Башкы Жаңылыктар 3 айылдык кеңештин биринчи сессиясы болуп өттү

3 айылдык кеңештин биринчи сессиясы болуп өттү

28-Апр, 2022

2022-жылдын 27, 28-апрелинде Чүй облусунун Кемин районунун Жаңы-Алыш жана Москва районунун Александровка, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айылдык кеңештеринин жаңы шайланган депутаттарынын биринчи сессиясы болуп өттү.

Кемин, Москва жана Тоң аймактык шайлоо комиссияларынын (АШК) төрагалары 3 айылдык кеңештин шайланган депутаттарына белгиленген үлгүдөгү ырастамаларды жана төш белгилерди тапшырды.

Депутаттарга ырастамаларды жана төш белгилерди тапшырууда КР БШК мүчөлөрү Бекматов А.Г., Дубанбаева А.С., Москва райондук мамлекеттик администрациясынын уюштуруу иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу секторунун башчысы Орозбаева М. М., Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Толонов У.Т., ошондой эле КР БШКнын Кемин АШКдагы атайын өкүлү Вахрушева Т.Н., КР БШКнын Кемин АШКдагы атайын өкүлү Кыдыралиев Т.К., КР БШКнын Тоң АШКдагы атайын өкүлү Токтосунов Б.Б. катышты.

Биринчи сессияларда 3 айылдык кеңештин төрагалары депутаттардын арасынан жашыруун добуш берүү жолу менен жергиликтүү кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланды.

Төмөнкү депутаттар төрага болуп шайланды:

1) Чүй облусунун Кемин районунун Жаңы-Алыш айылдык кеңеши – Мырзадаиров Бакыт Жолдошбекович, 11 добуштан 11 добуш алды, кеңештин депутаттарынын тобу көрсөттү.

Маалымат үчүн:

Мырзадаиров Бакыт Жолдошбекович, 1983-жылы 1-февралда туулган,

Улуту – Кыргыз.

Билими – жогорку, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин «электр станциялары» адистиги боюнча.

Эмгек жолу:

2006-2022-жж. азыркы кезге чейин “Түндүк электр” ААКта инженер–метролог.

2) Чүй облусунун Москва районунун Александровка айылдык кеңеши – Давузова Марьям Юнуровна, 21 добуштан 14 добуш алды, кеңештин депутаттарынын тобу көрсөткөн 2 талапкердин ичинен.

Маалымат үчүн:

Давузова Марьям Юнуровна, 1955-жылы 16-ноябрда туулган,

Улуту – дунган.

Билими – жогорку, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетин «тарых жана коом таануу окутуучусу» адистиги боюнча.

Эмгек жолу:

2008-ж. азыркы кезге чейин Александровка Маданият үйүнүн директору;

2003–2022-жж. - «Кыргызстан дунгандар ассоциациясы» КБнын Александровка айылындагы Маданият борборунун төрагасы;

2000–2008-жж. - Александровка Маданият үйүнүн көркөм жетекчиси;

1996-2012-жж. - Александровка айылдык кеңешинин депутаты;

1992–2000-жж. - Александровка айылындагы «Улыбка» бала бакчасынын башчысы;

1989–2006-жж. – «Дружба» колхозунун Маданият үйүнүн методисти;

1980-1989-жж. - Александровка айылдык кеңешинде АЭС (ВУС) боюнча иш кагаздарын жүргүзүүчү;

1979-1980-жж. - Александровкадагы №1 орто мектептин география мугалими;

1977-1979-жж. – улук пионер башчы жана айкаштырып иштөө боюнча – китепканачы;

1975-1977-жж. - китепканачы жана эмгек жетекчиси;

1974–1975-жж. – Александровкадагы №1 орто мектептин пионер башчысы.

3) Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айылдык кеңеши – Акунов Ильич Талдыбекович 11 добуштан 6 добуш алды, кеңештин депутаттарынын тобу тарабынан 2 талапкер көрсөтүлдү.

Кажы-Сай айылдык кеңешинин төрагалыгына 2 талапкер – Ильич Акунов жана Гулмира Каратаева көрсөтүлдү.

Добуш берүүгө Кажы-Сай айылдык кеңешинин бардык 11 депутаты катышты, И. Т. Акунов 6 добуш, Г.К. Каратаева 5 добуш алды.

Маалымат үчүн:

Акунов Ильич Талдыбекович, 1978-жылы 1-ноябрда туулган,

Улуту – кыргыз.

Билими – орто.

Эмгек жолу:

2018-ж. азыркы кезге чейин “Кажы-Сай” СООППВ жетекчиси;

2015–2018-жж. – БӨСМда (ДЮСШ) бокс боюнча инструктор;

2004-2006-жж. – Каджи-Сайдагы кварц фабрикасында жумушчу;

2002-2004-жж. – жеке менчик түрүндөгү коопсуздук кызматынын кызматкери;

1996-1998-жж. – армияда кызмат өтөгөн.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо округдарынын жана участокторунун схемалары менен чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди
09-Сен, 2026

Шайлоо округдарынын жана участокторунун схемалары менен чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-сентябрдагы жыйынында “Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 41 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди.Бекитилген жобого ылайык, бир шайлоо участогундагы шайлоочулардын санынын чеги 3000ден 4000ге чейин көбөйтүлөт. Бул талаптарга жооп берген имараттардын жетишсиздигинен улам жаңы шайлоо участокторун ачуу зарылдыгын азайтып, материалдык-техникалык, каржылык ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга, уюштуруучулук жана эмгек акы чыгымдарын оптималдаштырууга шарт түзөт.Мындан тышкары, калктын санынын өсүшү жана курулуштардын тыгыздыгы эске алынып, шайлоо участокторунун чек араларын аныктоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көбүрөөк мүмкүнчүлүк берилет.
Кененирээк билүү >>
Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди
09-Сен, 2026

Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-сентябрда өз жыйынында “Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү” жөнүндө токтом кабыл алды.Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Камбаров Акынбек Осконович (“Ыйман Нуру” саясий партиясынан) чыгарылып, ордуна резервден Калилов Рустам Нийматович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Кожошев Нураалы Кожошевич жана Төрөбек кызы Айзада (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Бегаалы кызы Кенжегүл жана Токушова Жаннат Бообековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) комиссиянын курамына киргизилди.Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Айтказы уулу Марат (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, ордуна резервден Качкынова Назгуль Сарыгуловна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Джумагазиева Аэлита Байышовна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, ордуна резервден Омуркулова Багдагул Зарлыковна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Медербек кызы Жылдыз (“Ишеним” саясий партиясынан) чыгарылды.Кара-Балта аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Брежнева Олеся Сергеевна жана Раймкулова Назгуль Джолдошбековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Намазбек кызы Рахат жана Садыбакасова Асылгул Талайбековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Синельникова Людмила Викторовна, Джекшенов Бекназар Амантурович, Долетов Самат Шамидинович жана Ишембаев Элзар Талантович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Тенирбергенова Гулзахир Акматбековна, Алмазбеков Азиз Алмазбекович, Сагымбаев Каныбек Асанбекович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
09-Сен, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 9-сентябрда өз жыйынында Ак-Суу, Панфилов, Манас, Талас шаардык, Кара-Суу жана Ноокен аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.Ак-Суу районунун Хан-Теңири айылдык кеңешинин депутаты Алмерекова Гульзат Доктурбаевнанын ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош мандат Султанбаева Эльмира Кеңешовнага өткөрүлүп берилди;Ак-Суу районунун Хан-Теңири айылдык кеңешинин депутаты Шергазиев Саламат Жумадыловичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Жумадылов Нурлан Оморовичке өткөрүлүп берилди;Панфилов районунун Курама айылдык кеңешинин депутаты Джумагулова Назгуль Джаныбаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду.Панфилов районунун Кайыңды шаардык кеңешинин депутаты Адеп кызы Алинанын (“Ынтымак” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду.Манас районунун Семетей айылдык кеңешинин депутаты Суранбаева Нурпери Бакеновнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Джельчиева Зарина Усембековнага өткөрүлүп берилди;Талас шаардык кеңешинин депутаты Атагелдиев Урмат Эсенгелдиевичтин (“Бирге-Вместе” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыкулов Тилек Абдыкуловичке өткөрүлүп берилди;Кара-Суу районунун Ынтымак айылдык кеңешинин депутаты Өмүрбеков Эркин Өмүрбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тургунбаев Кылычбек Суратбековичке өткөрүлүп берилди;Ноокен районунун Момбеков айылдык кеңешинин депутаты Урбаев Зайирбек Кадыровичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Эрмамат кызы Мавлюдага өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди
09-Сен, 2026

КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди

Бүгүн, 9-сентябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди.Жободо топтун милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары такталып, талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорун жана референдум фонддорунун каражаттарын түзүү тартибин контролдоо, ошондой эле финансылык отчеттуулукту текшерүү боюнча ыйгарым укуктары так көрсөтүлгөн.Мындан тышкары, талапкер болууну каалаган жарандардын шайлоо фондун түзүүсүнө, атайын эсеп ачуусуна жана шайлоо төгүмүн төлөөсүнө байланыштуу ченемдер такталган.Өзгөртүүлөр укуктук карама-каршылыктарды жана эки ача түшүнүктөрдү жоюуга, терминологияны бирдей колдонууга багытталган.
Кененирээк билүү >>