Башкы Жаңылыктар КР БШКнын төрагасы Москвада өткөн эл аралык конференцияга …

КР БШКнын төрагасы Москвада өткөн эл аралык конференцияга катышты

23-Сен, 2017

2017-жылдын 20-22-сентябрында Москвада “Көп полярдуу дүйнөнүн шартында бүгүнкү күндүн шайлоо тенденциясы” аттуу эл аралык конференция болуп өттү. Ага Россиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Э.Панфилова жана Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын  төрагасы Н.Шайлдабекова катышты.  

Конференциянын максаты өнүгүп жаткан көп полярдуу дүйнөнүн шартында бүгүнкү күндөгү шайлоо тенденциясы учурунда жогорку деңгээлде өз ара пикир алышуу жана шайлоону уюштурууда улуттук практиканы, эл аралык-укуктук актуалдуу маселелерди талкуулоо болуп саналат. 

Россия Федерациясынын Борбордук шайлоо комиссиясы уюштурган конференциянын ишине  КМШ Аткаруу Катчысынын-Аткаруу Комитетинин төрагасынын биринчи орун басары В.Гуминский, ШКУнун Башкы катчысынын орун басары К.Ван, Филипин Республикасынын Шайлоо боюнча комиссиясынын мүчөсү А.А.Парреньо, Азият шайлоо органдар Ассоциациясынын атынан, Россия Федерациясынын коомдук палатасынын катчысынын орун басары С.Орджоникидзе, Федерация Советинин эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.Климов, Кыргызстан, Азербайджан, Армения, Беларусь, Казакстан, Таджикстан, Өзбекстан, Индия, Пакистан жана башка республикалардын шайлоо комиссияларынын башчылары, ошондой эле КМШ мамлекеттер-катышуучуларынын Парламенттер аралык Ассамблея Советинин, БУУнун Москвадагы маалыматтык борборунун жана башка эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.   

Конференцияда сөз сүйлөгөн КР Борбордук шайлоо комиссиясынын  төрагасы Н.Шайлдабекова, акыркы эки жылда Кыргыз Республикасындагы шайлоо системасында реформа жүрүп, жаңы шайлоо модели-маалыматтык шайлоо системасы (МШС) киргизилип,  2016-жылдагы референдумда, 2017-жылдагы май айындагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо сыноодон ийгиликтүү өткөндүгүн белгиледи. 

Кыргызстанда калктын бирдиктүү реестри түзүлгөн, жарандар биометрикалык маалыматтары боюнча өздүгүн аныктаган документтерди алышат. БШК менен МКК, эки мамлекеттик органдын биргелешип кызматташуусунун негизинде шайлоо системасына толук жана сапаттуу реформа жүргүзүүгө мүмкүн болду. Азыркы учурда автоматтык саноо урнасынын операторлорунун, техникалык колдоо тобунун, МКК операторлорунун иши жакшырды, шайлоо комиссиясында кабыл алынган чечимдердин ачыктыгы жакшырды. Шайлоочуларды биометрикалык маалыматтар боюнча идентификациядан өткөрүү жана автоматтык саноо урнасынын ишинен кийин  добуштарды саноо учурунда максималдуу ишенимдүүлүккө жетишилди. Бул ар бир жарандын добушун эске алууга, конституциялык мыйзамды жана пассивдүү укукту натыйжалуу ишке ашырууга негиз түздү-деди өз сөзүндө КР БШКнын төрагасы. 

«Бүгүнкү күндө КР БШК 15-октябрда өтө турган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого эл аралык мониторинг жүргүзүү  ишин камсыз кылуу боюнча иш жүрүүдө. Ошондой эле 20-сентябрдагы маалыматтар боюнча дүйнөнүн 38 мамлекетинен  эл аралык 203 байкоочу аккредитациядан өттү. КР БШК эл аралык байкоочуларга, Кыргызстандагы жооптуу Миссияларын ишке ашырууга ар тараптуу жардам берүүгө даяр,”-деп белгиледи Н.Шайлдабекова. 

Кыргызстандагы шайлоону өткөрүүгө даярдык көрүү процессине кызыгуу менен байкоо жүргүзүү, КР  БШК шайлоонун жыйынтыгын акыйкат, таза   жана ишенимдүү  чыгарууда  биометрикалык технологияны колдонуу, шайлоочуларды идентификациялоо жана добуштарды автоматтык саноо урнасын пайдалануу менен  жаңы шайлоо технологиясын ийгиликтүү турмушка ашышына байланыштуу  болду.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү


 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды
07-Окт, 2026

Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды

Бүгүн, 7-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын (Civic Trainers Lab) жыйынтыктоочу жолугушуусу өттү. Долбоордун уюштуруучулары - КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси, ошондой эле «Жаштарды өнүктүрүү институту» коомдук бирикмесинин колдоосу менен өткөрүлдү. Иш-чарага өлкөнүн жети аймагынан келген программанын эки агымынын бүтүрүүчүлөрү - жаш тренерлер катышты.Катышуучуларга КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР БШКнын ЖБББнын директору Анара Бейшембаева, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин өкүлү жана ЖӨИнин директору Элизар Тилебалды уулу куттуктоо сөздөрү менен кайрылышты.Жаш тренерлерди даярдоо программасынын негизги окуялары жана жыйынтыктары, окутуу раунддарынын жана практикалык фазанын жыйынтыктарын, анын ичинде камтылган географияны, өткөрүлгөн каскаддык тренингдердин саны менен ЖӨИнин өкүлү Адельфия Аманкулова тааныштырды.КР БШКнын Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын башчысы Аскар Акимбаевдин шайлоо процессиндеги заманбап санариптик инструменттерге арналган, ошондой эле КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Бакай Кожомкул уулунун катышуучуларды мамлекеттик жаштар саясатынын багыттары жана аймактардагы жаштардын жарандык катышуу механизмдери менен тааныштырган конок лекциялары өттү.«Окутуудан практикага: эмне реалдуу иштеп кетти?» аттуу интерактивдүү сессияда катышуучулар аймактык кейстерди сунуштап, натыйжалуу усулдарды, тоскоолдуктарды талкуулашты жана биргелешкен «Жарандык тренерлер лабораториясынын тажрыйба картасын» түзүштү.Катышуучулар жана уюштуруучулар жаш тренерлердин КР БШК алдындагы ЖБББ жана мамлекеттик түзүмдөр менен кызматташуу форматтарын талкуулашты.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү
07-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү

Үстүбүздөгү жылдын 6-7-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Миргүл Темирбаева Баткен облусунун Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда жана Ош облусунун Ноокат районунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жыйындарды өткөрүштү.Жыйындардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында шайлоочулардын өз шайлоо укуктарын ишке ашыруусу үчүн тиешелүү шарттарды түзүү, ошондой эле шайлоону өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктарын жана эркиндиктерин сактоо боюнча маселелер талкууланды.БШК төрагасынын орун басары шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, шайлоо технологияларынын жаңыланышы, аралыктан добуш берүүнүн артыкчылыктары, автоматташтырылган маалыматтык тутумдар жана талапкерлерди колдоонун өзгөчөлүктөрү боюнча кеңири маалымат берди.Р. Жакышов шайлоону уюштуруу жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн ролуна токтолду.“Сиздердин милдетиңиздер – шайлоону уюштурууда анын калыс жана ачык өтүшү үчүн шарт түзүүгө көмөктөшүү. Ошол эле учурда процесске аралашпай, бардык процедуралардын мыйзамга ылайык өтүп жатканына көз салуу керек. Шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын жана шайлоо комиссияларынын уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү боюнча ишине жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көмөк көрсөтүүсү зарыл”, – деп белгиледи Р. Жакышов.Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн мыйзам бузуулардын алдын алуу, кысым көрсөтүү же кийлигишүү аракеттерине өз убагында чара көрүү жана процесстин бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө чакырды.Жыйындарга облус жана шаар бийлигинин өкүлдөрү, акимдер, райондук уюмдар менен мекемелердин жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештердин төрагалары жана депутаттары, айыл башчылары, ошондой эле билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышты. 
Кененирээк билүү >>
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>