Башкы Жаңылыктар БШК Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттары үчүн төш …

БШК Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттары үчүн төш белгилерди даярдоочу компанияны аныктады

18-Дек, 2016

“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын жана Конкурстук табыштамаларды баалоо боюнча усулдук нускамага (Финансы министрлигинин 2015-жылдын 14-октябрдагы №175 буйругу менен бекитилген) ылайык БШК мамлекеттик сатып алуулардын веб–порталына эки лотко - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттары үчүн төш белгилерге жана күбөлүктөргө конкурс жөнүндө кулактандырууну жайгаштырды.

2016-жылдын 12-декабрында берилген табыштамаларды ачуу болуп өттү. Төш белгилерди даярдап берүүгө конкурска катышуу үчүн төмөнкү компаниялар жана жеке ишкерлер табыштамаларды беришти:

•        Атабаев Ч.П.,

•        Бейшенов Т.А.,

•        Джуматаев Т.Э.,

•        ОсОО "M plus L Ltd",

•        ОсОО "Алан Тур",

•        ОсОО "Ваш поставщик",

•        ОсОО "Дастан Строй Групп",

•        ОсОО " Пятый Партнер",

•        ОсОО "Статус 372",

•        ОсОО "Медальер",

•        Подстречный В.Н.

2016-жылдын 14-декабрында БШК мүчөсү Кайрат Осмоналиевдин төрагалыгы астында конкурстук комиссиянын жыйыны өтүп, анда тиешелүү табыштамалар жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттары үчүн төш белгилердин жана күбөлүктөрдүн үлгүлөрү каралды.

Комиссия төш белгилердин техникалык талаптарга ылайыктуулугуна корутунду берсин үчүн «Кыял» ЭКӨУБ ишканасынын цехинин чебери Н.К. Касиевди адис катары тарткан. Ал конкурстун катышуучулары тарабынан берилген  төш белгилердин үлгүлөрүндө латундун негизи бар-жоктугу боюнча өз корутундусун берди.

Даярдап берүүчүлөргө карата коюлуучу техникалык талаптарга ылайык төш белгилер төмөнкү параметрлерге ылайык келүүгө тийиш:

1.      Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутатынын төш белгиси (мындан ары - төш белги) – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Туусунун 27х16 мм, Туунун сабы - 5 мм габариттик өлчөмдөрүндөгү стилдештирилген сүрөтүн көрсөтөт.

2.      Төш белгинин негизи калыңдыгы 1,5 мм, “алтын” өңдүү түс менен капталган латундан даярдалат.

3.      Төш белгинин контуру тегизделип жана сүрүлгөндөн кийин “алтын” өңдүү түс менен жалатылат. Төш белгинин алдыңкы бети максималдуу чагылып турушу үчүн кызыл түстөгү жука акриль эмалы менен капталат.

4.      Төш белгинин бардык үстүңкү бети көркөмдүктү, көлөмдү жана жалтыроону берген оптикалык компаунд менен жабылат. Төш белгинин борборунда мамлекеттик Туунун элементтеринен “түндүк” чагылдырылган.  Төш белгинин төмөнкү бөлүгүндө толкун түрүндө “ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШ” деген тийиштүү сөздөр жайгаштырылат. Күндүн нурун, түндүктү жана тиешелүү жазууларды чагылдыруу “алтын” өңдүү түс берүү ыкмасы менен аткарылат.

5.      Төш белгинин арткы бетинде болоттон жасалган, чечилип кетүүдөн сактоочу бөлүгү бар тигинен төөнөгүч жайгашкан, ал “муздак ширетүү” ыкмасы менен төш белгинин негизине бекитилет.

 

Даярдап берүүчүлөргө коюлуучу квалификациялык талаптарга ылайык конкурска катышуучу компаниялар төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш:

1.      Акыркы 2 жылдагы (2014 – 2015-жылдар) бухгалтердик баланстын түп нускасынын көчүрмөсү сканерленип, ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан күбөлөндүрүлгөн бардык тиркемелери менен берилиши керек.

2.      Уставдын түп нускасынын көчүрмөсү сканерленип берилиши керек.

3.      Катталгандыгы жөнүндө күбөлүктүн түп нускасынын көчүрмөсү сканерленип берилиши керек.

4.      500 миң сомдон кем эмес суммага окшош жумуш аткарган тажрыйбасы болууга тийиш (3төн кем эмес окшош келишимдин түп нускаларынын көчүрмөлөрү сканерленип, келишимдер боюнча милдеттенмелердин аткарылганын ырастаган документтер тиркелип берилиши керек).

5.      Карызы жок экени тууралуу Социалдык фондудан маалымкаттын түп нускасынын көчүрмөсү сканерленип берилиши керек.

6.      Карызы жок экени тууралуу салык кызматынан маалымкаттын түп нускасынын көчүрмөсү сканерленип берилиши керек.

Комиссиянын мүчөлөрү берилген табыштамаларды карап чыгып, конкурстук, квалификациялык жана техникалык талаптарга ылайыктуулугун текшерип, ошондой эле өндүрүүчүлөр сунуштаган нарктарды (бааларды) эске алып, конкурстун жеңүүчүсү катары «Медальер» ЖЧК компаниясын тандоо тууралуу чечим кабыл алды, анын натыйжасында 1 080 000 сом үнөмдөлдү.

 

КР БШК басма сөз кызматы

 

 

 

 

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
«Элдик Банк» жана «АБанк» КР Президентин шайлоого катышуучу талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк катары аныкталды
25-Сен, 2026

«Элдик Банк» жана «АБанк» КР Президентин шайлоого катышуучу талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк катары аныкталды

Бүгүн, 25-сентябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоого катышып жаткан Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин жана саясий партиялардан талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн “Элдик Банк” менен “АБанк” ачык акционердик коомдорун аныктады.Аталган банктардын жана башка бир катар банктардын мобилдик тиркемелерин талапкерлердин шайлоо фонддоруна ыктыярдуу кайрымдуулук салымдарын жүргүзүү үчүн пайдаланууга уруксат берилди.“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык мыйзамына ылайык, өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлер жана талапкерлерди көрсөткөн саясий партиялар шайлоо өнөктүгүн каржылоо үчүн өзүнүн шайлоо фонддорун түзүүгө милдеттүү.Шайлоо фондун түзгөн бардык каражаттар атайын эсепке которулат. Бул эсеп талапкер тарабынан КР БШК аныктаган банктарда ачылат. Талапкердин шайлоо фонду мыйзамдын талаптарына ылайык төмөнкү булактардан түзүлүшү мүмкүн:– талапкердин, саясий партиянын өздүк каражаттары;– жарандар жана юридикалык жактар берген ыктыярдуу кайрымдуулук салымдары (тыюу салынган салымдардан тышкары).Шайлоо фондуна каражаттарды киргизүү талапкердин эсептик эсеби аркылуу, банктын мобилдик тиркемеси аркылуу накталай эмес төлөм жолу менен же банктын эсеп-касса бөлүмдөрү аркылуу накталай акча түрүндө жүргүзүлөт.Анонимдүү салым катары таанылбаш үчүн аныкталбай турган төлөм системалары аркылуу накталай эмес которууга, же накталай акча киргизүүгө тыюу салынат.Шайлоо фонддорундагы каражаттар максаттуу пайдаланылат жана аларды шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу чыгымдарды жабуу үчүн гана колдонууга болот.Атайын эсептерди ачуу, шайлоо фонддорун түзүү жана каражаттарды пайдалануу тартиби тууралуу кененирээк маалымат КР БШКнын расмий сайтында www.shailoo.gov.kg, “ЧУА БШК / “БШКнын жоболору” бөлүмүндө жайгашкан “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин шайлоо фондун түзүү, акча каражаттарынын түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби” жөнүндө жобосунда берилген..
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоо жана референдум мезгилинде ЖМКларды аккредитациялоо жөнүндө жобону бекитти
25-Сен, 2026

КР БШКсы шайлоо жана референдум мезгилинде ЖМКларды аккредитациялоо жөнүндө жобону бекитти

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 25-сентябрда өз жыйынында “Шайлоолорду жана референдумдарды даярдоо жана өткөрүү мезгилинде жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо тартиби жөнүндө” жобону бекитти. Жобонун негизинде шайлоо алдындагы үгүткө катышкан жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо жол-жоболорун санариптештирүү максатында адистештирилген автоматташтырылган тутум киргизилүүдө.Жаңы тутум аркылуу аккредитациялоо боюнча электрондук өтүнмөлөрдү кабыл алуу, маалыматтарды текшерүү, кароо жана жарыялоо процесстери автоматташтырылат.Бул аккредитациялоо процессин ыкчамдатууга, документтерди кароого кеткен убакытты кыскартууга, каталардан улам келип чыккан кемчиликтерди азайтууга жана аккредитацияланган ЖМКлар менен интернет-басылмалардын ачык реестрин түзүүгө мүмкүндүк берет.Ошондой эле, тутум ар бир өтүнмө боюнча жүргүзүлгөн өзгөртүүлөрдүн тарыхын сактап, аккредитациялоо процессинин ачыктыгын жана натыйжалуулугун камсыз кылат.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитти
25-Сен, 2026

КР БШКсы 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитти

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө кеткен чыгымдардын сметасын түздү. Анын жалпы суммасы 1 200 000,0 миң сомду түзөт. Анын ичинен 646 560,0 миң сом 2026-жылга, ал эми 553 440,0 миң сом 2027-жылга каралган.Көрсөтүлгөн суммага Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 56-беренесине ылайык кайра добуш берүүнү өткөрүүгө каралган 240 000,0 миң сом, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн жарандардын добуш берүүсүн камсыз кылууга багытталган 53 200,0 миң сом киргизилген. Чет өлкөлөрдөгү шайлоо участоктору Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин сунушу боюнча түзүлөт.Сметада 2 653 участкалык шайлоо комиссиясынын материалдык-техникалык камсыздалышына жана иштешине байланыштуу чыгымдар каралган. Анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жашаган же убактылуу жүргөн жарандар үчүн 100 шайлоо участкасы, ошондой эле аралыктан добуш берүү (АДБ) үчүн 40 кошумча шайлоо участкасы камтылган.Сметада участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө сый акы төлөөгө кеткен чыгымдар да каралган. Шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде алардын айлык сый акысынын өлчөмү 3,0–8,0 миң сомду түзөт.Участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн жалпы саны 26 819 адамды түзөт. Анын ичинде 5 066 автоматтык эсептөөчү түзүлүштөрдүн операторлору жана 5 066 идентификациялоо операторлору бар.Аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн саны 674 адамды түзөт.Мындан тышкары, 1 609 тартылган операторго, 600 техникалык колдоо тобунун адисине, ошондой эле шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө тартылган башка адистерге сый акы төлөө каралган. Тартылган адистердин саны шайлоочулардын санына жана аткарылуучу иштердин көлөмүнө жараша аныкталат.Шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө кеткен чыгымдар шайлоо процессин уюштуруучулук, маалыматтык, техникалык жана материалдык-техникалык жактан камсыздоону камтыйт.Атап айтканда, шайлоо процессинин катышуучуларын окутууга, байланыш менен камсыз кылууга, маалыматтык материалдарды даярдоого жана басып чыгарууга, зарыл болгон товарларды, жабдууларды жана материалдарды сатып алууга, шайлоо жабдууларын аймактарга жеткирүүгө жана кайра кайтарууга, ошондой эле шайлоо документтерин, жабдууларды жана таркатылуучу материалдарды БШКдан АШКларга жана УШКларга ташууга кеткен чыгымдар каралган.Мындан тышкары, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын шайлоо укуктарын камсыз кылууга, эл аралык делегациялардын катышуусунда расмий иш-чараларды уюштурууга байланыштуу өкүлчүлүк чыгымдарына, чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторунун ишин уюштурууга, ошондой эле шайлоону талаптагыдай өткөрүү үчүн зарыл болгон башка иш-чараларга кеткен чыгымдар каралган.Шайлоо комиссияларын материалдык-техникалык жактан камсыздоонун олуттуу бөлүгү борборлоштурулган тартипте жүргүзүлөт.Зарыл болгон товарлар, жабдуулар, документтер жана материалдар белгиленген тартипте сатып алынып, алардын муктаждыктары эске алынуу менен аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын ортосунда бөлүштүрүлөт.Мындай ыкма шайлоо комиссияларын жабдууга коюлган талаптардын бирдей болушун камсыз кылууга, жер-жерлерде сатып алууларды кайталоого жол бербөөгө, чыгымдарды пландаштыруунун жана көзөмөлдөөнүн натыйжалуулугун жогорулатууга, ошондой эле республикалык бюджеттин каражаттарын сарамжалдуу жана үнөмдүү пайдаланууга мүмкүндүк берет.Ошол эле учурда сметада 56 аймактык жана 2 653 участкалык шайлоо комиссиясынын ишин камсыз кылууга, алардын ишин уюштурууга, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө сый акы төлөөгө жана аларга жүктөлгөн ыйгарым укуктарды аткарууга байланышкан чыгымдар каралган.Смета шайлоону даярдоо жана өткөрүү, шайлоо комиссияларынын ишин уюштуруу жана шайлоо участокторунун иштеши үчүн зарыл болгон жумушчулардын санын, ошондой эле уюштуруучулук, маалыматтык, техникалык жана материалдык-техникалык камсыздоонун көлөмүн эске алуу менен түзүлдү..
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын мүчөсү Тимур Оторбаев Монголиянын Башкы шайлоо комиссиясынын төрагасы менен жолугушту
25-Сен, 2026

КР БШКнын мүчөсү Тимур Оторбаев Монголиянын Башкы шайлоо комиссиясынын төрагасы менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Тимур Оторбаев Монголияга болгон иш сапарынын алкагында 2026-жылдын 24-сентябрында Монголиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Нэргуйн Мягмар менен жолугушту.Т. Оторбаев КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаровдун саламын жолдоп, «Саясий каржылоонун ачыктыгы жана көзөмөлү» аттуу эл аралык тегерек столго катышууга чакыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.Ошондой эле ал Монголиянын Башкы шайлоо комиссиясынын өкүлдөрүн 2027-жылдын январында өтө турган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого байкоочу катары катышууга чакырды.Өз кезегинде Н. Мягмар ыраазычылык билдирип, эки уюмдун ортосундагы кызматташтыктын алкагында тажрыйба алмашуу жүргүзүлүп жатканын, ошондой эле Монголияда жана Кыргыз Республикасында өтүүчү шайлоо процесстерине өз ара байкоо жүргүзүү туруктуу негизде ишке ашырылып келе жатканын белгиледи.Монголиянын Башкы шайлоо комиссиясы менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2015-жылы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлгандан бери активдүү кызматташып келет.
Кененирээк билүү >>