Башкы Жаңылыктар КР БШКсы Президенттин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу …

КР БШКсы Президенттин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

КР БШКсы Президенттин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
06-Ноя, 2026

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 6-ноябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Кыдыров Акай Имаралиевичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө токтом кабыл алды. 
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А. Кыдыровдун шайлоого катышуу менен байланышкан маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Муйдунов Төрөмырза Эргашевич катталды.
Талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
Исхак Масалиев Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
06-Ноя, 2026

Исхак Масалиев Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 6-ноябрда, Масалиев Исхак Абсаматович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды.Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду
06-Ноя, 2026

Жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

Бүгүн, 6-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында Жайыл, Ысык-Ата, Ош, Араван, Тоң, Баткен шаардык жана Кадамжай аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.• Жайыл районунун Суусамыр айылдык кеңешинин депутаты Уметалиев Султан Замировичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду;• Ысык-Ата районунун Узун-Кыр айылдык кеңешинин депутаты Молдобаев Бактыбек Садыровичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду;• Ош шаардык кеңешинин депутаты Калыкбердиев Дамир Макамбаевичтин (“Мурас” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Таалайбек уулу Айбекке (“Мурас” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди;• Араван районунун Дөбө-Коргон айылдык кеңешинин депутаты Касимова Жаннатхан Турсиновнанын ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулду;• Тоң районунун Күн-Чыгыш айылдык кеңешинин депутаты Омуров Рустам Кумаргазыевичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдылдаева Сайрагул Ибраевнага өткөрүлүп берилди;• Баткен шаардык кеңешинин депутаты Максутова Гүлмайрам Абдималиковнанын (“Ала-Тоо Кыргыз Жери” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдырахманова Гульмира Гапаровнага (“Ала-Тоо Кыргыз Жери” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди;• Кадамжай районунун Исхак-Полотхан айылдык кеңешинин депутаты Полотова Канаатхан Имамовнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Кадирова Айтбуву Маккамовнага өткөрүлүп берилди. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы бир катар шайлоо участокторунун даректерин өзгөрттү
06-Ноя, 2026

КР БШКсы бир катар шайлоо участокторунун даректерин өзгөрттү

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо шайлоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана участкалык шайлоо комиссияларынын натыйжалуу иш алып баруусуна шарт түзүү максатында, участкалык шайлоо комиссияларынын жайгашкан жерлеринин даректерин өзгөртүү боюнча токтомдор кабыл алынды.Бүгүн, 6-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын, ошондой эле 2025-жылдын 11-июлундагы № 35 “Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын, Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомдору тиркемелерге ылайык өзгөртүлдү.Мындан сырткары Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр киргизилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШК өкүлдөрү Нарын облусунда шайлоого карата даярдыктарды талкуулашты
05-Ноя, 2026

КР БШК өкүлдөрү Нарын облусунда шайлоого карата даярдыктарды талкуулашты

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Тимур Оторбаев 2026-жылдын 3-5-ноябрында Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда, Нарын облусунун Жумгал, Кочкор, Нарын, Ат-Башы, Ак-Талаа райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жолугушууларды өткөрүштү.Жыйындардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү, шайлоочулардын укуктарын ишке ашыруусу үчүн зарыл шарттарды түзүү, шайлоо процессинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу жана жарандардын шайлоо укуктарын сактоо маселелери талкууланды.Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдар жана талапкерлерди колдоо тартиби тууралуу маалымат берди. Ошондой эле шайлоону уюштурууда мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерине токтолду.Ал жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн шайлоонун ачык-айкын жана мыйзамдуу өтүшүнө зарыл шарттарды түзүүгө көмөктөшүүгө, ошол эле учурда шайлоо процессине кийлигишпөөгө чакырды. Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө мыйзам бузуулардын, кысым көрсөтүү жана мыйзамсыз кийлигишүү аракеттерин алдын алуу, шайлоонун бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Жыйындарга облус жана шаар бийлигинин өкүлдөрү, акимдер, райондук мекеме-уюмдардын жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештердин төрагалары жана депутаттары, айыл башчылары, билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышты.
Кененирээк билүү >>