Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
РЕФЕРЕНДУМ ЖАНА ШАЙЛОО – 2016-ЖЫЛДЫН 12-ДЕКАБРЫНА ПРОГРАММА
Дареги: КР БШКнын «Ала-Тоо» көчмө басма сөз борбору, «Орион» отели (Эркиндикбул. 21)
Убактысы
Иш-чара
9:00
КРБШКнын маалымат жыйыны, добушберүүнүналгачкыжыйынтыктары тууралуу маалымат
11:00
Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин байкоочулар миссиясынын маалымат жыйыны
11:40
Шанхай кызматташтык уюмунун байкоочулар миссиясынын маалымат жыйыны
12:30
Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешининбайкоочулар миссиясынын маалымат жыйыны
14:30
Шайлоо органдарынын бүткүл дүйнөлүк ассоциациясынын маалымат жыйын
КР БШК басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
КМШ байкоочуларынын миссиясы: Референдум эркин жана ачык өттү
Референдум эркин жана ачык өттү, жарандарга ой-пикирин эркин билдирүүгө укук беришти. Бул тууралуу бүгүн 12-декабрда Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин байкоочулар миссиясынын башчысы Евгений Слобода Борборшайкомдун «Ала-Тоо» басма сөз борборундажурналисттер мененжолугушууда билдирди.
Евгений Слобода белгилегендей, курамы КМШ өлкөлөрүнөн келген 66 байкоочудан турган миссия ишин үстүбүздөгү жылдын 30-ноябрында баштаган. Ал “шайлоого даярдык жогорку деңгээлде болгонун” белгиледи.
“Борборшайком бардык үгүт топторуна – “макулуна” дагы, “каршысына” дагы бүт шарттарды түзүп берген. Үгүт телеканалдарда жана басма сөз басылмаларында ал топтордун тең укуктары сакталып, өткөрүлдү.
БШКнын бардык топторго бирдей укуктарды түзүп бергени – буд абдан маанилүү”, деди ал. “Бардык шайлоо участоктору автоматтык түзүлүштөр менен жабдылган, кесипкөй операторлор иштеп жатышты, ал жерлерде бейпил кырдаал өкүм сүрүп турду, - деп белгиледи Е.Слобода, - Бул түзүлүштөрдү пайдалануу добуш берүүнүн ачык жана тынч өтүшүнө өбөлгө болду”.
Ал ошону менен бирге добуш берүүнүн жүрүшүндө техника бузулган учурлар катталганын, бул шайлоо участокторунда адамдардын топтолушуна алып келгенин билдирди.
КР БШКнын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
БШК башчысы референдумдун алгачкы жыйынтыктарын билдирди
Бүгүн 11-декабрда саат 22.30да Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Нуржан Шайлдабековареферендумда добуш берүүнүн автоматтык эсептөөчү урналардан келип түшкөн алгачкы жыйынтыктарын билдирди.
Алгачкы маалыматтарга ылайык 22.00гө карата жалпы элдик добуш берүүгө 1 млн. 190501 адам б.а. шайлоочулардын жалпы санынын 41.74%ы катышты. Конституцияга өзгөртүү киргизүү үчүн кыргызстандыктардын 79, 7%ы, каршы - 15.40%ы добуш берди.
Бул – алгачкы алдын-ала маалыматтар, акыркы жыйынтыктар бюллетендер кол менен саналгандан кийин белгилүү болот. Цифралар маалыматтардын түшкөнүнө жараша өзгөрүлүүдө.
КР БШКнын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Түркиянын байкоочулар миссиясынын башчысы: “Кыргызстандын БШКсы элдин шайлоого ишенимин кайтаруу үчүн канчалык көп иш жасаганын биз көрдүк”
11-декабрда Түркиянын байкоочуларыКыргызстандын Борборшайкомунун басма сөз борборунда журналисттер менен жолугушуу өткөрүштү. Түркиянын Жогорку шайлоо кеңешинин төрагасы Сади Гювен өз сөзүн бүгүн Стамбулда теракттын натыйжасында курман болгондордун туугандарына көңүл айтуу менен баштап, жарадар болгондорго тез сакайып кетүүлөрүн каалады.
Түркиянын байкоочуларынын делегациясы №1219 жана №1213 шайлоо участокторунун ачылышында болуп,шайлоо процессинде мыйзам бузууларды аныкташкан жок. Сади Гювен минтип айтты: “Кыргызстандын БШКсы элдин шайлоого ишенимин кайтаруу үчүн канчалык көп иш жасаганын биз көрдүк.
Бул биометрикалык маалыматтардын негизинде шайлоочулардын тизмесин түзүүнүн жана автоматтык эсептөөчү урналарды пайдалануунун натыйжасында мүмкүн болду. Бизде биометрикалык каттоонунтехнологиясы эми гана киргизилүүдө, Кыргызстандын тажрыйбасы Түркияда колдонулат”. Байкоочулар миссиясынын мүчөлөрүнүн пикири боюнча добуш берүү процесси ачык-айкын өттү, участоктордо саясий партиялардан, үгүт топторунан, жарандык коомдон байкоочуларболушту. Участоктор жабылгандан кийин протоколдор добуштарды кол менен саноонун негизинде түзүлдү.
КР БШКнын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча алгачкы жыйынтыктар
КР БШКнын алгачкы маалыматтарына ылайык 22.00гө карата Конституцияга өзгөртүү киргизүү үчүн референдумдун катышуучуларынын 79, 7%ы, каршы - 15.40%ы добуш берди. Жалпы элдик добуш берүүгө 1 млн. 190501 катышуучу (41.74%ы) катышты.
Шайлоочу
Добуш
Макул
Каршы
АЭУ
Кол
АЭУ
Кол
АЭУ
Кол
Кыргыз Республикасы
2851952
1190501 41.74%
0 0.00%
947399 79.58%
0 0.00%
183341 15.40%
0 0.00%
Бишкек
343034
147988 43.14%
0 0.00%
111092 75.07%
0 0.00%
32177 21.74%
0 0.00%
Ош
132691
37731 28.44%
0 0.00%
31219 82.74%
0 0.00%
5909 15.66%
0 0.00%
Жалал-Абад областы
526418
240207 45.63%
0 0.00%
178257 74.21%
0 0.00%
44852 18.67%
0 0.00%
Ысык-Көл областы
254353
101625 39.95%
0 0.00%
88659 87.24%
0 0.00%
8947 8.80%
0 0.00%
Нарын областы
170265
78395 46.04%
0 0.00%
63634 81.17%
0 0.00%
11162 14.24%
0 0.00%
Ош областы
578632
244304 42.22%
0 0.00%
195415 79.99%
0 0.00%
36979 15.14%
0 0.00%
Талас областы
130025
62325 47.93%
0 0.00%
47397 76.05%
0 0.00%
11073 17.77%
0 0.00%
Чүй областы
464544
177803 38.27%
0 0.00%
147905 83.18%
0 0.00%
20898 11.75%
0 0.00%
Баткен областы
237990
100123 42.07%
0 0.00%
83821 83.72%
0 0.00%
11344 11.33%
0 0.00%
МИД КР
14000
0 0.00%
0 0.00%
0 0.00%
0 0.00%
0 0.00%
0 0.00%
Кененирээк билүү >>
2016-жылдын 11-декабрында саат 20.00 гө карата Кыргыз Республикасындагы референдумда жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын келиши тууралуу маалымат
Шаардык кенештер
Шайлоочу
Добуш
%
Кыргыз Республикасы
587619
255520
43.48%
Бишкек
310530
132211
42.58%
Жалал-Абад областы
85825
41848
48.76%
Ысык-Көл областы
6393
3168
49.55%
Нарын областы
25682
11398
44.38%
Ош областы
25704
10932
42.53%
Талас областы
16137
7045
43.66%
Чүй областы
46894
20729
44.20%
Баткен областы
70454
28189
40.01%
Айылдык кенештер
Шайлоочу
Добуш
%
Кыргыз Республикасы
1701032
751233
44.16%
Жалал-Абад областы
385099
179389
46.58%
Ысык-Көл областы
168684
75244
44.61%
Нарын областы
124516
55649
44.69%
Ош областы
437460
193252
44.18%
Талас областы
106009
50679
47.81%
Чүй областы
334757
134860
40.29%
Баткен областы
144507
62160
43.02%
Шаардык кенештердин депутаттарын моонотунон мурда шайлоо
Шайлоочу
Добуш
%
Кыргыз Республикасы
5777
2911
50.39%
Чүй областы
5777
2911
50.39%
Айылдык кенештердин депутаттарын моонотунон мурда шайлоо
Шайлоочу
Добуш
%
Кыргыз Республикасы
19106
10152
53.14%
Жалал-Абад областы
3106
1591
51.22%
Нарын областы
7366
3519
47.77%
Талас областы
3412
2112
61.90%
Чүй областы
5222
2930
56.11%
Референдум
Шайлоочу
Добуш
%
Кыргыз Республикасы
2851952
1199941
42.07%
Бишкек
343034
148887
43.40%
Ош
132691
37731
28.44%
Жалал-Абад областы
526418
241832
45.94%
Ысык-Көл областы
254353
101996
40.10%
Нарын областы
170265
78553
46.14%
Ош областы
578632
248827
43.00%
Талас областы
130025
62985
48.44%
Чүй областы
464544
178002
38.32%
Баткен областы
237990
100231
42.12%
МИД КР
14000
897
6.41%
Кененирээк билүү >>
Кыргызстанда шайлоо тынч өттү, шайлоо комиссиялары ырааттуу жана кесипкөй иштешти, деп билдирди Украинанын БШК башчысы
“Кыргызстандагы шайлоо процесси эң жогорку баага татыктуу”,деп билдирди Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасыМихаилОхендовский журналисттер менен жолугушууда. “Биз бүгүн Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы бир катар шайлоо участокторуна барып келдик. Добуш берүү өтө тынч кырдаалда өттү”, деди М. Охендовский.
Эл аралык байкоочулар шайлоочулардын участокторго жогорку деңгээлде келгенин, БШКнын жана шайлоо комиссияларынын өкүлдөрүнүн ырааттуу жана кесипкөй иштегенин көрүштү. “Бюллетень алып жатканда дагы, шайлоочуларды иденттештирүү убагында дагы биз эч бир участоктон чоң кезекте тургандарды көрбөдүк”, деп белгиледи Украинанын БШК башчысы.
Анын айтуусу боюнча алар участоктордо көп сандагы байкоочуларды көрүшкөн, бул шайлоо процессинин ачык-айкындуулугун кепилдеген фактор болуп саналат. Участоктордо жетиштүү сандагы зарыл маалыматтык материалдар бар, алар референдумда жана жергиликтүү кеңештерге шайлоодо шайлоочуларга аңдап-билүү менен тандаганга жардам берди.
Ошону менен бирге ал автоматтык эсептөөчү урналар аларга абдан чоң таасир калтырганын белгиледи. “Бул кыйла маанилүү техникалык жаңылык, аны биз Украинада бара-бара колдонгубуз келет. Кыргызстанда бул урналар жогорку деңгээлде иштөөдө. Бул, албетте, абдан алдыңкы технология. КРдагы шайлоо процессин автоматташтыруу деңгээли, биздин көз карашыбызда, эң жогорку баага татыктуу”, деди Украинанын БШК башчысы.
КР БШКнын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Кыргызстанда бардык шайлоо участоктору өз ишин аяктады
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Нуржан Шайлдабекова билдиргендей, саат 20.00дөбардык шайлоо участоктору өз ишин аяктады. Бюллетендер саат сегизге чейин добуш берүүгө катышуу үчүн участокторго кирген шайлоочуларга гана берилет. “Добуш берүү аяктагандан кийин бүт маалыматон-лайнрежиминде серверлерге өткөрүлүп берилет”, деди Н.Шайлдабекова.
Ал, ошондой эле, азыркы учурда саат 17.00гө карата маалыматтар жана саат 18.00гө карата жарым-жартылаймаалыматтар бар экенин белгиледи. Анын айтуусу боюнча болжолу саат 21.00дөБШК шайлоонун алгачкы жыйынтыктарын бере алат, ал эми эң акыркы биротоло маалыматтар бюллетендерди кол менен санагандан кийин гана белгилүү болот.
КР БШКнын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
БШК биринчи жолу көчмө басма сөз борборун уюштурду
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясыбиринчи жолу көчмө басма сөз борборун уюштурду.
«Ала-Тоо»басма сөз борбору добуш берүүнүн жүрүшүн өз убагында чагылдыруу үчүн бардык зарыл жабдыктар менен жабдылган, жогорку ылдамдыктагы интернет иштеп, маалымат жыйындары түз эфирде борбордун аймагында көрсөтүлүүдө.
Мындан тышкары, региондор боюнча шайлоочулардын келишине жана добуш берүүнүн жүрүшүнө журналисттер менен эл аралык байкоочулар интерактивдүү карта аркылуу көз сала алышат.
Эл аралык байкоочулардын миссиялары үчүн интервью берүү жана маалымат жыйындарын өткөрүү максатында аянтча түзүлдү.
Добуш берүү процессин 200гө жакын журналист чагылдырууда, алардын 70тен ашыгы – чет өлкөлүктөр.
КР БШКнын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Н. Шайлдабекова референдумда жана жергиликтүү кеңештерге шайлоодо Люксембург айылында добуш берди
Бүгүн Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Нуржан Шайлдабековареферендумду жана жергиликтүү кеңештерге шайлоону уюштурууга байланыштуу колу бошобогонуна карабай, Люксембург айылындагы 7139 шайлоо участогунда добуш берди.
Бул шайлоо округунда сегиз депутаттык мандатка 19 талапкер ат салышууда. Тизмеге ылайык ал участокто1524 шайлоочу жанареферендумдун 1563 катышуучусу добуш бериши керек.
КР БШК төрагасы өзүнүн жарандык милдетин аткаруу менен бирге он сегиз жаштагы Жалилбек Даниярды биринчи жолу шайлоого катышып жатканы менен куттуктап, ыраазычылык кат тапшырды.
КР БШКнын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Молдова БШКнын өкүлү: Эсептөөчү түзүлүштөрдүн бир аз үзгүлтүккө учурашы күтүлгөн көрүнүш, себеби ал - техника
Бүгүн 11-декабрдаэл аралык байкоочулар БШКнын басма сөз борборунда журналисттер менен жолугушуп, Кыргызстанда добуш берүү процессине комментарий беришти. МолдоваРеспубликасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү Максим Лебединскийдин айтуусу боюнча бир нече шайлоо участокторунда болгон учурда дагы,референдумга жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого шайлоочулардын келиши тууралуу маалыматкакарагандадагы эл мамлекеттин ишине кызыгаары, ага катышууну каалары ачык эле көрүнүп турат.
“Шайлоочуларды иденттештирүү учурундагы үзгүлтүктөр тууралуу маалыматка байланыштуу мындай деп айтса болот: техника деген - техника, анын качан иштебей каларын алдын ала билүүгө болбойт. Эгерде шайлоо кышында өткөрүлбөй, жайында өткөрүлсө, анча кыйынчылык болбойт эле. Техника белгилүү бир температураны кармап турат, аны жылуу жерден кыйла муздак жерге алып чыкканда, кандайдыр-бир үзгүлтүккө учурашы мүмкүн. Бирок бул негизги нерсе эмес, башкысы – элдин шайлоо тутумуна ишенгени”, деп М.Лебединскийавтоматтык эсептөөчү урналарды пайдалануу – көп жыл алдыга – келечекке эсептелген жакшы тажрыйба экенин белгиледи.
КР БШКнын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
КМШдан байкоочулар: КРдагы шайлоо өткөрүү тутуму жана анын уюштурулушу субъективдүү фактордун таасирин жокко чыгарат
Бүгүн 11-декабрда Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин байкоочуларынын миссиясы журналисттер менен жолугуп, миссиянын жүргүзгөн иштери тууралуу айтып беришти.
РФ Мамлекеттик Думасынын эл аралык иштер боюнча комитетинин мүчөсү Татьяна Алексееванын айтуусу боюнча алар Бишкектеги жана шаардын айланасында жайгашкан бир нече шайлоо участокторунда болушту.
“Участоктордо жарандардын активдүүлүгү көрүнүп турат. Биз шайлоочуларды иденттештирүү учурунда түшүнбөстүктөрдү жана мыйзам бузууларды байкаган жокпуз. Шайлоо жогорку деңгээлде уюштурулуптур. Мында БШКнын жакшы иштегенин белгилей кетүү керек”, деп, ал Кыргызстан улам өзгөрүлүп, мыкты боло баштаганын белгиледи.
Өз кезегинде РФ Мамлекеттик Думасынын депутаты Вера Ганзяучастоктордо жакшы аура түзүлгөнүн билдирди. “Шайлоо өткөрүү тутуму жана анын уюштурулушу субъективдүү фактордун таасирин жокко чыгарат. Ошону менен бирге бул жыйынтык аппаратураларды туура тандап алуунун натыйжасында болгонун белгилей кетүү керек. Жакшы иштегени үчүн Борборшайкомго ыраазычылык билдиргибиз келет”, деди россиялык депутат.
КР БШКнын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
2016-жылдын 11-декабрында саат 13.00 гө карата Кыргыз Республикасындагы референдумда жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын келиши тууралуу маалымат
Шаардык кенештер
Шайлоочу
Добуш
%
Кыргыз Республикасы
587619
85650
14.58%
Бишкек
310530
43013
13.85%
Жалал-Абад областы
85825
11974
13.95%
Ысык-Көл областы
6393
970
15.17%
Нарын областы
25682
4244
16.53%
Ош областы
25704
2441
9.50%
Талас областы
16137
2763
17.12%
Чүй областы
46894
8967
19.12%
Баткен областы
70454
11278
16.01%
Айылдык кенештер
Шайлоочу
Добуш
%
Кыргыз Республикасы
1701032
232292
13.66%
Жалал-Абад областы
385099
47575
12.35%
Ысык-Көл областы
168684
28321
16.79%
Нарын областы
124516
21846
17.54%
Ош областы
437460
52070
11.90%
Талас областы
106009
16545
15.61%
Чүй областы
334757
50512
15.09%
Баткен областы
144507
15423
10.67%
Моонотунон мурда (шаардык кенештер)
Шайлоочу
Добуш
%
Кыргыз Республикасы
5777
442
7.65%
Чүй областы
5777
442
7.65%
Моонотунон мурда (айылдык кенештер)
Шайлоочу
Добуш
%
Кыргыз Республикасы
19106
3510
18.37%
Жалал-Абад областы
3106
317
10.21%
Нарын областы
7366
1378
18.71%
Талас областы
3412
696
20.40%
Чүй областы
5222
1119
21.43%
Референдум
Шайлоочу
Добуш
%
Кыргыз Республикасы
2851952
393356
13.79%
Бишкек
343034
51158
14.91%
Ош
132691
18903
14.25%
Жалал-Абад областы
526418
67085
12.74%
Ысык-Көл областы
254353
39497
15.53%
Нарын областы
170265
30097
17.68%
Ош областы
578632
65688
11.35%
Талас областы
130025
20806
16.00%
Чүй областы
464544
68987
14.85%
Баткен областы
237990
30989
13.02%
КР ТИМ
14000
146
1.04%
Кененирээк билүү >>
2016-жылдын 11-декабрында саат 10.00 гө карата Кыргыз Республикасындагы референдумда жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын келиши тууралуу маалымат
Шаардык кенеш
Шайлоочу
Добуш
%
Кыргыз Республикасы
587619
23960
4.08%
Бишкек
310530
12336
3.97%
Жалал-Абад областы
85825
4588
5.35%
Ысык-Көл областы
6393
248
3.88%
Нарын областы
25682
1014
3.95%
Ош областы
25704
705
2.74%
Талас областы
16137
679
4.21%
Чүй областы
46894
1988
4.24%
Баткен областы
70454
2402
3.41%
Айылдык кенеш
Шайлоочу
Добуш
%
Кыргыз Республикасы
1701032
54368
3.20%
Жалал-Абад областы
385099
8967
2.33%
Ысык-Көл областы
168684
6514
3.86%
Нарын областы
124516
5237
4.21%
Ош областы
437460
15420
3.52%
Талас областы
106009
4062
3.83%
Чүй областы
334757
10903
3.26%
Баткен областы
144507
3265
2.26%
Досрочные выборы
Шайлоочу
Добуш
%
Кыргыз Республикасы
5777
260
4,50%
Чүй областы
5777
260
4,50 %
Референдум
Шайлоочу
Добуш
%
Кыргыз Республикасы
2851952
95630
3.35%
Бишкек
343034
14868
4.33%
Ош
132691
4594
3.46%
Жалал-Абад областы
526418
14737
2.80%
Ысык-Көл областы
254353
8504
3.34%
Нарын областы
170265
5453
3.20%
Ош областы
578632
19936
3.45%
Талас областы
130025
5070
3.90%
Чүй областы
464544
15453
3.33%
Баткен областы
237990
6869
2.89%
МИД КР
14000
146
1.04%
http://ess.shailoo.gov.kg/ServiceJSP.do
http://cec.on.kg/map.html
Кененирээк билүү >>
Н. Шайлдабекова: Эл аралык байкоочулар Кыргызстандын референдум өткөрүүгө даярдыгын абдан жогору баалашты
Бүгүн 11-декабрда Кыргызстандын бүт аймагында референдум жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өтүп жатат.Бул иш-чаранын алкагында БШК добуш берүүнүн жүрүшү жөнүндө маалымат жыйынын уюштурду.
Маалымат жыйынынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын башчысы Нуржан Шайлдабековажурналисттердин суроолоруна жооп берип,Кыргызстанда өтүп жаткан референдум менен шайлоо эл аралык байкоочулар үчүн абдан кызыгуу жаратканын билдирди.
“Биз кечээ эле байкоочулар үчүн презентация өткөрдүк. Алар шайлоо тутуму чөйрөсүндөгү биздин алга жылыштарды абдан жогору баалашты. Шайлоонун жүрүшүнө дүйнөнүн 25 өлкөсүнөн 200гө жакын байкоочу көз салышууда. Тилекке каршы, ЕККУнун байкоочулары келе албай калышты. Алар бир нече өлкөдө шайлоо өтүп жаткандыктан, кызматкерлердин жетишсиздигинен жана финансылык каражаттардын четелгенинен улам биздин шайлоого катыша албай турганын түшүндүрүштү”, деп айтты Н. Шайлдабекова.
КР БШКнын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Саат 10.00 гө карата референдумда Кыргызстан боюнча 95 миңден ашык адам добуш берди
Бүгүн 11-декабрда Кыргыз Республикасынын аймагында Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдумжана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өтүп жатат.
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Нуржан Шайлдабекованын айтуусу боюнча саат 11.00гө карата референдумда Кыргызстандын аймагында 95 миң 630 адам же шайлоочулардын 3,35%ы добуш берди.
Ал Баткен облусунда шайлоочулардын 2,89%ы, Жалал-Абад облусунда - 2,8%ы,Ош облусундагыӨзгөн шаарында - 3,45%ы, Нарында - 3,20%ы, Таласта - 3,90%ы, Ысык-Көлдө - 3,34%ы, Чүйдө- 3,33%ыжана Бишкек шаарында - 4,33%ы добуш бергенин айтты.
БШК башчысынын берген маалыматы боюнча шайлоочулардын кыйла активдүүлүгү Ош облусунда байкалууда.
КР БШКнын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
25.09.2026
«Элдик Банк» жана «АБанк» КР Президентин шайлоого катышуучу талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк катары аныкталды
25.09.2026
КР БШКсы шайлоо жана референдум мезгилинде ЖМКларды аккредитациялоо жөнүндө жобону бекитти
25.09.2026
КР БШКсы 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитти
25.09.2026
КР БШКнын мүчөсү Тимур Оторбаев Монголиянын Башкы шайлоо комиссиясынын төрагасы менен жолугушту
25.09.2026
КР БШКнын 2026-жылдын 25-сентябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
24.09.2026
КР БШКнын делегациясы Минск шаарындагы тажрыйба алмашуу жана жаштардын шайлоо маданиятын жогорулатуу боюнча стажировкасын жыйынтыктады