КР БШК Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындады

24 сентября 2017

2017-жылдын 25-сентябрындагы  КР БШК жыйынында Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жөнүндө токтом кабыл алынды.  

Сокулук районунун прокуратурасынын  2017-жылдын 6-сентябрындагы сунушу  боюнча  Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын  башчысынын 2017-жылдын 12-сентябрындагы буйругу менен Орок айыл өкмөтүнүн башчысы Уран Соодуев ээлеген кызматынан бошотулду. 

Ушуга байланыштуу Орок айылынын өкмөт башчысын шайлоо 2017-жылдын 10-октябрында  саат 9:00дөн 12:00гө чейин өткөрүү дайындалды.

Шайлоону Кыргыз Республикасынын  мыйзамдарына ылайык уюштуруп  өткөрүү  Сокулук аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды. 

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү