КР БШК жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

14 августа 2026

Бүгүн, 14-августта Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы өз жыйынында Бишкек, Кемин, Москва, Нарын, Талас, Сузак, Ноокат жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.

• Бишкек шаардык кеңешининдеги бош мандат Солтонов Ренат Сартбековичке (“Жаңы күч-Новая сила” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;

• Кемин районунун Чоң-Кемин айылдык кеңешинин депутаты Туратбеков Айбек Туратбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкерЕгиналиев Нурдин Зарлыковичке өткөрүлүп берилди;

• Москва районунун Ак-Суу айылдык кеңешинин депутаты Сатиев Данияр Базарбаевичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Султанкулов Нарынбек Узгенбаевичке өткөрүлүп берилди;

• Нарын районунун Учкун айылдык кеңешинин депутаты Болотбек уулу Назарбектин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тостоков Кылычбек Абдраимовичке өткөрүлүп берилди;

• Талас шаардык кеңешинин депутаты Нартаева Айнура Канатбековнанын (“Аманат ЭСП” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Бортникова Елена Викторовнага (“Аманат ЭСП” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;

• Сузак районунун Кыз-Көл айылдык кеңешинин депутаты Абдырасулов Нурбек Акжигитовичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Аманкулов Советбек Аманкуловичке өткөрүлүп берилди;

• Ноокат районунун Көк-Жар айылдык кеңешинин депутаты Рахматиллаев Таалайбек Аттокуровичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Жарматов Абдыганы Жаамбаевичке өткөрүлүп берилди;

• Ноокат районунун Төөлөс айылдык кеңешинин депутаты Жапарова Тажихандын ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Манапов Асан Мамаюнусовичке өткөрүлүп берилди;

• Өзгөн районунун Дөң-Булак айылдык кеңешинин депутаты Рахманова Манзура Хусанбаевнанын ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Ибрагимов Оятилла Дилмуратжановичке өткөрүлүп берилди.