Башкы Жаңылыктар КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым …

КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди

29-Апр, 2022

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 29-апрелинде өткөн жыйналышында Жалал-Абад, Сузак, Токтогул, Тогуз-Торо, Чаткал, Токмок, Сокулук, Москва, Панфилов, Жети-Өгүз, Кара-Кулжа, Өзгөн жана Кочкор аймактык шайлоо комиссияларынын кээ бир депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.

Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Шериева Зарниса Бегалиевнанын (№12, «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Айдарова Назгүл Кубанычбековнага (№24, «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясы) өткөрүп берилди.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кыз-Көл айылдык кеңешинин депутаты Абдыкалыков Амирбек Касымбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Калимбетов Жеңиш Туратбековичке өткөрүп берилди.

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Суеркулов айылдык кеңешинин депутаты Табалдиев Айдарбек Мундузбаевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Чыйрымбаев Илдар Матказиевичке өткөрүп берилди.

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Бел-Алды айылдык кеңешинин депутаты Мыктарбек уулу Саматтын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Тилеген уулу Жаныбекке өткөрүп берилди.

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Атай айылдык кеңешинин депутаты Жолдошбек уулу Эрмектин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Турапбаев Мирбек Абакировичке өткөрүп берилди.

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Сумсар айылдык кеңешинин депутаты Абдыкадырова Зарина Мурабдиллаевнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Юнусов Талантбек Рахманбердиевичке өткөрүп берилди.

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Сумсар айылдык кеңешинин депутаты Аскаров Баялы Камбаралыевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Мараимбеков Өткүрбек Джумабековичке өткөрүп берилди.

Чүй облусунун Токмок шаардык кеңешинин депутаты Маров Ильяз Даусовичтин (№1, «Патриот Ынтымагы» фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Дууланов Руслан Джолдошбековичке (№10, «Патриот Ынтымагы» саясий партиясы) өткөрүп берилди.

Чүй облусунун Сокулук районунун Камышановка айылдык кеңешинин депутаты Лаврентьева Лидия Лаврентьевнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Шабикова Чынара Базаржановнага өткөрүп берилди.

Чүй облусунун Сокулук районунун Төш-Булак айылдык кеңешинин депутаты Джолдошев Марс Олжобаевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Жандарбеков Субан Муратбековичке өткөрүп берилди.

Чүй облусунун Сокулук районунун Төмөнкү-Чүй айылдык кеңешинин депутаты Каландаров Маматемин Өлмасовичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Галбаева Нургүл Токтобаевнага өткөрүп берилди.

Чүй облусунун Москва районунун Первомай айылдык кеңешинин депутаты Алишеров Рамиль Рысбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Качкимбаев Манасбек Санкуловичке өткөрүп берилди.

Чүй облусунун Панфилов районунун Күрпүлдөк айылдык кеңешинин депутаты Орозалиев Бакыт Турарбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Калкабаев Русланбек Калыбековичке өткөрүп берилди.

Чүй облусунун Панфилов районунун Чалдыбар айылдык кеңешинин депутаты Копбаев Азиз Иембергеновичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду.

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Жаргылчак айылдык кеңешинин депутаты Канаев Эдил Абдысадыковичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Абдылдаев Капарбек Кыяновичке өткөрүп берилди.

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Ырдык айылдык кеңешинин депутаты Разиев  Кубан Рустамовичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Юсупов Ринат Харсановичке өткөрүп берилди.

Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Кочкор айылдык кеңешинин депутаты Шарипбекова Жибек Максатбековнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Ибраимов Таалайбек Мамажановичке өткөрүп берилди.

Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Капчыгай айылдык кеңешинин депутаты Базиев Иличбек Сүйүнбаевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Талантбек уулу Авазбекке өткөрүп берилди.

Ош облусунун Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты Джалилов Азаматжандын (№2, «Нур» фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Умаралиев Санжарбек Маматмусаевичке (№4, «Нур» саясий партиясы) өткөрүп берилди.

Ош шаардык кеңешинин депутаты Турсунбаева Бахтияр Нематжановнанын (№ 9,  «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Мирзаева Раида Асилбековнага (№37, «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясы) өткөрүп берилди.

Ош шаардык кеңешинин депутаты Караева Айгүл Адилбековнанын (№15,  «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Шатманова Эльмира Бакировнага (№43, «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясы) өткөрүп берилди.

Ош шаардык кеңешинин депутаты Акматова Уларкан Жидебаевнанын (№18,  «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду.                                                                                                                                                                       Нарын облусунун Кочкор районунун Чолпон айылдык кеңешинин депутаты Сатыбалдиева Асель Качкынбековнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Касымов Алмаз Исабековичке өткөрүп берилди.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү
16-Окт, 2026

КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-октябрындагы жыйынында 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо маселесин карады.Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун сунушун эске алып, КР БШКсы жалпысынан 81 ЖМКны аккредитациялады.Алардын ичинде:-        басылмалар – 19;-        телерадиоуюмдар – 22; -        радиолор – 13;-        интернет-басылмалар – 27. КР БШКнын расмий сайтындагы “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” бөлүмүндө ЖМКнын эфир убактысын, басылма аянтын жана интернет-басылмаларда жарыялоо укугун бергендиги үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары боюнча маалыматтар жайгаштырылат.Аккредитациядан өткөн ЖМК жана интернет-басылмалар талапкерлердин үгүт иштерин өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында так жана калыс жүргүзүүгө милдеттүү.Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлдү.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
16-Окт, 2026

КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Касенов Аймен Абдыталиповичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө токтом кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А. А. Касеновдун шайлоого катышуу менен байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Мазыкин Виталий Валерьевич катталды.Белгилей кетсек, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
16-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрда өз жыйынында Токтогул, Түп, Сүлүктү, Нарын, Ак-Талаа жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.- Токтогул районунун Э. Иманалиев айылдык кеңешинин депутаты Бекишов Абдыбек Дүйшебековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тейтиев Улан Керимбаевичке өткөрүлүп берилди;   - Түп районунун Карасаев айылдык кеңешинин депутаты Кожомкулова Зыягүл Үсөнбековнанын ыйгарым укуктары Карасаев айылдык кеңешинин 2026-жылдын 9-октябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Шаршеев Руслан Исаевичке өткөрүлүп берилди;   - Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Исаков Бекзат Каюмовичтин (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары Сүлүктү шаардык кеңешинин 2026-жылдын 28-сентябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Дүйшөбай уулу Абдумуталипке (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди;   - Нарын районунун Чет-Нура айылдык кеңешинин депутаты Оролов Бек Магдыбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тилекмат уулу Байжигитке өткөрүлүп берилди;- Ак-Талаа районунун Ала-Буга айылдык кеңешинин депутаты Самибаева Гульбарчын Баатырбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдраим уулу Канатбекке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат
16-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат

Бүгүн, 16-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Коомдук байкоо борборунун ишмердигин уюштуруу тартибин бекитти.Борбордун негизги максаты - Кыргыз Республикасында өтүүчү шайлоолордо жана референдумдарда добуш берүү күнү шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү реалдуу режимде көрүү үчүн шарттарды түзүү.Борбор шайлоо процессинин ачыктыгын камсыз кылуу жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо максатында Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүү күнү уюштурулат.Белгиленген талаптарды сактоо менен Борборго жарандар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, эл аралык жана башка байкоочулар, ошондой эле башка кызыкдар адамдар эркин кире алышат.Борбордун иш тартибинде келүүчүлөрдү каттоо, убактылуу бейдждерди берүү жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү эрежелери каралган.Борборго келгендерге үгүт жүргүзүүгө, жабдуулардын ишине кийлигишүүгө жана коомдук тартипти бузууга тыюу салынат. Ошондой эле видеокөрсөтүүлөрдү үгүт максатында пайдаланууга жана шайлоочунун эркин билдирүүсүнүн мазмунун аныктоого багытталган аракеттерге жол берилбейт.
Кененирээк билүү >>