КР БШК майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориялардагы жарандардын шайлоо укуктары боюнча жумушчу топтун жобосун бекитти
05 августа 2026
Бүгүн, 5-августта Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориялардагы жарандардын шайлоо укуктарын өркүндөтүү жана ишке ашыруу боюнча жумушчу топ жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтом кабыл алды.
Бул токтом жумушчу топтун максаттарын, милдеттерин жана функцияларын, ошондой эле анын курамын түзүү тартибин, анын ичинде жетекчисинин, мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын жана чечим кабыл алуу жол-жобосун жөнгө салуу максатында иштелип чыккан.
Жумушчу топтун жобосун бекитүү анын ишин уюштурууда бирдиктүү мамилени камсыздап, майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориялардагы жарандардын шайлоо укуктарын өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууда Борбордук шайлоо комиссиясынын мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана коомдук бирикмелер менен өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатат.
