Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

КР БШК айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп жана бош орундарды кийинки шайланган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө  токтом кабыл алды
20.09.2017

КР БШК айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп жана бош орундарды кийинки шайланган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө токтом кабыл алды

2017-жылдын 20-сентябрында КР БШКнын жыйынында  Ноокат, Ат-Башы, Кочкор жана Токтогул аймактык шайлоо комиссияларынын  айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бошогон мандаттарды кийинки шайланган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө токтом кабыл алынды.  Ошентип: -Ош облусунун Ноокат районунун Ынтымак айылдык кеңешинде М.Мурзаев өз арызынын негизинде ыйгарым укуктарын токтотту, мандат кийинки депутаттыкка талапкер болуп шайланган-“Түштүк Кыргыз Цемент” ЖАКдагы машинисттин жардамчысы А.Гулматовго өткөрүлүп берилди; -Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Кара-Коюн айылдык кеңешинде каза болгондугуна байланыштуу, Б.Мамбетакуновдун ыйгарым укуктары токтотулду, мандат кийинки шайланган депутаттыкка талапкер-жеке ишкер А.Жолдошбаевге өткөрүлүп берилди; -Нарын облусунун Кочкор районунун Көк-Жар айылдык кеңешинде депутаттык ишти айкалыштырып иштөө мүмкүн болбогон кызматка дайындалгандыгына байланыштуу С.Ибраева ыйгарым укуктарын токтотту, мандат кийинки шайланган депутаттыкка талапкер-Көк-Жар айылындагы орто мектептин мугалими А.Кадыракуновго өткөрүлүп берилди; -Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Токтогул шаардык кеңешинде А.Чоюбекова өз арызы менен ыйгарым укугун токтотту, мандат кийинки шайланган депутаттыкка талапкер-дыйкан чарбасынын мүчөсү У.Тойчубековго өткөрүлүп берилди;    -Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинде А.Үмөталиев өз арызынын негизинде ыйгарым укугун токтотту, мандат Өзгөрүш айылындагы орто мектептин мугалими Ж.Болотбековго өткөрүлүп берилди.   КР БШК аппаратынын  маалыматтык  бөлүмү 
Кененирээк билүү >>
КР БШК Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкердин ишенимдүү адамдарын каттады
20.09.2017

КР БШК Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкердин ишенимдүү адамдарын каттады

2017-жылдын 20-сентябрындагы КР БШКнын жыйынында Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер С.Жээнбековдун ишенимдүү адамдарын каттоо тууралуу токтом кабыл алынды. Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер С.Жээнбековдун ишенимдүү адамдары болуп:   1.Абдраимов Туйгунаалы Дүйшеналиевич   2.Туманбаев Каныбек Тургунбекович 3.Турганбаев Мелис Токтомамбетович 4.Хаджиев Артык Абдрахманович  5.Мамбеталиев Чалагыз 6.Акенеев Жумакадыр Асанкулович 7.Түмөнбаев Руслан Самаганович 8.Абдураззаков Баходир Шарипович 9.Аматов Сеитбек Юсупович 10.Исаев Жусупали Калматович 11.Тезекбаев Кушбак 12.Эргешов Мурадыл катталды.   КР БШК аппаратынын  маалыматтык бөлүмү   
Кененирээк билүү >>
КР БШК  Кыргыз Республикасынын Президентин  шайлоо боюнча шайлоо комиссияларынын протоколун бекитти
20.09.2017

КР БШК Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча шайлоо комиссияларынын протоколун бекитти

Бүгүн, 2017-жылдын 20-сентябрындагы КР БШКнын жыйынында  Кыргыз Республикасынын  Президентин шайлоо боюнча  шайлоо комиссияларынын проктолунун  формасы бекитилди.  Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча шайлоо комиссияларынын протоколунун   формасы  атайын корголгон  кагазга  кыргыз  жана орус тилдеринде  даярдалат.  КР БШК аппаратынын маалыматтык  бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Талас облусундагы Аманбаев айыл аймагындагы №6035, Шекер айыл аймагындагы №6024 жана  Көк-Сай айыл аймагындагы №6022 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү боюнча токтом кабыл алды
20.09.2017

КР БШК Талас облусундагы Аманбаев айыл аймагындагы №6035, Шекер айыл аймагындагы №6024 жана  Көк-Сай айыл аймагындагы №6022 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү боюнча токтом кабыл алды

2017-жылдын 20-сентябрында КР  БШКнын жыйынында   Талас облусундагы Аманбаев айыл аймагындагы №6035, Шекер айыл аймагындагы №6024 жана  Көк-Сай айыл аймагындагы №6022 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү боюнча токтом кабыл алынды.   Ошентип, Талас облусунун Кара-Буура районунун Көк-Сай айыл айма-гындагы №6022 шайлоо участкасын Керимбай атындагы орто мектептин имаратынан Кайнар селосундагы клубдун имаратына көчүрүлдү. Талас облусундагы Кара-Буура районундагы Шекер айыл аймагындагы №6024  шайлоо участкасы Дүйшөн атындагы орто мектептин имаратынан Арчагул селосундагы клубдун имаратына көчүрүлдү. Талас облусундагы Кара-Буура районундагы Аманбаев айыл аймагындагы  № 6035 шайлоо участкасы  ФАПтын имаратынан  О.Тургунбаев атындагы орто мектептин имаратына көчүрүлдү. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК  Ысык-Көл облусунун  Кереге-Таш айыл аймагындагы №3112 жана  Тепкен айыл аймагындагы №3093  шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү боюнча токтом кабыл алды
20.09.2017

КР БШК  Ысык-Көл облусунун  Кереге-Таш айыл аймагындагы №3112 жана  Тепкен айыл аймагындагы №3093  шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү боюнча токтом кабыл алды

2017-жылдын 20-сентябрында КР БШКнын жыйынында Ысык-Көл облусунун  Ак-Суу районунун Кереге-Таш айыл аймагындагы №3112 жана  Тепкен айыл аймагындагы №3093  шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү боюнча токтом кабыл алынды.    Ошентип, Ысык-Көл облусунун  Ак-Суу районунун Тепкен айыл аймагындагы №3093 шайлоо участкасы Курбу селосундагы клубдун имаратынан Ч.Осмонова атындагы орто мектептин имаратына көчүрүлдү.   Ал эми Ысык-Көл облусунун  Ак-Суу районунун Кереге-Таш айыл аймагындагы №3112 шайлоо участкасы Ж.Алышбаев атындагы орто мектептен Кереге-Таш селосундагы клубдун имаратына көчүрүлдү. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Бишкек шаарындагы №1330 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү боюнча  токтом кабыл алды
20.09.2017

КР БШК Бишкек шаарындагы №1330 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү боюнча  токтом кабыл алды

2017-жылдын 20-сентябрында  КР БШКнын жыйынында  Бишкек шаарындагы  Свердлов районундагы №1330 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү боюнча  токтом кабыл алынды.   Ошентип, Бишкек шаарындагы Свердлов районундагы №1330 шайлоо участкасы Токтогул, 62 көчөсүндө жайгашкан  СПИД менен күрөшүү жана алдын алуу шаардык Борборунун имаратынан  Гоголь,59 көчөсүндө жайгашкан №65 Экология-экономика институтунун имаратына көчүрулдү. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Борбордук шайлоо комиссиясы  эл аралык 31 байкоочуну аккредитациядан өткөрдү
20.09.2017

Борбордук шайлоо комиссиясы  эл аралык 31 байкоочуну аккредитациядан өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы эл аралык 31 байкоочуну  аккредитациядан өткөрдү. Индонезия Республикасынын Башкы шайлоо комиссиясынан жана КМШ Миссиясынан өкүлдөр эл аралык байкоочу каттарында аккредитациядан өтүштү.  Бардыгы болуп  эл аралык 31 байкоочу. 2017-жылдын 20-сентябрына карата КР Борбордук шайлоо комиссиясы дүйнөнүн 38 мамлекетинен  203 эл аралык байкоочуну аккредитациядан өткөрдү. Аккредитациядан өткөн эл аралык байкоочулардын  толук тизмеси менен ушул шилтеме аркылуу таанышсаңыздар   болот. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А.Бекназаровдун ишенимдүү адамынын ыйгарым укугун  токтотту
20.09.2017

КР БШК Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А.Бекназаровдун ишенимдүү адамынын ыйгарым укугун  токтотту

2017-жылдын 20-сентябрындагы КР БШКнын жыйынында  Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А.Бекназаровдун ишенимдүү адамы А.Чилтенованын   ыйгарым укугун  токтотуу жөнүндө токтом кабыл алынды.   КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо добуш берүү үчүн бюллетендердин коргоо даражасын  жана формасын бекитти
20.09.2017

КР БШК Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо добуш берүү үчүн бюллетендердин коргоо даражасын  жана формасын бекитти

2017-жылдын 20-октябрындагы жыйында   Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын мүчөлөрү тарабынан:  -Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо добуш берүү  үчүн бюллетендин  коргоо  даражасын  жана формасы (№1 тиркеме); -Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо добуш берүү бюллетенинин тексти (№2 тиркеме); -шайлоо бюллетендерин даярдоо   “Учкун” ААКда  ишке ашыруу бекитилди. КР БШК аппаратынын  маалыматтык  бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК «Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна катталган талапкерлердин ортосунда шайлоо бюллетенине киргизүүнүн кезектүүлүгүн аныктоо боюнча чүчү кулак  өткөрдү
19.09.2017

КР БШК «Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна катталган талапкерлердин ортосунда шайлоо бюллетенине киргизүүнүн кезектүүлүгүн аныктоо боюнча чүчү кулак өткөрдү

2017-жылдын 19-сентябрында КР БШКнын алдындагы Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлерден документтерди кабыл алуу боюнча Жумушчу топ  «Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна катталган талапкерлердин ортосунда шайлоо бюллетенине киргизүүнүн кезектүүлүгүн аныктоо боюнча чүчү кулак  өткөрдү. «Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна катталган талапкерлердин ортосунда шайлоо бюллетенине киргизүүнүн кезектүүлүгүн аныктоо боюнча чүчү кулакты өткөрүү тартиби жөнүндө» Жобого ылайык чүчү кулак добуш берүү күнүнө чейин 25 календардык күндөн кечиктирбестен өткөрүлөт. Чүчү кулактын жыйынтыгы боюнча шайлоо бюллетени  төмөндөгүдөй болду: Зарлыков Эрнис Зарлыкович Үмөталиева Токтайым Джумаковна Сариев Темир Аргембаевич Кочкоров Улукбек Тойчубаевич Масадыков Таалатбек Шамудинович Бабанов Өмүрбек Токтогулович Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевич Бекназаров Азимбек Анаркулович Жээнбеков Сооронбай Шарипович Мадумаров Адахан Кимсанбаевич Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич Малиев Арсланбек Касымакунович Төрөбаев Бакыт Эргешевич. Чүчү кулак өткөрүүгө Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына катталган талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ЖМК өкүлдөрү жана коомдук байкоочулар катышты. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
«Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна катталган талапкерлердин ортосунда шайлоо бюллетенине киргизүүнүн кезектүүлүгүн аныктоо боюнча чүчү кулакты өткөрүү тартиби жөнүндө» Жобого өзгөртүүлөр киргизилди
19.09.2017

«Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна катталган талапкерлердин ортосунда шайлоо бюллетенине киргизүүнүн кезектүүлүгүн аныктоо боюнча чүчү кулакты өткөрүү тартиби жөнүндө» Жобого өзгөртүүлөр киргизилди

2017-жылдын 18-сентябрында КР БШКнын жыйнында  «Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна катталган талапкерлердин ортосунда шайлоо бюллетенине киргизүүнүн кезектүүлүгүн аныктоо боюнча чүчү кулакты өткөрүү тартиби жөнүндө» Жобого өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу маселе каралды. «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 30-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7,18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 10-октябрындагы №357токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна катталган талапкерлердин ортосунда шайлоо бюллетенине киргизүүнүн кезектүүлүгүн аныктоо боюнча чүчү кулакты өткөрүү тартиби жөнүндө» Жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизди: -экинчи абзацта «2011-жылдын 10-октябрынан кечиктирбестен» деген цифралар жана сөздөр «добуш берүү күнүнө чейин 25 календардык күндөн кечиктирбестен» деген цифраларга жана сөздөргө алмаштырылсын; -алтынчы абзацта «Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу тобунун мүчөлөрү» деген сөздөргө алмаштырылсын; -10-абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:«Андан соң алып баруучу чүчүкулакка катышуунун кезектүүлүгүн аныктоо үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер кылып каттоо тартибинде талапкерлерди (талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн) чакырат. Натыйжалар«Чүчү кулакка талапкерлердин (талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн) катышуусунун кезектүүлүгүн аныктоо жөнүндө» протоколго (№1 тиркеме) киргизилет. Андан ары чүчү кулакка катышуунун белгилүү кезектүүлүгүбоюнча ар бир талапкер (талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлү) лотту алып чыгат жана лотту катышып олтургандардын бардыгына көрсөтүп, номерди жарыя кылат, ал «Шайлоо бюллетенине киргизүүнүн кезектүүлүгүн аныктоо боюнча катталган талапкерлердин ортосунда чүчү кулакты өткөрүүнүн натыйжалары жөнүндө» протоколго (№2 тиркеме)киргизилет»; -12-абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «Өткөрүлгөн чүчүкулактыннатыйжалары боюнча маалыматтар тиешелүү протоколдорго киргизилет»; -13-абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «Протоколдорго Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу тобунун мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын катышып отурган мүчөлөрү, талапкерлер (талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү) кол коет». Ошондой эле: -«Чүчү кулакка талапкерлердин (талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн) катышуусунун  кезектүүлүгүн аныктоо  жөнүндө» протоколдун  формасы (№1 тиркеме) бекитилди; -«Шайлоо бюллетенине киргизүүнүн кезектүүлүгүн аныктоо боюнча катталган талапкерлердин ортосунда чүчү кулакты өткөрүүнүн  натыйжалары жөнүндө» протоколдун формасы (№2 тиркеме) бекитилди. КР БШК аппаратынын маалыматтык  бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Борбордук шайлоо комиссиясы республикадан тышкары жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына маалымат берүүдө 18.09.2017

Борбордук шайлоо комиссиясы республикадан тышкары жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына маалымат берүүдө

2017-жылдын 15-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону уюштуруунун  алкагында КР БШК Кыргызстанда жана андан тышкаркы жерлерде  жашаган жарандарга шайлоо процессинин этаптары, добуш берүүнүн жол-жоболору, шайлоочулардын тизмесинен өз маалыматын тактоо жөнүндө маалыматтык иштерди жүргүзүүдө. 16-17-сентябрда Борборшайлоокомдун төрагасы Н.Шайлдабекова Казакстан Республикасынын Астана жана Алматы шаарларында жашаган мекендештер менен жумушчу жолугушууларды өткөрдү.    Жолугушуунун негизги максаты: добуш берүүгө укугу бар, республикадан тышкары жашаган Кыргыз  Республикасынын  жарандарын  Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо добуш берүүнүн эрежелери  жана тартиби жөнүндө маалымат берүү болуп саналат.  Кыргызстандан тышкары жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын Элчиликтеринде жана Консулдук мекемелеринде добуш бере алышат-деп белгиледи  БШКнын төрагасы.   Шайлоочулардын тизмесине кирүү үчүн жарандар биометрикалык каттоодон өтүп, консулдук  учетко отурушу керек. 30-сентябрга чейин шайлоочу  жеке маалыматтарын өздөрү келген  мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларындагы  шайлоочулардын алдын ала тизмесинен же https://shailoo.srs.kg/. порталынан тактап алса болот. Эгерде, шайлоочу өзүнүн маалыматтарында катаны,  так эместиктерди же өзүн тизмеден таппай калса, өзүнүн участкасына барып, шайлоо комиссиясына №3 формасында арыз жазуусу керек. Эгерде, шайлоочу добуш берүү учурунда республикадан тышкаркы жерлерде болсо,  ал  тиешелүү шайлоо участкасына  барып, консулдук учетко отуруу (убактылуу) үчүн №2формасындагы арыз толтуруп,  участкалык шайлоо комиссиясына  кайрылуу керек. Кыргыз Республикасынан тышкаркы жерлерде 37 шайлоо участкасы  ачылган, анын ичинде экөөсү Кыргыз Республикасынын Алматы шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугунда жана Астана шаарындагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинде. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК “Кыргызстанда шайлоо процессин реформалоо” деген темада коомдук диалог  өткөрдү 18.09.2017

КР БШК “Кыргызстанда шайлоо процессин реформалоо” деген темада коомдук диалог  өткөрдү

КР БШК КМШ Парламенттик Ассамблеясынын шайлоочулардын укугун сактоо жана парламентарий, демократияны өнүктүрүүгө  мониторинг  жүргүзүү боюнча Эл аралык институтунун Бишкек филиалы менен биргелешип “Кыргызстанда шайлоо процессин реформалоо” деген темада коомдук диалог  өткөрдү  2017-жылдын 18-сентябрында КР БШК  Бишкек шаарында   КМШ Парламенттик Ассамблеясынын шайлоочулардын укугун сактоо жана парламентарий, демократияны өнүктүрүүгө  мониторинг  жүргүзүү боюнча Эл аралык институтунун Бишкек филиалы менен биргелешип “Кыргызстанда шайлоо процессин реформалоо” деген темада коомдук диалог  өткөрдү. Диалог  Көз каранды эмес мамлекеттер шериктештигинин катышуучу-мамлекеттеринин шайлоо укугу жана эркиндиги, демократиялык шайлоолордун стандарттары жөнүндө Конвенциянын 15 жылдыгынын алкагында өттү.  Диалогдун ишине КР Жогорку Кеңешинин  депутаттары, КР БШК жана Бишкек АШК мүчөлөрү жана КМШ ПААнын байкоочулары, ошондой эле башка эл аралык жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты. КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Н. Шайлдабекова жыйындын катышуучуларына куттуктоо сөзү менен кайрылды. Коомдук  диалогдун  жүрүшүндө: “ Кыргызстандагы шайлоо процессин реформалоо: жыйынтык жана келерки тапшырмалар”,“Шайлоочуларды биометрикалык идентификациялоо”, ошондой эле Бишкек шаарынын ички мигранттары үчүн добуш берүүгө шарт түзүү талкууланды. Ошондой эле Парламенттик Ассамблеянын өкүлдөрү сөз сүйлөштү.   КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондунун акча каражаттары жөнүндө маалыматы
18.09.2017

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондунун акча каражаттары жөнүндө маалыматы

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобу Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондусунан акча каражаттарынын жүгүртүлүшү жөнүндө 2017-жылдын 18-сентябрына карата маалыматы № Талапкер Түштү Чыгымдалды Калдыгы 1 Абдылдаев А.Б. 2 015 000 1 994 743 20 257 2 Торобаев Б.Э. 47 230 000 12 606 696 34 623 304 3 Малиев А.К. 4 759 800 4 508 848 250 952 4 Зарлыков Э.З. 1 640 000 1 639 078 922 5 Сариев Т.А. 31 500 000 25 699 725 5 800 275 6 Масадыков Т.Ш. 3 116 150 2 996 009 120 141 7 Бабанов О.Т. 138 200 000 124 168 880 14 031 120 8 Мадумаров А.К. 1 172 150 1 110 109 62 041 9 Жээнбеков С.Ш. 46 300 000 45 630 160 669 840 10 Кочкоров У.Т. 2 025 860 1 977 768 48 092 11 Бекназаров А.А. 2 426 600 1 772 692 653 908 12 Уметалиева Т.Д. 1 813 275 1 709 381 103 894 13 Ташиев К.К. 1 100 000 1 099 125 875  
Кененирээк билүү >>
КР БШК Нарын облусунун Таш-Дөбө айыл аймагындагы №4110 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү боюнча токтом кабыл алды
15.09.2017

КР БШК Нарын облусунун Таш-Дөбө айыл аймагындагы №4110 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү боюнча токтом кабыл алды

2017-жылдын 15-сентябрындагы КР БШКнын жыйынында Нарын облусунун Жумгал районунун Таш-Дөбө  айыл аймагындагы №4110 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү боюнча токтом кабыл алынды. Ошентип, Нарын облусунун Жумгал районунун Таш-Дөбө  айыл аймагындагы №4110 шайлоо участкасы Таш-Дөбө орто мектебинен Н.Бийсеев атындагы спорт залынын имаратына көчүрүлдү. КР БШКнын аппаратынын  маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындады
15.09.2017

КР БШК Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындады

2017-жылдын 15-сентябрындагы КР  БШКнын  жыйынында   Баткен облусунун  Баткен районунун  Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө  чечим  кабыл алынды.   Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы  К. Эшмуратов  өз  арызы менен  ээлеген кызматынан бошотулган. Ушуга  байланыштуу 2017-жылдын 3-октябрында  саат 9:00дөн 12:00гө чейин Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо дайындалды. Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык  уюштуруп өткөрүү  милдети  Баткен аймактык шайлоо комиссиясына  тапшырылды. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
1 … 401 403 … 483

Акыркы жаңылыктар

26.09.2026 ЖМК жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо боюнча кайрылуу 25.09.2026 Шайлоо участокторунун чек аралары маселеси жөнүндө 25.09.2026 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочуларга, талапкерлерге, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына кайрылуусу! 25.09.2026 «Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону 2027-жылдын 27-январында эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду 25.09.2026 «Элдик Банк» жана «АБанк» КР Президентин шайлоого катышуучу талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк катары аныкталды 25.09.2026 КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча иш-чаралардын календардык планын бекитти