
(баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоо процессин уюштуруу боюнча башкармалыгынын начальниги)
5. 2022-жылдын 10-апрелинде болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө.
(баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоо процессин уюштуруу боюнча башкармалыгынын начальниги)
6. 2022-жылдын 10-апрелинде болуп өткөн Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
(баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоо процессин уюштуруу боюнча башкармалыгынын начальниги)
7. 2022-жылдын 10-апрелинде болуп өткөн Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
(баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоо процессин уюштуруу боюнча башкармалыгынын начальниги)
8. 2022-жылдын 10-апрелинде болуп өткөн Нарын облусунун Ат-Башы районунун Казыбек айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
(баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоо процессин уюштуруу боюнча башкармалыгынын начальниги)
9. 2022-жылдын 10-апрелинде болуп өткөн Ош облусунун Араван районунун С. Юсупов айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Араван аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
(баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоо процессин уюштуруу боюнча башкармалыгынын начальниги)
10. 2022-жылдын 10-апрелинде болуп өткөн Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Таш жана Төлөйкөн айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдору жөнүндө
(баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоо процессин уюштуруу боюнча башкармалыгынын начальниги)
11. 2022-жылдын 10-апрелинде болуп өткөн Чүй облусунун Кемин районунун Жаңы-Алыш, Кара-Булак жана Көк-Ойрок айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо натыйжайлары тууралуу депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдору жөнүндө
(баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоо процессин уюштуруу боюнча башкармалыгынын начальниги)
12. 2022-жылдын 10-апрелинде болуп өткөн Чүй облусунун Москва районунун Александровка айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо натыйжайлары тууралуу депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Москва аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
(баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоо процессин уюштуруу боюнча башкармалыгынын начальниги)
13. 2022-жылдын 10-апрелинде болуп өткөн Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо натыйжайлары тууралуу депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
(баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоо процессин уюштуруу боюнча башкармалыгынын начальниги)
14. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Кара-Суу, Ак-Суу, Түп, Ак-Талаа, Манас, Токтогул, Аламүдүн, Чүй, Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоо процессин уюштуруу боюнча башкармалыгынын начальниги)
15. Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
Аймактык шайлоо комиссиялары 2022-жылы 10-апрелде өткөн 16 жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо натыйжаларын аныктады
2022-жылы 10-апрелде 3 шаардык (Кара-Балта, Таш-Көмүр жана Токтогул) кеңештин жана 13 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо болуп өттү.
16 жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнү өткөрүү үчүн 84 шайлоо участогу уюшулган.
16 жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын тизмесине бардыгы 157 958 шайлоочу киргизилген, добуш берүүгө 52 363 шайлоочу катышты, бул 33,15%ды түзөт.
Аймактык шайлоо комиссиялары (АШК) участоктордон түшкөн протоколдордун негизинде жалпысынан кеңештин аймагында добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарып, анын негизинде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо натыйжаларын аныктады.
1. 3 шаардык кеңештеги депутаттык мандаттардын жалпы саны 93тү түзөт, 13 партиядан 827 талапкер катталган.
АШКлардын протоколдору менен 3 шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо натыйжалары аныкталды:
1.1. Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаардык кеңеши.
Шайлоочулардын тизмесине бардыгы 30 968 шайлоочу киргизилген, добуш берүүгө 10 926 шайлоочу катышты, бул 35.28%ды түзөт.
Бардыгы – 31 мандат, катталган 6 партиядан 6 партия 7%дык босогодон өттү:
№
партиянын аталышы
7%дык босогодон өткөн с/п алга добуштардын саны
%
мандаттарды бөлүштүрүү
Бардыгы: 6
10 668
100%
31
1
«Ыйман-Нуру»
1 558
14.26%
5
2
«Күчтүү коом-Сильное общество»
2 156
19.73%
6
3
«Ишеним»
2 585
23.66%
8
4
«Эл Аман»
993
9.09%
3
5
«Социал-демократтар»
1 847
16.90%
5
6
«Альянс»
1 529
13.99%
4
1.2. Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык кеңеши.
Шайлоочулардын тизмесине бардыгы 24 889 шайлоочу киргизилген, добуш берүүгө 7 703 шайлоочу катышты, бул 30.95%ды түзөт.
Бардыгы – 31 мандат, катталган 3 партиядан 3 партия 7%дык босогодон өттү:
№
партиянын аталышы
7%дык босогодон өткөн с/п алга добуштардын саны
%
мандаттарды бөлүштүрүү
Бардыгы: 3
7585
100%
31
1
«Жаштар»
3493
45.35%
14
2
«Ынтымак»
1126
14.62%
5
3
«Ата-Журт Кыргызстан»
2 966
38.50%
12
1.3. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Токтогул шаардык кеңеши.
Шайлоочулардын тизмесине бардыгы 12 991 шайлоочу киргизилген, добуш берүүгө 4 645 шайлоочу катышты, бул 35.76%ды түзөт.
Бардыгы – 31 мандат, катталган 7 партиядан 7 партия 7%дык босогодон өттү:
№
партиянын аталышы
7%дык босогодон өткөн с/п алга добуштардын саны
%
мандаттарды бөлүштүрүү
Бардыгы: 7
4589
100%
31
1
«Тынчтык»
731
15.74%
5
2
«Мекен ынтымагы»
590
12.70%
4
3
«Ата-Журт Кыргызстан»
858
18.47%
6
4
«Эл Үмүтү»
539
11.60%
3
5
«Ынтымак»
699
15.05%
5
6
«Бирге-Вместе»
624
13.43%
4
7
«Ишеним»
548
11.80%
4
2. 13 айылдык кеңештеги депутаттык мандаттардын жалпы саны 243тү түзөт, анын ичинде округдарда аялдар үчүн 96 мандат резервде калтырылган, 491 талапкер катталган, анын ичинде 160ы аял талапкер.
13 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын тизмесине бардыгы 89 110 шайлоочу киргизилген, добуш берүүгө 29 089 шайлоочу катышты, бул 32.64%ды түзөт.
АШКлардын протоколдору менен 13 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо натыйжалары аныкталды:
Бардыгы 243 депутат шайланды, анын ичинде 95 депутатов – аял.
13 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо натыйжалары:
Жалал-Абад облусу
1. Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеңеши;
2. Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңеши.
Ысык-Көл облусу
3. Тоң районунун Кажы-Сай айылдык кеңеши.
Нарын облусу
4. Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылдык кеңеши,
5. Ат-Башы районунун Казыбек айылдык кеңеши
Ош облусу
6. Араван районунун С. Юсупов айылдык кеңеши;
7. Кара-Суу районунун Ак-Таш айылдык кеңештери;
8. Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылдык кеңештери.
Чүй облусу
Кемин районунун Жаңы-Алыш айылдык кеңеши;
Кемин районунун Кара-Булак айылдык кеңеши;
Кемин районунун Көк-Ойрок айылдык кеңеши;
Москва районунун Александровка айылдык кеңеши;
Сокулук районунун Сокулук айылдык кеңеши.
Добуштардын жыйынтыгын белгилөө жөнүндө АШКлардын чечимдери БШКга 3 күн ичинде даттанылат.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК менен Шайлоо тутумдарынын эл аралык фонду (IFES) кызматташуунун келечектеги пландарын талкуулады
КР БШК төрагасы Н. Шайлдабекова менен IFESтин КРдеги Өкүлчүлүгүнүн директору Кети Майсурадзе менен кызматташуунун кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү пландарын талкуулады.
Жолугушууга IFESтин КРдеги Өкүлчүлүгүнүн Программалык улук менеджери А. Орехов, БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун директору (ЖББ) М. Сарымсаков, ЖББ координатору А. Букамбаева жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.
Жолугушууда кызматташуунун кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү пландары талкууланды. Жарандык билим берүү алкагында билим берүү жана маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү, шайлоо комиссияларынын дараметин чыңдоо, шайлоо процессинин ар кыл категориядагы катышуучулары үчүн тренингдерди өткөрүү жана атайын курстарды, колдонмолорду иштеп чыгуу, жаштардын, аялдардын, ДМЧАлардын, ЖМКлардын өкүлдөрү үчүн программаларды ишке ашыруу артыкчылыктуу багыттар катары белгиленди.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
АКШнын Мамдепартаментинин майыптыгы бар адамдардын укуктары боюнча атайын кеңешчиси С.Минкара: Кыргызстанда көрүлгөн чаралар – майыптыгы бар адамдардын шайлоо укуктарын камсыздоодо чоң жетишкендик
КР БШКда БШК төрагасы Н. Шайлдабекованын АКШнын Мамлекеттик департаментинин майыптыгы бар адамдардын укуктары боюнча атайын кеңешчиси Сара Минкара менен жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө делегация мүчөлөрү майыптыгы бар адамдар үчүн республикадагы шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн камсыздоо боюнча чаралар менен таанышты.
Бул ишти натыйжалуу жүргүзүү максатында ДМЧАлардын шайлоого катышуусу үчүн шарттарды камсыздоо маселелерин сергек жана даректүү чечүү үчүн БШК менен иштөөгө барыдан мурда майыптыгы бар адамдардын өздөрүнүн коомдук бирикмелерин тартуу чечилди.
КР БШКнын жумушчу тобу иштеп чыккан майыптыгы бар адамдардын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча зарыл чаралардын комплекси шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча Стратегияга кирди, парламент тарабынан жактырылды жана шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамдын бир бөлүгү жана ага ылайык ченемдердин аткарууга милдеттүү комплекси болуп калды. Ал төмөнкүлөрдү камтыйт: участоктордун жеткиликтүүлүгү, ДМЧАларды жана алардын ар бир участок боюнча муктаждыктарын эсепке алуу чараларын, майыптыгы бар адамдардын партиялардын тизмелериндеги квоталары боюнча чараларды, атайын тариздер менен маалымдоо ж.б. чараларын.
БШК төрагасы Кыргызстандагы майыптыгы бар адамдардын шайлоо укуктарын камсыздоону өркүндөтүү процессинде Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын, шайлоо комиссияларынын жана жарандык коомунун күч-аракеттерине колдоо көрсөткөндүгү үчүн USAIDге, IFESке ж.б. эл аралык уюмдарга ыраазычылыгын айтты.
Атайын кеңешчи С.Минкара коомдун бардык мүчөлөрүн, анын ичинде майыптыгы бар адамдардын катыштырмайынча коом күчтүү демократиялуу коом болушу мүмкүн эместигин белгиледи. Демократиялык коомдо ар бир адамдын үнү угулушу абдан маанилүү. Инклюзивдүүлүк, жеткиликтүүлүк, шайлоого жана шайланууга жана өлкөнүн коомдук-саясий турмушуна толук баалуу катышууга мүмкүнчүлүк майыптыгы бар адамдар абдан чоң мааниге ээ болот.
Кыргызстан тараптан көрүлгөн чаралар майыптыгы бар адамдардын шайлоо укуктарын камсыздоо тармагында чоң жетишкендик болуп саналат. Шайлоонун инклюзивдүүлүгү боюнча колдоо көрсөтүүгө жана бирге иштөөгө биз даярбыз.
Майыптыгы бар адамдардын шайлоо укуктары боюнча жумушчу тобунун төрагасынын орун басары, «Эгль» КФ директору Ч. Омурканова шайлоолордо ДМЧАлар шайлоочу жана талапкер катары гана катышпастан, майыптыгы бар адамдар коомдук байкоочу катары дагы бир нече жылдардан бери шайлоолорго байкоо жүргүзүп келатышкандыгы тууралуу маалымат берди. «Эгль» фондунун планында саясий партиялар өз программаларында майыптыгы бар адамдардын көйгөй маселелерин кандай чагылдыраарын изилдөө, майыптыгы бар адамдардын арасында шыктандыруучу жана билим берүүчү курстарды өткөрүү дагы бар.
Жолугушууга төмөнкүлөр катышты:
- Вероника Элькинс, АКШнын КРдеги Элчилигинин маданият жана билим берүү маселелери боюнча кеңешчиси; Ноэль Бауэр, USAIDдин демократия жана мамлекеттик башкаруу маселелери боюнча бөлүмүнүн директору; Мокеева Назгуль, USAIDдин долбоорлорду башкаруу боюнча адиси;
- БШК төрагасынын орун басары Н. Койчукеев, «Эгль» КФ директору Омурканова Ч.А., эксперт Медетов М., БШКнын Жарандык билим берүү борборунун кызматкерлери.
Маалымат үчүн:
Майыптыгы бар адамдардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну өркүндөтүү боюнча көрүлгөн чаралар:
- мыйзамдар менен төмөнкү милдеттүү ченемдер каралган: майыптык түрүн жана талап кылынуучу жардамды көрсөтүү менен майыптыгы бар адамдардын керектөө картасын түзүү жолу менен ар бир участок боюнча майыптыгы бар адамдарды жыл сайын эсепке алуу; талапкерлердин жана саясий партиялардын үгүт материалдарынын жалпы нускасынын санынын бир пайызынан кем эмес сандагысын атайын форматта басып чыгаруу; саясий партиялардын тизмелерине карата майыптыгы бар адамдар боюнча квота сактоо бөлүгүндө талаптар.
- ар бир УШК добуш берүү үчүн атайын кабина, чоңойтуп көрсөтүүчү айнек (лупа), трафарет, Брайль ариби менен басылган добуш берүүчү бюллетендер, добуш берүү нускамалары менен камсыздалууга тийиш. Шайлоочуларга маалымдоо үчүн Брайль ариби менен маалыматтык плакаттар, китепчелер даярдалат.
- пандус менен жабдылган шайлоо участокторунун саны 2021-жылы 85%га (2017-ж. – 25% болгон) чейин көбөйдү. БШКнын бул багыттагы урааны: “Майыптыгы бар адамдардын саясий укуктарын ишке ашырууну жакшыртуу аркылуу майыптыгы бар адамдардын социалдык-экономикалык укуктарын ишке ашырууну жалпы жакшыртуу”. Атап айтканда, мисалы, шайлоо участокторунун 80%ы мектептерде жайгашкан, ошентип, шайлоо алкагында шайлоо участокторунун жеткиликтүүлүгүн камсыздоо аркылуу соцобъектилердин жарандар үчүн жеткиликтүүлүгү жакшыртылды.
- угуусу жана сүйлөөсү бузулган шайлоочуларга маалымдоо үчүн БШКнын CALL-борбору WhatsApp номери боюнча шайлоочулар менен видео байланышты ишке киргизди, угуусу жана сүйлөөсү бузулган шайлоочулар ал аркылуу жаңдоо тили менен суроолоруна жооп алышат. БШКнын CALL-борборуна майыптыгы бар адамдар туруктуу негизде тартылат.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР Борбордук шайлоо комиссиясында Швеция Парламентинин мүчөлөрү менен жолугушуу болуп өттү
2022-жылы 12-апрелде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында БШК төрагасы Н. Шайлдабекованын Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЕККУ ПА) төрагасы, Швециянын Парламентинин мүчөсү Маргаретой Седерфельдт башында турган Швециядан келген делегация менен жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушууга БШК мүчөлөрү И.Гайпкулов, М.Наспеков, БШКнын Жарандык билим берүү борборунун (ЖББ) кызматкерлери катышты.
Швециядан келген делегациянын курамына төмөнкүлөр кирген: Швециянын Парламентинин мүчөлөрү жана Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын (БУУ ӨП) өкүлдөрү: Брунегорд Гудрун, Тышкы иштер боюнча комитеттин, Христиан-демократиялык партиянын мүчөсү; Эриксон Янин Альм, Швециянын эл аралык кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча мурдагы мамкатчысы, Тышкы иштер боюнча комитеттин, Жашылдар партиясынын мүчөсү; Посио Ясмин, Тышкы иштер боюнча комитеттин мүчөсү; Оберг Кэролайн, БУУ ӨПтүн Швециядагы Өкүлчүлүгүнүн жетекчиси; Ларсен Хенрик Фредборг, БУУ ӨПтүн Түндүк Европа өлкөлөрү менен байланыштар боюнча кеңсесинин жетекчиси; Аскельджунг Альберт, БУУ ӨПтүн Швециядагы Өкүлчүлүгүнүн саясат маселелери боюнча адиси; Чемберлен Луиз, БУУ ӨПтүн Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү; Риджал Моника, БУУ ӨПтүн Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлүнүн орун басары; Уразбаева Эркина, БУУ ӨПтүн Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн Программалыке менеджери.
Жолугушуунун жүрүшүндө Маргарета Седерфельдт Кыргызстандагы шайлоого жана демократиялык процесстерге абдан кызыккандыгын билдирди. Республикадагы бардык деңгээлдердеги шайлоолорго ЕККУ ПА байкоочулары дайыма катышып келатат. Кыргызстан региондогу шайлоо тутумунда реформалар жүргүзүлгөн биринчи өлкөлөрдүн бири болуп саналат. Маргарета Седерфельдт шайлоо мыйзамдарындагы кыска мөөнөттө киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алганда БШК парламенттик шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча комплекстүү иштерди жүргүзгөндүгүн баса белгиледи.
Борбордо жана аймактарда шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн жана шайлоо процессинин катышуучуларын жаңы мыйзамдар боюнча окутуп, үйрөтүүдөгү БШК жүргүзгөн иштер маанилүү натыйжалардын бири болуп калды, бул шайлоо процесси үчүн маанилүү болуп саналат.
КР БШК төрагасы Н. Шайлдабекова Кыргызстандагы шайлоо укугун жана процессин өнүктүрүү жана реформалоо маселелерине көңүл бургандыгы үчүн делегация башчысына жана мүчөлөрүнө ыраазычылыгын айтты. Бир нече жылдардын тогошунда Кыргыз Республикасынын шайлоо тутумун реформалоодо жана демократиялаштырууда БУУ ӨП менен ЕККУнун көмөктөшүүсүн биз өлкөнү өнүктүрүүдөгү демократиялык багытты маанилүү колдоо катары кабыл алабыз жана баалайбыз.
Көз карандысыз Кыргызстандын тарыхында өлкөдөгү саясий кризистерге көбүнчө себеп болуу менен шайлоо ар дайым өзгөчө роль аткарып келген. Ошондуктан шайлоо тутумун реформалоо мамлекеттеги стратегиялык документтер менен өлкөнү туруктуу өнүктүрүү үчүн керектүү жана чечүүчү процесс катары аныкталган.
Реформа жүргүзүүдө бир катар эл аралык уюмдар тарабынан чоң жардам көрсөтүлдү. “Шайлоо тутумун реформалоо аркылуу демократияны өнүктүрүү” долбоору БУУ ӨП тараптан бир нече этап менен ишке ашырылды. БУУ ӨП тараптан колдоо жана Япония, Германия, Швейцария, Корея сыяктуу өлкөлөрдүн жардамы анык жана ачык-айкын демократиялык шайлоо өткөрүү боюнча Кыргызстан жасап жаткан күч-аракеттер үчүн маанилүү салым болгонун БШК белгиледи. Ушул өз ара аракеттешүүнүн аркасы менен реформанын бир катар багыттары боюнча комплекстүү чараларды ишке ашырып, алдыга кадам жасоого жетиштик.
Швециянын Парламентинин мүчөлөрүнө Кыргыз Республикасында шайлоо технологияларын киргизүү жолу менен шайлоо тутумун өркүндөтүү алкагында киргизилген жаңылыктар тууралуу, майыптыгы бар адамдардын, жаштардын шайлоо укуктарын камсыздоо, ошондой эле аялдардын саясатка катышуусун кеңейтүү боюнча маалымат берилди. Жергиликтүү деңгээлде 30% гендер квотасын киргизүүнүн жана практикалык күч-аракеттердин натыйжасында аялдардын өкүлчүлүктүү органдардагы өкүлчүлүгү жергиликтүү деңгээлде 9%дан 38%га чейин көбөйдү. Жогорку Кеңештин деңгээлинде бул көрсөткүч 16%дан 21%га чейин көбөйдү. Реформанын натыйжалары туруктуу болуш үчүн маалыматтык-түшүндүрүүнү улантуу мааниге ээ.
2021-жылы бардык деңгээлде шайлоо өткөрүлдү, 2022-2023-жылдары айрым жергиликтүү шайлоо өткөрүлөт, ошентип, учурдагы шайлоо циклы аяктайт. 2025-2027-жылдардагы кийинки жаңы шайлоо циклына чейинки шайлоолордун ортосундагы мезгилде КР БШК шайлоочуларга жарандык билим берүү жана агартуу чөйрөсүнө артыкчылык берип, иш жүргүзөт.
Шайлоо тутумуна ишеним деңгээлин арттыруу жана шайлоочулардын шайлоого катышуусун көбөйтүү артыкчылыктуу милдет болуп саналары белгиленди, бул өлкөдөгү ак ниет башкарууга жана туруктуу өнүктүрүүгө таасир этүүчү коомдогу маанилүү коомдук-саясий процесс катары жарандардын шайлоо жөнүндө кабардар болуусун жана аны түшүнүүсүн жакшыртуу боюнча чаралар менен ишке ашырылышы мүмкүн.
Мында шайлоочулардын добуш берүүгө келүүсү жогору өлкө катары Швециянын тажрыйбасы биз үчүн кызыктуу, атап айтканда, китепканалардын базасында жарандык жана санариптик билим берүү тажрыйбасы биз Кыргызстанда колдонулушу мүмкүн болгон үлгү болуп саналат.
Делегация башчысы Маргарета Седерфельдт БШКнын БУУ ӨП менен өз ара натыйжалуу аракеттешүүсүн жактырды, жарандардын шайлоо процессине ишеним деңгээлин арттыруу алкагында масштабдуу иш жүргүзүү зарылдыгын белгилеп, мындан ары дагы кызматташуу ниетин билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө Швециянын Парламентинин мүчөлөрү жана БУУ ӨПтүн өкүлдөрү колдонулуп жаткан технологияларга, шайлоо фонддорун каржылоого, добуш берүүнүн жашырындуулугуна жана добуштарды саноо жол-жоболоруна, ошондой эле жарандардын саясий жана укук маданиятын арттырууга байланыштуу суроолорду беришти.
Жолугушуунун соңунда делегация мүчөлөрү БШКнын ЖББ туруктуу негизде өткөрүп келаткан “Жаш жарандын мектеби” иш-чарасынын алкагында Бишкек шаарындагы №4 мектептин окуучулары менен жолугушту. Маргарета Седерфельдт келечектеги жаш шайлоочуларга жигердүү жана пассивдүү шайлоо укугун толук деңгээлде пайдаланууну, жигердүү жаран болууну, ийгилик жана жашоодо бакыт каалады.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
ЫЧКТ билдирет: 2022-жылы 10-апрелде КР БШКнын ЫЧКТсына шайлоо мыйзамдарын бузуулар жөнүндө 4 маалымат түштү
ЫЧКТ билдирет: 2022-жылы 10-апрелде – жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо күнү КР БШКнын Ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобуна (ЫЧКТ) шайлоо мыйзамдарын бузуулар жөнүндө 4 маалымат түштү.
Алардын ичинде:
- шайлоочулардын добуштарын ыктымал сатып алуу боюнча – 3;
- администрациялык ресурсту ыктымал кыянат пайдалануу боюнча – 1.
1. Учурда шайлоочулардын добуштарын ыктымал сатып алуунун 2 фактысы боюнча текшерүү жүргүзүлүүдө:
- Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын Жаштык көчөсүндө шагыл түшүрүү фактысы боюнча Жайыл районунун ИИБ тергөө кызматы тарабынан текшерүү жүргүзүлүүдө.
- Ош облусунун Араван районунун Юсупов айылында шайлоочулардын добуштарын ыктымал сатып алуу жөнүндө Д.Бнын Фейсбук соцбетинде жарыяланган маалыматы боюнча Ош облусунун Араван районунун ИИБ тарабынан тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүлүүдө.
2. «Ата Журт» саясий партиясынан депутаттыкка талапкер тарабынан шайлоочулардын добуштарын ыктымал сатып алуу фактысы боюнча Токтогул районунун ИИБ тергөө кызматы тарабынан жазык ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтом чыгарылды.
- «Күчтүү Коом» саясий партиясынан депутаттыкка талапкер А. Алымкуловго карата «Ишеним», «Альянс», «Социал-демократтар» саясий партияларынын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн арызы боюнча Жайыл районунун ИИБ тергөө кызматы тарабынан жазык ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтом чыгарылды.
Жайыл жана Токтогул райондорунун прокуратура органадары көрсөтүлгөн фактылар боюнча тергөөчүлөрдүн чечимдеринин мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү жөнүндө корутунду чыгарылды.
2022-жылы 10-апрелде БШКнын жанаАШКлардын Ыкчам чара көрүүнүн координациялык топтору тарабынан шайлоо мыйзамдарын бузууларга үзгүлтүксүз жана өз убагында байкоо жүргүзүлдү жана көрүлгөн чаралар тууралуу коомчулукка токтоосуз маалымат берилип турду.
Шайлоо процессинин катышуучуларынан түшкөн даттануулар жана арыздар укук коргоо органдары тарабынан КР БШКнын ЫЧКТы менен өз ара аракеттешип, ыкчам каралды.
Кененирээк билүү >>
Жергиликтүү кеңештерди шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарын кол менен саноо аяктады
2022-жылы 10-апрелде өткөн 3 шаардык жана 13 айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоо участокторунда добуш берүүнүн жыйынтыктарын кол менен саноо аяктады.
УШКлардын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдору ж.б. шайлоо документтери участкалык комиссиялар тарабынан аймактык шайлоо комиссияларына жеткирилип, акт боюнча өткөрүлүп берилди.
Шайлоочуларды идентификациялоо тууралуу отчеттордун, АЭУдан алынган жыйынтыктар тууралуу отчеттордун, добуш берүүнүн жыйынтыктарын кол менен саноо тууралуу протоколдордун сканерленген көчүрмөлөрү БШКнын сайтында “Маалыматтык шайлоо тутумунда” (https://newess.shailoo.gov.kg) жарыяланды.
Добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу УШКлардын чечимдерин даттануунун мөөнөтү – 3 күн, даттануулар аймактык шайлоо комиссияларына берилет.
Аймактык шайлоо комиссиялары (АШК) УШКлардан түшкөн протоколдордун негизинде жалпысынан кеңештин аймагында добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарып, кеңеш боюнча депутаттарды шайлоонун натыйжаларын аныктайт.
Чечим кабыл алууда шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө бузуулар жөнүндө түшкөн даттанууларды (арыздарды) милдеттүү түрдө карайт жана мыйзамга ылайык чечимдер кабыл алат.
АШКлардын чечимдери 3 күн ичинде БШКга даттанылат.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесине ылайык, ар бир жергиликтүү кеңеш боюнча депутаттарды шайлоонун натыйжалары АШКлар тарабынан добуш берүү күнүнөн 20 календардык күндөн кечиктирбестен аныкталат (2022-жылдын 30-апрелине чейин).
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу 2022-жылы 10-апрелде саат 21.00гө карата АЭУлардан алынган алдын ала маалыматтар
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылы 10-апрелде өткөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктары тууралуу 2022-жылы 10-апрелде саат 21.00гө 100% участок боюнча АЭУдан түшкөн маалыматтардын негизинде маалымат берет.
16 жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын тизмесине бардыгы 157 958 шайлоочу киргизилген, добуш берүүгө 52 363 шайлоочу катышты, бул 33,15%ды түзөт.
3 шаардык кеңештин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын тизмесине бардыгы 68 848 шайлоочу киргизилген, добуш берүүгө 23 274 шайлоочу катышты, бул 33.80%ды түзөт.
13 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын тизмесине бардыгы 89 110 шайлоочу киргизилген, добуш берүүгө 29 089 шайлоочу катышты, бул 32.64%ды түзөт.
АЭУдан түшкөн маалыматтар (100%) боюнча 3 шаарда саясий партиялар алган добуштардын саны:
Кара-Балта шаардык кеңеши
АЭУ
Саны
%
Шайлоочулардын саны
30 968
Добуш бергендердин саны
10 926
(35.28%)
Жарактуу бюллетендер
10828
99.10%
Жараксыз бюллетендер
98
0.90%
Партиялар алган добуштардын саны:
«Ыйман-Нуру»
1 558
14.26%
«Күчтүү коом-Сильное общество»
2 156
19.73%
«Ишеним»
2 585
23.66%
«Эл Аман»
993
9.09%
«Социал-демократтар»
1 847
16.90%
«Альянс»
1 529
13.99%
БААРЫНА КАРШЫ
160
1.46%
Таш-Көмүр шаардык кеңеши
АЭУ
Саны
%
Шайлоочулардын саны
24 889
Добуш бергендердин саны
7 703
(30.95%)
Жарактуу бюллетендер
7660
99.44%
Жараксыз бюллетендер
43
0.56%
Партиялар алган добуштардын саны:
«Жаштар»
3493
45.35%
«Ынтымак»
1126
14.62%
«Ата-Журт Кыргызстан»
2 966
38.50%
БААРЫНА КАРШЫ
75
0.97%
Токтогул шаардык кеңеши
АЭУ
Саны
%
Шайлоочулардын саны
12 991
Добуш бергендердин саны
4 645
(35.76%)
Жарактуу бюллетендер
4616
99.38%
Жараксыз бюллетендер
29
0.62%
Партиялар алган добуштардын саны:
«Тынчтык»
731
15.74%
«Мекен ынтымагы»
590
12.70%
«Ата-Журт Кыргызстан»
858
18.47%
«Эл Үмүтү»
539
11.60%
«Ынтымак»
699
15.05%
«Бирге-Вместе»
624
13.43%
«Ишеним»
548
11.80%
БААРЫНА КАРШЫ
27
0.58%
3 шаардык кеңешке жалпысынан 93 депутат шайланыш керек, 13 партиядан 827 талапкер катталган.
13 айылдык кеңештеги депутаттык мандаттардын жалпы саны 243тү түзөт, анын ичинде округдарда аялдар үчүн 96 мандат резервде калтырылган, 491 талапкер анын ичинде 160ы аял талапкер.
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын ар бир кеңеш, округ жана участок боюнча шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу алдын ала маалыматтар БШКнын сайтында (Маалыматтык шайлоо тутумунда - МШТ) жарыяланды жана : https://newess.shailoo.gov.kg/ru/election/11117/ballot-count?type=VC_CONSTITUENCY&id=2683 шилтемеси боюнча көрсө болот ( “кеңеш” дегенди тандоо керек).
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
ЫЧКТ билдирет: 2022-жылы 10-апрелде саат 18:00гө карата КР БШКнын ЫЧКТсына шайлоо мыйзамдарын бузуулар жөнүндө 4 маалымат түштү
ЫЧКТ билдирет: 2022-жылы 10-апрелде саат 18:00гө карата КР БШКнын Ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобуна (ЫЧКТ) шайлоо мыйзамдарын бузуулар жөнүндө 4 маалымат түштү.
Алардын ичинде:
- шайлоочулардын добуштарын ыктымал сатып алуу боюнча – 3;
- администрациялык ресурсту ыктымал кыянат пайдалануу боюнча – 1.
1. Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын Жаштык көчөсүндө шагыл түшүрүү жөнүндө маалымат боюнча Жайыл районунун ИИБ тергөө кызматы тарабынан текшерүү жүргүзүлө баштады.
2. «Ата Журт» саясий партиясынан депутаттыкка талапкер тарабынан шайлоочулардын добуштарын ыктымал сатып алуу менен шайлоо мыйзамдарын бузуу жөнүндө Мамытова Айгеримдин Фейсбук соцбетинде жарыяланган маалыматы боюнча Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун ИИБ тергөө кызматы тарабынан тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн натыйжасында Токтогул районунун ИИБ тергөө кызматы тарабынан жазык ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтом чыгарылды. Райондун прокуратурасы тергөөчүнүн чечиминин мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү жөнүндө корутунду берди.
3. Ош облусунун Араван районунун Юсупов айылында шайлоочулардын добуштарын ыктымал сатып алуу жөнүндө Дима Большойдун Фейсбук соцбетинде жарыяланган маалыматы боюнча Ош облусунун Араван районунун ИИБ тарабынан тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүлүүдө.
4. Администрациялык ресурсту ыктымал кыянат пайдалангандыгы үчүн «Күчтүү Коом» саясий партиясынан шаардык кеңештин депутаттыгына талапкер, Кара-Балта Мэриясынын муниципалдык кызматчысы болуп саналган А. Алымкуловго карата чара көрүү жөнүндө «Ишеним», «Альянс», «Социал-демократтар» саясий партияларынын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн арызы боюнча Жайыл районунун ИИБ тергөө кызматы тарабынан тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн натыйжасында Жайыл районунун ИИБ тергөө кызматы тарабынан жазык ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтом чыгарылды. Райондун прокуратурасы тергөөчүнүн чечиминин мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү жөнүндө корутунду берди.
БШКнын жана АШКлардын Ыкчам чара көрүүнүн координациялык топтору тарабынан 3 шаарда жана 13 айылда шайлоо мыйзамдарын бузууларга тынымсыз байкоо жүргүзүүдө жана шайлоо мыйзамдарын бузууларга каршы аракеттенүү боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу коомчулукка токтоосуз маалымат берүүдө.
Шайлоо участокторунда укук коргоо органдары тарабынан укук тартиби жана коопсуздук камсыздалууда, КР БШКнын ЫЧКТы менен шайлоо процессинин катышуучуларынын түшкөн даттануу, арыздары өз ара аракеттешүү менен ыкчам каралууда.
Кененирээк билүү >>
10-апрель – жергиликтүү кеңештерди шайлоо күнү: 13 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоодо саат 20:00гө шайлоочулардын добуш берүүгө келүүсү
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын 13 айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо саат 18.00гө шайлоочулардын добуш берүүсүнүн жүрүшү тууралуу маалымат берет:
Регион
Шайлоочулардын
саны
Киргизүү убактысы
10:00
12:00
14.00
16:00
18:00
20:00
Бардык
шайлоолор
157958
7160
4.53%
19866
12.58%
29557
18.71%
37248
23.58%
44040
27.88%
52 363
33.15%
Айылдык
кеңешке
шайлоо
89110
3841
4.31%
10814
12.14%
16362
18.36%
20855
23.40%
24658
27.67%
29 089
32.64%
Кара-Жыгач
а/к
4496
184
4.09%
694
15.44%
1114
24.78%
1350
30.03%
1500
33.36%
1701
37.83%
Көк-Арт
а-к
7309
477
6.53%
1434
19.62%
2131
29.16%
2610
35.71%
2915
39.88%
3385
46.31%
Тоголок-Молдо
а/к
2248
109
4.85%
337
14.99%
467
20.77%
538
23.93%
624
27.76%
739
32.87%
Казыбек
а/к
3323
199
5.99%
466
14.02%
720
21.67%
980
29.49%
1283
38.61%
1494
44.96%
С. Юсупов
а/к
16544
889
5.37%
2126
12.85%
3038
18.36%
3893
23.53%
4658
28.16%
5450
32.94%
Ак-Таш
а/к
5851
304
5.20%
857
14.65%
1398
23.89%
1860
31.79%
2271
38.81%
2657
45.41%
Төлөйкөн
а/к
16820
897
5.33%
2342
13.92%
3487
20.73%
4415
26.25%
5149
30.61%
6093
36.22%
Жаңы-Алыш
а/к
1834
47
2.56%
243
13.25%
360
19.63%
454
24.75%
538
29.33%
630
34.35%
Кара-Булак
а/к
2175
84
3.86%
217
9.98%
354
16.28%
456
20.97%
575
26.44%
740
34.02%
Көк-Ойрок
а/к
3176
178
5.60%
606
19.08%
874
27.52%
1107
34.86%
1310
41.25%
1531
48.21%
Александровка
а/к/
11365
87
0.77%
299
2.63%
532
4.68%
755
6.64%
958
8.43%
1287
11.32%
Сокулук
а/к
10954
279
2.55%
800
7.30%
1309
11.95%
1677
15.31%
2038
18.61%
2431
22.19%
Каджи-Сай
а/к
3015
107
3.55%
393
13.03%
578
19.17%
760
25.21%
839
27.83%
951
31.54%
16 жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жүрүшү менен мында таанышууга болот
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
22.10.2026
КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты
21.10.2026
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөттөн мурда жүргүзүүгө жол берилбестигин дагы бир жолу эскертет
19.10.2026
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү
19.10.2026
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди
19.10.2026
Байкоочунун шайлоодогу укуктары жана милдеттери
16.10.2026
КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү