Кыргызстандын жана Армениянын БШК өкүлдөрүнүн тажрыйба алмашуу боюнча онлайн-жолугушуусу өттү

10 августа 2026

  Бүгүн, 10-августта Кыргыз Республикасынын жана Армения Республикасынын Борбордук шайлоо комиссияларынын өкүлдөрүнүн видеоконференция форматындагы жумушчу жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун негизги темасы жарандардын шайлоого болгон ишенимин бекемдөө, шайлоочулардын активдүүлүгүн жогорулатуу жана калк менен байланыштын заманбап формаларын өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашуу болду.
     Жолугушуунун жүрүшүндө армян тарап жарандардын шайлоого болгон ишенимин бекемдөөгө жана шайлоо процесстеринин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган институционалдык өнүгүү жана санариптик чечимдерди киргизүү боюнча тажрыйбасы менен бөлүштү. Катышуучулар ARTEMIS долбоору, Армениянын БШКсынын алдындагы Окуу борборунун ишмердиги, анын ичинде кадрларды даярдоо жана шайлоо тобокелдиктерин башкаруу системасын (ERM) киргизүү боюнча маалымат алышты.
    Арменияда 2026-жылдын 7-июнунда өткөн парламенттик шайлоодо шайлоочулардын катышуусун жогорулатууга багытталган чаралар КР БШК өкүлдөрүнүн өзгөчө кызыгуусун жаратты. Аталган шайлоодо шайлоочулардын катышуусу дээрлик 59 пайызды түзгөн. Ушуга байланыштуу тараптар ар бир шайлоочу менен системалуу иш алып баруунун жолдорун талкуулашты. Аталган иштин максаты шайлоочуларга маалымат берүү менен бирге, алардын шайлоого аң-сезимдүү катышуусун камсыз кылуу жана ар бир добуштун өлкөнүн келечеги үчүн маанилүү экенин түшүндүрүү болуп саналат.
  Ошондой эле, шайлоо органдарынын шайлоолорду уюштуруу жана өткөрүү мезгилиндеги жумуштарынын маанилүүлүгүнө көңүл бурулду. Жарандар, өзгөчө жаштар, билим берүү мекемелери жана коомдук бирикмелер менен туруктуу өз ара аракеттенүүнүн, маалыматтык-түшүндүрүү иш-чараларын өткөрүүнүн жана заманбап байланыш каналдарын колдонуунун зарылдыгын катышуучулар белгилешти.
  Жыйынтыгында тараптар шайлоону уюштуруу жана өткөрүү, шайлоочулардын активдүүлүгүн жогорулатуу, жаштар менен иштөө жана заманбап маалыматтык-коммуникациялык инструменттерди өнүктүрүү багыттарында тажрыйба алмашууну улантуу боюнча макулдашышты. Мындан сырткары, жолугушууда Кыргызстандын жана Армениянын шайлоо органдарынын ортосундагы туруктуу кызматташтык шайлоо процесстерин өркүндөтүүгө, жарандардын ишенимин бекемдөөгө жана шайлоого аң-сезимдүү катышууну калыптандырууга өбөлгө түзүлөрү айтылды.