Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
14.04.2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 14-апрелде, өз жыйынында Москва, Панфилов, Чүй, Талас, Бакай-Ата, Ноокен, Өзгөн, Ош жана Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти. - Москва районунун Ак-Суу айылдык кеңешинин депутаты Мусуралиев Азамат Эргешбаевичтин ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Алкожоев Каныбек Сүйөркуловичке өткөрүлүп берилди; - Кайыңды шаардык кеңешинин депутаты Атабаев Нурмухамед Адилбековичтин (“Ынтымак” депутаттык фракциясы) ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Подгорный Евгений Анатольевичке (“Ынтымак” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди; - Чүй районунун Онбир-Жылга айылдык кеңешинин депутаты Айтбаева Гулукан Токтоналиевнанын ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Давлеталиева Назик Акылбековнага өткөрүлүп берилди; - Талас районунун Беш-Таш айылдык кеңешинин депутаты Сүйналиева Нурзида Койчумановнанын ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Асанова Чынаркан Өзүбековнага өткөрүлүп берилди; - Бакай-Ата районунун Бакай-Ата айылдык кеңешинин депутаты Сулайманов Тагай Мырсаковичтин ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Саматов Мурат Замирбековичке өткөрүлүп берилди; - Кочкор-Ата шаардык кеңешинин депутаты Шамаматова Зиягуль Курбаналиевнанын (“Ынтымак” депутаттык фракциясы) ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыраимова Гулгаакы Урубаевнага (“Ынтымак” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди; - Өзгөн шаардык кеңешинин депутаттары Каримова Мухаббатхон Турсинбаевнанын жана Абдурахманова Мархабахон Номанжоновнанын (“Ыйман Нуру” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арыздарынын негизинде токтотулуп, бош калган мандаттар шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкерлер Курбанов Негмат Баширахуновичке жана Хасанов Арсланбек Мрахваровичке (“Ыйман Нуру” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди ; - Ош шаардык кеңешинин депутаты Абдырахман уулу Кутманалынын (“Мурас” депутаттык фракциясы) ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулду; - Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаты Гапиров Дамир Мамытовичтин (“НДПК” депутаттык фракциясы) ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Сапаров Манасбек Базарбаевичке (“НДПК” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2026-жылдын 14-апрелиндеги өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
14.04.2026

КР БШКнын 2026-жылдын 14-апрелиндеги өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 2026-жылдын 14-апрели Убактысы: 14:00 Өткөрүлүүчү жери: Жыйналыштар залы   Москва, Панфилов, Чүй, Талас, Бакай-Ата, Ноокен, Өзгөн, Ош жана Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу (баяндамачы – Шерипбаев Б.А., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош мандатын өткөрүп берүү жөнүндө (баяндамачы – Шерипбаев Б.А., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө (баяндамачы- Шайназаров Т.У., Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы)
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров Венгриянын Улуттук жыйынынын депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүүгө катышууда
12.04.2026

КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров Венгриянын Улуттук жыйынынын депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүүгө катышууда

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров жана КР БШК аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Алмаз Конутаев бүгүн, 12-апрелде Венгрияда өтүп жаткан парламенттик шайлоого байкоо жүргүзүү программасына катышууда. Бул күнү Венгриянын сегиз миллионго жакын жараны өзүнүн демократиялык укуктарын ишке ашырып, парламентке өз өкүлдөрүн шайлоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Венгрияда парламенттик шайлоолор ар төрт жыл сайын өткөрүлүп, Улуттук жыйынынын депутаттары шайланат. Улуттук жыйындын 199 мүчөсү аралаш шайлоо системасы аркылуу эки ыкма менен шайланат: алардын 106сы бир мандаттуу шайлоо округдарынан мажоритардык система боюнча, ал эми калган 93ү бир жалпы улуттук шайлоо округу боюнча пропорционалдык система менен шайланат. Партиялар үчүн шайлоо босогосу 5% деңгээлинде белгиленген, эки партиядан турган коалициялар үчүн - 10%, үч жана андан көп партиялардан турган коалициялар үчүн - 15%. Андан кийин мандаттар Д’Ондт ыкмасы боюнча бөлүштүрүлөт. Программанын алкагында эл аралык байкоочулар брифингдерге катышып, анда маалыматтарды коргоо жана маалымат эркиндигин камсыз кылуу маселелери талкууланды.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери көрктөндүрүү боюнча эки айлыктын алкагында кезектеги ишембилик өткөрүштү
11.04.2026

КР БШКнын кызматкерлери көрктөндүрүү боюнча эки айлыктын алкагында кезектеги ишембилик өткөрүштү

Бүгүн, 11-апрелде Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын кызматкерлери Бишкек шаарында өтүп жаткан көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча эки айлык иш-чарага катышты. Төраганын орун басары Бахадыр Конуровдун жетекчилиги алдында КР БШКнын жамааты Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын (А. Малдыбаев атындагы) артында жайгашкан «Театральный» багынын бекитилген аймагын, ошондой эле ага жанаша жайгашкан тилкени тазалашты. Аткарылган иштердин жүрүшүндө аймак тиричилик таштандыларынан, кургак бутактардан жана пластик калдыктардан тазаланып, айлана-чөйрөнү иретке келтирүү боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү. Мындай иш-чаралар шаарды таза кармоого өбөлгө түзүп, жарандардын экологиялык жоопкерчилигин арттырууга багытталган. Белгилей кетсек, борбор калаада көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча эки айлык 2026-жылдын 14-мартынан 16-майына чейин өткөрүлүүдө.    
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Венгриядагы парламенттик шайлоолорго байкоо жүргүзүү программасына катышууда
10.04.2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Венгриядагы парламенттик шайлоолорго байкоо жүргүзүү программасына катышууда

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров жана БШК аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Алмаз Конутаев Венгриядагы парламенттик шайлоолорго байкоо жүргүзүү программасына катышууда. Иш сапар Венгриянын Улуттук шайлоо комиссиясынын Президенти Атилла Нагинин чакыруусу менен ишке ашууда. Иш сапардын программасына ылайык, өкүлдөр 2026-жылдын 10–11-апрелинде өтө турган эл аралык байкоочулар үчүн брифингдерге, ошондой эле 12-апрелге дайындалган шайлоолорго байкоо жүргүзүүгө катышат.
Кененирээк билүү >>
КР БШК кызматкерлери жана студенттер “Кыргыз Жараны” жарандык иденттүүлүгүнүн баалуулуктарын жана шайлоодогу жаштардын ролун талкуулашты
10.04.2026

КР БШК кызматкерлери жана студенттер “Кыргыз Жараны” жарандык иденттүүлүгүнүн баалуулуктарын жана шайлоодогу жаштардын ролун талкуулашты

Бүгүн, 10-апрелде, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору (ЖБББ) жаштар үчүн таанып-билүү иш-чарасын өткөрдү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Эл аралык университетинин жана Аль-Фараби атындагы Казак Улуттук университетинин филиалынын 50дөн ашуун студенттери катышты. Жолугушуунун негизги темасы “Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктиктер” уңгу жолун ишке ашыруунун алкагында “Кыргыз жараны” жалпы жарандык иденттүүлүгүнүн негиздери жана Кыргызстандагы шайлоо процесстериндеги жаштардын ролу болду. Эксперт Роза Дуйшеева коомду консолидациялоого, жигердүү атуулдукка жана патриоттуулукка тарбиялоого негизги принциптерди жаштарга кеңири түшүндүрдү. Өзгөчө көңүл жаш муундун Кыргызстандагы шайлоо процесстериндеги ролуна бурулду. Шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Керемет Берикбаева студенттерге добуш берүү механизмдери, легитимдүү шайлоонун маанилүүлүгү жана жаш жарандар өздөрүнүн шайлоо укуктарын ишке ашыруу аркылуу өлкөнүн келечектеги өнүгүүсүнө чындап таасир эте ала тургандыктары тууралуу айтып берди. "Жаштар - өлкөбүздүн келечеги гана эмес, бүгүнкүсү. Шайлоо процесстеринин адилеттүүлүгү жана ачык-айкын болушу сиздердин позицияңыздан жана мамлекеттин жашоосуна катышуу каалооңуздан көз каранды", - деп белгиледи студенттер менен болгон баарлашуу учурунда ЖБББнын директору Анара Бейшембаева. Жолугушуу ачык диалог форматында өттү: студенттер тесттик добуш берүү учурунда маалыматтык-коммуникациялык технологиялар бөлүмүнүн эксперти Улан Мурзаевге шайлоонун маалыматтык-коммуникациялык технологиялары боюнча суроолорду беришти. Иш-чара КР БШКнын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун жарандардын укуктук маданиятын жана шайлоо активдүүлүгүн жогорулатууга багытталган иш-аракеттеринин алкагында уюштурулду.
Кененирээк билүү >>
№ 19 шайлоо округунан талапкер Р.М. Жунусалиевдин каттоосу жокко чыгарылды
10.04.2026

№ 19 шайлоо округунан талапкер Р.М. Жунусалиевдин каттоосу жокко чыгарылды

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 10-апрелде №19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Жунусалиев Рамис Майрамбековичтин талапкерликтен баш тартуу тууралуу арызын карап, каттоосун жокко чыгарды. Аталган арыз менен талапкер Р.М. Жунусалиев КР БШКга 2026-жылдын 10-апрелинде кайрылган.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2026-жылдын 10-апрелиндеги өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
10.04.2026

КР БШКнын 2026-жылдын 10-апрелиндеги өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 2026-жылдын 10-апрели Убактысы: 14:30 Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы   №19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Джунусалиев Рамис Майрамбековичтин каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)  
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын өкүлдөрү Индиядагы шайлоолорго байкоо жүргүзүү боюнча эл аралык программага катышууда
09.04.2026

КР БШКнын өкүлдөрү Индиядагы шайлоолорго байкоо жүргүзүү боюнча эл аралык программага катышууда

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Алтынбек Кубатбеков жана шайлоолорду уюштуруу башкармалыгынын башчысы Бакыт Шерипбаев Индия Республикасынын Пудучерри союздук аймагындагы мыйзам чыгаруу жыйынына шайлоолорго байкоо жүргүзүү боюнча эл аралык программага катышууда. Ушундай эле шайлоолор Ассам, Тамилнад, Батыш Бенгалия жана Керала штаттарында да өтүүдө. Байкоо жүргүзүү программасы Индиянын Шайлоо комиссиясы жана Индиянын Демократия жана шайлоолорду башкаруу боюнча эл аралык институту тарабынан уюштурулган. Бул шайлоо процессине 218 000ден ашык шайлоо участогунда 178,5 миллионго жакын шайлоочу катышары күтүлүүдө. Пудучерри аймагында, ошондой эле Ассам жана Керала штаттарында добуш берүү бүгүн, 9-апрелде өтүүдө. Тамилнад жана Батыш Бенгалия штаттарында шайлоолор бир нече этап менен 2026-жылдын 23 жана 29-апрелинде өткөрүлөт. Добуштарды саноо жана жыйынтыктарды жарыялоо 2026-жылдын 4-майына пландалган. Программанын алкагында, кечээ А. Кубатбеков Индиянын Башкы шайлоо комиссары Шри Гянеш Кумар менен жолугушуп, анын натыйжасында КР БШКсы менен Индиянын Шайлоо комиссиясынын ортосунда өз ара кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча макулдашуу жетишилди. КР БШКнын өкүлдөрүнүн бул программага катышуусу шайлоолорду уюштуруу жаатында тажрыйба алмашууга, кызматташтыкты чыңдоого жана шайлоолорду өткөрүүнүн эл аралык тажрыйбасын үйрөнүүгө өбөлгө түзөт.
Кененирээк билүү >>
Бир күндө 340тан ашуун жарандар: масштабдуу окутуу Кыргызстандын бардык 7 облусун камтыды
08.04.2026

Бир күндө 340тан ашуун жарандар: масштабдуу окутуу Кыргызстандын бардык 7 облусун камтыды

Кыргызстанда Жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунун (ЖСБББ) базасында уюштурулган окутуу семинарларынын масштабдуу цикли уланууда. Бүгүн иш-чаралар өлкөнүн бардык 7 облусунда – Баткенден Ысык-Көлгө чейинки аймактарды камтыды. Иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы № УП-369 Жарлыгы менен бекитилген “Улуттук дем -  дүйнөлүк бийиктиктер” уңгужол доктринасын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы № 75-р тескемеси 2025-2026-жылдарга санариптик сабаттуулукту жогорулатуу жана санариптик көндүмдөргө үйрөтүү программасын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлүүдө. Бир күндүн ичинде семинарлардын катышуучулары 347 адам болду  – жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрү, студенттер, бүтүрүүчү класстардын окуучулары, бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлери, активдүү жарандар, улгайган адамдар, аялдар жана айыл өкмөттөрүнүн адистери. Окутуунун башкы максаты – үч багыттан турган билим берүү аркылуу калктын өз укуктарына жана милдеттерине аң-сезимдүү мамилени калыптандыруу: 1. “Кыргыз жараны” жарандык иденттүүлүгү – этномаданий ар түрдүүлүктү сыйлоо менен бирге Кыргызстандын бирдиктүү элине таандыктык сезимин чыңдоо. 2. Шайлоо маданияты – ар бир добуштун баалуулугун жана шайлоо процесстерине катышуу механизмдерин түшүнүү. 3. Санариптик сабаттуулук – мамлекеттик кызматтарды электрондук форматта алуу үчүн “Түндүк” порталын жана тиркемесин практикалык өздөштүрүү. 4. “Бүгүн биз адамдардан чыныгы суроо-талап болуп жатканын көрүп жатабыз. Аларга урандар эмес, так инструменттер керек. Биздин семинарлар дал ушуну берет: түшүнүктүү нускамалар, жандуу мисалдар жана суроолорго жооптор. Бир күндө 347 катышуучу – бул башталышы гана. Биз республика боюнча он миңдеген жарандарды камтууну пландаштырып жатабыз” – деп белгилешти уюштуруучулар. Окутуу мындан ары улана берет. Жакынкы семинарлардын графигин жергиликтүү Жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунан тактаса болот.  
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаты Абдылдабек Эгембердиевдин ыйгарым укуктарын токтотту
08.04.2026

КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаты Абдылдабек Эгембердиевдин ыйгарым укуктарын токтотту

Бүгүн, 8-апрелдеги жыйынында Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Абдылдабек Жолдошалиевич Эгембердиевдин ыйгарым укуктарын жеке арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотту. КР Жогорку Кеңешинин депутаты Абдылдабек Эгембердиевдин ырастамасы жараксыз деп таанылат. А.Ж. Эгембердиев №19 көп мандаттуу шайлоо округунан КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланган.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2026-жылдын 8-апрелиндеги өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
08.04.2026

КР БШКнын 2026-жылдын 8-апрелиндеги өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 2026-жылдын 8-апрели Убактысы: 10:45 Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы   Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Эгембердиев Абдылдабек Жолдошалиевичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
Кененирээк билүү >>
Кара-Балта шаарында "Уңгужол" жаңы доктринасынын алкагында биринчи окуу семинары болуп өттү
07.04.2026

Кара-Балта шаарында "Уңгужол" жаңы доктринасынын алкагында биринчи окуу семинары болуп өттү

Кара-Балта шаарынын райондук китепканасына караштуу Жарандык жана санариптик билим берүү борборунда маданият чөйрөсүнүн кызматкерлери үчүн окуу семинары болуп өттү. Иш-чара 2024-жылдын 18-декабрында кабыл алынган "Уңгу жол" ("Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктиктер") жаңы мамлекеттик доктринасынын алкагында ишке ашырылган семинарларды улантуу сериясында старт алды. "Кыргыз жараны” жана "Жарандык иденттүүлүктүн баалуулуктарын жайылтуу жана калктын санариптик сабаттуулугун калыптандыруу" темасында өттү. Семинарга маданият бөлүмүнүн 42 кызматкери (бөлүмдүн жетекчилигин кошкондо), китепканачылар жана музыканттар катышты. Окутуу программасы эки негизги модулга бөлүнгөн: 1-модул - "Кыргыз жараны" атуулдук иденттүүлүгү. Катышуучуларга этномаданий көп түрдүүлүктү сактоо менен Кыргызстандын Бирдиктүү элине таандык болуу сезиминин калыптанышы жөнүндө айтып берилди. Өзгөчө көңүл тарыхты, маданиятты, мамлекеттик тилди билүүгө жана коом турмушуна активдүү катышууга, анын ичинде шайлоого катышууну жогорулатууга бурулду. 2-модул - "Түндүк" тиркемеси жана электрондук мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр. Угуучулар күнү-түнү санариптик документтерге жана сервистерге жетүүнү камсыз кылган мамлекеттик кызматтардын расмий мобилдик тиркемесинин иши менен таанышышты. Курстун алкагында үй-бүлөнүн курамы, кыймылсыз мүлктү каттоо, дарыгерлердин каттоосу жана салык карыздарын текшерүүдөн баштап, онлайн режиминде 50дөн ашык кызмат көрсөтүү боюнча маалымкаттарды алуу мүмкүнчүлүгү көрсөтүлдү. Иш-чара КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы "2025-2026-жылдарга санариптик сабаттуулукту жогорулатуу жана санариптик көндүмдөрдү окутуу программасы" №75 буйругун аткаруунун алкагында жана КР Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы ("Уңгу жол” Улуттук доктринасы") №369-ПУ Жарлыгын аткаруу максатында системдик администратор Сейил Самарбекова, Жайыл районунун атайын өкүлү Турусбек Ногоевдин көмөгү менен уюштурулган. Семинарлар республиканын башка региондорунда улантылат.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
07.04.2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 7-апрелдеги өз жыйынында Бишкек, Каракол, Ак-Суу, Тоң, Ак-Талаа, Жумгал, Кочкор, Ысык-Ата, Сузак, Токтогул жана Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти. - Бишкек шаардык кеңешиндеги бош мандат Шаршенбай уулу Русланга (“Эмгек” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди; - Каракол шаардык кеңешинин депутаты Бийбаев Муканбет Өмүровичтин (“Ынтымак” депутаттык фракциясы) ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тойчубеков Канат Койчумановичке (“Ынтымак” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди; - Ак-Суу районунун Каракол айылдык кеңешиндеги бош мандат Замирбек кызы Мээримге өткөрүлүп берилди; - Тоң районунун Ак-Терек айылдык кеңешинин депутаты Исаев Аман Канатовичтин ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Эркинбеков Бексултан Эркинбековичке өткөрүлүп берилди; - Тоң районунун Ак-Терек айылдык кеңешинин депутаты Калыков Максатбек Аскаровичтин ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Асанкадыров Болоткан Жакшылыковичке өткөрүлүп берилди; - Ак-Талаа районунун Ала-Буга айылдык кеңешинин депутаты Төрөгожоева Анаркүл Бейшенбековнанын ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Мамбетакунова Нургүл Каракеевнага өткөрүлүп берилди; - Ак-Талаа районунун Ала-Буга айылдык кеңешинин депутаты Мураталиев Азамат Шаршенбековичтин ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулду; - Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин депутаты Атабекова Рита Куляевнанын ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыбеков Кубанычбек Дөөлөтбековичке өткөрүлүп берилди; - Жумгал районунун Жумгал айылдык кеңешинин депутаттары Казыбаева Жылдыз Туратбековнанын жана Сыдыков Сүйүнбек Айтбековичтин ыйгарым укуктары берген арыздарынын негизинде токтотулду; - Жумгал районунун Миң-Куш айылдык кеңешинин депутаты Майрамбеков Жакшылык Майрамбековичтин ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Болот уулу Аскарга өткөрүлүп берилди; - Кочкор районунун Кара-Суу айылдык кеңешинин депутаты Эгинбаева Нуриса Асанкановнанын ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Осмонов Руслан Жылкыбековичке өткөрүлүп берилди; - Кочкор районунун Кум-Дөбө айылдык кеңешинин депутаты Биймурза кызы Фаризаттын ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Акматбекова Гүлнара Сабирдиновнага өткөрүлүп берилди; - Ысык-Ата районунун Жээк айылдык кеңешинин депутаты Садыкова Айнура Кенжебековнанын ыйгарым укугу каза болгондугуна байланыштуу токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Кадралиева Махабат Акжоловнага өткөрүлүп берилди; - Ысык-Ата районунун Нурманбет айылдык кеңешинин депутаты Сагынбекова Жылдыз Эрмековнанын ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Медетов Алтынбек Эржановичке өткөрүлүп берилди; - Ысык-Ата районунун Жайылма айылдык кеңешинин депутаты Мамытов Алмас Абдылдаевичтин ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Николенко Евгения Геннадьевнага өткөрүлүп берилди; - Сузак районунун Кыз-Көл айылдык кеңешинин депутаты Канатбек уулу Эрландын ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Калимбетов Туратбек Каримовичке өткөрүлүп берилди; - Токтогул районунун Үч-Терек айылдык кеңешинин депутаттары Токтомушова Жаңыл Абалаковнанын, Мундузбаева Наргиза Маратбековнанын, Урматаев Тагайбек Максатбековичтин ыйгарым укуктары берген арыздарынын негизинде токтотулуп, бош калган мандаттар шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкерлер Алымкулова Жаңыл Серкебаевнага, Күлчороев Улукбек Күлчороевичге жана Саматова Гүлжамал Чормоновнага өткөрүлүп берилди; - Токтогул районунун Кетмен-Төбө айылдык кеңешинин депутаты Батыралиева Бүсайра Кененбаевнанын ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Ташкенбай уулу Аскарбекке өткөрүлүп берилди; - Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо айылдык кеңешинин депутаты Атанаева Айпери Атайбековнанын ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Субанкулова Керезбүбү Жумабековнага өткөрүлүп берилди.  
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2026-жылдын 7-апрелиндеги өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
07.04.2026

КР БШКнын 2026-жылдын 7-апрелиндеги өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 2026-жылдын 7-апрели Убактысы: 15:00 Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы   Бишкек, Каракол, Ак-Суу, Тоң, Ак-Талаа, Жумгал, Кочкор, Ысык-Ата, Сузак, Токтогул жана Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу (баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасынын орун басары А. Жупуева Мальдив Республикасындагы референдумду жана жергиликтүү кеңештерге жана аялдарды өнүктүрүү комитеттерине шайлоолорду эл аралык байкоого катышууда
04.04.2026

КР БШК төрагасынын орун басары А. Жупуева Мальдив Республикасындагы референдумду жана жергиликтүү кеңештерге жана аялдарды өнүктүрүү комитеттерине шайлоолорду эл аралык байкоого катышууда

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Айдана Жупуева КР БШК аппаратынын контролдук-ревизиялык жана аудит иштери секторунун башчысы Амангелди К.М. менен биргеликте Мальдив Республикасында өтүп жаткан референдумду, ошондой эле жергиликтүү кеңештерге жана аялдарды өнүктүрүү комитеттерине шайлоолорду эл аралык байкоого катышууда. Шайлоочулардын тизмесине 294 876 жаран киргизилген, алардын ичинен 144 506сы аялдар, 150 370и эркектер. Референдумга төмөнкү суроо коюлган: «Сиз президенттик шайлоону жана Элдик Мажлис шайлоосун бир мезгилде өткөрүү, ошондой эле Элдик Мажлистин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүн өзгөртүү каралган Конституцияга сегизинчи өзгөртүүнү ратификациялоону жактырасызбы?» Шайлоолор 225 округда уюштурулган. Жалпысынан жергиликтүү кеңештерге 678 мүчө жана аялдарды өнүктүрүү комитеттерине 678 мүчө шайланат - жалпы 1 356 шайлануучу орун. Жергиликтүү кеңештерге шайлоого 1 592 талапкер, аялдарды өнүктүрүү комитеттерине 1 368 талапкер катышууда. Шайлоо участоктору саат 08:00дө ачылып, 16:00дө жабылат. Добуш берүүнүн жүрүшүнө байкоо жүргүзүү үчүн 38 эл аралык байкоочу катталган. Референдумдун жана шайлоолордун алдында КР БШКнын делегациясы эл аралык байкоочулар үчүн өткөрүлгөн брифингге катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө Мальдив Республикасынын шайлоо органдарынын өкүлдөрү добуш берүүгө даярдык тууралуу маалымат берип, шайлоо процессинин укуктук жана институттук негиздерине сереп сунушташты. Айрыкча эл аралык байкоочулардын ролу жана милдеттери, жүрүм-турум кодекси, этикалык стандарттар жана калыстык талаптары, ошондой эле добуш берүү күнүндөгү жол-жоболор жана байкоо жүргүзүү методологиясы тууралуу маселелерге өзгөчө көңүл бурулду. Мониторингдин алкагында КР БШК делегациясы шайлоо участокторунун даярдыгына жана алардын ачылыш жол-жоболоруна, добуш берүүнүн жүрүшүнө, шайлоочулардын катышуу деңгээлине жана жеткиликтүүлүктүн камсыздалышына байкоо жүргүзүүдө. Добуш берүү аяктагандан кийин делегациянын өкүлдөрү участокторду жабуу жана шайлоо бюллетендерин саноо жол-жоболоруна байкоо жүргүзүүгө катышат.
Кененирээк билүү >>
1 7 9 481