Кыргызстанда референдум ачык жана таза өттү, ШКУнун байкоочулар миссиясы мыйзам бузууларды аныктаган жок

12 декабря 2016

Референдум ачык,таза жана демократиялык нукта өттү. Бул тууралуу Шанхай кызматташтык уюмунун байкоочулар миссиясынын мүчөлөрү бүгүн 12-декабрда Борборшайкомдун басма сөз борборунда журналисттер менен жолугушууда билдирди.

Алар жалпы элдик добуш берүүгө 63 участокто байкоо жүргүзүп, мыйзам бузууларды аныктаган эмес. ШКУнун башкы катчысынын орун басары Ван Кайвэнь Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум конституциялык мыйзамга жана кабыл алынган эл аралык милдеттенмелерге ылайык өткөнүн белгиледи. “Бүт добуш берүү процесси тынч жанадемократиялык кырдаалда өттү”, деди ал.

Анын айтуусу боюнчаШКУнун өкүлдөрүкээ биршайлоо участокторунда чакан кезек күтүүлөрдү байкаган, бул шайлоочулардын өздөрүнүн жарандык милдетин аткарууну каалагандыктарын күбөлүнлүрөт, “аларга эч кандай кысым көрсөтүлгөн жок”.

 

КР БШКнын басма сөз кызматы