КР БШК Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлер ортосунда бекер эфирдик убакытты бөлүштүрүу боюнча чүчү кулак өткөрдү
22 сентября 2017
Борбордук шайлоо комиссиясында бекер эфирдик убакытты бөлүштүрүү боюнча чүчү кулак 2 телекөрсөрсөтүү, 1 радиоканал жана республикалык 2 гезит боюнча өткөрүлдү.
Чүчү кулак өткөрүүгө талапкерлердин өкүлдөрү, ЖМКлар жана көз каранды эмес байкоочулар катышты.
Анын жыйынтыгы менен “Коомдук биринчи телеканалда”, “ЭЛТР” жана “Биринчи радиодо” талапкерлердин үгүт материалдарынын жана талапкерлер ортосунда дебаттардын эфирге чыгышынын мөөнөттөрү аныкталды, ошондой эле “Кыргыз Туусу”, “Эркин Тоо” басылмаларында үгүт материалдарынын жарык көрө турган күндөрү белгиленди.
Шайлоо алдындагы үгүт 10-сентябрда башталып, 2017-жылдын 14-октябрында аяктайт. Мыйзам боюнча добуш берүү күнү үгүт иштерине тыюуу салынат.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
