Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондунун акча каражаттары жөнүндө маалыматы
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобу Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондусунан акча каражаттарынын жүгүртүлүшү жөнүндө 2017-жылдын 25-сентябрына карата маалыматы
Талапкер
Түштү
Чыгымдалды
Калдыгы
1
Абдылдаев А.Б.
2 125000
2 117175
7 825
2
Торобаев Б.Э.
47 230000
12 930746
34 299 254
3
Малиев А.К.
5 959800
5 429579
530 221
4
Зарлыков Э.З.
1 831500
1 830603
897
5
Сариев Т.А.
33 501000
31 680970
1 820 030
6
Масадыков Т.Ш.
4 116150
3 840530
275 620
7
Бабанов О.Т.
160589866
144 130236
16 459 630
8
Мадумаров А.К.
1 187150
1 178734
8 416
9
Жээнбеков С.Ш.
75 300000
62 413838
12 886 162
10
Кочкоров У.Т.
2 971465
2 957355
14 110
11
Бекназаров А.А.
2 426600
2 133522
293 078
12
Уметалиева Т.Д.
1 912915
1 823942
88 973
13
Ташиев К.К.
1 100000
1 099125
875
Кененирээк билүү >>
КР БШК “Шайлоо жана референдум өткөрүүнүн жүрүшүндө аймактык шайлоо комиссиясынын түзгөн административдик укук бузуулар протокол формасы жана аны толтуруу жөнүндө” Нускаманы бекитти
КР БШК 2017-жылдын 24-сентябрындагы жыйынында “Шайлоо жана референдум өткөрүүнүн жүрүшүндө аймактык шайлоо комиссиясынын түзгөн, административдик укук бузуулар протокол формасы жана аны толтуруу жөнүндө” Нускамасы бекитилди.
Административдик укук бузуулар жөнүндө протокол түзүүгө, аймактык шайлоо комиссиясынын төрагалары, ал жокто анын милдетин аткарган орун басарлары протокол түзөрү Нускама менен белгиленген.
Административдик укук бузуулар жөнүндө электрондук мааалыматтар базасы иштелип чыккан.
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Бекитүү түшүндүрүү жөнүндө”, “Шайлоо жана референдум өткөрүүнүн жүрүшүндө аймактык шайлоо комиссиясынын түзгөн, административдик укук бузуулар протокол формасы жана аны толтуруу жөнүндө 2000-жылдын 5-январындагы №197 Токтому күчүн жоготту деп табылды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
-
-
Кененирээк билүү >>
КР БШК Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер С.Жээнбековдун ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
2017-жылдын 24-сентябрындагы КР БШК жыйынында Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер С.Жээнбековдун ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө токтом кабыл алынды.
Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер С.Жээнбековдун ый гарым укуктуу өкүлү болуп:
Дөөталиев Улан Тимурович катталды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Т.Сариевдин ишенимдүү адамынын ыйгарым укуктарын токтотту
2017-жылдын 24-сентябрындагы КР БШКнын жыйынында Кыргыз Республикасынын Президенти Т.Сариевдин ишенимдүү адамы Жайнагүл Орунбаеванын ыйгарым укуктарын токтотуу боюнча токтом кабыл алынды
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкердин ишенимдүү адамдарын каттады
2017-жылдын 24-сентябрындагы КР БШКнын жыйынында Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А.Мадумаровдун ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө чечим кабыл алынды.
Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А.Мадумаровдун ишенимдүү адамдары болуп:
1. Шеркулова Чыныгул Абдукахаровна;
2. Топчуев Эйнарбек Нарматович;
3. Мамашарип уулу Майрамбек;
4. Бабан уулу Эльнурбек;
5. Умаров Замирбек Кожоахматович;
6. Дарвешов Нурмат Хусенович;
7. Джоробекова Сабира Закирбаевна;
8. Мурзакулова Мухлиясхан Ташмаматовна;
9. Жалилов Эшмамат катталды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындады
2017-жылдын 25-сентябрындагы КР БШК жыйынында Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жөнүндө токтом кабыл алынды.
Сокулук районунун прокуратурасынын 2017-жылдын 6-сентябрындагы сунушу боюнча Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын 2017-жылдын 12-сентябрындагы буйругу менен Орок айыл өкмөтүнүн башчысы Уран Соодуев ээлеген кызматынан бошотулду.
Ушуга байланыштуу Орок айылынын өкмөт башчысын шайлоо 2017-жылдын 10-октябрында саат 9:00дөн 12:00гө чейин өткөрүү дайындалды.
Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруп өткөрүү Сокулук аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарын шайлоо дайындалды
2017-жылдын 24-сентябрындагы КР БШК жыйынында Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын айрым башчыларын шайлоо жөнүндө токтом кабыл алынды.
Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаардык кеңешинде, Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинде, Тогуз Торо районунудагы Тогуз-Торо айылдык кеңешинде, Чаткал районундагы Терек-Сай айылдык кеңешинде жаңы шайланган кеңештердин биринчи сессиясы болуп өттү.
Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаарынын мэрин, Жалал-Абад облусунундагы Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн, ТогузТоро районундагы Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн, Чаткал районундагы Терек-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2017-жылдын 10-октябрында саат 9:00дөн 12:00гө чейин өткөрүү дайындалды.
Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруп өткөрүүнү аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Борбордук шайлоо комиссиясы эл аралык 37 байкоочуну аккредитациядан өткөрдү
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан эл аралык 37 байкоочу аккредитациядан өткөрүлдү.
Шанхай Кызматташуу Уюмунун (ШКУ) Башкы Катчысы Рашид Алимов жетектеген Миссия, КМШ Миссиясы (КМШ ПАА), Азербайджан Республикасынын БШКсы, Бутан Шайлоо комиссиясы жана Улуу Британиянын Бириккен Королдугу жана Кыргыз Республикасындагы Түндүк Ирландия Элчилигинен эл аралык байкоочулар аккредитациядан өттү.
Бүгүнкү күнү Борбордук шайлоо комиссиясы дүйнөнүн 43 мамлекетинен 35 эл аралык уюмдарынан 240 байкоочуну аккредитациядан өткөрдү.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Москвада өткөн эл аралык конференцияга катышты
2017-жылдын 20-22-сентябрында Москвада “Көп полярдуу дүйнөнүн шартында бүгүнкү күндүн шайлоо тенденциясы” аттуу эл аралык конференция болуп өттү. Ага Россиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Э.Панфилова жана Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Н.Шайлдабекова катышты.
Конференциянын максаты өнүгүп жаткан көп полярдуу дүйнөнүн шартында бүгүнкү күндөгү шайлоо тенденциясы учурунда жогорку деңгээлде өз ара пикир алышуу жана шайлоону уюштурууда улуттук практиканы, эл аралык-укуктук актуалдуу маселелерди талкуулоо болуп саналат.
Россия Федерациясынын Борбордук шайлоо комиссиясы уюштурган конференциянын ишине КМШ Аткаруу Катчысынын-Аткаруу Комитетинин төрагасынын биринчи орун басары В.Гуминский, ШКУнун Башкы катчысынын орун басары К.Ван, Филипин Республикасынын Шайлоо боюнча комиссиясынын мүчөсү А.А.Парреньо, Азият шайлоо органдар Ассоциациясынын атынан, Россия Федерациясынын коомдук палатасынын катчысынын орун басары С.Орджоникидзе, Федерация Советинин эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.Климов, Кыргызстан, Азербайджан, Армения, Беларусь, Казакстан, Таджикстан, Өзбекстан, Индия, Пакистан жана башка республикалардын шайлоо комиссияларынын башчылары, ошондой эле КМШ мамлекеттер-катышуучуларынын Парламенттер аралык Ассамблея Советинин, БУУнун Москвадагы маалыматтык борборунун жана башка эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Конференцияда сөз сүйлөгөн КР Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Н.Шайлдабекова, акыркы эки жылда Кыргыз Республикасындагы шайлоо системасында реформа жүрүп, жаңы шайлоо модели-маалыматтык шайлоо системасы (МШС) киргизилип, 2016-жылдагы референдумда, 2017-жылдагы май айындагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо сыноодон ийгиликтүү өткөндүгүн белгиледи.
Кыргызстанда калктын бирдиктүү реестри түзүлгөн, жарандар биометрикалык маалыматтары боюнча өздүгүн аныктаган документтерди алышат. БШК менен МКК, эки мамлекеттик органдын биргелешип кызматташуусунун негизинде шайлоо системасына толук жана сапаттуу реформа жүргүзүүгө мүмкүн болду. Азыркы учурда автоматтык саноо урнасынын операторлорунун, техникалык колдоо тобунун, МКК операторлорунун иши жакшырды, шайлоо комиссиясында кабыл алынган чечимдердин ачыктыгы жакшырды. Шайлоочуларды биометрикалык маалыматтар боюнча идентификациядан өткөрүү жана автоматтык саноо урнасынын ишинен кийин добуштарды саноо учурунда максималдуу ишенимдүүлүккө жетишилди. Бул ар бир жарандын добушун эске алууга, конституциялык мыйзамды жана пассивдүү укукту натыйжалуу ишке ашырууга негиз түздү-деди өз сөзүндө КР БШКнын төрагасы.
«Бүгүнкү күндө КР БШК 15-октябрда өтө турган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого эл аралык мониторинг жүргүзүү ишин камсыз кылуу боюнча иш жүрүүдө. Ошондой эле 20-сентябрдагы маалыматтар боюнча дүйнөнүн 38 мамлекетинен эл аралык 203 байкоочу аккредитациядан өттү. КР БШК эл аралык байкоочуларга, Кыргызстандагы жооптуу Миссияларын ишке ашырууга ар тараптуу жардам берүүгө даяр,”-деп белгиледи Н.Шайлдабекова.
Кыргызстандагы шайлоону өткөрүүгө даярдык көрүү процессине кызыгуу менен байкоо жүргүзүү, КР БШК шайлоонун жыйынтыгын акыйкат, таза жана ишенимдүү чыгарууда биометрикалык технологияны колдонуу, шайлоочуларды идентификациялоо жана добуштарды автоматтык саноо урнасын пайдалануу менен жаңы шайлоо технологиясын ийгиликтүү турмушка ашышына байланыштуу болду.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
-
-
Кененирээк билүү >>
КМШ байкоочулар Миссиясынын штабы ишин баштады
22-сентябрда КР БШК төрагасы Н. Шайлдабекованын Көз каранды эмес мамлекеттердин Аткаруу комитетинин Миссиясынын атайын өкүлдөрү менен жолугушуусу болду.
Жолугушууга: КМШ Аткаруу Комитетинин төрагасынын орун басары В. Гуминский, КМШ АКнын бөлүм начальниги Е. Слобода ,
КМШ АКнын кеңешчилери О. Кулеба жана Е. Козяк, КР БШК мүчөсү Б.Кадыров, аппараттын эл аралык бөлүмүнүн кызматкерлери катышты.
Тараптар 2017-жылдын 15-октябрында дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого карата КР БШКнын даярдыгы жана КМШ Штабынын Миссиясынын ишин уюштуруу маселелерин талкуулашты.
Гуминский чакыргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына ыраазычылык билдирип, КМШ Миссиясынын башкы милдети-Кыргыз Республикасынын аракеттеги шайлоо мыйзамдарына жана жол жоболоруна толук ылайык шайлоого бейтарап байкоочулук жүргүзүү болуп саналат деди.
Ошондой эле ал, КМШ Миссиясы шайлоону уюштурууда өзүнүн кеңештерин берип, тажрыйбасын бөлүшөөрүн билдирди. КМШ Миссиясын КМШ АК төрагасы С. Лебедев жетектейт. Ал шайлоого жакын келмекчи.
КМШ Миссиясынан бардыгы болуп 200гө жакын эл аралык байкоочунун келиши күтүлүүдө.
КМШ Миссиясы Кыргызстандагы шайлоого мониторинг жүргүзүү ишинде жетиштүү көмөк көрсөтөт-деп билдирди Н.Шайлдабекова.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлер ортосунда бекер эфирдик убакытты бөлүштүрүу боюнча чүчү кулак өткөрдү
Борбордук шайлоо комиссиясында бекер эфирдик убакытты бөлүштүрүү боюнча чүчү кулак 2 телекөрсөрсөтүү, 1 радиоканал жана республикалык 2 гезит боюнча өткөрүлдү.
Чүчү кулак өткөрүүгө талапкерлердин өкүлдөрү, ЖМКлар жана көз каранды эмес байкоочулар катышты.
Анын жыйынтыгы менен “Коомдук биринчи телеканалда”, “ЭЛТР” жана “Биринчи радиодо” талапкерлердин үгүт материалдарынын жана талапкерлер ортосунда дебаттардын эфирге чыгышынын мөөнөттөрү аныкталды, ошондой эле “Кыргыз Туусу”, “Эркин Тоо” басылмаларында үгүт материалдарынын жарык көрө турган күндөрү белгиленди.
Шайлоо алдындагы үгүт 10-сентябрда башталып, 2017-жылдын 14-октябрында аяктайт. Мыйзам боюнча добуш берүү күнү үгүт иштерине тыюуу салынат.
(Тиркеме)
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР Президентин шайлоонун Гимни менен үгүтпоезд сапар алды «СЕНИН ДОБУШУҢ - СЕНИН КЕЛЕЧЕГИҢ! ТВОЙ ВЫБОР - ТВОЕ БУДУЩЕЕ!»
«СЕНИН ДОБУШУҢ–СЕНИН КЕЛЕЧЕГИН! ТВОЙ ВЫБОР–ТВОЕ БУДУЩЕЕ!» - аттуу шайлоочуларды шайлоо процессинин этаптары, жаңы шайлоо моделинин артыкчылыгы, добуш берүүнүн жол жоболору жөнүндө маалыматтык үгүтпоезд сапар алды.
Үгүтпоездин негизги максаты: Президенттин ыйгарым укуктары, добуш берүүнүн купуялуулугу, добуш сатууга каршы аракет, ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укугуна көңүл буруу-“Кошунаңды ээрчите кел”! жөнүндө маалымат таркатуу болуп саналат.
Өткөн жумалардагы үгүтпоездин старт алуу аземине Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, аппараттын кызматкерлери, ЖОЖ жана лицейлердин студенттери, шаардыктар жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар катышты.
Шаардагы эски аянтка LED-экран орнотулуп, шайлоочуларды биометрикалык идентификациялоо, (АСУ) автоматтык саноо урнасы аппаратуралары коюлуп, шайлоонун бардык жол жоболору көргөзүлүп, анын жыйынтыгы кеңири экранга чыгарылып жатты.
Иш-чаранын катышуучулары шайлоо процессине кийлигишүүгө жана добуш берүүнүн жыйынтыгын ишенимдүү чыгарууга тоскоолдуктардын жоюлушун активдүү колдоп турушту.
Ошондой эле кеченин кульминациялык учуру болгон концертте, Президенттик шайлоого атайын жазылган Гимндин аткарылышы болду. Аны БШКнын жамааты, Кыргызстандын белгилүү ырчылары (Токтобек Асаналиев, Гүлжигит Калыков, Гүлнара Тойгонбаева, Рая Нургазиева, Султан Каримов, Аяна Касымова, Нурсултан Азыкбаев, Гүлнара Кахарова, Айбек Замиров, Мирлан Жетигенов, Жанар Туратова, Адилет Азимов, Жанетта Бобкова, Жылдыз Тутуева, Тилек Найманбаев, Каныкей Раймалиева) чоң сахнада аткарышты.
Гимндин текстинде өз мекениңдин келечеги үчүн кайдыгер болбо деген чакырык жатат:
Таң нуру тоодон чачылганда,
Тагдырым сен деп!-ашыгам анда.
Кымбатым сенсиң, кыргыз элим,
Жакшылап танда, мыктыны шайла!
Кайырма:
Жеримдин көркү Ысык-Көлүмдөй,
Токою кенен Талас жеримдей.
Аскасы бийик Нарыным барда,
Сары-Өзөн Чүйүм теңдеш күн-айга
Байыркы Ош алгала, чамда!
Жалал-Абад жаркырайт таңда,
Баткеним ырдайт кошулуп шаңга,
Борборум Бишкек дем берип жанга!!!
Өркүндөп өскүн Кыргызым алга!!!
Келечек үчүн жакшыны танда!!
Ала-Тоо мөңгү конушуң болсун,
Аскага жетер добушуң болсун.
Улаган жолуң Манастын алга!
Эмгекти сүйгөн жаштарың барда!
Гимн шайлоо процессинде шаңга бөлөгөн учурлар деп ишенет Борбордук шайлоо комиссиясы.
Үгүтпоезд бүткүл өлкө боюнча:«СЕНИН ДОБУШУҢ–СЕНИН КЕЛЕЧЕГИҢ! ТВОЙ ВЫБОР – ТВОЕ БУДУЩЕЕ!» аттуу ураан алдында өтөт.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү Россиянын шаарларында жолугушууларды өткөрүүдө
2017-жылдын 15-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону уюштуруунун алкагында КР БШК Кыргызстанда жана андан тышкаркы жерлерде жашаган жарандарга шайлоо процессинин этаптары, добуш берүүнүн жол-жоболору, шайлоочулардын тизмесинен өз маалыматын тактоо жөнүндө маалыматтык иштерди жүргүзүүдө.
Ушул жылдын 18-20-сентябрында Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү Россия Федерациясынын Новосибирск жана Красноярск шаарларындагы мекендештер менен жумушчу жолугушууларды өткөрүүдө.
Жолугушуунун негизги максаты: добуш берүүгө укугу бар, республикадан тышкары жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарын Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо добуш берүүнүн эрежелери жана тартиби жөнүндө кеңири маалымат берүү болуп саналат.
БШКнын өкүлдөрү Кыргызстандан тышкары жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын Элчиликтеринде жана Консулдук мекемелеринде добуш бере тургандыгы жөнүндө маалымат беришти.
Шайлоочулардын тизмесине кирүү үчүн жарандар биометрикалык каттоодон өтүп, консулдук учетко турушу керек. 30-сентябрга чейин шайлоочу жеке маалыматтарын өздөрү келген мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларындагы шайлоочулардын алдын ала тизмесинен же https://shailoo.srs.kg/ порталынан тактап алса болот.
Эгерде, шайлоочу өзүнүн маалыматтарында катаны, так эместиктерди же өзүн тизмеден таппай калса, өзүнүн участкасына барып, шайлоо комиссиясына №3 формасында арыз жазуусу керек. Эгерде, шайлоочу добуш берүү учурунда республикадан тышкаркы жерлерде болсо, ал тиешелүү шайлоо участкасына барып, консулдук учетко туруу (убактылуу) үчүн №2 формасындагы арыз толтуруп, участкалык шайлоо комиссиясына кайрылуу керек. Ал шайлоо жыйынтыгы чыккандан кийин 10 календардык күнгө чейин анык.
Жарандардын арыздары токтоосуз түрдө аймактык шайлоо комиссиясындагы участкалык шайлоо комиссиясына берилип, тизмеге киргизүү үчүн тиешелүү чараларды көрөт, каталарды же так эместиктерди оңдоп, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кароосуна жиберилет.
Кыргыз Республикасынан тышкаркы жерлерде 37 шайлоо участкасы, анын ичинде алтоосу Россияда ачылган. Москвадагы Кыргыз Республикасынын элчилигинде (УШК 9001), Санк-Петербург шаарында КР элчилигинин канцеляриясында (УШК 9002), Красноярск шаарындагы КР элчилигинде (УШК 9003), Владивосток шаарында КР Элчилигинде (УШК 9004), Екатеринбург шаарындагы КР Башкы консулдугунда (УШК 9009), Новосибирск шаарындагы КР Вице-консулдугунда (УШК 9010) иштеп жатат.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК С.Жээнбековдун ыйгарым укуктуу өкүлү Ж.Сманбаеванын арызын канааттандыруудан баш тартты
2017-жылдын 15-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С.Жээнбековдун ыйгарым укуктуу өкүлү Ж.Сманбаевадан «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнүн, 28-беренесингин 5-бөлүгүнүн талаптарын жалпыга маалымдоо каражаты бузгандыгы жөнүндө арыз келип түштү.
Атап айтканда, өз арызында Ж.Сманбаева 11-сентябрда www.24.kg сайтында «Взгляд» рубрикасындагы «Сочиге визит. Укукту улантуучу эмнеси менен жакшы экенин Кремлге кайрадан түшүндүрөбү?» макаласында анын автору Кабай Карабеков КР Президенттигине талапкердин бир туугандары аркылуу анын үй-бүлөсүн каралаган, ошондой эле талапкердин өзүнүн кадыр-баркына зыян келтирген маалыматтарды көрсөткөн деп билдирген. Ал гана эмес, арыз ээси макала социалдык, расалык, дин аралык, улуттук жек көрүүнү жана КР Президентинин кызмат ордуна талапкер
С.Ш. Жээнбековго карата кастыкты козгогон чакырыктарды камтыйт деп эсептейт.
Өзүнүн даттануусунун талаптарында арыз ээси Борбордук шайлоо комиссиясынан www.24.kg маалымат агенттигин Кабай Карабековдун макаласына төгүндөөнү жарыялоого, www.24.kg маалымат агенттигин көрсөтүлгөн макаланы агенттиктин сайтынан алып салууга милдеттендирүүнү, www.24.kg маалымат агенттигинин аккредитациясын кайра чакыртып алууну өтүнөт.
КР БШКнын Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымдоо жөнүндө маселелер боюнча жумушчу тобу Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүү учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу тобу 2017-жылдын 18-сентябрында биргелешкен отурумда берилген даттанууну маңызы боюнча карады.
Арыз ээсинин далилдерин объективдүү кароо жана иликтөө, аларга баа берүү максатында Жумушчу топтордун биргелешкен отурумуна арыз ээси, www.24.kg маалымат агенттигинин өкүлү чакыртылды.
Жумушчу топтордун биргелешкен отурумунда арыз ээси өзүнүн талаптарын колдоду жана аларды канааттандырууну өтүндү. www.24.kg маалымат агенттигинин өкүлү Ксения Бойко көрсөтүлгөн макала жайгаштырылганын жана 2017-жылдын18-сентябрында алып салынганын түшүндүрдү. Мында, www.24.kg маалымат агенттигинин өкүлү алар төгүндөөнү жайгаштыруу үчүн www.24.kg маалымат агенттигинин сайтында КР Президеттигине талапкер С.Ш. Жээнбековго аянтты берүүгө макул экенин билдирди.
Конституциялык Мыйзамдын 44-беренесинин 7-бөлүгүндө арыздар (даттануулар), шайлоо процессинин субъектине анын укуктары бузулганы, чечимдер кабыл алынганы, аракеттер (аракетсиздиктер) жасалганы жөнүндө белгилүү болгон учурдан тартып токтоосуз, бирок 2 календардык күндөн кечиктирбестен берилетдеп белгиленген.
Борбордук шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын7-июлундагы № 212 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүү учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын шайлоо комиссиялары тарабынан кароо тартиби жөнүндө» жобонун 1.9-пунктуна ылайык, шайлоо укуктарын бузуу жөнүндө арыздарды (даттанууларды) шайлоо процессинин субъекттери (катышуучулары) өздөрүнүн шайлоо укуктары бузулгандыгы жөнүндө өздөрүнө белгилүү болуп калган, чечимдер кабыл алынган, аракеттер (аракетсиздик) жасалган учурдан тартып, бирок 2 календардык күндөн кечиктирбестен тиешелүү шайлоо комиссиясына берет.
Макала 2017-жылдын 11-сентябрында жарыяланганынын, ал эми Ж.Сманбаеванын арызы 2017-жылдын15-сентябрында берилгенинин жагдайын эске алып, арыз ээси Жобонун 1.9-пунктунда белгиленген арызды (даттанууну) берүүнүн мөөнөтүн бузгандыгынан улам Жумушчу топтор Ж.Сманбаеванын талаптарын канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алган.
Мында Жумушчу топтор www.24.kgмаалымат агенттигинин сайтына жайгаштырылган материалды алып салуу жана төгүндөө берүүгө мүмкүнчүлүк берүү жагынан Ж.Сманбаеванын талаптары маалымат агенттиги тараптан аткарылганын белгилейт.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
26.09.2026
ЖМК жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо боюнча кайрылуу
25.09.2026
Шайлоо участокторунун чек аралары маселеси жөнүндө
25.09.2026
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочуларга, талапкерлерге, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына кайрылуусу!
25.09.2026
«Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону 2027-жылдын 27-январында эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду
25.09.2026
«Элдик Банк» жана «АБанк» КР Президентин шайлоого катышуучу талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк катары аныкталды
25.09.2026
КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча иш-чаралардын календардык планын бекитти