Шайлоо органдарынын бүткүл дүйнөлүк ассоциациясы: Кыргызстандын БШКсы референдумду өткөрүүнү адилеттүү жана ачык-айкын уюштура алды
12 декабря 2016
Шайлоо органдарынын бүткүл дүйнөлүк ассоциациясы: Кыргызстандын БШКсы референдумду өткөрүүнү адилеттүү жана ачык-айкын уюштура алды Шайлоо органдарынын бүткүл дүйнөлүк ассоциациясынын (ШОБА)байкоочуларынын делегациясы бүгүн БШКнын басма сөз борборунда журналисттер менен жолугушту.
ШОБАнын техникалык жактан колдоо департаментинин директору Ким Енг Тактын айтуусу боюнча 11-декабрдагы шайлоо жанареферендум кылдат жана калыс өткөрүлдү. “Биздобуш берүүдөн кийин бир сааттын ичинде бардык участоктордон автоматтык эсептөөчү урналардан (АЭУ) жыйынтыктар тууралуу маалыматтар берилгенин жогору бааладык.
Адилеттүү жана ачык-айкын шайлоону даярдап, өткөрүүдөгү күч-аракеттери үчүнБШКга жана КР жарандарынабиз ыраазычылыгыбызды билдиребиз”, деди Ким Енг Так. Ал шайлоо тутумун мындан ары дагы өркүндөтүүнүн зарылдыгын белгиледи.
КР БШКнын басма сөз кызматы
