Борбордук шайлоо комиссиясы эл аралык 37 байкоочуну аккредитациядан өткөрдү

24 сентября 2017

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан эл аралык 37 байкоочу аккредитациядан өткөрүлдү.

Шанхай Кызматташуу Уюмунун (ШКУ) Башкы Катчысы Рашид Алимов жетектеген Миссия, КМШ Миссиясы (КМШ ПАА), Азербайджан Республикасынын БШКсы, Бутан Шайлоо комиссиясы жана  Улуу Британиянын Бириккен Королдугу жана Кыргыз Республикасындагы  Түндүк Ирландия Элчилигинен эл аралык байкоочулар аккредитациядан өттү.

Бүгүнкү күнү Борбордук шайлоо комиссиясы дүйнөнүн 43 мамлекетинен 35 эл аралык уюмдарынан 240 байкоочуну аккредитациядан өткөрдү.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү