Шайлоо мыйзамдарындагы өзгөртүүлөр боюнча онлайн окутуу өткөрүлдү

18 августа 2026

Бүгүн, 18-августта Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышовдун катышуусунда БШКнын атайын өкүлдөрү жана системалык администраторлору үчүн онлайн форматта жумушчу жыйын өткөрүлдү.

Жыйында БШКнын аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” конституциялык мыйзамдарга киргизилген негизги өзгөртүүлөр боюнча окутуу өтүп, кеңири маалымат берилди.

Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарындагы өзгөртүүлөр боюнча БШКнын атайын өкүлдөрү жана системалык администраторлору толук маалыматка ээ болушу зарыл экенин белгилеп, аларды шайлоочуларга туура жана жеткиликтүү түшүндүрүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду. Ошондой эле алдыдагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону уюшкандыкта жана жогорку деңгээлде өткөрүүдө БШКнын аймактардагы өкүлдөрүнүн жоопкерчилиги чоң экенин белгиледи.

Жумушчу жыйын суроо-жооп форматында уланып, катышуучулар шайлоо мыйзамдарына киргизилген жаңы өзгөртүүлөргө байланыштуу суроолоруна юристтерден кеңири жана так жоопторду алышты.