Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

МКК Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызматкерлеринин күнүндө БШК аппаратынын бир катар кызматкерлерин төш белги жана  Ардак грамота менен сыйлады
23.06.2022

МКК Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызматкерлеринин күнүндө БШК аппаратынын бир катар кызматкерлерин төш белги жана  Ардак грамота менен сыйлады

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматты өркүндөтүүгө жана реформалоого кошкон олуттуу салымы, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактоо боюнча иште жогорку көрсөткүчтөрго жетишкендиги үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик КР БШК аппаратынын бир катар кызматкерлерин “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын мыкты кызматкери” төш белгиси жана  Ардак грамота менен сыйлады. Мамлекеттик кызматынын мыкты кызматкери төш белгиси менен төмөнкүлөр сыйланды: - Айтикеев Т.О. – шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын  начальниги;  - Мырзакматова Э.Т. – шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттешүү жана методология секторунун башчысы. Мамлекеттик агенттиктин Ардак грамотасы менен төмөнкүлөр сыйланды: - Кожокеева М. Д. – шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы; - Эрназаров А.С. – МКТ башкармалыгынын МШТ бөлүмүнүн башчысы; - Дюшембиева Б.Н. – эл аралык кызматташуу жана шайлоо  процессинин катышуучулары менен өз ара аракеттешүү бөлүмүнүн башчысы; - Абдилатов К.А. – ПТК бөлүмүнүн эксперти. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү 
Кененирээк билүү >>
КР БШК Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызматкерлеринин күнүнүн урматына мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн Ардак грамота менен сыйлады
23.06.2022

КР БШК Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызматкерлеринин күнүнүн урматына мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн Ардак грамота менен сыйлады

Кыргыз Республикасынын шайлоо укугун жана процессин реформалоого жана өркүндөтүүгө кошкон салымы, шайлоолорду жана референдумдарды даярдоого жана өткөрүүгө көмөктөшкөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызматкерлеринин күнүнүн урматына мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн БШКнын Ардак грамотасы менен сыйлады. Сыйланган өкүлдөрдүн тизмеси менен бул шилтемеден таанышса болот. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү 
Кененирээк билүү >>
БШК Чүй жана Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизди
23.06.2022

БШК Чүй жана Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 23-июнундагы жыйналышында Чүй жана Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизди: 1. Чүй облусунун Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - «Нур» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Эсенбекова Нурайым Сатыбековна комиссиянын курамынан чыгарылсын; - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Тумарова Дария Судановна резервден комиссиянын курамына киргизилсин. 2. Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - «Таш-Көмүр жаштары» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Дуйшебаева Бактыгюл Ызабековна комиссиянын курамынан чыгарылсын; - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Темирбекова Даткайым Темирбековна резервден комиссиянын курамына киргизилсин. Токтом Чүй жана Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү Н.С. Эсенбекованын жана Б.Ы. Дуйшебаеванын аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарынан чыгуу жөнүндө арыздарынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1, 19-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык кабыл алынды. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди
23.06.2022

КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 23-июнунда өткөн жыйналышында Кара-Суу, Токтогул, Лейлек жана Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссияларынын кээ бир депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти. Ош облусунун Кара-Суу районунун Сарай айылдык кеңешинин депутаты Акимов Муратбек Абдулсаламовичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Маматов Атамбек Омаровичке өткөрүп берилди. Ош облусунун Кара-Суу районунун Мады айылдык кеңешинин депутаты Бердиев Абдимуталип Мамасабировичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Калматов Бакай Таалайбековичке өткөрүп берилди. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун А. Суеркулов айылдык кеңешинин депутаты Тезекбаев Жолдубай Садырбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Мукушов Шерикбек Кубанычбековичке өткөрүп берилди. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун А. Суеркулов айылдык кеңешинин депутаты Үсөн уулу Кыязбектин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Станбекова Элнура Турусбековнага өткөрүп берилди. Баткен облусунун Лейлек районунун Раззаков шаардык кеңешинин депутаты Тагаев Бактыбек Исманалиевичтин (№1, «Ынтымак» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Саматов Санжарбек Анаркуловичке (№5, «Ынтымак» саясий партиясы)  өткөрүп берилди. Баткен облусунун Лейлек районунун Раззаков шаардык кеңешинин депутаты Муминжанова Сохиба Өкмөтжановнанын (№12, «НДПК» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Ражапова Чаросхон Алишеровнага (№18, «НДПК» саясий партиясы)  өткөрүп берилди. Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айылдык кеңешинин депутаты Кожоналиев Эрнис Эсенгуловичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Бердибек уулу Исламга өткөрүп берилди. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү 
Кененирээк билүү >>
КР БШК Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктайт
23.06.2022

КР БШК Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктайт

Урматтуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматынын кызматкерлери! Урматтуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын кызматкерлери, атайын өкүлдөрү жана системалык администраторлору! Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы силерди Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматынын кызматкерлеринин күнү менен куттуктайт. Мамлекеттик кызматчы болуу – күн сайын, ак ниет жана сапаттуу эмгекти, кесипкөйлүктү, өз убагында жана кылдат чечим кабыл алууну, жарандык жана кесиптик аң-сезимдүүлүктү талап кылган ардактуу жана жооптуу милдет. Кыргыз мамлекеттүүлүгүн, укук менен мыйзамдын үстөмдүгүн бекемдөөгө багытталган силердин күндөлүк күч-аракеттериңер элибиздин бакубат жашоосун өстүрүүгө, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларын урматтоону жана аларга ишенимди арттырууга сөзсүз түрдө көмөктөшөт. Силерге чың ден соолук, үй-бүлөдөгү бакыт-таалай жана Кыргызстандын элине кызмат кылуунун асыл жана жооптуу ишинде кесиптик ийгиликтерди каалайбыз!
Кененирээк билүү >>
2021-жылдын 23-июнунда өтө турган КР БШК отурумунун күн тартибинин долбоору
23.06.2022

2021-жылдын 23-июнунда өтө турган КР БШК отурумунун күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 23-июнь 2022-ж.                                                                   Убактысы: 11:30                                                                   Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу  жана бош калган депутаттык мандаттарды талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Кара-Суу, Токтогул, Лейлек жана Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу. (баяндамачы – М. Кожокеева, шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы). 2. Чүй жана Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө. (баяндамачы – Э. Мырзакматова, шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттешүү жана методология секторунун башчысы). 3. Ар кандай маселелер.
Кененирээк билүү >>
КР БШК жарандардан жана саясий партиялардан аймактык шайлоо комиссияларынын резервине документтерди кабыл алуу жөнүндө жарыялайт
20.06.2022

КР БШК жарандардан жана саясий партиялардан аймактык шайлоо комиссияларынын резервине документтерди кабыл алуу жөнүндө жарыялайт

    Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жарандардан жана саясий партиялардан аймактык шайлоо комиссияларынын резервине документтерди кабыл алуу жөнүндө жарыялайт. “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, аймактык шайлоо комиссиясы беш жылдык мөөнөткө саясый партиялардын өкүлдөрүнүн экиден биринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнүн экиден биринин курамында түзүлөт. Азыркы учурда резервдеринде саясий партиялардын өкүлдөрү болбогондугуна жана 9 аймактык шайлоо комиссиясынын резервинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү болбогондугуна байланыштуу 54 аймактык шайлоо комиссиясынын ичинен 52 аймактык шайлоо комиссиясынын (тизмеси тиркелет) резервин толуктоо зарылчылыгы келип чыкты. Саясый партиялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары (шаардык жана айылдык кеңештер) шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине талапкерлерди көрсөтүүчү субъектилер болуп саналат. “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, төмөнкүлөр шайлоо комиссиясынын мүчөсү боло албай тургандыгын белгилей кетүү керек: - Жогорку Кеңештин депутаты, жергиликтүү кеңештин депутаты; - мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары; - судья, укук коргоо жана фискалдык органдын кызматкери, аскер кызматчысы; - талапкер, талапкердин жана саясый партиянын өкүлү; - башка мамлекеттин жарандыгы бар адам; - мыйзамда белгиленген тартипте, соттуулугу алып салынбаган же жоюлбаган адам; - башка шайлоо комиссиясынын мүчөсү; - терс негиздер боюнча шайлоо комиссиянын мүчөсүнүн милдеттеринен мөөнөтүнөн мурда бошотулган адам. Шайлоо комиссияларынын резервине саясий партиялардан талапкерлерди сунуштоо алардын уставдарына ылайык жүргүзүлөт. Саясый партиялар аймактык шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлердин документтерин Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары – КР БШК) 2022-жылдын 1-августунун саат 18-00үнө чейин тапшыруулары зарыл. Жарандар, коомдук бирикмелер 2022-жылдын 1-августунун саат 18-00үнө чейин тиешелүү жергиликтүү кеңешке (шаардык, айылдык) документтерин тапшыруулары зарыл. Шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди сунуштоо боюнча жергиликтүү кеңештин сессиясы шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди көрсөткөн мөөнөт аяктагандан кийин үч күндөн кечиктирилбестен өткөрүлөт. Сессиянын чечими бардык талапкерлердин документтери менен бирге КР БШКга токтоосуз өткөрүлүр берилет. Аймактык шайлоо комиссияларынын резервине берилүүчү документтердин тизмеги: - аймактык шайлоо комиссиясынын курамында иштөөгө макулдугу жөнүндө арыз жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоо тууралу милдеттенме; - паспорттун көчүрмөсү; - иштеген жери, окуусу, билими көрсөтүлгөн биографиялык маалыматтар (кадрларды каттоо боюнча өздүк баракча же резюме); - байланыш маалыматтар: жашаган жеринин дареги, телефон номурлары (үйдүкү, электрондук почтасы); - көрсөткөн субъектинин протоколу. Көрсөтүүчү субъектилер шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкерлерди көрсөтүү учурунда шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкер, эреже катары, тиешелүү калктуу пункттун аймагында жашоого тийиш экенин эске алуулары зарыл. Аймактык шайлоо комиссияларынын курамыжана резерви тууралуу маалыматтар, КР БШКнын “Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобо менен КР БШКнын www.shailoo.gov.kg сайтынан таанышууга болот. Зарыл документтердин үлгүлөрү: арыз, саясий партиянын протоколу, жарандардын чогулушунун протокол Маалымат алуу үчүн телефон: (0312) 66-01-16 Эскертүү: “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 2-пунктуна ылайык, аймактык шайлоо комиссиясынын курамында ар бир саясый партиядан бирден ашык эмес өкүл болушу мүмкүн б.а. тиешелүү АШКнын курамында турган саясый партиялар (КР БШКнын расмий сайтынан караңыз) ал АШКнын резервине документтерди тапшырбайт.   Тиркеме   Саясий партиялардан резервге   Ош АШК (шаардык)   Баткен облусу 1.Баткен шаардык АШК 2.Баткен АШК 3.Сүлүкта АШК 4.Кызыл-Кыя АШК 5.Кадамжай АШК 6.Лейлек АШК   Жалал-Абад облусу 1.Жалал-Абад АШК 2.Майлуу-Суу АШК 3.Тогуз-Торо АШК 4.Кара-Көл АШК 5.Токтогул АШК 6.Аксы АШК 7.Базар-Коргон АШК 8.Ала-Бука АШК 9.Ноокен АШК 10.Чаткал АШК 11.Сузак АШК 12.Таш-Көмүр АШК   Ысык-Көл облусу 1.Балыкчы АШК 2.Жети-Өгүз АШК 3.Ысык-Көл АШК 4.Каракол АШК 5.Түп АШК 6.Ак-Суу АШК 7.Тоң АШК   Нарын облусу 1.Нарын шаардык АШК 2.Нарын АШК 3.Жумгал АШК 4.Кочкор АШК 5.Ат-Башы АШК 6.Ак-Талаа АШК         Ош облусу 1.Алай АШК 2.Араван АШК 3.Кара-Кулжа АШК 4.Кара-Суу АШК 5.Ноокат АШК 6.Өзгөн АШК 7.Чоң-Алай АШК   Талас облусу 1.Талас шаардык АШК 2.Талас АШК 3.Бакай-Ата АШК 4.Кара-Буура АШК 5.Манас АШК   Чүй облусу 1.Кемин АШК 2.Токмок АШК 3.Чүй АШК 4.Ысык-Ата АШК 5.Аламүдүн АШК 6.Жайыл АШК 7.Москва АШК 8.Панфилов АШК   Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан резервге:   Баткен облусу 1.Кадамжай АШК   Жалал-Абад облусу 1. Майлуу-Суу АШК 2. Ноокен АШК 3. Чаткал АШК 4. Сузак АШК   Нарын облусу 1.Ат-Башы АШК   Талас облусу 1.Талас райондук АШК   Чүй облусу 1.Москва АШК 2.Панфилов АШК            
Кененирээк билүү >>
БШК Ош аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди
17.06.2022

БШК Ош аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 17-июнундагы жыйналышында Ош аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизди: - «Биздин Кыргызстан» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Алматов Бактыбек Камилжанович комиссиянын курамынан чыгарылсын; - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Жунусбаева Апиза резервден комиссиянын курамына киргизилсин. Токтом Ош аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Б. К. Алматовдун Ош аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан чыгуу жөнүндө арызынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1, 19-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык кабыл алынды.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди
17.06.2022

КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 17-июнунда өткөн жыйналышында Аламүдүн, Чүй, Панфилов, Жети-Өгүз, Ноокат, Базар-Коргон, Токтогул, Алай жана Баткен аймактык шайлоо комиссияларынын кээ бир депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти. Чүй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айылдык кеңешинин депутаты Кадырбек уулу Чынгыздын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Джумашов Сталбек Огонбаевичке өткөрүп берилди. Чүй облусунун Чүй районунун Ак-Бешим айылдык кеңешинин депутаты Тологонов Жанболотбек Тологоновичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Алиев Темирлан Руслановичке өткөрүп берилди. Чүй облусунун Панфилов районунун Кайыңды шаардык кеңешинин депутаты Карабаев Тынчтык Кенжебековичтин (№1, «Улуу-Журт» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Сулайманов Марат Болотбековичке (№4, «Улуу-Журт» саясий партиясы) өткөрүп берилди. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Дархан айылдык кеңешинин депутаты Эсенгулов Эрнис Эсенгуловичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Мамбетов Эрнэст Абаевичке өткөрүп берилди. Ош облусунун Ноокат районунун Бел айылдык кеңешинин депутаты Казначиев Калмамат Абдулаевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Абдувалиев Чынгызали Аскаралиевичке өткөрүп берилди. Ош облусунун Алай районунун Корул айылдык кеңешинин депутаты Жаныбаев Сапарбек Тургуналиевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Раева Элизавета Шайлообаевнага өткөрүп берилди. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Базар-Коргон шаардык кеңешинин депутаты Абдуллаев Ахмаджан Закиржановичтин (№11, «Ата-Журт Кыргызстан» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Жуманазаров Элдияр Жамшитовичке (№43, «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясы) өткөрүп берилди. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин депутаты Дженалиев Советбек Нуржановичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Тобокел уулу Амантурга өткөрүп берилди. Баткен облусунун Баткен районунун Дара айылдык кеңешинин депутаты Мисиралиева Урматбүбүнүн ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Бабакулова Жумагүл Жолдошбаевнага өткөрүп берилди.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2021-жылдын 17-июнунда өтө турган КР БШК отурумунун күн тартибинин долбоору
17.06.2022

2021-жылдын 17-июнунда өтө турган КР БШК отурумунун күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы:17-июнь 2022-ж.                                                                   Убактысы: 12.30                                                                   Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу  жана бош калган депутаттык мандаттарды талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу (баяндамачы – М. Кожокеева,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 2. Ош аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (баяндамачы – Э. Мырзакматова, шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттешүү жана методология секторунун башчысы) 3. Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
БШК Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди
08.06.2022

БШК Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 8-июнундагы жыйналышында Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизди: - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Стамов Айбек Кубатович комиссиянын курамынан чыгарылсын; - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Нурланова Жанэт Нурлановна резервден комиссиянын курамына киргизилсин. Токтом Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы А.К. Стамовдун Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан чыгуу жөнүндө арызынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык кабыл алынды.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди
08.06.2022

КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 8-июнунда өткөн жыйналышында Сокулук, Панфилов, Базар-Коргон, Ноокат, Жумгал жана Түп аймактык шайлоо комиссияларынын кээ бир депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти. Чүй облусунун Сокулук районунун Новопавловка айылдык кеңешинин депутаты Абуладзе Иброхим Халиловичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Омуров Орозбек Омуровичке өткөрүп берилди. Чүй облусунун Сокулук районунун Военно-Антоновка айылдык кеңешинин депутаты Мурзакматов Нурболот Сапарбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Туйбаев Руслан Сапарбековичке өткөрүп берилди. Чүй облусунун Аламүдүн районунун Нижнее-Аларча айылдык кеңешинин депутаты Акаев Суеркул Султановичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Сооронкулов Мелисбек Сейдимухамбетовичке өткөрүп берилди. Чүй облусунун Аламүдүн районунун Маевка айылдык кеңешинин депутаты Мунарбек уулу Максаттын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Чүй облусунун Панфилов районунун Фрунзе айылдык кеңешинин депутаты Голенкова Жанна Сатывалдиевнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Рысмандиева Жашыкүл Куанычпековнага өткөрүп берилди. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Базар-Коргон шаардык кеңешинин депутаты Конурбаев Жусупбек Сыдыковичтин (№2, «Өнүгүү-Прогресс» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Мажиев Нурсеит Тойчубековичке (№5, «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы) өткөрүп берилди. Ош облусунун Ноокат районунун Мирмахмудов айылдык кеңешинин депутаты Абдулхакимов Иброхимжон Тойчубаевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Хусанов Абдукарим Халматхановичке өткөрүп берилди. Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылдык кеңешинин депутаты Бийсеев Надырбектин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Борбушалиев Амантур Шакиралиевичке өткөрүп берилди. Мындан тышкары, Ысык-Көл облусунун Түп районунда Табалдиев Акылбек Ниязович Тогуз-Булак айылдык кеңешинин, Алымжанова Венера Дюшакиновна Түп айылдык кеңешинин депутаттары болуп калышты.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2021-жылдын 8-июнунда өтө турган КР БШК отурумунун   күн тартибинин долбоору
08.06.2022

2021-жылдын 8-июнунда өтө турган КР БШК отурумунун күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 08 июнь 2022-ж.                                                                   Убактысы: 11:00                                                                   Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу  жана бош калган депутаттык мандаттарды талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 2. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 3. Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
БШК шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча чараларды талкуулоо үчүн аянтча уюштурат жана ведомстволор аралык жумушчу топ түзөт
07.06.2022

БШК шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча чараларды талкуулоо үчүн аянтча уюштурат жана ведомстволор аралык жумушчу топ түзөт

Бүгүн – 2022-жылы 7-июнда Борбордук шайлоо комиссиясында Германия менен Кыргызстандын ортосунда дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгынын алкагында Германиянын жана Кыргызстандын шайлоо укугу  боюнча семинар өткөрүлдү. Иш-чара БШК тарабынан Фридрих Эберт атындагы Фонддун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен бмргеликте эл аралык эксперт Ян Бушту чакырып, уюштурулду. Ян Буш демократиялаштыруу жана укук үстөмдүгү маселелери боюнча эл аралык эксперт болуп саналат жана парламентти изилдөө тармагында адистешкен. Чыгыш Европада жана КМШ өлкөлөрүндө иштеп, чоң тажрыйбага ээ болгон. Иш-чара жарандардын, шайлоочулардын, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн жана  шайлоо процессинин катышуучуларынынукук маданиятын жогорулатуу тармагындагы иштерди уюштуруу, координациялоо жана камсыздоо максатында КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун ишмердигинин алкагында өткөрүлдү. Семинар БШК мүчөлөрүнүн, КР Жогорку Кеңешинин депутаттарынын, КР мамлекеттик органдарынын, саясий партияларынын, жарандык коомдун уюмдарынын өкүлдөрүнүн, көз карандысыз эксперттердин, жогорку окуу жайларынын (КУУ, КМЮУ, КРСУ, КРПМБА) өкүлдөрүнүн жана студенттеринин катышуусунда өттү. Өзүнүн куттуктоо сөзүндө КР БШК төрагасы Н. Шайлдабекова шайлоолордун аралыгындагы мезгилде шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу БШКнын негизги максаты болуп саналарын белгиледи. Бул максатта БШК шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча чараларды талкуулоо үчүн аянтча уюштурат жана ведомстволор аралык жумушчу топ түзөт Шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топко мамлекеттик органдардын, саясий партиялардын, жарандык коомдун уюмдарынын өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер чакырылган. Ушуга байланыштуу эл аралык тажрыйбаны, атап айтканда, Германиянын Федеративдүү Республикасынын шайлоо укугунун  тажрыйбасын окуп-үйрөнүү Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууда пайдалуу болмокчу. Өзүнүн куттуктоо сөзүндө Германиянын КРдеги Элчиси Габриэла Геллил жаштардын бул семинарга катышып олтургандыгы жана бул маселеге кызыккандыгы аны кубандырып жатканын белгиледи. “Биздин мамлекеттер тарыхый, социалдык, маданият жана башка өңүттөрүндө айырмаланышы мүмкүн. Ошондой болсо дагы, айырмачылыктарга карабастан, биз бири-бирибизди байытып, тааныша алабыз. Бүгүнкү иш-чара Фридрих Эберт атындагы Фонддун аркасы менен билим алуу жана тажрыйба бөлүшүү мүмкүнчүлүгүн түзүүдө”, - деди дипломат. Фридрих Эберт атындагы Фонддун өкүлчүлүгүнүн региондогу директору Филипп К. Ян Германиянын шайлоо укугу бир орунда турбасын, ал дайыма өнүгүп тураарын, ошондуктан эки мамлекеттин депутаттарын шайлоонун аралаш тутумунун өзгөчөлүктөрүн салыштыруу пайдалуу болот деп айтты. Эл аралык эксперт Ян Буш Бундестаг депутаттарын шайлоонун аралаш тутумунун жана шайлоону уюштуруунун өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берди. Германиянын депутаттарын шайлоонун аралаш тутумунун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун аралаш тутуму менен кээ бир окшош өңүттөрү бар. Ошону менен бирге төмөнкүдөй олуттуу айырмачылыктары бар: Бундестагды шайлоодо почта аркылуу добуш берүү мүмкүнчүлүгү бар, шайлоо даттанууларын кароо тартиби жана мөөнөттөрү (5 жылга чейин), Федералдык  шайлоо комиссиясынын төрагасын оо тартиби (ички иштер министри тарабынан дайындалат) ж.б. КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо тартиби тууралуу презентация болуп, анда шайлоонун аралаш тутумунун өзгөчөлүктөрү тааныштырылды. Дискуссия бөлүгүндө Жогорку Кеңештин депутаттары, прокуратура, Ички иштер министрлигинин, Санариптик ѳнүктүрүү министрлигинин өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер жана жогорку окуу жайларынын студенттери  тарабынан суроолор берилди. Маалымат үчүн: Фридрих Эберт атындагы Фонд (FES) Германиянын 1925-жылы негизделген учурдан тартып социал-демократия идеяларына берилген бай тажрыйбасы бар эски саясий фонддорунун бири болуп саналат. Өзүнүн калыптанышы жана миссиясы жагынан фонд демократиялык жол менен шайланган Германиянын биринчи президенти Фридрих Эберттин саясий мурасына милдеттүү. Маалымат үчүн: ГФР парламенти – бундестагда 2002-жылдан тартып 598ден кем эмес депутат бар. Ал аралаш тутум боюнча түзүлөт: орундардын жарымы (299) 299 бир мандаттуу округда б.а. мажоритардык тутум боюнча добуштардын жөнөкөй көпчүлүгүн алып, шайланган талапкерлерге берилет. Мандаттардын экинчи жарымы тигил же бул партия канча добуш алганына жараша партиялык тизмелер боюнча бундестагга өткөн талапкерлердин ортосунда бөлүштүрүлөт. Бундестагга шайлоо үчүн партия өз талапкерлеринин ичинен жерлер боюнча партиялык тизмелерди түзөт: 16 жердеги партиялык бөлүмдөрдүн ар бири өз тизмесин түзөт. Германиянын жарандары почта аркылуу же болбосо добуш берүү күнү тикелей добуш бере алышат. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү    
Кененирээк билүү >>
Боршайком Маалыматтык технологиялар боюнча «Kids IT Day» балдардын биринчи форумунун аянтчасы болуп калды
01.06.2022

Боршайком Маалыматтык технологиялар боюнча «Kids IT Day» балдардын биринчи форумунун аянтчасы болуп калды

Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык балдар – Кыргыз Республикасынын эң баалуу байлыгы. Мамлекет балдардын ар тараптуу руханий, адеп-ахлактык, интеллектуалдык жана дене-бой жактан өнүгүүсүнө өбөлгө болуучу шарттарды түзүү менен аларды мекенчилдикке жана атуулдукка тарбиялайт. Бүгүн – Балдарды коргоонун эл аралык күнү, Маалыматтык технологиялар боюнча «Kids IT Day» балдар форуму Кыргызстанда биринчи жолу өттү. Балдар форуму майыптыгы бар жана камсыздыгы аз үй-бүлөлөрдүн 12 жаштан 18 жашка чейинки курактагы балдар үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жана «Интернет саясат жарандык демилгеси» коомдук фондусунун (КФ) демилгеси менен КРПрезидентинин Администрациясынын, КР Санариптик өнүктүрүү министрлигинин, «Бала укуктарын коргоо лигасы» КФ, КР Жогорку технологиялар паркы, Программалык камсыздоону иштеп чыгуучулардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн Кыргыз Ассоциациясы (КАРПОУ), «Долбоорлор офиси» ММ колдоосу астында уюштурулду. Өнөктөштөр: О! Мобилдик оператору, Электрондук спорт коому, Электрондук соода Ассоциациясы, «Альфа Телеком» ЖАК, «Каспе́рский лаборато́риясы» АК, Atlas Group, E-Sports Community of Kyrgyzstan, IT академия, «Robooky» инжиниринг жана робототехника мектеби, DIGI, Kaynar Icecream, «Шоро» компаниясы. Бул иш-чаранын Борбордук шайлоо комиссиясынын аянтчасында уюштурулушу кокустук эмес. КР БШК шайлоо процессине санариптик технологияларды жайылтуу жагынан көп өлкөлөр, биринчи кезекте постсоветтик мейкиндик үчүн таанылган лидер болуп саналат. Жаңы технологиялардын аркасындаКыргызстандагы шайлоолор небак эле анык жана ачык-айкынболуп калды, «Бир шайлоочу – бир добуш» принциби ишке ашырылды. «Киргизилген маалыматтык технологияларшайлоого контролдук жүргүзүүнүн жарандык каражаттары менен биргеликте өлкөбүздө демократиялык шайлоо реформасынын башкы максатына – шайлоонун жыйынтыгын шайлоочу аныктаган максатка жетүүгө мүмкүнчүлүк түздү. Бул – өлкөбүздүн зор жетишкендиги, биз муну менен сыймыктанышыбыз керек», - деп айтты КР БШК төрагасы Нуржан Шайлдабекова. Форумдун аянтчасында балдар менен өспүрүмдөр конкурстарга жана интерактивдерге, блогерлердин флешмобуна, киберспорт боюнча турнирине, программалоо жана роботтехника боюнча мастер-класска катышты. МКТ эксперттери жана адистери бул тармактагы мүмкүн боло турган келечекти, перспективаны ачып берүүчү, угуучуларды кызыктырган окуяларды айтып беришти. XXI кылымда маалыматтык технологиялар иш жүзүндө жашоонун бардык чөйрөлөрүнүн –мамлекеттик башкаруунун, экономиканын, билим берүүнүн, социалдык коммуникациялардын ж.б. өнүгүшүн аныктайт. Маалыматтык технологияларкоомдо бириктирүүчү жана жаратуучу роль аткара алат. КР БШК платформасында өткөрүлгөн иш-чаралар ар бир балага өзү үчүн кызыктуу теманы табууга жана алынган билимди келечекте колдонууга дараметтүү мүмкүнчүлүк алууга, алар ар түрдүү, бирок тең баалуу жана маанилүү экендигин сезип-туюуга жардам берди. Ал эми эң жигердүү катышуучулар демөөрчүлөрдөн баалуу байгелерди алышты. Ошондой эле информатика жана шахматбоюнча улуттук олимпиаданын жеңүүчүлөрүсыйлыкка татыктуу болушту. Төмөнкүлөр онлайн шахматтын мыкты катышуучулары болуп калышты: • Тилеген Рахатбеков, • Дария Кудайназарова, • Нурбол Муратжанов, • Нурадыл Жолдошбеков, • Баястан Асангазиев. Төмөнкүлөр информатика боюнча мыкты натыйжаларды көрсөтүштү: • Айша Джылдызбекова, • Нуржамал Калыбаева, • Султан Саматов, • Альберт Шаильдаев, • Эргешбай кызы Разия.
Кененирээк билүү >>
Маалыматтык технологиялар боюнча «Kids IT Day» балдар форуму Бишкекте биринчи жолу өтөт
31.05.2022

Маалыматтык технологиялар боюнча «Kids IT Day» балдар форуму Бишкекте биринчи жолу өтөт

1-июнда Борбордук шайлоо комиссиясында Бишкек ш., Пушкин көч., 50 дареги боюнча Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган Маалыматтык технологиялар боюнча «Kids IT Day» балдар форуму биринчи жолу өтөт. Иш-чаранын максаты: балдардын инновация жана маалыматтык технологиялар чөйрөсүндөгү билим деңгээлин арттыруу жана аларды бул тармакка кызыктыруу, бул чөйрөдө мүмкүн боло турган келечекти көрсөтүү. 15-17 жаштагы жалпы саны 200гө жакын балдардын катышуусу күтүлүүдө. Алардын арасында математика жана информатика боюнча улуттук олимпиаданын жеңүүчүлөрү, ошондой эле Бишкек шаарындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар окуган мектептердин окуучулары болмокчу. Иш-чарага эксперттер, МКТ чөйрөсүндөгү адистер, МТ компанияларынын өкүлдөрү, КРдеги блогерлер жана киберспортсмендер катышат. Катышуучуларды эмне күтүүдө? «Kids IT Day» технологиялык фестиваль форматында өтөт, ал эксперттердин жана телекоммуникация компанияларынын өкүлдөрүнүн чыгып сүйлөөлөрүн, иш-чаранын демөөрчүлөрүнүн жана өнөктөштөрдүн баалуу байгелерин тапшыруу менен конкурстарды жана интерактиваларды, блогерлердин флешмобун, математика жана информатика боюнча улуттук олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө белектерди тапшырууну, киберспорт боюнча турнирди, программалоо жана роботехника боюнча мастер-классты бириктирет. БШКнын имаратына борбордук кире бериште фудкорддор жана фотозона жайгашат. Иш-чаранын уюштуруучулары: КР БШК, ГИИП КФ, КР Санариптик өнүктүрүү министрлиги, «Долбоорлор офиси» ММ, «Бала укуктарын коргоо лигасы» КФ, КР Жогорку технологиялар паркы, Программалык камсыздоону иштеп чыгуучулардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн Кыргыз Ассоциациясы (КАРПОУ). Форумдун башкы өнөктөшү: О! Мобилдик оператору. Өнөктөштөр: «Альфа Телеком» ЖАК, «Каспе́рский лаборато́риясы» АК, Atlas Group, E-Sports Community of Kyrgyzstan, IT академия, «Robooky» инжиниринг жана робототехника мектеби, DIGI, Kaynar Icecream, «Шоро» компаниясы.
Кененирээк билүү >>
1 … 143 145 … 485