Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

Саясий партиялардын шайлоо фондусундагы каражаттарды сарптоо боюнча отчет
25.04.2017

Саясий партиялардын шайлоо фондусундагы каражаттарды сарптоо боюнча отчет

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча комиссиясынын алдындагы көзөмөл-текшерүү тобу талапкерлердин саясий партиялардын шайлоо фондусундагы каражаттарды сарптоо тууралуу 2017-жылдын 24-апрелине карата маалыматы.      Ноокат   № Саясий  партия түштү сарпталды калдык 1 Республика 21 000 20 020 980 2 Замандаш 20 400 20 150 250 3 КСДП 30 000 20 000 10 000 4 Народная партия 25 000 20 000 5 000 5 Өүгүү-Прогресс 20 500 20 300 200 Көк-Жангак   1 КСДП 20 050 20 025 25 2 Кыргызстан Коммунисттер партиясы 20 050 20 025 25 3 Өнүгүү-Прогресс 22 000 20 025 1 975 Жалал-Абад ш   1 Кыргызстан 0 0 0  Кара-Балта ш   1 Өнугуу-Прогресс 100 0 100 2 Акшумкар 20 250 20 150 100 3 Элдик-Народная 100 0 100 4 Кыргызстан 100 0 100 5 Жакшылык-Добро 22 000 20 150 1 850 6 КСДП 24 000 23 120 880  Кемин ш   1 КСДП 22 000 20 020 1 980 2 Республика 20 150 20 150 0 3 Өнугуу-Прогресс 20 020 20 020 0   № Талапкерлер Айылдык кенеш Түштү Сарпталды калдык 1 Калдыкеев М.Ж. Новопавловка 5 000 0 5 000 2 Усупов И.К. Кызыл-Суу 1 000 0 1 000 3 Турдуев А.Р. Кызыл-Суу 1 000 0 1 000 4 Давлетбаков К.У. Кызыл-Суу 3 000 0 3 000 5 Акматов К.Т. Кызыл-Суу 1 000 0 1 000 6 Шамырканов М.Т. Кызыл-Суу 1 000 0 1 000 7 Байтоков А.К. Кызыл-Суу 10 000 0 10 000                         КР БШКнын мүчөсү, КР БШКнын көзөмөл-текшерүү тобунун жетекчиси                                                                                Баатырова Г.М.
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана коомдук ишмери Сулайман Иманбаевдин жаркын элеси түбөлүккө сакталат
25.04.2017

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана коомдук ишмери Сулайман Иманбаевдин жаркын элеси түбөлүккө сакталат

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын эмгек жамааты жана коллегалары, Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмери Сулайман Иманбаевич Иманбаевдин дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнө жана  жакын тууган-туушкандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып,  азасын тең бөлүшөт.           С.Иманбаев 1996-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы болуп дайындалган.             Бул мамлекеттик жооптуу кызмат ордунда 2005-жылга чейин иштөө менен Сулайман Иманбаев өлкөбүздүн шайлоо системасынын түптөлүшүнө жана калыптанышына, жарандардын шайлоо укугун жүзөгө ашырууну камсыз кылууда салым кошкон.            Сулайман Иманбаевич таланттуу, жогорку жоопкерчиликти сезе билген, кесипкөй, ак пейил, адамдарга жардам бере билген жетекчи эле.            Сулайман Иманбаевичтин жаркын элеси дайыма биздин жүрөктөрдө сакталат.    Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын эмгек жамааты жана коллегалары
Кененирээк билүү >>
БШКнын жыйынында “2017-жылдын 28-майына дайындалган Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош, Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары өзгөрүлдү
24.04.2017

БШКнын жыйынында “2017-жылдын 28-майына дайындалган Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош, Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары өзгөрүлдү

  24-апрелде өткөн БШКнын жыйынында Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Бостери айылдык кеңешинин төрагасынын жана тургундарынын кайрылууларын эске алынып жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2,4,5-пункттарына, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык, БШК “2017-жылдын 28-майына дайындалган Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош, Чүй облустарынын жергиликттүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү тууралуу” БШКнын 2017-жылдын 6-апрелиндеги №80 токтомунун Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Бостери айылдык кеңешинин №1 Бактуу-Долоноту шайлоо округун (УШК №3030) 6 мандат кылып бөлүштүрүү жана №3 шайлоо округунун (№3052, №3032 УШК) чек араларын шайлоо округдарга бөлүү боюнча өзгөртүүлөр киргизилди:   № 3-шайлоо округуна Чек арасы – батыш тарабы С.Абыкеев жана О.Кыдырмаев көчөлөрүнүн чыгыш тарабы, Алжанбай, Далбай, Манас, Кенебаев, Талканбаев, Шопоков көчөлөрү, чыгыш тарабы – Кара-Суу арык суусунун батыш тарабы, Асандын ойу жана Мамажан массиви жана   №4-шайлоо округуна – Чек арасы – батыш тарабы Кара-Суу арык суусунун чыгыш тарабы, Алжанбай, Далбай, Манас, Кенебаев, Талканбаев, Шопоков көчөлөрү, Городок массиви, чыгыш тарабы Бостери айылынын чыгыш тарабы киргизилди.   Ошондой эле КРнын Премьер-министринин 2017-жылдын 12-апрелиндеги № 260-буйругу менен Жети-Өгүз айыл өкмөтүнүн башчысы Далиев Уланбек Эшенович Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын – акиминин биринчи орун басары болуп дайындалгандыгына байланыштуу КРнын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Жети-Өгүз айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону 2017-жылдын 12-майында саат 9:00дөн 12:00гө чейин өткөрүү токтомун кабыл алды.  БШКнын басма сөз кызматы 
Кененирээк билүү >>
БШК шайлоо процессин өркүндөтүү маселеси боюнча жана добуштарды автоматтык түрдө саноо (АСУ жана сервер) тууралуу коомдук диалог өткөрөт
21.04.2017

БШК шайлоо процессин өркүндөтүү маселеси боюнча жана добуштарды автоматтык түрдө саноо (АСУ жана сервер) тууралуу коомдук диалог өткөрөт

  БШК шайлоо тутумун реформалоого байланышкан суроолорду талкуулоо боюнча такай иштей турган коомдук эксперттик-консультативдик платформа уюштуруп жатат. Мунун негизги максаты-илимий негиздеги эксперттик негиздөөлөргө таянган шайлоо реформасындагы эң маанилүү маселелерди талкуулоого шарт тузуу болуп саналат.   Бүгүн 2017-жылы 21-апрелде аталган платформанын алкагында «Кыргыз Республикасында шайлоо процессинин реформалоонун жүрүшү жана алдыдагы келечектери» темасында, Эл аралык шайлоо тутуму фондунун IFES колдоосу менен биринчи коомдук диалог өткөрүүдө.  Платформанын ишине мамлекеттик органдардын, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын өкүлдөрү, ошондой эле шайлоо мыйзамдуулугу тармагындагы эксперттер менен окумуштуулар жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышып отурат. Иш чарада шайлоону өткөрүү органы катары, ошондой эле шайлоо процессин уюштурууну жакшыртуу, анын ичинде 2016-жылкы шайлоо учурунда кетирилген катачылыктарды жөнгө салуу боюнча БШКнын Стратегиялык планынын бет ачары өтөт. Диалогдун катышуучуларына автоматтык эсептөө урнасынын (АЭУ, МШС) жана маалыматтык шайлоо системасынын иштөө тартиби, ошондой эле шайлоо участокторунан эсептерди чогултуп борбордук серверге жөнөтүү, аларды шайлоо сайтына жайгаштыруу дыкат көрсөтүлөт. Биринчи дискуссиялык теманын өзөгү болуп- шайлоо мыйзамдуулугунун өзгөртүү өткөн шайлоо компанияларынын жыйынтыгында иштелип чыккан маселелер эсептелет. Ачык жана таза атаандаштыктын жана чындыктын негизинде өткөн шайлоо процесси-кандай гана демократия болбосун анын бекем пайдубалы болуп саналат. Ошондуктан шайлоо системасын реформалоо демократиянын туруктуу кадамы гана болбостон, элдин ишениминин тиреги жана өлкөдөгү туруктуулуктун өбөлгөсү да болмокчу Бул иштин башталышы гана. Боршайком шайлоо процесин жакшыртуу боюнча жарандык коомдун өкүлдөрү катышкан ушуга окшогон диалогдорду, жыйындарды тактай өткөрүүнү пландап жатат. БШКнын басма сөз кызматыБШК шайлоо тутумун реформалоого байланышкан суроолорду талкуулоо боюнча такай иштей турган коомдук эксперттик-консультативдик платформа уюштуруп жатат. Мунун негизги максаты-илимий негиздеги эксперттик негиздөөлөргө таянган шайлоо реформасындагы эң маанилүү маселелерди талкуулоого шарт тузуу болуп саналат. БШК шайлоо тутумун реформалоого байланышкан суроолорду талкуулоо боюнча такай иштей турган коомдук эксперттик-консультативдик платформа уюштуруп жатат. Мунун негизги максаты-илимий негиздеги эксперттик негиздөөлөргө таянган шайлоо реформасындагы эң маанилуу маселелерди талкуулоого шарт түзүү болуп саналат. Бүгүн 2017-жылы 21-апрелде аталган платформанын алкагында «Кыргыз Республикасында шайлоо процессинин реформалоонун жүрүшү жана алдыдагы келечектери» темасында, Эл аралык шайлоо тутуму фондунун IFES колдоосу менен биринчи коомдук диалог өткөрүүдө. Платформанын ишине мамлекеттик органдардын, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын өкүлдөрү, ошондой эле шайлоо мыйзамдуулугу тармагындагы эксперттер менен окумуштуулар жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышып отурат. Иш чарада шайлоону өткөрүү органы катары, ошондой эле шайлоо процессин уюштурууну жакшыртуу, анын ичинде 2016-жылкы шайлоо учурунда кетирилген катачылыктарды жөнгө салуу боюнча БШКнын Стратегиялык планынын бет ачары өтөт. Диалогдун катышуучуларына автоматтык эсептөө урнасынын (АЭУ, МШС) жана маалыматтык шайлоо системасынын иштөө тартиби, ошондой эле шайлоо участокторунан эсептерди чогултуп борбордук серверге жөнөтүү, аларды шайлоо сайтына жайгаштыруу дыкат көрсөтүлөт. Биринчи дискуссиялык теманын өзөгү болуп- шайлоо мыйзамдуулугунун өзгөртүү өткөн шайлоо компанияларынын жыйынтыгында иштелип чыккан маселелер эсептелет. Ачык жана таза атаандаштыктын жана чындыктын негизинде өткөн шайлоо процесси-кандай гана демократия болбосун анын бекем пайдубалы болуп саналат. Ошондуктан шайлоо системасын реформалоо демократиянын туруктуу кадамы гана болбостон, элдин ишениминин тиреги жана өлкөдөгү туруктуулуктун өбөлгөсү да болмокчу Бул иштин башталышы гана. Боршайком шайлоо процесин жакшыртуу боюнча жарандык коомдун өкүлдөрү катышкан ушуга окшогон диалогдорду, жыйындарды тактай өткөрүүнү пландап жатат. БШКнын басма сөз кызматы  
Кененирээк билүү >>
БШК жыйынында 2017-жылдын 28-майына дайындалган, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча шайлоо округдарынын жана участокторунун схемасы жана чектери бекитилди, Жалал-Абад АШКнын  курамы түзүлдү
19.04.2017

БШК жыйынында 2017-жылдын 28-майына дайындалган, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча шайлоо округдарынын жана участокторунун схемасы жана чектери бекитилди, Жалал-Абад АШКнын курамы түзүлдү

 2017-жылдын 18-апрелиндеги БШК жыйынында Ош облусунун Араван районунун С.Юсупов айылдык кеңешинин №5 Бирлик-Сейдахматов округунун чектерин: “Бирлик” шайлоо округуна (УШК №5353) жана “Сейдахматов” шайлоо округуна (УШК№5521)  бөлүү жөнүндө С.Юсупов атындагы айылдык кеңешинин депутаттарынын жана жашоочуларынын КР БШКнын дарегине кайрылуусу каралды жана колдоого алынды.  Ошондой эле АШКнын чечиминин негизинде, КР БШКсы 2017-жылдын 28-майына дайындалган, Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын  бир катар жергиликтүү кеңештериндеги мөөнөтүнөн мурда шайлоолор боюнча шайлоо округдарынын жана участокторунун схемасын жана чектерин бекитти. Бардыгы 48 шайлоо округунун жана 107 шайлоо участогу бекитилди.  Жыйындын жүрүшүндө БШКнын токтому менен резервден Жалал-Абад АШКсынын жаңы курамы түзүлүп, чүчү кулактын жыйынтыгы боюнча Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын курамына документ берген жети саясий партиянын ичинен, алты саясий партиянын өкүлдөрү кирди: “Мекеним Кыргызстан”, “Өнүгүү –Кыргызстан”, “Туран”, “КСДП”, “Замандаш”, “Бир бол”. Ал эми  “Кыргызстан” саясий партиясынын өкүлү резервге кирди. “Замандаш” саясий партиясынын Жалал-Абад АШКнын ишине катышуудан баш тарткандыгын эске алып, АШКнын курамына чүчү кулак боюнча кийинки орундагы “Кыргызстан” саясий партиясынын өкүлү кирди.  Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы У.И. Дөкөнбаевдин -Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун акими болуп дайындалганына байланыштуу БШК 2017-жылдын 4-майына Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо дайындады.  Мындан тышкары, Чүй облусунун Чүй районунун Чүй айылдык кеңешинде көптөн күтүлгөн  депутаттардын биринчи сессиясы өтүп депутаттардын көпчүлүк добушу менен кеңештин төрагасына З.Д.Амангелдиев шайланды. Ак-Суу жана Чүй аймактык шайлоо комиссияларына шайлоолорду өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруу тапшырылды. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Октябрь айыл өкмөтүнүн жана Чүй облусунун Чүй районунун Чүй айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоо 2017-жылдын 4-майына дайындалды.  Ошондой эле БШКнын жыйынында, Бакай-Ата, Сокулук, Ноокен, Аламүдүн аймактык шайлоо комиссияларынын 4 айылдык кеңешинин  4  депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана 4 депутаттын бошогон мандатын депутаттыкка шайланган кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү чечимдери бекитилди.   БШКнын басма сөз кызматы 
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандарга, саясий партияларга, коомдук бирикмелерге жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнө (жергиликтүү кеңештерге) КАЙРЫЛУУСУ
18.04.2017

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандарга, саясий партияларга, коомдук бирикмелерге жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнө (жергиликтүү кеңештерге) КАЙРЫЛУУСУ

Аймактык шайлоо комиссияларынын резервин толуктоо максатында (мындан ары-АШК) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан жана саясий партиялардан өкүлдөрүн көрсөтүү жөнүндө жарыялайт. Талапкерлерди АШКлардын резервине көрсөтүүдө жарандардын өздөрүнүн макулдугун, ошондой эле шайлоо компанияларына, коомдук иштерге катышуу тажрыйбасын, кесиптик жана жеке сапаттарын эске алуу зарыл. Көрсөтүү субьектилери, шайлоо комиссияларынын мүчөлүгүнө талапкерлер эреже катары, тийиштүү калктуу пунктун аймагында жашоосу керектигин эске алуулары зарыл. Шайлоочулардын жыйындарынын АШКнын резервине талапкерди көрсөткөндүгү жөнүндө протоколдору жыйындын төрагасынын жана катчысынын колу менен күбөлөндүрүлүшү зарыл.. Протоколго жыйынга катышкандардын жашаган жерин көрсөтүү менен тизмеси, алардын колдору коюлуп, тиркелиши керек. Жогорку көрсөтүлгөн документтерге тиркелет: - талапкердин АШКнын курамында иштөөгө макулдугу жөнүндө арызы жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын сактоо жөнүндө милдеттенмеси; - паспортунун көчүрмөсү: - иштеген, окуган жерин, билимин көрсөтүү менен биографиялык маалыматтары (кадрларды эсепке алуу баракчасы, резюме); - байланыш маалыматтары: жашаган жеринин дареги, телефондору (үйдүкү, уюлдук, электрондук почтасы). АШКлардын резервине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө жыйындардын протоколдору, 2017-жылдын 12-майы, саат 18.00гө чейин тийиштүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарында  (шаардык, райондук кеңештер) кабыл алынат. АШКлардын резервине саясий партиялардын талапкерлерин көрсөтүү жөнүндө протоколдору, 2017-жылдын 12-майы, саат 18.00гө чейин  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында кабыл алынат. Сурап-билүү телефондору : 66-51-86, 66-01-18,  www.shailoo.gov.kg. Саясий партиялардан:   Чүй облусу 1.Аламүдүн АШКсы 2.Жайыл АШКсы 3.Кемин АШКсы 4.Москва АШКсы 5.Панфилов АШКсы 6.Сокулук АШКсы 7.Чуй АШКсы 8.Ысык-Ата АШКсы   Ыссык-Көл облусу 9.Ак-Суу АШКсы 10.Балыкчы АШКсы 11.Жети-Өгүз АШКсы 12.Ыссык-Көл АШКсы 13.Тоң АШКсы 14.Тюп АШКсы 15.Каракол АШКсы   Нарын облусу 16.Нарын ш. 17.Ак-Тала АШКсы 18.Ат-Башы АШКсы 19.Нарын АШКсы 20.Жумгал АШКсы 21.Кочкор АШКсы   Талас облусу 22. Талас ш. 23.Бакай-Ата АШКсы 24.Кара-Буура АШКсы 25.Манас АШКсы 26.Талас АШКсы   Ош облусу 27.Алай АШКсы 28.Араван АШКсы 29.Кара-Кулжа АШКсы 30.Кара-Суу АШКсы 31.Ноокат АШКсы 32.Өзгөн АШКсы 33.Чоң-Алай АШКсы   Жалал-Абад облусу 34.Аксы АШКсы 35.Ала-Бука АШКсы 36.Базар-Коргон АШКсы 37.Кара-Көл АШКсы 38.Майлуу-Суу АШКсы 39.Ноокен АШКсы 40.Сузак АШКсы 41.Таш-Көмүр АШКсы 42.Тогуз-Торо АШКсы 43.Токтогул АШКсы 44.Чаткал АШКсы   Баткен облусу 45. Баткен ш. 46.Баткен АШКсы 47.Кадамжай АШКсы 48.Лейлек АШКсы 49.Сүлүктү АШКсы 50.Кызыл-Кыя АШКсы   Өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан:   Чүй облусу 1.Аламүдүн АШКсы 2.Кемин АШКсы 3.Москва АШКсы   Ыссык-Көл облусу 4.Ак- Суу АШКсы 5.Балыкчы АШКсы   Нарын облусу 6.Нарын АШКсы   Жалал-Абад облусу 7.Ала- Бука АШКсы 8.Базар-Коргон АШКсы 9.Майлуу-Суу АШКсы 10.Таш-Көмүр АШКсы 11.Тогуз-Торо АШКсы 12.Чаткал АШКсы  
Кененирээк билүү >>
БШКда Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясына саясий партиялардын талапкерлерин киргизүү боюнча чучу кулак өткөрүлдү
18.04.2017

БШКда Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясына саясий партиялардын талапкерлерин киргизүү боюнча чучу кулак өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 8-июнундагы 7-токтому менен кабыл алынган документке ылайык Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын тутуму 12 мүчөдөн турат. Комиссиянын тутумуна жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрүнөн алты жана саясий партиялардын өкүлдөрүнөн алты мүчө киргизилмекчи. 2017-жылдын 17-апрелинде Борбордук шайлоо комиссиясында аймактык шайлоо комиссиясынын резервдерин жана тутумун толуктоо боюнча жумушчу топтун Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясына саясий партиялардын талапкерлерин киргизүү боюнча чучу кулак өткөрүлдү. Чучу кулактын жыйынтыгы менен документтерин тапшырган жети партиянын ичинен алты партиянын өкүлдөрү Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиянын тутумуна киргизилди. Алар «Мекеним Кыргызстан», «ӨнүгүүКыргызстан», « Туран», «КСДП», «Замандаш», «Бир Бол» партиялары. Ал эми «Кыргызстан» саясий партиясынын өкүлү резервке калтырылды. Аталган иш чарага БШКнын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматов, БШКнын мүчөсү А. Эшимов, комиссиянын шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысыА. Н. Омуралиев катышты.   БШКнын басма сөз кызматы 
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Президентинин кезектеги шайлоосу тууралуу
17.04.2017

Кыргыз Республикасынын Президентинин кезектеги шайлоосу тууралуу

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоо күнүн белгилөө боюнча билдирүүлөрү интернет сайттарга жана массалык маалымат каражаттарына жарыяланып, калк арасында ар кандай пикирлер жаралууда. Бул тууралуу эч кандай кайчы пикирлер болбосу үчүн Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы төмөндөгүлөрдү билдирет: Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо күнүн аныктоо маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешининин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамын жетекчиликке алып иш жүргүзөт. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 61-беренесине ылайык «Президент Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан 6 жылга шайланат».  Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 48-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык «Президентти кезектеги шайлоо иштеп жаткан Президенттин ал шайланган мөөнөттөгү ыйгарым укуктары аяктоочу жылдын ноябрь айынын үчүнчү жекшембисинде өткөрүлөт жана шайлоо күнүнө чейин 4 ай калгандан кечиктирбестен Жогорку Кеңеш тарабынан дайындалат». Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо  2011-жылы 30-октябрда болуп өткөн.  Кыргыз Республикасынын Президентинин алты жылдык шайлоо мөөнөтү 2017-жылы аяктайт. Жогоруда айтылган Конституциялык мыйзамдын нормаларына ылайык 2017-жылдын ноябрынын үчүнчү жекшембиси башкача айтканда 19-ноябрда Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоо өткөрүлмөкчү. БШКнын басма сөз кызматы   
Кененирээк билүү >>
Депутаттар бюллетендерди саноочу  үкөктүн иштөө тартиби менен  таанышты
13.04.2017

Депутаттар бюллетендерди саноочу үкөктүн иштөө тартиби менен таанышты

БШКнын басма сөз кызматынын маалыматына караганда 10-апрелде КРнын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Н.К. Шайлдабекова «Кыргызстан» саясий партиясынын жетекчилиги менен жолугушту. Жолугушууга А. Баатырбеков, Н. Алимбеков жана Т. Байтикеев ошондой эле өкмөттүн алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлү катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз ара кызматташуу маселесин жана саясий партиялар менен БШКнын ортосундагы шайлоо учурундагы аткарылчу иш пландар талкууланды. Андан тышкары шайлоо тууралуу мыйзамды өркүндөтүү боюнча БШКнын демилгеси талкууланып, аталган партиянын фракция мүчөлөрү шайлоо учурунда комиссияга колдоо көрсөтө тургандыктарын билдиришти. Жолугушуунун аягында алар эсептөө Борборунун ишмердиги жана бюллетендерди саноочу үкөктүн иштөө тартиби менен таанышты. Бул жолку жолугушуу саясий маданиятты жогорулатуу жана шайлоо процессине катышкан бардык тараптардын өз ара аракеттериинин деңгээлин жогорулатууга болгон БШКнын саясий партиялардын лидерлери менен биринчи жолугушуусу болду.  
Кененирээк билүү >>
Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айыл кеңешиндеги кырдаал жөнгө салынды
12.04.2017

Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айыл кеңешиндеги кырдаал жөнгө салынды

Ушул жылдын 5-апрелинде Кыргыз Республикасынын шайлоолор жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү А.Т. Асаналиев жетектеген жумушчу  комиссия Нарын областынын Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айыл кеңешинин активине  түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Бул иш-чарага  райондук мамлекеттик администрациянын башчысы, Баш-Кайыңды айыл кеңешинин депутаттары, Ат-Башы жана Баш- Кайыңды айыл өкмөттөрүнүн башчылары катышты. Жыйындын жүрүшүндө түшүнбөстүктөр жокко чыгарылып, кырдаал жөнгө салынды.  
Кененирээк билүү >>
БШКнын мүчөлөрү Армения республикасындагы парламенттик шайлоого эл аралык  байкоочу катары катышып келишти
10.04.2017

БШКнын мүчөлөрү Армения республикасындагы парламенттик шайлоого эл аралык байкоочу катары катышып келишти

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда БШКнын  мүчөлөрү Н.Т. Арипов,   К.М. Осмоналиев  жана БШКнын  Аппаратынын кызматкери Э. Үтүров эки тараптуу кызматташуунун алкагында жана КМШ өлкөлөрдүн миссиясынын тутумунда  Арменияда өткөн парламенттик шайлоого эл аралык байкоочу катары катышып келишти. Маалыматка ылайык  Армениядагы шайлоого беш партия жана төрт бирикме  ат салышты. Болуп өткөн шайлоо Армениядагы Конституцияга түзөтүү киргизилгенден кийинки биринчи парламенттик шайлоо болуп саналат. Шайлоо республиканын мыйзамына ылайык өттү. Азыр Армения парламенттик башкаруу формасына өткөн республикалардын катарына кирди. Ереванда Кыргызстандык делегация шайлоо учурундагы добуш берүү участокторунун ачылышы менен жабылышына, шайлоолордун өтүшүнө жана бюллетендерди саноо процессине көз салышты. Мындан тышкары Армениянын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Т. Мукучян кыргыз делегациясын кабыл алып, республикадагы парламенттик шайлоо тууралуу кенен маалымат берди.    БШКнын басма сөз кызматы   
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы кыргызстандыктарды касиеттүү Нооруз майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайт!
21.03.2017

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы кыргызстандыктарды касиеттүү Нооруз майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайт!

  Нооруз – табият менен адам баласынын ажырагыс символу, улуу тилектер менен үмүттөрдүн  майрамы. Күн менен түн  теңелип, теребел көктөмгө бөлөнгөн күнү адамдар бири-бирине жылуу сөз, жаркын маанай тартуулашат,  дасторкон берекеге толот. Улуу Нооруз баарыбызга мээримин чачып, күч-кубат берсин! Бекем ден соолук, жакшылыктарды жана бакыбатчылыкты каалайбыз!
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандарга, саясий партияларга, коомдук жамааттарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына (жергиликтүү кеңештерге) кайрылуусу
14.02.2017

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандарга, саясий партияларга, коомдук жамааттарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына (жергиликтүү кеңештерге) кайрылуусу

Баткен облусунун Баткен, Лейлек, Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад, Ала-Бука, Токтогул, Тогуз-Торо, Майлуу-Суу, Ош облусунун Чоң-Алай, Нарын облусунун Кочкор, Чүй облусунун Аламүдүн, Панфилов, Москва, Жайыл, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын  (мындан ары-АШК) резервдерин  толуктоо максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан жана саясий партиялардан өкүлдөрдү көрсөтүү жөнүндө жарыялайт. Ошондой эле Баткен, Лейлек, Жалал-Абад, Токтогул, Ала-Бука, Тогуз-Торо, Майлуу-Суу, Кочкор, Чоң-Алай, Аламүдүн, Панфилов, Москва, Жайыл, Ак-Суу АШКларынын резервинде саясий партиялардын өкүлдөрү жок болуп жаткандыктан,  толуктоо зарылдыгы келип чыккандыгын белгилейбиз. Талапкерлерди АШКлардын резервдерине көрсөтүүдө жарандардын өзүнүн макулдугун, ошондой эле шайлоо өнөктүктөрүнө, коомдук жашоого катышуу тажрыйбасын, кесиптик жана жеке сапаттарын эске алуу кажет. Көрсөткөн субьекттер, шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкердин, эреже катары, тийиштүү калктуу пункттун аймагында жашашы кажет экендигин эске алуу зарыл. АШКнын резервине талапкерлерди көрсөткөн шайлоочулардын жыйындарынын протоколдору жыйындын төрагасынын жана катчысынын кол тамгалары  менен күбөлөндүрүлүшү зарыл. Протоколго кол тамгалары коюлган, жашаган жерлери көрсөтүлгөн жыйындын катышуучуларынын тизмеси тиркелиши керек. Жогоруда көрсөтүлгөн документтерге төмөнкүлөр тиркелет: - талапкердин АШКнын курамында иштөөгө макулдугу жөнүндө арызы жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоо жөнүндө милдеттенмеси; - паспортунун көчүрмөсү; - Иштеген, окуган жерин, билимин көрсөтүү менен өмүр баянынын маалыматтары (кадрларды эсепке алуу боюнча жеке баракчасы, резюмеси); - Байланыш маалыматтары: жашаган жеринин дареги, телефону (үй, уюлдук телефондор, электрондук почтасы).  Баткен, Лейлек, Жалал-Абад, Токтогул, Ала-Бука, Тогуз-Торо, Майлуу-Суу, Кочкор, Чоң-Алай, Аламүдүн, Панфилов, Москва, Жайыл, Ак-Суу АШКларынын резервдерине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө шайлоочулардын жыйындарынан протоколдору  2017-жылдын 10-мартынын саат 18:00 чейин тийиштүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарында (жергиликтүү кеңештер) кабыл алынат. Баткен, Лейлек, Жалал-Абад, Токтогул, Ала-Бука, Тогуз-Торо, Майлуу-Суу, Кочкор, Чоң-Алай, Аламүдүн, Панфилов, Москва, Жайыл, Ак-Суу АШКларынын резервдерине саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдору  2017-жылдын 10-мартынын саат 18:00 чейин Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында кабыл алынат.   Сурап-билүү телефондору: 66-01-09  66-51-86    www.shailoo.gov.kg.    
Кененирээк билүү >>
-
18.01.2017

-

-
Кененирээк билүү >>
БШК АШКлардын Кыргыз Республикасынын 29  айылдык жана 1 шаардык кеңешинин депутаттарыншайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорун бекитти
29.12.2016

БШК АШКлардын Кыргыз Республикасынын 29 айылдык жана 1 шаардык кеңешинин депутаттарыншайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорун бекитти

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынын (АШК) айылдык жанашаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө  протоколдорун бекитти. Депутаттардышайлоонун натыйжалары тууралуу төмөнкүтийиштүү АШКлардын протоколдору бекитилди: Чүй облусу боюнча, Кара-Балташаардык кеңеши: «СДПК» - 16,3% (7 мандат) «Эламан» - 13,2 % (6 мандат) «Элдик» - 12,8% (6 мандат) «Республика-Ата-Журт» - 11,7% (5 мандат) «Акшумкар» - 8,6% ( 4 мандат) «Кыргызстан» - 7,4%  (3 мандат) БШК Кыргыз Республикасынын төмөнкү айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу тийиштүү АШКлардын протоколдорун бекитти:   Чүй облусу боюнча, Сокулук районубоюнча: Сокулук айылдык кеңеши, Крупского айылдык кеңеши, Гаврилов айылдык кеңеши, Военно-Антоновкаайылдык кеңеши, Кун-Туу айылдык кеңеши, Биринчи майайылдык кеңеши, Кайназароваайылдык кеңеши, Кызыл-Туу айылдык кеңеши, Асылбаш айылдык кеңеши, Саз айылдык кеңеши, Төш-Булак айылдык кеңеши, Ат-Башыайылдык кеңеши, Жаны-Пахтаайылдык кеңеши, Төмөнкү-Чүйайылдык кеңеши, Камышановка айылдык кеңеши, Жаңы-Жер айылдык кеңеши.   Ысык-Көл облусу боюнча, Түп району: Кудургу айылдык кеңеши, Ак-Булуңайылдык кеңеши , Ак-Булак айылдык кеңеши, Сары-Булак айылдык кеңеши, Түпайылдык кеңеши, Талды-Суу айылдык кеңеши, Чоң-Таш айылдык кеңеши, Санташ айылдык кеңеши, Карасаев айылдык кеңеши, Арал айылдык кеңеши, Тогуз-Булак айылдык кеңеши , Ысык-Көл айылдык кеңеши, Михайловкаайылдык кеңеши. Аймактык шайлоо комиссиялары шайланган талапкерлерди эми каттоодон өткөрүүлөрү керек.   КР БШК басма сөз кызматы  
Кененирээк билүү >>
БШК АШКлардын Кыргыз Республикасынын 119 айылдык жана 4 шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө  протоколдорун бекитти
26.12.2016

БШК АШКлардын Кыргыз Республикасынын 119 айылдык жана 4 шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорун бекитти

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынын (АШК) 119 айылдык жана 4 шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө  протоколдорун бекитти.   Төмөнкү шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу тийиштүү АШКлардын протоколдору бекитилди:   Бишкек шаардык кеңеши: «СДПК» - 25,5% (13 мандат) «Республика-Ата-Журт» - 24,5% (12 мандат) «Өнүгүү-Прогресс» - 15,5% (8 мандат) «Мекеним Кыргызстан» - 13,1% (7 мандат) «Кыргызстан» - 9,4% (5 мандат)   Чүй облусу боюнча   Кант шаардык кеңеши: «СДПК» - 35,2% (12 мандат) «Республика-Ата-Журт» - 30,4% (10 мандат) «Кыргызстан» - 9,9 % (3 мандат) «Өнүгүү-Прогресс» - 9,6% (3 мандат) «Акшумкар» - 9,6% (3 мандат) Шопоков шаардык кенеши: "СДПК" - 41,9% (9 мандат) "Акшумкар" - 18,2% (4 мандат) "Онугуу-Прогресс" - 19,5% (4 мандат) "Республика-Ата-Журт" - 18,3% (4 мандат)   Ош облусу боюнча   Өзгөн шаардык кеңеши: «СДПК» - 40,6% (13 мандат) «Өнүгүү-Прогресс» - 34,7% (11 мандат) «Кыргызстан» - 12,1% (4 мандат) «Республика-Ата-Журт» - 10,1% (3 мандат).   Төмөнкү айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу тийиштүү АШКлардын протоколдору бекитилди:   Чүй облусу боюнча Чүй району боюнча: Сайлык айылдык кеңеши, Искра айылдык кеңеши,  Кош-Коргон айылдык кеңеши, Онбир-Жылга айылдык кеңеши,  Шамшы айылдык кеңеши, Ибраимов айылдык кеңеши, Кегети айылдык кеңеши,  Бурана айылдык кеңеши, Ак-Бешим айылдык кеңеши, Чүй айылдык кеңеши,   Жайыл району боюнча: Ак-Башат айылдык кеңеши, Сары-Коо айылдык кеңеши, Кара-Суу айылдык кеңеши, Степнинский айылдык кеңеши, Жайыл айылдык кеңеши, Сосновка айылдык кеңеши, Сары-Булак айылдык кеңеши, Талды-Булак айылдык кеңеши, Суусамыр айылдык кеңеши,   Ысык-Ата району боюнча: Кең-Булуң айылдык кеңеши, Ивановка айылдык кеңеши, Сын-Таш айылдык кеңеши, Юрьевка айылдык кеңеши, Нурманбет айылдык кеңеши, Краснореченский айылдык кеңеши, Кочкорбаев айылдык кеңеши, Жээк айылдык кеңеши, Ак-Кудук айылдык кеңеши, Бирдик айылдык кеңеши,  Узун-Кыр айылдык кеңеши, Интернационал айылдык кеңеши, Туз айылдык кеңеши, Ысык-Ата айылдык кеңеши, Люксембург айылдык кеңеши, Логвиненко айылдык кеңеши, Ново-Покровка айылдык кеңеши,   Аламүдүн району боюнча: Төмөнкү-Аларча айылдык кеңеши, Маевка айылдык кеңеши, Ала-Арча айылдык кеңеши, Октябрь айылдык кеңеши, Васильевка айылдык кеңеши, Грозденский айылдык кеңеши, Ленин айылдык кеңеши, Ак-Дөбө айылдык кеңеши, Аламүдүн айылдык кеңеши, Лебединовка айылдык кеңеши, Көк-Жар айылдык кеңеши, Кара-Жыгач айылдык кеңеши, Таш-Дөбө айылдык кеңеши, Байтик айылдык кеңеши.   Ош облусу боюнча   Алай району боюнча: Сары-Таш айылдык кеңеши, Талды-Суу айылдык кеңеши, Үч-Дөбө айылдык кеңеши, К. Белекбаев атындагы айылдык кеңеши, Бүлөлүү айылдык кеңеши, Ленин айылдык кеңеши, Жошолу айылдык кеңеши, Корул айылдык кеңеши, Гүлчө айылдык кеңеши, Жаңы-Алай айылдык кеңеши, Сары-Могол айылдык кеңеши,   Араван району боюнча: Керме-Тоо айылдык кеңеши, Мангыт айылдык кеңеши, Алля Анар айылдык кеңеши, Чек-Абад айылдык кеңеши, Тоо-Моюн айылдык кеңеши,   Кара-Кулжа району боюнча: Кашка-Жол айылдык кеңеши, Кара-Кочкор айылдык кеңеши, Кара-Гуз айылдык кеңеши, Ылай-Талаа айылдык кеңеши, Сары-Булак айылдык кеңеши, Чалма айылдык кеңеши, Капчыгай айылдык кеңеши, Ой-Тал айылдык кеңеши, Кызыл-Жар айылдык кеңеши,  Алайкуу айылдык кеңеши,   Кара-Суу району боюнча: Сарай айылдык кеңеши, Савай айылдык кеңеши, Жаны-Арык айылдык кеңеши, Кызыл-Суу айылдык кеңеши, Кашкар-Кыштак айылдык кеңеши, Мады кеңеши, Нариман айылдык кеңеши, Шаркского айылдык кеңеши, Кызыл-Кыштак айылдык кеңеши, Катта-Талдык айылдык кеңеши Папан айылдык кеңеши,   Ноокат району боюнча: Кенеш айылдык кеңеши, Кыргыз-Ата айылдык кеңеши, Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңеш, Мирмахмудов айылдык кеңеши, Кара-Таш айылдык кеңеши, Гүлистан айылдык кеңеши, Жаңы-Ноокат айылдык кеңеши, Бел айылдык кеңеши, Көк-Жар айылдык кеңеши, Найман айылдык кеңеши, Он Эки-Бел айылдык кеңеши, Төөлөс айылдык кеңеши, Т. Кулатов атындагы айылдык кеңеш,   Ынтымак айылдык кеңеши,   Өзгөн району боюнча: Кара-Таш айылдык кеңеши, Кызыл-Октябрь айылдык кеңеши, Жалпак-Таш айылдык кеңеши, Куршаб айылдык кеңеши, Баш-Дөбө айылдык кеңеши, Торт-Кульского айылдык кеңеши, Жылалдинского айылдык кеңеши, Ийри-Суу айылдык кеңеши, Чангет айылдык кеңеши, Заргер айылдык кеңеши, Ак-Жар айылдык кеңеши, Дөң-Булак айылдык кеңеши, Жаз айылдык кеңеши, Кызыл-Тоо айылдык кеңеши, Салам-Алик айылдык кеңеши, Көлдүк айылдык кеңеши,   Чоң-Алай району боюнча: Жекенди айылдык кеңеши, Кашка-Суу айылдык кеңеши, Чоң-Алай айылдык кеңеши.   Аймактык шайлоо комиссиялары шайланган талапкерлерди эми каттоодон өткөрүүлөрү керек.   КР БШК басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
1 … 425 427 … 482

Акыркы жаңылыктар

25.09.2026 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочуларга, талапкерлерге, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына кайрылуусу! 25.09.2026 «Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону 2027-жылдын 27-январында эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду 25.09.2026 «Элдик Банк» жана «АБанк» КР Президентин шайлоого катышуучу талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк катары аныкталды 25.09.2026 КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча иш-чаралардын календардык планын бекитти 25.09.2026 КР БШКсы шайлоо жана референдум мезгилинде ЖМКларды аккредитациялоо жөнүндө жобону бекитти 25.09.2026 КР БШКсы 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитти