Башкы Жаңылыктар Участкалык шайлоо комиссияларынын резервдерине документтерди кабыл алуу жарыяланды

Участкалык шайлоо комиссияларынын резервдерине документтерди кабыл алуу жарыяланды

18-Авг, 2026

Аймактык шайлоо комиссиялары участкалык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктоо максатында жарандардан жана саясий партиялардан документтерди кабыл аларын жарыялайт.

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, участкалык шайлоо комиссиясы беш жылдык мөөнөткө саясый партиялардын өкүлдөрүнүн экиден биринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнүн экиден биринин курамында түзүлөт.

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык, участкалык шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан түзүлөт.

Саясий партиялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары (жергиликтүү кеңештер) шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине көрсөтүүчү субъекттер болуп саналат.

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде төмөнкүлөр шайлоо комиссиясынын мүчөсү боло алышпайт:

- Жогорку Кеңештин депутаты, жергиликтүү кеңештин депутаты;

- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары;

- судья, укук коргоо жана фискалдык органдын кызматкери, аскер кызматчысы;

- талапкер, талапкердин жана саясый партиянын өкүлү;

- башка мамлекеттин жарандыгы бар адам;

- мыйзамда белгиленген тартипте, соттуулугу алып салынбаган же жоюлбаган адам;

- башка шайлоо комиссиясынын мүчөсү;

- терс негиздер боюнча шайлоо комиссиянын мүчөсүнүн милдеттеринен мөөнөтүнөн мурда бошотулган адам.

Ошондой эле, бир участкалык шайлоо комиссияларынын курамына жубайлар жана жакын туугандар шайлана алышпайт.

Саясий партиялардан участкалык шайлоо комиссияларынын резервдерине талапкерлерди сунуштоо алардын уставына ылайык жүргүзүлөт. Саясий партиялар талапкерлердин документтерин тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына 2026-жылдын 1-сентябрына саат 18:00гө чейин беришет.
Участкалык шайлоо комиссияларынын резервине киргизүү үчүн жарандар, коомдук бирикмелер 2026-жылдын 1-сентябрына саат 18.00гө чейин тиешелүү жергиликтүү кеңешке документтерди тапшыруусу зарыл. Жергиликтүү кеңештин шайлоо комиссияларынын резервдерине талапкерлерди сунуштоо боюнча сессиясы шайлоо комиссияларынын резервдерине талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктагандан кийин үч күндөн кечиктирилбестен өткөрүлөт. Сессиянын чечими бардык талапкерлердин документтери менен бирге тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына дароо ѳткѳрүлүп берилет.

Участкалык шайлоо комиссияларынын резервине берилүүчү документтердин тизмеги:

- талапкердин участкалык шайлоо комиссиясынын курамында иштөөгө макулдугу жөнүндө арызы жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоо жөнүндө милдеттенмеси;

- паспорттун көчүрмөсү;

- иштеген жери, окуган жери, билими көрсөтүлгөн биографиялык маалыматтар (кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча же резюме);

- байланыш маалыматтар: жашаган жеринин дареги, телефон номерлери;

- жеке дайындарды жыйноого жана иштетүүгө макулдугу;

- көрсөтүүчү субъекттин протоколу.

Көрсөтүүчү субъекттер шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкерлер, эреже катары, тиешелүү калктуу пункттун аймагында жашоого тийиш экенин эске алуусу зарыл.

Керектүү документтердин үлгүлөрү: арыз, саясий партиянын протоколу, жарандардын чогулушунун протоколу, жеке дайындарды жыйноого жана иштетүүгө макулдугу.

Маалымат алуу үчүн телефон: 0312660116

Эскертүү: “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, участкалык шайлоо комиссиясынын курамында ар бир саясый партиядан бирден ашык эмес өкүл болушу мүмкүн.

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты
22-Окт, 2026

КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты

2026-жылдын 21–22-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Бөдөш Мамырова Жалал-Абад облусунун Манас шаарында, Ноокен, Базар-Коргон, Аксы жана Ала-Бука райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жолугушууларды өткөрүштү.Жолугушуулардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү, шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу жана тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу маселелери каралды.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу жаңы талаптар, шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири баяндама жасады. Мындан тышкары, шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерине жана жоопкерчилигине токтолду. Ал эми укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен болгон талкууда шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка катышуучуларына мыйзамсыз кысым көрсөтүү аракеттерин алдын алуу, шайлоо процессине мыйзамсыз кийлигишүүгө бөгөт коюу жана коопсуздукту камсыз кылуу маселелери белгиленди.Жарандардын шайлоо укуктарын толук ишке ашыруусуна шарт түзүү, шайлоо процессинин бардык этаптарында мыйзам талаптарын так сактоо, шайлоочулардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо - маанилүү багыттардын бири.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөттөн мурда жүргүзүүгө жол берилбестигин дагы бир жолу эскертет
21-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөттөн мурда жүргүзүүгө жол берилбестигин дагы бир жолу эскертет

Бүгүн, 21-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Тимур Оторбаевдин жетекчилиги астында Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү.Жыйындын жүрүшүндө социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторингдин алкагында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн белгиленген мөөнөттөрүн жана шарттарын сактоо талаптарына каршы келүү белгилери бар материалдар аныкталып, каралды.Шайлоо мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбеген материалдарды жарыялаган социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары Санжарбек Тилеков, Айбек Теңизбай жана Туратбек Мусакеевдерге эскертүү берилип, билдирүүлөрүн өчүрүү милдеттендирилди. Аталган жарандар мындан ары мыйзамдардын талаптарын сактоого жана ушул сыяктуу бузууларга жол бербөөгө даяр экендиктерин билдиришти.Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөт башталганга чейин жүргүзүүгө тыюу салынарын дагы бир жолу эскертет. Бул талап шайлоо алдындагы үгүттүн мыйзамдарда каралган бардык формаларына жана ыкмаларына, анын ичинде социалдык тармактарда жана башка интернет-ресурстарда тиешелүү материалдарды жайгаштырууга жана таратууга да тиешелүү.БШК жарандарды, талапкерлерди, алардын өкүлдөрүн, саясий партияларды жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого, мыйзамда белгиленген мөөнөт башталганга чейин шайлоо алдындагы үгүт катары бааланышы мүмкүн болгон аракеттерден оолак болууга, ошондой эле социалдык тармактарда маалыматтарды жайгаштырууда жана таратууда жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырат.Жумушчу топ өз ыйгарым укуктарынын чегинде социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүүнү жана шайлоо мыйзамдарынын мүмкүн болгон бузуулары тууралуу материалдарды кароону улантат.Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн мыйзамда белгиленген мөөнөттөрүн жана эрежелерин сактоо шайлоо процессинин катышуучулары үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуунун, мыйзамдуулукту жана шайлоонун ачык-айкындуулугун сактоонун маанилүү шарты болуп саналат. 
Кененирээк билүү >>
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү
19-Окт, 2026

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү

2026-жылдын 15, 16 жана 19-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча жумушчу тобунун мүчөлөрү Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы мамлекеттик уюмдардын жана мекемелердин өкүлдөрү үчүн тренингдерди өткөрүштү. Тренингдердин негизги максаты – жарандардын айрым категорияларынын шайлоого катышуусун уюштуруу маселелери боюнча маалымдуулукту жогорулатуу жана тиешелүү адистердин компетенцияларын өнүктүрүү.  Окутуу программасы жалпы шайлоо укугунун негизги принциптеринен тартып, жарандардын айрым категорияларынын шайлоого катышуусун уюштуруунун практикалык маселелерине чейинки темаларды камтыды. Тренингдерге жалпысынан 225 адам катышты. Алардын арасында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Коргоо министрлигинин, Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын, Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын, ошондой эле Баткен, Ош жана Манас шаарларынын мэрияларынын өкүлдөрү болушту. Теориялык жана практикалык сабактардын жүрүшүндө катышуучулар төмөнкү негизги маселелерди кеңири талкуулашты:-        жалпы шайлоо укугу жана шайлоо укугун чектөөгө байланышкан маселелер, анын ичинде жарандардын айрым категорияларына тиешелүү жагдайлар;-        жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоодо шайлоо комиссиялары менен мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү;-        шайлоо комиссияларынын электрондук порталдары жана шайлоо процесстерин санариптик форматта уюштуруу;-        жарандардын айрым категорияларын маалымдоо жана шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү тартиби;-        шайлоо участогунан тышкары жерде добуш берүүнү уюштуруу тартиби жана добуш берүүнүн купуялуулугун камсыздоо.Талкуулардын жүрүшүндө катышуучулар жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын ишке ашырууда алардын укуктарын коргоо механизмдерине, шайлоо процессине тоскоолдуксуз катышуусу үчүн зарыл шарттарды түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Өткөрүлгөн тренингдер мамлекеттик органдардын жана мекемелердин өкүлдөрүнүн шайлоо укуктарын камсыздоо жаатындагы билимдерин тереңдетүүгө, ведомстволор аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана жарандардын айрым категорияларынын шайлоо процессине толук кандуу катышуусуна өбөлгө түзүүгө багытталды
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди
19-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди

Бүгүн, 19-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү. Жыйында мыйзамда белгиленген үгүт жүргүзүү мөөнөтү башталганга чейин талапкерлерди колдоого же аларга каршы үгүттөөгө байланышкан мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү. Атап айтканда, социалдык тармактар аркылуу белгилүү бир талапкерге добуш берүүгө же бербөөгө чакыруу, талапкерлерди шайлоого же шайлабоого багытталган материалдарды таратуу, ошондой эле шайлоочулардын тандоосуна таасир этүү максатында сурамжылоолорду уюштуруу жана алардын жыйынтыктарын пайдалануу фактылары каралды.Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин тиешелүү беренелерине ылайык, социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары Залкарбек Кудайбердиев, Бахтияр Кыдыралиев, Малик Исмаилбек уулуна жана Жыргалбек Ибраимовдорго эскертүү берилди. Жогорудагы жарандар Жумушчу топ тарабынан айтылган сын-пикирлерди, сунуштарды эске алып, социалдык тармактардагы жарыялаган билдирүүлөрүн өчүрүүгө жана башка мындай аракеттерге барбай тургандыктарын билдиришти. Борбордук шайлоо комиссиясы бардык жарандарды, жалпыга маалымдоо каражаттарын жана социалдык тармактардын колдонуучуларын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого чакырат.
Кененирээк билүү >>