Башкы Жаңылыктар КР БШК С.Жээнбековдун ыйгарым укуктуу өкүлү Ж.Сманбаеванын арызын …

КР БШК С.Жээнбековдун ыйгарым укуктуу өкүлү Ж.Сманбаеванын арызын канааттандыруудан баш тартты

20-Сен, 2017

2017-жылдын 15-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С.Жээнбековдун ыйгарым укуктуу өкүлү Ж.Сманбаевадан «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнүн, 28-беренесингин 5-бөлүгүнүн талаптарын жалпыга маалымдоо каражаты бузгандыгы жөнүндө арыз келип түштү.

Атап айтканда, өз арызында Ж.Сманбаева 11-сентябрда www.24.kg сайтында «Взгляд» рубрикасындагы «Сочиге визит. Укукту улантуучу эмнеси менен жакшы экенин Кремлге кайрадан түшүндүрөбү?» макаласында анын автору Кабай Карабеков КР Президенттигине талапкердин бир туугандары аркылуу анын үй-бүлөсүн каралаган, ошондой эле талапкердин өзүнүн кадыр-баркына зыян келтирген маалыматтарды көрсөткөн деп билдирген. Ал гана эмес, арыз ээси макала социалдык, расалык, дин аралык, улуттук жек көрүүнү жана КР Президентинин кызмат ордуна талапкер
С.Ш. Жээнбековго карата кастыкты козгогон чакырыктарды камтыйт деп эсептейт.

Өзүнүн даттануусунун талаптарында арыз ээси Борбордук шайлоо комиссиясынан www.24.kg маалымат агенттигин Кабай Карабековдун макаласына төгүндөөнү жарыялоого, www.24.kg маалымат агенттигин көрсөтүлгөн макаланы агенттиктин сайтынан алып салууга милдеттендирүүнү, www.24.kg маалымат агенттигинин аккредитациясын кайра чакыртып алууну өтүнөт.

КР БШКнын Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымдоо жөнүндө маселелер боюнча жумушчу тобу Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүү учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу тобу 2017-жылдын 18-сентябрында биргелешкен отурумда берилген даттанууну маңызы боюнча карады.

Арыз ээсинин далилдерин объективдүү кароо жана иликтөө, аларга баа берүү максатында Жумушчу топтордун биргелешкен отурумуна арыз ээси, www.24.kg маалымат агенттигинин өкүлү чакыртылды.

Жумушчу топтордун биргелешкен отурумунда арыз ээси өзүнүн талаптарын колдоду жана аларды канааттандырууну өтүндү. www.24.kg маалымат агенттигинин өкүлү Ксения Бойко көрсөтүлгөн макала жайгаштырылганын жана 2017-жылдын18-сентябрында алып салынганын түшүндүрдү. Мында, www.24.kg маалымат агенттигинин өкүлү алар төгүндөөнү жайгаштыруу үчүн www.24.kg маалымат агенттигинин сайтында КР Президеттигине талапкер С.Ш. Жээнбековго аянтты берүүгө макул экенин билдирди.

Конституциялык Мыйзамдын 44-беренесинин 7-бөлүгүндө арыздар (даттануулар), шайлоо процессинин субъектине анын укуктары бузулганы, чечимдер кабыл алынганы, аракеттер (аракетсиздиктер) жасалганы жөнүндө белгилүү болгон учурдан тартып токтоосуз, бирок 2 календардык күндөн кечиктирбестен берилетдеп белгиленген.

Борбордук шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын7-июлундагы № 212 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүү учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын шайлоо комиссиялары тарабынан кароо тартиби жөнүндө» жобонун 1.9-пунктуна ылайык, шайлоо укуктарын бузуу жөнүндө арыздарды (даттанууларды) шайлоо процессинин субъекттери (катышуучулары) өздөрүнүн шайлоо укуктары бузулгандыгы жөнүндө өздөрүнө белгилүү болуп калган, чечимдер кабыл алынган, аракеттер (аракетсиздик) жасалган учурдан тартып, бирок 2 календардык күндөн кечиктирбестен тиешелүү шайлоо комиссиясына берет.
Макала 2017-жылдын 11-сентябрында жарыяланганынын, ал эми Ж.Сманбаеванын арызы 2017-жылдын15-сентябрында берилгенинин жагдайын эске  алып, арыз ээси  Жобонун 1.9-пунктунда белгиленген арызды (даттанууну) берүүнүн мөөнөтүн бузгандыгынан улам Жумушчу топтор Ж.Сманбаеванын талаптарын канааттандыруудан  баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алган.
Мында Жумушчу топтор www.24.kgмаалымат агенттигинин сайтына жайгаштырылган материалды алып салуу жана төгүндөө берүүгө мүмкүнчүлүк берүү жагынан Ж.Сманбаеванын талаптары маалымат агенттиги тараптан аткарылганын белгилейт.

КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү
10-Окт, 2026

«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү

Бишкек шаарындагы «Маариф» окуу-билим берүү комплексинде 2026-жылдын 9-октябрында Кыргыз Республикасынын БШКсынын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун өкүлдөрү 9-класстын окуучулары жана билим берүү мекемесинин жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү.Борбордун өкүлдөрү «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин директору Мехмет Черчикая менен жолугушуп, кызматташуунун келечегин, ошондой эле жаш муунду тарбиялоо, окуучулардын укуктук жана шайлоо маданиятын жогорулатуу маселелерин талкуулашты.Жолугушууга Бишкек шаарынын мектептеринин Президенттер кеңешинин өкүлдөрү Ясин Мырсабеков жана Адинай Токтобекова да катышып, окуучуларга Мектеп президенттери кеңешинин келечектеги түзүмүн тааныштырышты.Иш-чара «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин мектеп парламентинин Президентин шайлоонун алдында өттү. Аталган шайлоо 2026-жылдын 12-октябрында болот жана ага КР БШКсынын эксперттери шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча уюштуруучулук-методикалык жардам көрсөтүшөт: добуш берүү урналарын беришет, байкоочуларды тартууга көмөк көрсөтүшөт жана шайлоону уюштуруу жана өткөрүү маселелери боюнча консультациялык жардам беришет.Жолугушуунун программасына «Шайлоо жана жаштар» аттуу видеороликти көрсөтүү жана талкуулоо, №68 орто мектеби парламентинин президентинин сөзү, суроо-жооп сессиясы, ошондой эле «Шайлоо жөнүндө эмнени билем?» аттуу викторина кирди. Викторинанын жеңүүчүлөрү жана активдүү катышуучулары ЖБШТБ тарабынан эстелик байгелер менен сыйланышты. Иш-чарага жалпысынан 9-класстын 109 окуучусу катышты.Мындай жолугушууларды өткөрүү жаштардын шайлоо маданиятын жогорулатуу үчүн маанилүү. Мектеп партасынан баштап потенциалдуу шайлоочулар менен иштөө шайлоого аң-сезимдүү мамиле жасоону, ар бир добуштун баалуулугун түшүнүүнү жана өлкөнүн коомдук-саясий жашоосуна жоопкерчиликтүү катышууга даярдыкты калыптандырууга мүмкүндүк берет.
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>