Башкы Жаңылыктар БШК Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу …

БШК Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитти

19-Апр, 2022

БШК Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитти.

2022-жылы 10-апрелде Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

Токтогул шаарында шайлоочулардын жалпы саны 12 991 адамды түзөт, анын ичинде шайлоого добуш берүүгө 4 645 шайлоочу катышты, бул 35,76%ды түзөт.

Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн Токтогул шаарынын аймагында 5 шайлоо участогу жана 1 бирдиктүү шайлоо округу уюшулган.

2022-жылы 10-мартта Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын чечими менен 7 саясий партия катталган, талапкерлердин тизмесинде – 361 талапкер, анын ичинде – 150 аял.

2022-жылы 15-апрелде Токтогул аймактык шайлоо комиссиясы Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжаларын аныктады.

Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу протоколдун негизинде катталган 7 партиядан 7 партия 7%дык босогодон өттү:

1. «Ата-Журт Кыргызстан» - 858 добуш (18,47%);

2. «Тынчтык» - 734 добуш (15,80%);

3. «Ынтымак» - 699 добуш (15,05%);

4. «Бирге-Вместе» - 624 добуш (13,43%);

5. «Менек-Ынтымагы» - 590 добуш (12,70%);

6. «Ишеним» - 548 добуш (11,80%);

7. «Эл Үмүтү» - 539 добуш (11,60%).

Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары боюнча саясий партиялардын ортосунда мандаттар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:

1. «Ата-Журт Кыргызстан» - 6 мандат:

- Тургунбаев Эркин Эсенбаевич;

- Борбугулов Мирбек Табылдиевич;

- Оркулова Назира Абдалиевна;

- Кылданов Максат Сапарович;

- Нургазы уулу Кыязбек;

- Кудайназарова Анарбүү Жумагуловна.

2. «Тынчтык» - 5 мандат:

- Дөөлөтбеков Максатбек Кошукеевич;

- Тойчубеков Урмат Кадырбекович;

- Иманбекова Динара Майлыбековна;

- Калмурзаев Нурсултан Маратович;

- Токтосунов Рысбек Райымбекович.

3. «Ынтымак» - 5 мандат:

- Белеков Барман Самидинович;

- Сарпашов Манас Мурсажанович;

- Джаныбаева Айнура Омушевна;

- Аблесов Мирлан Аблесович;

- Мураталиев Эмил Кадырбекович.

4. «Бирге-Вместе» - 4 мандат:

- Өмүржан уулу Мирбек;

- Курбанов Мухиддин Кабылахунович;

- Куттубаева Клара Токтосуновна;

- Үмөталиев Темурлан Мурсатбекович.

5. «Мекен-Ынтымагы» - 4 мандат:

- Тулекеева Асылбу Таштемировна;

- Тян Светлана Инокентьевна;

- Койчиев Мырзакерим Кайкыевич;

- Раханова Лариса Сабырбековна.

6. - «Ишеним» - 4 мандат:

- Касымов Алмаз Рахматиллаевич;

- Караева Динара Текишовна;

- Бакиева Дамира Токтосуновна;

- Тотобаев Марс Анарбекович.

7. «Эл Үмүтү» - 3 мандат:

- Дүйшөналиев Болотбек Согушбекович;

- Чынтемиров Бакыт Чынтемирович;

- Осмонкулова Гүлзада Абдылдаевна.

«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 27-пунктуна ылайык КР БШК жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет жана аларды жалпыга маалымдоо каражаттарына расмий түрдө жарыялоону жүзөгө ашырат.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>