Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
КР БШКнын жыйынтыктоочу отурумунда референдумду даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө түшкөн бардык арыздар (даттануулар) каралды жана ар бир арыз (даттануу) боюнча кабыл алынган чечимдер тууралуу маалымат берилди
Бүгүн - 2016-жылдын 22-декабрында КР БШКнын жыйынтыктоочу отурумунда КР БШКнын мүчөсү, шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнчажумушчу топтун жетекчиси А. Асаналиев БШКнын кароосу үчүн референдумду даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө түшкөн бардык арыздар (даттануулар) жана ар бир арыз (даттануу) боюнча кабыл алынган чечимдер тууралуу маалымат берди.
Берилген маалыматка ылайык Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 11-декабрына дайындалган референдумун даярдоожана өткөрүү мезгилинде шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону жана референдумду өткөрүү учурунда шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү эрежелерин сактоону контролдоо боюнча жумушчу топторго шайлоо процессинин катышуучуларынан 18 арыз жана даттануу, анын ичинде 12 даттануу үгүт топторунан, 5 даттануу шайлоочулардан жана шайлоо процессинин катышуучуларынан, 1 даттануу коомдук уюмдардан түшкөн.
Түшкөн кайрылуулар жана даттануулар төмөнкү маселелер боюнча:
- 1 кайрылуу шайлоочулардын тизмелери жана шайлоочуну иденттештирүү (бир шайлоочуөзүн башка участоктогу тизмеден тапкан, дагы бир шайлоочу биометрикалык маалыматтарын тапшырганына карабастан, өзүн тизмеден тапкан эмес, шайлоочунун манжа издери окулган эмес);
- 7 кайрылуу добуш берүү убагындагы жана натыйжаларын аныктоо учурундагы мыйзам бузуулар боюнча (чекке алмашпай бюллетень берүү, маркердин бюллетендин арткы бетинен көрүнүп калганы, АЭУ жыйынтыктарынын кол менен саноонун жыйынтыктарына дал келбеши);
- 7 кайрылуу үгүт жүргүзүү эрежелерин бузгандык боюнча (ЖМК жана референдумдун катышуучуларынын үгүт жүргүзүү эрежелерин бузгандыгы);
- 3 кайрылуу мамлекеттик мекеме, органдардын аракеттерине же аракетсиздигине (“макул” жана “каршы” үгүт топторуна мамлекеттик мекеме, органдардын көмөктөшпөгөнү).
Көрсөтүлгөн кайрылуулар жана даттануулар боюнча КР БШК тарабынан төмөнкү чечимдер кабыл алынды:
- 8 кайрылуу жумушчу топ тарабынан мыйзам талаптарына ылайык маңызы боюнча кароо жана тиешелүү чара көрүү үчүн мамлекеттик органдарга жөнөтүлдү;
- 11 кайрылуу боюнча жумушчу топтор чечим кабыл алышкан, алардын сегизи КР БШКнын жыйынына коюлуп, БШК тиешелүү чечимдерди кабыл алган;
- ЖМКларга («ЭлТР», «КТРК», «5-канал», «Азия news» жана «Вечерний Бишкек»газеталары) карата шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү эрежелерин бузууга жол берилбестик тууралуу 5 эскертүү берилди;
- 4 кайрылуу тиешелүү чара көрүү үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүлдү;
- шайлоочулардын тизмелериндеги кемчиликтерге байланыштуу1 арыз Мамлекеттик каттоо кызматына жөнөтүлдү;
- 2 арыз боюнча КР БШК“макул” жана “каршы” үгүт топторуна мыйзамга ылайык үгүт жүргүзүүсү үчүн шайлоочулар менен жолугушууларды уюштурууга көмөктөшүү жөнүндө маселе менен жогорку окуу жайларына кайрылды;
- 3 даттануу маңызы боюнча кароо жана тиешелүү чара көрүү үчүн аймактык шайлоо комиссияларына жөнөтүлдү.
Ошону менен бирге “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын талаптарын бекем сактоо маселеси боюнча БШК эки жолу ЖМКларга кайрылуу жасады.
Берилген маалыматты кароонун жыйынтыктары боюнча КР БШКнын жыйынында ал маалыматты эске алуу жана Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 11-декабрына дайындалган референдумун даярдоо жана өткөрүү мезгилинде түшкөн арыздаржана даттануулар жөнүндө реестрди жыйынтыктоочу протоколго тиркөө чечими кабыл алынды.
КР БШК басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
КР БШК:“Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзам долбоору боюнча 2016-жылдын 11-декабрындагы Кыргыз Республикасынын референдумунун (бүткүл элдик добуш берүүнүн) натыйжалары тууралуу токтом кабыл алынды
Бүгүн - 2016-жылдын 22-декабрындаКР БШКнын жыйынында 2016-жылдын 11-декабрындагы Кыргыз Республикасынын референдумунун (бүткүл элдик добуш берүүнүн) натыйжалары тууралуу протокол бекитилди жана КР БШКнын “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзам долбоору боюнча 2016-жылдын 11-декабрындагы Кыргыз Республикасынын референдумунун (бүткүл элдик добуш берүүнүн) натыйжалары тууралуу” №244 токтому кабыл алынды.
Токтомдо минтип белгиленет: “Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 106-беренесине, “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (мындан ары – Конституциялык мыйзам) ылайык, “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 3-ноябрындагы № 174 Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) 2016-жылдын 11-декабрында “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын референдумун (бүткүл элдик добуш берүүнү) даярдоону жана өткөрүүнү камсыз кылды.
Конституциялык мыйзамдын 37-беренесине ылайык Борбордук шайлоо комиссиясы, шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча аймактык шайлоо комиссияларынын тиешелүү аймактар боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорунун негизинде, аларда камтылган маалыматтарды кошуу жолу менен 2016-жылдын 11-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын референдумунун натыйжалары жөнүндө протокол (мындан ары – референдумдун натыйжалары жөнүндө протокол) түздү.
Ошол эле учурда Борбордук шайлоо комиссиясынын 2016-жылдын 22-декабрындагы №243 токтомуна ылайык, референдумдун натыйжалары жөнүндө протокол түзүлгөндө, добушберүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылган референдум участкалары боюнча маалыматтар жокко чыгарылгандыгы эске алынды. Референдумдун натыйжалары жөнүндө протоколго ылайык: Референдумдун катышуучуларынын тизмесине киргизилген жарандардын жалпы саны 2 816 423; Добуш берүүгө катышкан референдумдун катышуучуларынын саны 1 190 752 же референдумдун катышуучуларынын тизмесине киргизилген жарандардын жалпысанынын 42,44 пайызы; Добушка коюлган суроого “МАКУЛ” деп жооп берген референдумдун катышуучуларынын саны 948 185 же добуш берүүгө катышкан референдумдун катышуучуларынын санынын 79,63 пайызы; Добушка коюлган суроого “КАРШЫ” деп жооп берген референдумдун катышуучуларынын саны 185 140 же добуш берүүгө катышкан референдумдун катышуучуларынын санынын 15,55 пайызы.
“Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 37-беренесине жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КыргызРеспубликасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 24-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 11-декабрындагы Кыргыз Республикасынын референдумунун (бүткүл элдик добуш берүүнүн) натыйжалары жөнүндө протоколу бекитилсин (тиркелет). 2. “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 3-ноябрындагы № 174 Мыйзамына ылайык долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын референдумуна (бүткүл элдик добуш берүүгө) чыгарылган “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу боюнча референдум (бүткүл элдик добуш берүү) болуп өттү деп табылсын. 3. “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 3-ноябрындагы № 174 Мыйзамына ылайык долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) чыгарылган жана “ЭркинТоо” газетасынын 2016-жылдын 4-ноябрындагы № 94 санына жарыяланган “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2016-жылдын 11-декабрында референдумда (бүткүл элдик добуш берүүдө) кабыл алынды деп эсептелсин. 4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлсүн. 5. Бул токтом “ЭркинТоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоожана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
Төмөн турган шайлоо комиссияларынын протоколдорунун жалпы кошунду маалыматтары боюнча жыйынды таблица
КР БШК басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
БШК Чүй облусунун Искра айылындагы түнөк жайдын тургундарынын добуш берүүсүнүн натыйжаларына даттанууну карады
19-декабрда БШКга Б. Макенбаевадан Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүү учурунда Искра айылындагы шайлоо участогунда добуш берүүнүн натыйжалары боюнча даттануу арызы түштү.
Б. Макенбаевадаттануу арызында Чүй облусунун Искра айылындагы психоневрологиялык түнөк жайында референдум алдында “тил алчаак”тургундарды паспорттоштуруу өткөрүлгөнүн белгилеген. Бирок бул маалымат далилдер менен ырасталган эмес.
Арыз ээси даттануу арызында аталган түнөк жайда“макул” жана “каршы”үгүт жүргүзүлгөнбү же жокпу деп суроо койгон.
Ушундай жүйөөлөрдүн негизинде Б. Макенбаева БШКдан түнөк жайдын тургундары катышканшайлоо участогунда добуш берүүнүн натыйжаларынжокко чыгарууну өтүнгөн.
БШК 2016-жылдын 17-ноябрында “Кыргыз Республикасынын шайлоолорун жаан референдумдарын өткөрүүдө айрым категориялардагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жөнүндө” №216 токтому менен Жобону бекитип, бул документти зарыл чараларды көрүү үчүн тиешелүү мекемелерге жөнөткөн.
Ошону менен бирге Борборшайком Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык БШК үгүт жүргүзүүүчүн шайлоо процессинин бардык катышуучуларына тең шарт түзөрүн, бирок үгүт жүргүзүүгө ыйгарым укугу жок экенин белгиледи.
БШК 2016-жылдын 21-декабрдагы жыйынында Б. Макенбаеванын даттануусун канааттандыруудан баш тартуу тууралуу чечим кабыл алды. Ошол эле учурда кээ бир категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруу боюнча талдоо жүргүзүп, мындан аркы чараларды иштеп чыгуу үчүн даттануу арызы БШКнын шайлоо процессин талдоо жана өркүндөтүү боюнча жумушчу тобуна жөнөтүлдү. Ал эми Б. Макенбаевага бул маселелер боюнча өз ара аракеттешүү сунушталды.
КР БШК басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
БШК Б.Макенбаеванын №2136 жана №2141 УШКларында добуш берүүнүн натыйжалары боюнча даттануусун канааттандыруудан баш тартты
19-декабрда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүү учурунда №2136 жана №2141 шайлоо участокторунда добуш берүүнүн натыйжалары боюнча Б. Макенбаевадан даттануу арызы түштү.
Б. Макенбаеванын социалдык түйүндөрдөн алган маалыматы боюнча референдумда добуш берүүнү кол менен санагандан кийин “макул” деген добуштардын саны АЭУнун алдын-ала берген маалыматтарына караганда кыйла көбөйтүлгөн. Кыргыз Республикасынын референдумунда №2136 жана №2141 шайлоо участокторунда добуш берүүнүн натыйжалары боюнча АЭУнун маалыматтарын жана кол менен саноонун протоколдорун салыштырып көрүп, БШКнын жумушчу тобу “макул” жана “каршы” деп берилген добуштардын сандары бири бирине дал келерин аныктады.
Ошентип, №2136 жана №2141 шайлоо участокторунда референдум боюнча добуштарды кайра саноо үчүн БШК мыйзамдуу негиз тапкан жок.
Ошондой эле БШК “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 45-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык даттануу арызы берилген учурга карата добуш берүүнүн натыйжаларын даттануу мөөнөтү бүткөнүн белгиледи.
БШК 2016-жылдын 21-декабрдагы жыйынында Б. Макенбаеванын даттануусун канааттандыруудан баш тартуу тууралуу чечим кабыл алды.
КР БШК басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
БШК талапкердин жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлердин партиялык тизмесинен чыгуусунун тартиби жөнүндө жобону бекитти
2016-жылдын 20-декабрында КР БШК жыйынында “Талапкердин жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен чыгуусунун жана добуш берүү күнүнөн кийин шаардык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин кезегин өзгөртүүтартиби жөнүндө” жобо бекитилди.
Жобого ылайык талапкерлердин тизмесинен чыгууну каалаган депутаттыкка талапкертиешелүү арызды жазып, аны жеке өзү аймактык шайлоо комиссиясына алып келүүгө тийиш. Ал факт аймактык шайлоо комиссиясынын каттоо журналына катталып, ага талапкер өз колун коюшу керек.
Эгерде талапкерарыздыөзүалып келе албаса, аны партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү аркылуу берип жибере алат. Мындай учурда талапкердинколу нотариус аркылуу күбөлөндүрүлгөн болууга тийиш.
Жобонун тексти менен төмөнкү шилтеме боюнча таанышса болот.
КР БШК басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
БШК Кара-Балта шаардык кеңештиндепутаттарын шайлоодо «Жаны-Шаар» саясий партиясы үчүн берилген добуштарды жараксыз деп тапты жана шайлоодо оң натыйжаларга жетүү үчүн мыйзамдуу ыкмалар менен мамилелерди гана колдонууга чакырды
БШКга Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынан Жайыл районунун ички иштер бөлүмүндө 2016-жылдын 10-декабрында №2700 мененкатталган«Жаңы-Шаар» саясий партиясынын өкүлдөрү тарабынан мыйзамдарды бузган фактылар боюнчаматериалдардын көчүрмөлөрү түштү.
Укук коргоо органдары берген материалдарга ылайыкЖ. Сабырбеков аттуу жаран Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнө2016-жылдын 9-декабрындаКара-Балта шаарынын аймагында тамак-аш азыктары жана 200 сом үчүн «Жаңы-Шаар» партиясынын(шайлоо бюллетенинде №5) пайдасына добуштарды сатып алууга ниеттенишкен эки аялга карата чара көрүү тууралуу арыз менен кайрылган.
Андан тышкары, Чүй облусунун ИИББ тарабынан Жайыл районунунКара-Балта шаарынын 23 тургунунан Жайыл районунун ИИБ башчысынын ысмына жазылган арыз көрсөтүлдү. Алар арызында Кара-Балта шаарында жайгашкан «Азия-2» базарынын башчысы Сегизбаева С.ар бир арендатордон уулу менен кызынын талапкерлиги көрсөтүлүп жаткан «Жаңы-Шаар» партиясы үчүн добуш берүүсү үчүн шайлоого 10 адамдан алып келүүсүн талап кылып, шайлоочуларга – аталган базардын арендаторлоруна кысым көрсөтүп жатканын билдиришкен. Сегизбаева С. аталган партия үчүн тийиштүү добушту камсыздабаган арендатордунижара акысын добуш берүү күнүнөн кийин эки эсе көбөйтөрүн айткан.
БШКнын даттанууларды жана арыздарды кароо боюнча жумушчу тобу «Жаңы-Шаар» партиясынын төрагасы Т. Нааматбековдун маалыматын угуп, материалдарды карап чыкты. Карап чыгуунун натыйжасында мыйзамдарды одоно бузгандыгы үчүн жумушчу топ Борбордук шайлоо комиссиясына Кара-Балта шаардык кеңештин депутаттарын шайлоодо «Жаны-Шаар» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмеси боюнча добуштардын жыйынтыктарын жараксыз деп табууну сунуштады. Ушуга ылайык Кара-Балта шаарынын бирдиктүү шайлоо округу боюнча «Жаны-Шаар» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмеси үчүн белгиленген бюллетендерди дагыжараксыз деп табуу чечилди. Ушундан улам Жайыл аймактыкшайлоо комиссиясыКара-Балта шаардык кеңешке шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду БШКнын «Жаны-Шаар» саясий партиясы көрсөткөн талапкерлердин тизмеси үчүн берилген добуштардыжараксыз деп табуу жөнүндө токтомуна ылайык келтирүүгө тийиш.
Жумушчу топтун жана БШКнын жыйындарында «Жаңы-Шаар» партиясынын төрагасы Т. Нааматбековдун маалыматы угулуп, ал жакын тууганы – энеси Сегизбаева С. тарабынан чындыгында эле “жаңылыштык” кетирилгенин мойнуна алды жана жеке жоопкерчилик тартууга даярдыгын билдирди, бирок партияны жазалабастан, тизмени каттоону жоккочыгарууну суранды. Ал өзү бул партиядан талапкерлердин тизмесинин башында турганын жана талапкерлердин тизмесинде анын карындашы жана бир тууганы бар экенин эске салабыз.
БШК мүчөлөрү жыйында жумушчу топ сунуштаган чечимдин долбоорун бир добуштан колдошту. БШК чечими укук коргоо органдарына жөнөтүлмөкчү.
БШК төрагасы Н. Шайлдабекова кабыл алынган чечимдин жыйынтыгы боюнча «Жаңы-Шаар» партиясынын төрагасы Т. Нааматбековго кайрылып, шайлоочуларды сатып алуу учурда шайлоо процессинин кадыр-баркын кетирген негизги мыйзам бузуулардан болуп саналарын, БШК шайлоодо оң жыйынтыктарга жетүү үчүн сатып алууну пайдаланган адамдарга жана уюмдарга карата шайлоо мыйзамдарынын алкагында мүмкүн болгон чараларды көрөрүн белгиледи.
“Партиялардын милдети – жарандардын топторунун кызыкчылыктарын билдирүү. Жаш партиялар шайлоого катышардан мурда шайлоо мыйзамдарын жоопкерчилик менен окуп-үйрөнүүгө жана жеңишке жетишүү жана шайлоочулардын добушун алуу үчүн мыйзамдуу ыкмалар менен мамилелерди гана колдонууга тийиш. Партиянынтөрагасы катары Сиз жалпысынан партиянын шайлоого катышуусу үчүн жана партиянын мүчөлөрүнүн, анын үстүнө депутаттыкка талапкерлердин мыйзамдарды сакташы үчүн жоопкерчилик тартасыз”, деди ал.
БШК мүчөсү Гүльнара БаатыроваБШКнын чечимин колдоп, жаштардын өкүлдөрүнөн турган партиялар жаңы, таза мамилелер жагынан өрнөк болушу керек экенин, бирок «Жаңы-Шаар» партиясынын аракеттери тажрыйбасыздык жана туура эмес багыт менен шайлоого катышуу жакшы натыйжаларга алып келбей турганын көрсөтүүдө, деп белгиледи.
КР БШК басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
БШК “Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция” КБнин Жалал-Абад шаарындагы УШКда мыйзам бузуулар жөнүндө кайрылуусун канааттандырды
18-декабрда БШК жыйынында“Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция” КБнин байкоочусу К.М. Шералиевдин Жалал-Абад шаарындашайлоо мыйзамдарын бузууларга байланыштуу даттануусун канааттандыруу жөнүндө чечим кабыл алды.
К.М. Шералиев2016-жылдын 11-декабрында Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо № 2096 шайлоо участогунда добуш берүүнүн жүрүшүндө АЭУ бузулганы тууралуу даттануу берген. АЭУнун ордуна добуш берүү үчүн стационардык үкөк (айнек урна) коюлган. Участокко техникалык колдоо тобу келип, АЭУнун иштөөсүн калыбына келтирген, бирок АЭУ бузулганы тууралуу акт түзүлгөн эмес.
№ 2096 шайлоо участогунда добуш берүү аяктагандан кийин МККнын операторунун алдын-ала маалыматы боюнча добуш берген шайлоочулардын саны 773дү түзгөн, бирок участоктук шайлоо комиссиясынын жыйынтык протоколунда добуш берген шайлоочулардын жалпы саны 1479ду түзгөн.
Арыз ээси андан тышкары шайлоочулардын добушун саноонун жүрүшүндө мыйзам бузуулар болгонун көрсөткөн. Мисалы, участоктук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын добушун түздөн-түз саноонун алдында АЭУ боюнча добушберүүнүн алдын-ала жыйынтыктарын жарыялаган эмес. Участоктукшайлоо комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан шайлоочулардын добушу кол менен саналган, добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протокол түзүлгөн, ошондон кийин гана АЭУнун чеги басылган.
13-декабрдаК.М. Шералиев№ 2096 участогунда добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгаруу тууралуу даттануу менен Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясына (АШК) кайрылган, АШК анын даттануусун канааттандыруудан баш тарткан.
БШК Жалал-Абад шаарынын№ 2096 участогундагыдобуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгарып,К.М. Шералиевдин даттануусун канааттандыруу жөнүндө чечим кабыл алды.
КР БШК басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
БШК Пригородный айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин даттануусун канааттандыруудан баш тартты
18-декабрда БШК жыйынында №1 шайлоо округу боюнчаПригородный айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин (Жолдошев М., Балыкозова Э., Айдарова Г., Омуралиев Ж., Кудиева Г., Исаева Г., Нокоева Г.) 2016-жылдын15-декабрындагыдаттануусункарады. Даттануу ээлери Аламүдүн районунун аймактык шайлоо комиссиясынын (мындан ары - ААШК) №1 шайлоо округу(№7159 УШК) боюнча Пригородный айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону жараксыз деп табуу тууралуу 2016-жылдын 14-декабрындагы№28 чечимине өздөрүнүн макул эместигин билдиришкен.
ААШКнын 2016-жылдын 14-декабрындагы жыйынынын №28 протоколуна ылайык ААШК№7159шайлоо участогундадобуш берүүпроцессиндедобуш берүүнүн жыйынтыктарына таасир этүүчү шайлоо мыйзамдарын одоно бузуу орун алган деген тыянакка келген. Маселен, МККнын операторлорунун жыйынтык отчётуна ылайыкдобуш берүүгө 1039 шайлоочу катышкан, ал эми АЭУнун жыйынтык отчёту боюнча урнага 1059 бюллетень салынган. Ошентип, шайлоочуларгабюллетендер мыйзамдарды бузуу менен берилгени аныкталган. Даттанууну кароонун жыйынтыгында ААШК №1 шайлоо округу (№7159 УШК) боюнча Пригородный айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону жараксыз деп табуу, ошондой эле мыйзам бузууларга жол бергени үчүн №7159 УШКны таркатуужөнүндө чечимкабыл алган.
2016-жылдын 15-декабрындагы даттануусундаПригородный айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлерААШКнын 2016-жылдын 14-декабрындагы №28 чечиминин легитимсиздиги тууралуу кандайдыр-бир жүйөөлөрдү же далилдерди келтирбегени үчүн БШКнын Жумушчу тобу ААШКнын жогоруда аталган чечимин жокко чыгаруу үчүн негиз тапкан жок.
БШК Пригородный айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин даттануусун канааттандыруудан баш тартуу тууралуу чечим кабыл алды.
КР БШК басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Индиянын БШК өкүлү Бидют Бихари:автоматташтырылган модель шайлоонун ачык-айкын жана так болушуна өбөлгө түзөт
Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоору боюнча референдумда жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо добуш берүү процессине байкоо жүргүзүүгөИндиянын БШК мүчөсү Бидют Бихари жетектеген Борбордук шайлоо комиссиясынын делегациясы катышты.
Кыргызстан менен Индиянынборбордук шайлоо комиссияларынынортосундагы кызматташтык 2015-жылыкол коюлган шайлоо тармагындагы өз ара түшүнүү жана кызматташуу тууралуу кыргыз-индия Меморандумунун алкагында ишке ашырылууда.Меморандумга ылайык байкоочулар миссиялары менен алмашуудан тышкары эки өлкөнүн шайлоо органдары шайлоону уюштурууда окутуу, тажрыйба алмашуу боюнча дагы кызматташат. Шайлоо процессинде жаңы технологияларды колдонуу жагынан дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдөн болуп саналган Индия тарап добуштарды электрондук эсептөө маселелери жана шайлоо процессинин катышуучуларынын укуктук маданиятын жогорулатуу боюнча окутуп-үйрөтүү семинарларын өткөрүүдө.
Индияда 25 жылдан бери шайлоочулардындобуштарын автоматтык түрдө эсептөөчү тутум (киргизилген кыргыз моделине окшош) пайдаланылууда.
Кыргызстанга келгенде Индиянынбайкоочулар миссиясы Бишкек шаарынын борборундагы жана айланасындагы бир катар шайлоо участокторундаболушту.
Өз миссиясынын жыйынтыктарыбоюнча журналисттер менен жолугушууда ИндияРеспубликасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү Бидют Бихари Свентехникалык мүнөздөгү көйгөй маселелер байкалганын белгиледи:“Ал проблема жакшы үйрөтүлгөн техникалык кызматкерлердин аракети менен 20 мүнөт ичинде четтетилди. Мен бул анча олуттуу мыйзам бузуу деп эсептебейм, анын үстүнө Кыргызстанэсептөөчү урналарды пайдалануу мененшайлоонуэкинчи жылы гана өткөрүүдө. Индияда мындай тутум 25 жылдан берипайдаланылууда, бизде дагы ушуга окшогон техникалык мүнөздөгү анча олуттуу эмес көйгөй маселелер орун алууда. Бул добуш берүүнүн жыйынтыктарына таасир этпейт, тескерисинче, автоматташтырылган модель шайлоонун ачык-айкын жана так болушуна өбөлгө түзөт”.
“Биз шайлооменен референдумду жакшы деңгээлде уюштуруп, өткөргөн кыргыз кесиптештерибиздин ишин жогору баалайбыз”, деди андан ары Б. Бихари.
КР БШК басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
БШК Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттары үчүн төш белгилерди даярдоочу компанияны аныктады
“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын жана Конкурстук табыштамаларды баалоо боюнча усулдук нускамага (Финансы министрлигинин 2015-жылдын 14-октябрдагы №175 буйругу менен бекитилген) ылайык БШК мамлекеттик сатып алуулардын веб–порталына эки лотко - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттары үчүн төш белгилерге жана күбөлүктөргө конкурс жөнүндө кулактандырууну жайгаштырды.
2016-жылдын 12-декабрында берилген табыштамаларды ачуу болуп өттү. Төш белгилерди даярдап берүүгө конкурска катышуу үчүн төмөнкү компаниялар жана жеке ишкерлер табыштамаларды беришти:
• Атабаев Ч.П.,
• Бейшенов Т.А.,
• Джуматаев Т.Э.,
• ОсОО "M plus L Ltd",
• ОсОО "Алан Тур",
• ОсОО "Ваш поставщик",
• ОсОО "Дастан Строй Групп",
• ОсОО " Пятый Партнер",
• ОсОО "Статус 372",
• ОсОО "Медальер",
• Подстречный В.Н.
2016-жылдын 14-декабрында БШК мүчөсү Кайрат Осмоналиевдин төрагалыгы астында конкурстук комиссиянын жыйыны өтүп, анда тиешелүү табыштамалар жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттары үчүн төш белгилердин жана күбөлүктөрдүн үлгүлөрү каралды.
Комиссия төш белгилердин техникалык талаптарга ылайыктуулугуна корутунду берсин үчүн «Кыял» ЭКӨУБ ишканасынын цехинин чебери Н.К. Касиевди адис катары тарткан. Ал конкурстун катышуучулары тарабынан берилген төш белгилердин үлгүлөрүндө латундун негизи бар-жоктугу боюнча өз корутундусун берди.
Даярдап берүүчүлөргө карата коюлуучу техникалык талаптарга ылайык төш белгилер төмөнкү параметрлерге ылайык келүүгө тийиш:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутатынын төш белгиси (мындан ары - төш белги) – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Туусунун 27х16 мм, Туунун сабы - 5 мм габариттик өлчөмдөрүндөгү стилдештирилген сүрөтүн көрсөтөт.
2. Төш белгинин негизи калыңдыгы 1,5 мм, “алтын” өңдүү түс менен капталган латундан даярдалат.
3. Төш белгинин контуру тегизделип жана сүрүлгөндөн кийин “алтын” өңдүү түс менен жалатылат. Төш белгинин алдыңкы бети максималдуу чагылып турушу үчүн кызыл түстөгү жука акриль эмалы менен капталат.
4. Төш белгинин бардык үстүңкү бети көркөмдүктү, көлөмдү жана жалтыроону берген оптикалык компаунд менен жабылат. Төш белгинин борборунда мамлекеттик Туунун элементтеринен “түндүк” чагылдырылган. Төш белгинин төмөнкү бөлүгүндө толкун түрүндө “ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШ” деген тийиштүү сөздөр жайгаштырылат. Күндүн нурун, түндүктү жана тиешелүү жазууларды чагылдыруу “алтын” өңдүү түс берүү ыкмасы менен аткарылат.
5. Төш белгинин арткы бетинде болоттон жасалган, чечилип кетүүдөн сактоочу бөлүгү бар тигинен төөнөгүч жайгашкан, ал “муздак ширетүү” ыкмасы менен төш белгинин негизине бекитилет.
Даярдап берүүчүлөргө коюлуучу квалификациялык талаптарга ылайык конкурска катышуучу компаниялар төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш:
1. Акыркы 2 жылдагы (2014 – 2015-жылдар) бухгалтердик баланстын түп нускасынын көчүрмөсү сканерленип, ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан күбөлөндүрүлгөн бардык тиркемелери менен берилиши керек.
2. Уставдын түп нускасынын көчүрмөсү сканерленип берилиши керек.
3. Катталгандыгы жөнүндө күбөлүктүн түп нускасынын көчүрмөсү сканерленип берилиши керек.
4. 500 миң сомдон кем эмес суммага окшош жумуш аткарган тажрыйбасы болууга тийиш (3төн кем эмес окшош келишимдин түп нускаларынын көчүрмөлөрү сканерленип, келишимдер боюнча милдеттенмелердин аткарылганын ырастаган документтер тиркелип берилиши керек).
5. Карызы жок экени тууралуу Социалдык фондудан маалымкаттын түп нускасынын көчүрмөсү сканерленип берилиши керек.
6. Карызы жок экени тууралуу салык кызматынан маалымкаттын түп нускасынын көчүрмөсү сканерленип берилиши керек.
Комиссиянын мүчөлөрү берилген табыштамаларды карап чыгып, конкурстук, квалификациялык жана техникалык талаптарга ылайыктуулугун текшерип, ошондой эле өндүрүүчүлөр сунуштаган нарктарды (бааларды) эске алып, конкурстун жеңүүчүсү катары «Медальер» ЖЧК компаниясын тандоо тууралуу чечим кабыл алды, анын натыйжасында 1 080 000 сом үнөмдөлдү.
КР БШК басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы №1044шайлоо участогундагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгарды
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча 11-декабрда Бишкек шаарындагы №1044 шайлоо участогунда автоматтык эсептөөчү урна (АЭУ) кыска убакытка бузулуп, биометрикалык иденттештирүүдөн өткөн жана добуш берүү үчүн бюллетень алган шайлоочулар кезекке туруп калышкан.
Байкоочулар, арасында кары адамдар, кош бойлуу аялдар тарабынан шайлоокомиссиясынын мүчөлөрүнө кысым көрсөтүлгөн.
Аймактыкшайлоо комиссиясынан алынып келчү стационардык урнаны күтпөстөн (30 мүнөт өткөндөн кийин),участоктук шайлоо комиссиясынын (УШК) бардык мүчөлөрүнүн чечими боюнча жана байкоочулардын макулдугу менен бюллетендерди картон үкөккө салуу чечими кабыл алынган.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын участокто добуш берүүнүн тартиби жазылган 31-беренесине ылайык участоктук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү өздөрүнүн ыйгарым укуктарынан аша чаап, шайлоо мыйзамдарын бузушкан. Бул факты боюнча байкоочулардан Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына даттануу арызы түшкөн.
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы№1044 шайлоо участогундадобуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп табуу жөнүндө чечим кабыл алды.
КР БШК басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
2016-жылдын 12-декабрына карата “макул” жана “каршы” үгүт топторунун акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө Отчет
"Макул" үгүт тобу
Топтун аталышы
Түшкөнү
Чыгымдаганы
Калдыгы
№ 2 "Макул" үгүт тобу
500 000
175 355
324 645
№ 3 "Макул" үгүт тобу
0
0
0
№ 5 "Макул" үгүт тобу
0
0
0
№ 7 "Макул" үгүт тобу
8 120
8 020
100
№ 9 "Макул" үгүт тобу
30 000
8 500
21 500
"Каршы" үгүт тобу
Топтун аталышы
Түшкөнү
Чыгымдаганы
Калдыгы
№ 1 "Каршы" үгүт тобу
2 000
2 000
0
№ 2 "Каршы" үгүт тобу
206 000
200 150
5 850
№ 3 "Каршы" үгүт тобу
0
0
0
КР БШК мүчөсү,
КРГ КР БШК КТТ жетекчиси БаатыроваГ.М.
Кененирээк билүү >>
2016-жылдын 12-декабрына карата айылдык кенештерге өзүн өзү көрсөткөндөрдүн акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө Отчет
Айылдык кенештер
Талапкер
Айыл
Түшкөнү
Чыгымдаганы
Калдыгы
Муминов Б.С.
Биринчи Май айылдыккеңеши
600
500
100
Республика-АтаЖурт
Ак-Башатайылдыккенеши
14 400
14 265
135
Гайворонский А.А
Беловодское айылдыккеңеши
620
505
115
Джумалиев Д.Ш.
Беловодское айылдыккеңеши
500
400
100
Тагаев З.Э.
Беловодское айылдыккеңеши
620
505
115
Касымов М.Ч.
Беловодское айылдыккеңеши
3 000
2 900
100
Дюшекеев Б.М.
Беловодское айылдыккеңеши
500
0
500
Батырканов К.К.
Көк-Жар айылдыккеңеши
1 160
1 000
160
Ташматов Э.Т.
Арал айылдыккеңеши
4 500
4 400
100
Табалдиев М.Б.
Петровка айылдыккеңеши
500
0
500
Ниязалиев А.Т.
Петровка айылдыккеңеши
1 500
1 400
100
Кулданов А.П.
Садовое айылдыккеңеши
1 000
0
1 000
Альпайцев С.Н.
Беловодское айылдыккеңеши
500
0
500
Суеркулов М.К.
Биринчи Май айылдыккеңеши
500
220
280
Казыкеев Б.Э.
Биринчи Май айылдыккеңеши
200
0
200
Жаныбек к. Н.
Садовое айылдыккеңеши
750
750
0
Токтомушев Б.Н.
Беловодское айылдыккеңеши
5 000
5 000
0
Аргымбаев А.К.
Беловодское айылдыккеңеши
500
500
0
Алыбеков Б.Ж.
Беловодское айылдыккеңеши
520
520
0
Ибраимов А.С.
Беловодское айылдыккеңеши
2 020
2 020
0
Шабданалиев Д.Э.
Беловодское айылдыккеңеши
2 020
2 020
0
Чекирбаев О.
Беловодское айылдыккеңеши
500
0
500
Шаршенов К.
Беловодское айылдыккеңеши
500
0
500
Сыйданов У.К.
Беловодское айылдыккеңеши
1 020
1 020
0
Сыйданова Э.Д.
Беловодское айылдыккеңеши
1 000
1 000
0
Куликова И.А.
Беловодское айылдыккеңеши
500
500
0
Такырбашева А.О.
Беловодское айылдыккеңеши
500
500
0
Такырбашев А.Д.
Беловодское айылдыккеңеши
200
200
0
Кравченко А.С.
Беловодское айылдыккеңеши
2 540
2 540
0
Бангард С.В.
Беловодское айылдыккеңеши
300
300
0
Шкирман С.В
Беловодское айылдыккеңеши
1 020
1 020
0
Губарь В.С
Беловодское айылдыккеңеши
1 020
1 020
0
Севостьянов А.А
Беловодское айылдыккеңеши
3 790
3 790
0
Наматбеков Б.Т.
Беловодское айылдыккеңеши
1 020
1 020
0
Сулайманов Н.Э.
Беловодское айылдыккеңеши
1 500
1 500
0
Абдылазимов А
Беловодское айылдыккеңеши
770
770
0
Муратов Ж.М.
Беловодское айылдыккеңеши
10 500
10 400
100
Иманжанов А.М.
Беловодское айылдыккеңеши
2 150
2 150
0
Сауров К.К.
Беловодское айылдыккеңеши
200
0
200
Кулжанов Т.К.
Беловодское айылдыккеңеши
500
0
500
Киссельман Э.В.
Беловодское айылдыккеңеши
500
0
500
Кантышев В.М.
Беловодское айылдыккеңеши
500
500
0
Рыскулов К.Д
Беловодское айылдыккеңеши
500
500
0
Нажиев М.Д.
Беловодское айылдыккеңеши
500
0
500
Шабаев Д.М.
Беловодское айылдыккеңеши
500
0
500
Копылов Н.А.
Беловодское айылдыккеңеши
500
0
500
ХеГодун
Беловодское айылдыккеңеши
500
0
500
Джумагулов А.Ш.
Төлөк айылдыккеңеши
200
0
200
Исабеков Н.Н
Беловодское айылдыккеңеши
200
0
200
Республика-АтаЖурт
Базар-Коргонайылдыккеңеши
23 400
23 400
0
Джапаков Д.К.
Көк-Жар айылдыккеңеши
200
200
0
Патриот ынтымагы
Боролдоайылдыккеңеши
3 000
3 000
0
Бакиров Т.О.
Сретенкаайылдыккеңеши
200
0
200
Республика-АтаЖурт
Вознесеновка айылдыккеңеши
11 980
11 980
0
Патриот ынтымагы
Дуйшеевайылдыккеңеши
3 000
3 000
0
Патриот ынтымагы
Ильич айылдыккеңеши
3 000
3 000
0
Таштанбаев Э.Ж
Каныш-Кыяайылдыккенеши
50 000
25 000
25 000
Ташбекова Б.С
Кулунду айылдыккеңеши
2 000
0
2 000
Калыкулова Г.Б.
Кулунду айылдыккеңеши
2 000
1 000
1 000
Ахмедов М.Х.
Целинный айылдыккеңеши
200
0
200
Ахмедов М.А.
Целинный айылдыккеңеши
200
0
200
Алиев Р.Х.
Целинный айылдыккеңеши
200
0
200
Осорбаев Э.К.
Целинный айылдыккеңеши
200
0
200
Усманов Б.Х.
Целинный айылдыккеңеши
200
0
200
Тангатаров С.А.
Целинный айылдыккеңеши
200
0
200
Сулейманов Х.Р.
Целинный айылдыккеңеши
200
0
200
Нуракбаев К.С.
Целинный айылдыккеңеши
200
0
200
Джузупов Б.Ж.
Целинный айылдыккеңеши
200
0
200
Нурбек у. А
Алдаш (Саруу) айылдыккеңеши
5 000
5 000
0
СДПК
Жети-Огуз
113 600
113 600
0
Сарбагишев Б.Б.
Ак-Сууайылдыккеңеши
300
0
300
Джумалиева А.А.
Төмөнкү-Аларчаайылдыккеңеши
1 350
1 350
0
Чарабаева Г.А.
Төмөнкү-Аларчаайылдыккеңеши
1 350
1 350
0
Джетмишбаева Г.Б
Төмөнкү-Аларчаайылдыккеңеши
1 350
1 350
0
Тыналиева Г.Т.
Төмөнкү-Аларчаайылдыккеңеши
1 470
1 470
0
Бейшеналиев И.М
Петровка айылдыккеңеши
500
500
0
Мырзалиев К.Д.
Петровка айылдыккеңеши
200
0
200
Кожомкулов М.С.
Петровка айылдыккеңеши
200
0
200
Абибуллаев Р.С.
Петровка айылдыккеңеши
300
0
300
Эсенова Ш.К.
Петровка айылдыккеңеши
500
0
500
Юрченко Н.Д.
Садовое айылдыккеңеши
500
0
500
Республика-АтаЖурт
Сокулукайылдыккенеши
18 700
18 657
43
Балтыриков М.Б.
Чапаев айылдыккеңеши
500
500
0
Мурзабеков А.С
Кароолайылдыккеңеши
1 500
1 500
0
Сарымсаков К.К.
Саз айылдыккеңеши
6 000
6 000
0
Республика-АтаЖурт
Жети-Огуз
23 360
23 360
0
Республика-АтаЖурт
Казарман
20 180
17 426
2 754
Республика-АтаЖурт
Ортоевскийайылдыккенеши
3 980
3 980
0
Республика-АтаЖурт
Курамаайылдыккенеши
7 980
7 980
0
Республика-АтаЖурт
Курпульдекскийайылдыккенеши
1 480
1 480
0
Республика-АтаЖурт
Чалдыбарскийайылдыккенеши
3 980
3 980
0
Республика-АтаЖурт
Фрузенскийайылдыккенеши
2 480
2 480
0
Республика-АтаЖурт
Нурманбетский Юрьевский Интернациональный айылдыккенеши
10 150
10 025
125
Оторбаев М.К.
Курпулдекайылдыккеңеши
1 000
0
1 000
Эганбердиев Х.Р.
Базар-Коргонайылдыккеңеши
1 500
1 500
0
Акбаров М.С.
Базар-Коргонайылдыккеңеши
2 000
2 000
0
Юсупбеков Э.К.
Базар-Коргонайылдыккеңеши
3 000
3 000
0
Абдумаликов А.А.
Базар-Коргонайылдыккеңеши
1 000
1 000
0
Рахманов Г.К
Базар-Коргонайылдыккеңеши
2 500
2 400
100
Шарипов М.
Базар-Коргонайылдыккеңеши
3 000
2 000
1 000
Кочоров Б.З.
Базар-Коргонайылдыккеңеши
2 000
2 000
0
Акбаров Ш.Э.
Базар-Коргонайылдыккеңеши
2 000
2 000
0
Сайдуллаев З.М.
Базар-Коргонайылдыккеңеши
1 000
1 000
0
Саадабаев Т.А
Курпулдекайылдыккеңеши
1 000
1 000
0
Кадыров Б.С.
Курпулдекайылдыккеңеши
3 020
2 430
590
Шарипов Ш.А.
Базар-Коргонайылдыккеңеши
1 500
1 500
0
Тойчиев К.И
Кызыл-Сууайылдыккеңеши
100
0
100
Каюмов Г.А.
Кызыл-Сууайылдыккеңеши
100
0
100
Орозбаев М.
Кызыл-Сууайылдыккеңеши
100
0
100
Кененирээк билүү >>
2016-жылдын 12-декабрына карата талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фондуларынан акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө Отчет
2016-жылдын 12-декабрына карата талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фондуларынан акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө Отчет Тиркеме
Кененирээк билүү >>
Кыргызстанда референдум ачык жана таза өттү, ШКУнун байкоочулар миссиясы мыйзам бузууларды аныктаган жок
Референдум ачык,таза жана демократиялык нукта өттү. Бул тууралуу Шанхай кызматташтык уюмунун байкоочулар миссиясынын мүчөлөрү бүгүн 12-декабрда Борборшайкомдун басма сөз борборунда журналисттер менен жолугушууда билдирди.
Алар жалпы элдик добуш берүүгө 63 участокто байкоо жүргүзүп, мыйзам бузууларды аныктаган эмес. ШКУнун башкы катчысынын орун басары Ван Кайвэнь Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум конституциялык мыйзамга жана кабыл алынган эл аралык милдеттенмелерге ылайык өткөнүн белгиледи. “Бүт добуш берүү процесси тынч жанадемократиялык кырдаалда өттү”, деди ал.
Анын айтуусу боюнчаШКУнун өкүлдөрүкээ биршайлоо участокторунда чакан кезек күтүүлөрдү байкаган, бул шайлоочулардын өздөрүнүн жарандык милдетин аткарууну каалагандыктарын күбөлүнлүрөт, “аларга эч кандай кысым көрсөтүлгөн жок”.
КР БШКнын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Шайлоо органдарынын бүткүл дүйнөлүк ассоциациясы: Кыргызстандын БШКсы референдумду өткөрүүнү адилеттүү жана ачык-айкын уюштура алды
Шайлоо органдарынын бүткүл дүйнөлүк ассоциациясы: Кыргызстандын БШКсы референдумду өткөрүүнү адилеттүү жана ачык-айкын уюштура алды Шайлоо органдарынын бүткүл дүйнөлүк ассоциациясынын (ШОБА)байкоочуларынын делегациясы бүгүн БШКнын басма сөз борборунда журналисттер менен жолугушту.
ШОБАнын техникалык жактан колдоо департаментинин директору Ким Енг Тактын айтуусу боюнча 11-декабрдагы шайлоо жанареферендум кылдат жана калыс өткөрүлдү. “Биздобуш берүүдөн кийин бир сааттын ичинде бардык участоктордон автоматтык эсептөөчү урналардан (АЭУ) жыйынтыктар тууралуу маалыматтар берилгенин жогору бааладык.
Адилеттүү жана ачык-айкын шайлоону даярдап, өткөрүүдөгү күч-аракеттери үчүнБШКга жана КР жарандарынабиз ыраазычылыгыбызды билдиребиз”, деди Ким Енг Так. Ал шайлоо тутумун мындан ары дагы өркүндөтүүнүн зарылдыгын белгиледи.
КР БШКнын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
25.09.2026
«Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону 2027-жылдын 27-январында эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду
25.09.2026
«Элдик Банк» жана «АБанк» КР Президентин шайлоого катышуучу талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк катары аныкталды
25.09.2026
КР БШКсы шайлоо жана референдум мезгилинде ЖМКларды аккредитациялоо жөнүндө жобону бекитти
25.09.2026
КР БШКсы 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитти
25.09.2026
КР БШКнын мүчөсү Тимур Оторбаев Монголиянын Башкы шайлоо комиссиясынын төрагасы менен жолугушту
25.09.2026
КР БШКнын 2026-жылдын 25-сентябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору