Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөр киргизилди
14 августа 2026
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы “Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү” жөнүндө токтом кабыл алды.
Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Макенов Бекмамат Султаналиевич, Абдыкеримов Кумарбек Абдыкеримович, Турматов Чынарбек Кеңешбекович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан) чыгарылып, ордуна резервден Эргешова Назира Осмонбековна, Эрназарова Гүлшайыр Дүйшөналиевна, Мамытов Тынарбек Тургунбаевич (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан) киргизилди.
