БШК Б.Макенбаеванын №2136 жана №2141 УШКларында добуш берүүнүн натыйжалары боюнча даттануусун канааттандыруудан баш тартты
22 декабря 2016
19-декабрда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүү учурунда №2136 жана №2141 шайлоо участокторунда добуш берүүнүн натыйжалары боюнча Б. Макенбаевадан даттануу арызы түштү.
Б. Макенбаеванын социалдык түйүндөрдөн алган маалыматы боюнча референдумда добуш берүүнү кол менен санагандан кийин “макул” деген добуштардын саны АЭУнун алдын-ала берген маалыматтарына караганда кыйла көбөйтүлгөн. Кыргыз Республикасынын референдумунда №2136 жана №2141 шайлоо участокторунда добуш берүүнүн натыйжалары боюнча АЭУнун маалыматтарын жана кол менен саноонун протоколдорун салыштырып көрүп, БШКнын жумушчу тобу “макул” жана “каршы” деп берилген добуштардын сандары бири бирине дал келерин аныктады.
Ошентип, №2136 жана №2141 шайлоо участокторунда референдум боюнча добуштарды кайра саноо үчүн БШК мыйзамдуу негиз тапкан жок.
Ошондой эле БШК “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 45-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык даттануу арызы берилген учурга карата добуш берүүнүн натыйжаларын даттануу мөөнөтү бүткөнүн белгиледи.
БШК 2016-жылдын 21-декабрдагы жыйынында Б. Макенбаеванын даттануусун канааттандыруудан баш тартуу тууралуу чечим кабыл алды.
КР БШК басма сөз кызматы
