Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын тутуму менен резервине өзгөртүүлөр киригизилди
28.09.2017

Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын тутуму менен резервине өзгөртүүлөр киригизилди

КР БШКнын 2017-жылдын 28-сентябрындагы жыйынында Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын тутуму менен резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кабыл алынды. Аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн арыздарынын негизинде “Республика” саясий партиясынан, Республикалык коомдук-саясий Кыргызстан куруучулар партиясынан жана “Республика-Ата-Журт” саясий партиясынан   А. Дыйканова, О. Абдуллаева жана Н. Зияев  комиссиянын тутумунан чыгарылды. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Т. Бекмурзаев, Б. Нышанбаев, А. Дүйшөбаев резервден комиссиянын тутумуна киргизилди.   КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Борбордук  шайлоо комиссиясы  эл аралык дагы 25 байкоочуну аккредитациядан  өткөрдү
28.09.2017

Борбордук шайлоо комиссиясы эл аралык дагы 25 байкоочуну аккредитациядан өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 25 эл аралык байкоочуну аккредитациядан өткөрдү. КМШ Миссиясынан (КМШ ПААА), Индия Шайлоо комиссиясынан, Түркия Республикасынын Жогорку Шайлоо кеңешинен, КРдагы ЕСтин Өкүлчүлүгүнөн, Кытайдын чет мамлекеттердеги достук коомунан, Бельгия Королчулугунун Өкүлдөр Палатасынан эл аралык байкоочулар аккредитациядан өтүштү. Бүгүнкү күнгө чейин КР Борбордук шайлоо комиссиясы дүйнөнүн 43 мамлекетиндеги 35 эл аралык уюмдардан 340  эл аралык байкоочуну аккредитациядан өткөрдү. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Жалал-Абад шаарындагы №2104 шайлоо участкасынын дареги өзгөртүлдү
28.09.2017

Жалал-Абад шаарындагы №2104 шайлоо участкасынын дареги өзгөртүлдү

2017-жылдын 28-сентябрындагы КР БШК жыйынында Жалал-Абад облусундагы Жалал-Абад шаарындагы №2104 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү боюнча токтом кабыл алынды. Ошентип, №2104 шайлоо участкасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик каттоо департаментинин имаратынан шаардык автовокзалдын имаратына көчүрүлдү. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Т.Сариевдин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ыйгарым укуктарын токтотту
28.09.2017

КР БШК Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Т.Сариевдин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ыйгарым укуктарын токтотту

2017-жылдын 28-сентябрындагы КР БШК жыйынында  Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Т.Сариевдин ыйгарым укуктуу өкүлү  Кылжыев Самат Аскербековичтин ыйгарым укугун токтотуу жөнүндө токтом кабыл алынды. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Кыргыз  Республикасынын Президенти кызматына талапкер Т.Сариевдин ишенимдүү адамын чакыртып алды
28.09.2017

БШК Кыргыз  Республикасынын Президенти кызматына талапкер Т.Сариевдин ишенимдүү адамын чакыртып алды

2017-жылдын 28-сентябрындагы  КР БШКнын жыйынында Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Т.Сариевдин ишенимдүү адамы - Эшеналиев Нурбек Таалайбековичти чакыртып алуу тууралу токтом кабыл алынды.  КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкердин ишенимдүү адамдарын каттады
28.09.2017

КР БШК Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкердин ишенимдүү адамдарын каттады

2017-жылдын 28-сентябрында КР БШК жыйынында  Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер С.Жээнбековдун ишенимдүү адамдарын каттоо тууралуу чечим кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер С.Жээнбековдун ишенимдүү адамдары болуп:  1.Дубанаев Садырбек Мамбеталиевич 2. Жураев Бөрүбай Жураевич 3. Камытов Талант Жуманазарович 4. Кожошев Арзыбек Орозбекович 5. Молдоева Гулшан Абыкаевна 6. Тагаев Абдужапар Абдыкаарович 7. Ниязов Фарид Аблезимович 8. Хакимов Абдимитал Мирзарахманович КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарынын шайлоочуларына, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына, коомдук жана коммерциялык эмес уюмдарга, саясий партияларга Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын КАЙРЫЛУУСУ
28.09.2017

Бишкек шаарынын шайлоочуларына, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына, коомдук жана коммерциялык эмес уюмдарга, саясий партияларга Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын КАЙРЫЛУУСУ

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун босогосунда  Бишкек шаарындагы кошумча шайлоо участкаларга көп сандаган  шайлоочулардын келишине байланыштуу кошумча шайлоо комиссияларынын санын көбөйтүү зарылчылыгы келип чыкты (мындан ары- КОШ УШК).   Ушуга байланыштуу Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы (мындан ары-Бишкек АШК) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан жана саясий партиялардан  өкүлдөрдү  көрсөтүүнү жарыялайт.  КОШ УИКтин резервине талапкерлерди көрсөтүү учурунда жарандардын макулдугун алуу керек, ошондой эле шайлоо кампанияларына, коомдук турмушка катышуу тажрыйбалары жана өздүк сапаты эске алынат. Көрсөтүлүп жаткан адам, шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү ошол аймакка ылайык келген элдүү пунктта жашаш  керек. Жарандардын жыйынынан, коомдук бирикмелерден шайлоо комиссияларынын тутумуна талапкерлерди көрсөтүү тууралуу Протоколдо жыйындын төрагасынын жана катчынын колу коюлушу зарыл. Протоколго жашаган жерлери көрсөтүлүп, колдору коюлган жыйындын катышуучуларынын тизмеси тиркелиши керек. Саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү алардын уставына ыйлайык жүргүзүлөт. Бишкек АШКсына саясий партиянын (жыйындын төрагасы) жетекчисинин колу коюлуп печаты басылган тиешелүү документ берилет. Жогоруда көрсөтүлгөн документтерге төмөнкүлөр тиркелет: -Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын нормаларын сактаган милдеттенме жана шайлоо комиссиясынын тутумунда иштөөгө макулдугу боюнча арыз; -паспорттун көчүрмөсү; -иштеген жери, окуусу, билими, көрсөтүлгөн биографиялык маалыматтар (кадрларды каттоо боюнча өздүк баракача же резюме); -байланыш маалыматтар: жашаган жеринин дареги, телефон номерлери, электрондук почтасы. Жарандардын жыйынынан, коомдук уюмдардан участкалык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди көрсөтүү боюнча протоколдор 2017-жылдын 2-октябрында  саат 18:00гө чейин Бишкек  шаардык кеңешинде кабыл алынат. Сурап-билүү телефондору: Бишкек шаардык кеңеши 62-58-14, Бишкек АШК: 62-08-24. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандарга, саясий партияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органдарына (жергиликтүү кеңештерге)  КАЙРЫЛУУСУ
28.09.2017

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандарга, саясий партияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органдарына (жергиликтүү кеңештерге) КАЙРЫЛУУСУ

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын резервин толуктоо максатында, саясий партиялардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органдарынан өкүлдөрдү көрсөтүү тууралуу жарыялайт. Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди көрсөтүүдө жарандардын өз макулдугун, шайлоо өнөктүктөрүнө, коомдук жашоодо катышуу тажрыйбасын, кесиптик жана жеке сапаттарын эске алуу зарыл. “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22 –беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү боло албайт:  1)Жогорку Кеңештин депутаты, жергиликтүү кеңештин депутаты; 2)мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары; 3)судья, укук коргоо жана фискалдык органдын кызматкери, аскер кызматчысы; 4)талапкер, талапкердин жана саясый партиянын өкүлү; 5)башка мамлекеттин жарандыгы бар адам; 6)мыйзамда белгиленген тартипте, соттуулугу алып салынбаган же жоюлбаган адам; 7)башка шайлоо комиссиясынын мүчөсү. Көрсөтүп жаткан субъекттер шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкер, эреже катары, тиешелүү калктуу конуштун аймагында жашоого тийиш.  Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын резервине найлоочулардын жыйналыштарынан талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдорду, жыйналыштын  төрагасы жана катчысы өз колдору менен күбөлөндүрүшү керек. Протоколго, алардын колу коюлган, жашаган жерин көрсөтүлгөн жыйналыштын катышууларынын тизмеси тиркелүүгө тийиш. Жогоруда көрсөтүлгөн документтерге төмөнкүлөр тиркелет: - талапкердин аймактык шайлоо комиссиясынын курамында иштөөгө макулдугу жөнүндө арызы жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоо жөнүндө милдеттенмеси; - паспортунун көчүрмөсү; - иштеген, окуган жерин, билимин көрсөтүү менен өмүр баянынын маалыматтары (кадрларды эсепке алуу боюнча жеке баракчасы, өмүр баянынын таржымалы); - байланыш маалыматтары: жашаган жеринин дареги, телефондору (үй, уюлдук, электрондук дарек). Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын резервине шайлоочулардын жыйналыштарынан талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор 2017-жылдын 5-октябры саат 18.00гө чейин тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органдарында (айылдык кеңештерде) кабыл алынат. Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын резервине саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор 2017-жылдын 5-октябры саат 18.00гө чейин Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында кабыл алынат. Кошумча маалыматтарды төмөнкү телефондор аркылуу алсаңыздар болот:  (0312) 66 01 16, www.shailoo.gov.kg.  
Кененирээк билүү >>
ЕСтин атайын өкүлү П.Буриан:”Евросоюз Кыргызстандагы шайлоо системасын реформалоо ишине мындан ары да колдоо көрсөтүүгө жана жардам берүүгө даяр”
27.09.2017

ЕСтин атайын өкүлү П.Буриан:”Евросоюз Кыргызстандагы шайлоо системасын реформалоо ишине мындан ары да колдоо көрсөтүүгө жана жардам берүүгө даяр”

27-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясында  КР БШК төрагасы Н.Шайлдабекованын Европа Союзунун Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан менен жолугушуусу болду. Талаптар алдыдагы 15-октябрда өтүүчү Президенттик шайлоого  даярдыкты жана ошондой эле Кыргызстан менен Европа Союзунун ортосунда шайлоо реформасы боюнча кызматташуунун келечектеги  пландарын талкуулашты. КР БШКнын төрагасы Евросоздун өкүлдөрүн өлкөдөгү бүгүнкү коомдук-саясий кырдаал, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону эркин, ачык айкын өткөрүү максатында ишке ашырылып жаткан комплекстүү чаралар жөнүндө жана ушул иште БШКнын башкы милдети  болуп, жарандардын шайлоо укуктарын: активдүү укук-шайлоо жана пассивдүү-шайлануу укугун толук деңгээлде ишке ашырууну камсыз кылуу болуп саналаарын билдирди.  Н.Шайлдабекова Кыргызстандагы саясий системанын туруктуу өнүгүшүнүн негизи болгон,  шайлоо системасын реформалоодо ар тараптуу колдоо көрсөткөн Европа Союзунун институттары менен өнөктөш болуп кызматташуунун маанилүү ролун белгиледи.   Европа Союзунун Атайын өкүлү П.Буриан Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлерге бирдей шарт түзүү, шайлоонун ишенимдүүлүгүн жана ачык айкындыгын камсыз кылуу боюнча шайлоону уюштурууну өркүндөтүү ишинде кыргыз тараптын аракетине оң баа берди: «Биз демократиялык институттарды жана процесстерди курууда Кыргызстан башка мамлекеттерге үлгү болуп калышын чын дилимден каалайм,”- деди.  Ошондой эле П.Буриан Кыргызстандагы шайлоо системасындагы реформалардын алга жылышына  мындан ары да көмөк көрсөтүп, колдоону уланта берээрине ишендирди. Жолугушууга КРдагы Европа Союзу өкүлчүлүгүнүн саясат, басма сөз жана маалымат бөлүмүнүн башчысы Яап Ора, Европа Союзунун атайын өкүлүнүн саясий кеңешчиси Кристин Хельтге катышты.       КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Борбордук  шайлоо комиссиясы эл аралык 75 байкоочуну  аккредитациядан  өткөрдү
26.09.2017

Борбордук шайлоо комиссиясы эл аралык 75 байкоочуну аккредитациядан өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы эл аралык 75 байкоочуну  аккредитациядан  өткөрдү.  Европа Коопсуздук боюнча Кызматташуу Уюмунун Парламенттик Ассамблеясынын (ЕККУ) жана Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынын өкүлдөрү эл аралык байкоочу катары аккредитациядан өттү. Бардыгы болуп 75 эл аралык байкоочу аккредитацияланды.  2017-жылдын 26-сентябрына карата Борбордук шайлоо комиссиясынан дүйнөнүн 50 мамлекетинен 315 эл аралык байкоочу жана 37 эл аралык уюм аккредитациядан өттү.  Эл аралык байкоочулардын толук тизмеси менен бул шилтеме боюнча таанышсаңыздар болот.    КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү   
Кененирээк билүү >>
Ош облусунун Араван районундагы  С.Юсупов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо  дайындалды
26.09.2017

Ош облусунун Араван районундагы  С.Юсупов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо  дайындалды

Бүгүн, 2017-жылдын 26-сентябрында Ош облусунун Араван районундагы  С.Юсупов  атындагы айыл өкмөтүнүн башчысын мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындоо боюнча токтом кабыл алынды.  Мурун, КР БШКнын 2017-жылдын 14-июндагы №149-токтому менен С.Юсупов айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2017-жылдын 3-июлуна дайындалган. 2017-жылдын 3-июлунда С.Юсупов атындагы айылдык кеңешинин депутаттарынын кворуму болбогондуктан Араван районундагы С.Юсупов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өтпөй  калган. 2017-жылдын 6-июлунда КР БШКнын №206-токтому менен Ош облусунун Араван районунун С.Юсупов  атындагы айыл өкмөтүнүн башчысын мөөнөтүнөн мурда шайлоо  2017-жылдын 20-июлуна дайындалган. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Ош облусунун Араван районунун С.Юсупов атындагы айылдык кеңешинин депутаттарынан атынан 2017-жылдын 20-июлунда дайындалган Ош облусунун Араван районундагы С.Юсупов атындагы айыл өкмөт башчысын шайлоону кийинкиге жылдыруу боюнча С.Юсупов айылдык кеңешинин депутаттарынан атынан   кайрылуу түшкөн. Кайрылууга ылайык, мурун 2017-жылдын 3-июлуна дайындалган Ош облусунун Араван районундагы С.Юсупов атындагы айыл өкмөт башчысын шайлоо кворумдун жоктугунан өтпөй калган.  Кворумдун жоктугунун башкы себептеринин бири, Ош облусунун Араван районундагы  С.Юсупов атындагы айылдык кеңешинин  депутаты Н.С.Алимовдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу  жана депутаттык мандатты алмаштыруу маселеси   боюнча талаш-тартыш  болду. Талаш-тартыш жөнгө салынгандан кийин Ош облусунун Араван районунун С.Юсупов атындагы айыл өкмөт башчысын шайлоо 2017-жылдын 10-октябрында саат 9:00дөн 12:00гө чейин мурунку каттоодон өткөн талапкерлер менен  өткөрүү  дайындалды. КР БШК аппаратынын  маалыматтык  бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер К.Ташиевдин каттоосун жокко чыгарды
26.09.2017

КР БШК Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер К.Ташиевдин каттоосун жокко чыгарды

Бүгүн, 2017-жылдын 26-сентябрында КР БШК жыйынында  Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер К.Ташиевдин каттоосун жокко чыгаруу тууралуу токтом кабыл алынды. К.Ташиевге берилген Күбөлүк  (КР БШКнын 2017-жылдын 5-сентябрындагы  №408-токтому менен бекитилген)  күчүн жоготту деп табылды. Ошондой эле, Тиркемеге ылайык К.Ташиевдин шайлоо жана каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн  ыйгарым укуктары токтотулду. К.Ташиевдин Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлигин алып салуу тууралуу арызы Борбордук шайлоо комиссиясына 2017-жылдын 25-сентябрында келип түшкөн. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Чүй облусунун  Беловодск  айыл аймагындагы №7292-шайлоо участкасынын дареги  өзгөртүлдү
26.09.2017

Чүй облусунун  Беловодск  айыл аймагындагы №7292-шайлоо участкасынын дареги  өзгөртүлдү

2017-жылдын 26-сентябрындагы КР БШК жыйынында Чүй облусунун  Москва районундагы Беловодск айыл аймагындагы №7292-шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө токтом кабыл алынды. Ошентип, Беловодск айыл аймагындагы №7292-шайлоо участкасы ДЭП-28 имаратынан В.Степаненко  атындагы №2-орто мектептин имаратына көчүрүлдү.  КР БШК  аппаратынын  маалыматтык  бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Борбордук шайлоо комиссиясы “Акыйкат шайлоо үчүн” коомдук кыймылы менен жолугушуу уюштурду 26.09.2017

Борбордук шайлоо комиссиясы “Акыйкат шайлоо үчүн” коомдук кыймылы менен жолугушуу уюштурду

Борбордук шайлоо комиссиясы “Акыйкат шайлоо үчүн” коомдук кыймылы менен жолугушуу уюштурду. Жолугушууга Р.Жээнбеков, Р.Отунбаева, Ф.Кулов, А.Эркебаев, Р.Карасартова, Э.Каптагаев, Нарын Айып, коомдук байкоочулар жана ЖМК өкулдөрү катышты.  Анын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча маанилүү маселелер талкууланды. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы 15-октябрда өтүүчү Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүнүн жүрүшүндө шайлоо процессинин негизги этаптары жөнүндө жыйындын катышуучуларына  кенен маалымат берди. Участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн автоматтык саноо урнасынын (АСУ) технологиясын окутуу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен мамлекеттик органдардын өз ара аракеттери жөнүндө маселелер талкууланды. КР БШК төрагасы Н.Шайлдабекова белгилегендей, КР БШК өзүнүн  ишмердүүлүгүн  Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “Кыргыз Республикасынын Президентин  жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу” КР конституциялык Мыйзамын, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча  борбордук комиссиясы жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып жүргүзөт, ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясы-бул чечимдерди ачык добуш берүү менен кабыл алган коллегиялуу орган. 2015-жылы иштелип чыккан маалыматтык шайлоо системасы (МШС) 2016-жылкы  референдумда жана  2017-жылы май айында жергиликтүү кеңештерди шайлоодо  сыноодон өткөн, эл аралык компаниянын сертификатына ээ, ушуга байланыштуу ал эч кандай күмөндүүлүк  туудурбаш керек. Жаңы шайлоо технологиясы  КР БШК менен Түштүк Кореянын кызматташуусу боюнча эл аралык агенттиги менен биргелешип иштелип чыккан. Бүгүнкү күндө программанын бардык тейлөө коду  кыргыз тарапка берилген жана БШКнын адистери тарабынан тейленет. МШС-маалыматтык шайлоо системасы Кыргыз Республикасында референдум жана шайлоону даярдоо жана өткөрүү  ошондой эле анын жыйынтыгы жана анын жүрүшү жөнүндө маалымат жарыялоого ылайыкташкан. МШС тутумуна төмөнүлөр кирет: -УШКларда  шайлоо бюллетендерин кабыл алуучу автоматтык саноочу урна (АСУ); -МШС программалык камсыздоо (ПК), чогултуу функциясын аткарган, сактоо жана  шайлоо жөнүндө маалымат сунуш кылуу; -АСУ маалыматтары корголгон байланыш каналы аркылуу БШКнын борбордук серверине берүү; -сервер жабдуусу, маалыматтык шайлоо системасынын программалык камсыздоосу жана маалыматтык коопсуздукту камсыздоочу жабдуулардын комплекси. Жолугушуунун катышуучуларына автоматтык саноо урнасынын(АСУ) иши көрсөтүлдү. БШКнын кызматкерлери  жолугушуунун  катышуучулары  үчүн “Сенин добушуң-сенин келечегиң” аттуу добуш  берүү   кампанияны тестирлөө өткөрүшүп, добуш берүүнүн процессин көрсөтүштү.  АСУ шайлоо бюллетендерин кабыл алып санагандан кийин, шайлоо күнү  20:00дөн соң, модем маалыматтарды добуш берүү аяктагандан кийин БШКнын  серверине жөнөтөт. Борборшайлоокомдун серверинде АСУнун маалыматтарын  чогултуу жана сактоо  жүрөт, андан кийин маалыматтар расмий порталга жайгаштырылат http://ess.shailoo.gov.kg. Коомдук  институттардын жана уюмдардын Кыргызстандагы шайлоону өткөрүүгө даярдык көрүү процессине кызыгуу менен байкоо жүргүзүүсү- КР  БШК шайлоонун жыйынтыгын акыйкат, таза   жана ишенимдүү  чыгарууда  биометрикалык технологияны колдонуу, шайлоочуларды идентификациялоо жана добуштарды автоматтык саноо урнасын пайдалануу менен  жаңы шайлоо технологиясын ийгиликтүү турмушка ашышына байланыштуу  болду. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК билдирет: шайлоо бюллетендерин басуу процесси башталды
25.09.2017

КР БШК билдирет: шайлоо бюллетендерин басуу процесси башталды

15-октябрга дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого байланыштуу  шайлоо бюллетендерин басуу процесси  башталды. Маанилүү документ катары, катуу эсепке алынып басылып жаткан  бюллетендерди көзөмөлдөө максатында  КР БШК мүчөлөрү жана БШК аппаратынын кызматкерлери күн-түн дежурлук жүргүзүүдө. Шайлоо бюллетендерин даярдоо учурунда ар бир саат сайын коргоо даражасын жана талап кылынган формага ылайыктыгын текшерүү максатында автоматтык эсептөө урнасы (АСУ) аркылуу алдын ала тестирлөө иштери  жүрүүдө. Календардык планга ылайык шайлоо бюллетендери добуш берүү күнүнөн 10 календардык күндөн кечиктирбей  (2017-жылдын 5-октябрына чейин) даярдалышы керек. Шайлоо бюллетендерин басуу процессинде ИИМ жана МУКК кызматкерлери күзөт ишин камсыз кылышууда. Республикада 2375 шайлоо участкалары ачылган, алардын ичинде Бишкек шаары боюнча 33 участкасы кошумча ачылган. Ал эми Кыргыз Республикасынан  тышкаркы жерде 37 шайлоо участкалары иштеп жатат. Республика боюнча 2305 негизги шайлоо участкалары бар. 2017-жылдын 25-сентябрына карата шайлоочулардын саны 2 919729 адамга жеткен.  КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Борбордук  шайлоо комиссиясында  илимий-эксперттик  кеңеш түзүлдү 25.09.2017

Борбордук шайлоо комиссиясында илимий-эксперттик кеңеш түзүлдү

КР БШКнын маалыматтык  шайлоо тутумунун коопсуздугуна коомдук көзөмөлдү өркүндөтүү максатында  илимий-эксперттик кеңеш түзүлдү.  Анын  тутумуна төмөндөгүлөр киргизилди: 1.Кубанычбек  Мурзакматов – И.Раззаков атындагы  КМТУнун алдындагы Электроника жана Телекоммуникация  Институтунун “Телекоммуникация” кафедрасынын башчысынын орун басары;  2. Игорь Зимин – т.и.к., доцент,  И.Раззаков атындагы  КМТУнун алдындагы Электроника жана Телекоммуникация  Институтунун “Телекоммуникация” кафедрасынын башчысы; 3. Байыш Нурматов – т.и.к., доцент, Аналитикалык борбордун жетекчиси; 4. Алишер Салиев – физико-математика илимдеринин доктору, И.Раззаков атындагы КМТУнун “Компьютердик системаны Программалык камсыздоо” кафедрасынын профессору; 5. Жанна Баракова – т.и.к., И.Раззаков атындагы КМТУнун  алдындагы Маалыматтык система жана Телекоммуникациядагы технологиялар” кафедрасынын башчысы, доцент; 6.Турсунжан Каримбаев – т.и.к., КГУСТнун Маалыматтык система жана Технологиялар” кафедрасынын доценти;   7.Иосиф Тен–т.и.к., Раззаков атындагы КМУТнын “Компьютердик системаны Программалык  камсыздоо”  кафедрасынын  башчысы, профессор;  8.Рысбек Искаков–т.и.к., Раззаков атындагы КМУТнын “Компьютердик системаны Программалык камсыздоо”  кафедрасынын доценти; Илимий-эксперттик  кеңештин башкы милдети–биринчи кезекте коомдук ачык көзөмөл, ошондой эле маалыматтык шайлоо системасынын (МШС) коопсуздугун жогорулатуу болуп саналат.   МШС Кыргыз Республикасындагы шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү ошондой эле анын жүрүшү жөнүндө, шайлоодо жана референдумда  добуш берүүнүн жыйынытыгын чыгарууга багытталган маалымат таркатат.  (http://ess.shailoo.gov.kg).  КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү 
Кененирээк билүү >>
1 … 399 401 … 483

Акыркы жаңылыктар

26.09.2026 ЖМК жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо боюнча кайрылуу 25.09.2026 Шайлоо участокторунун чек аралары маселеси жөнүндө 25.09.2026 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочуларга, талапкерлерге, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына кайрылуусу! 25.09.2026 «Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону 2027-жылдын 27-январында эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду 25.09.2026 «Элдик Банк» жана «АБанк» КР Президентин шайлоого катышуучу талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк катары аныкталды 25.09.2026 КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча иш-чаралардын календардык планын бекитти