Ноокат жана Түп райондорундагы шайлоо участокторунун даректери өзгөртүлдү
14 августа 2026
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Ноокат жана Түп райондорундагы бир катар шайлоо участокторунун даректерин өзгөрттү.
Ош облусунун Ноокат районунун Кара-Таш айыл аймагынын Нойгут айылындагы № 5397 шайлоо участогунун жайгашкан жери Нойгут айылы, Акбар Каары көчөсү, 40, “Белек” балдар бакчасынын имараты дарегинен Нойгут айылы, Жаңы конуш, 31, “Нойгут” орто мектебинин имараты дарегине өзгөртүлдү.
Ноокат аймактык шайлоо комиссиясына Кара-Таш айыл аймагынын айыл өкмөтү менен биргеликте шайлоочулар арасында № 5397 шайлоо участогунун дареги өзгөртүлгөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.
Ысык-Көл облусунун Түп районунун Балбай айыл аймагынын Кудургу айылындагы № 3056 шайлоо участогунун дареги Ленин көчөсү, 55б, айыл өкмөтүнүн имараты дарегинен Кудургу айылы, Ленин көчөсү, 55а, К. Усенбеков атындагы орто мектептин имараты дарегине өзгөртүлдү.
Балбай айыл аймагынын Фрунзе айылындагы № 3057 шайлоо участогунун дареги Киров көчөсү, 59, айыл өкмөтүнүн имараты дарегинен Фрунзе айылы, Д. Садыбеков көчөсү, 31/1, М. Фрунзе атындагы орто мектептин имараты дарегине өзгөртүлдү.
Балбай айыл аймагынын Ак-Булак айылындагы № 3059 шайлоо участогунун дареги А. Усенов көчөсү, н/ж, айыл өкмөтүнүн имараты дарегинен Ак-Булак айылы, А. Усенов көчөсү, 2а, «Байэл» балдар бакчасынын имараты дарегине өзгөртүлдү.
Карасаев айыл аймагынын Сары-Дөбө айылындагы № 3083 шайлоо участогунун дареги Садыракун көчөсү, 73, “Ынтымак” маданият үйүнүн имараты дарегинен Сары-Дөбө айылы, Садыракун көчөсү, 56, С. Карачев атындагы орто мектептин имараты дарегине өзгөртүлдү.
Түп аймактык шайлоо комиссиясына Балбай жана Карасаев айыл аймактарынын айыл өкмөттөрү менен биргеликте шайлоочулар арасында № 3056, № 3057, № 3059 жана № 3083 шайлоо участкаларынын даректери өзгөртүлгөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.
