Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
КР БШК жергиликтүү кеңештердин он депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
2019-жылы 28-июнда КР БШК Балыкчы, Ак-Суу, Майлуу-Суу, Сузак, Ноокат жана Талас АШКларынын жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош депутаттык мандаттарды Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин шайланган депутаттарынан кийинки депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.
Ысык-Көл облусунун төмөнкү депутаттары өз каалоолору боюнча өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту:
Эсенгулов Жунус (“Өнүгүү-Прогресс” фракциясы, №1. Балыкчы шаардык кеңеш). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Байболотов Рыскелдиге өткөрүп берилди (“Өнүгүү-Прогресс” фракциясы, №8).
Садабаев Руслан (Ак-Суу районунун Боз-Учук айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Токбаев Элдоско өткөрүп берилди.
Урманаев Сыртбай (Ак-Суу районунун Боз-Учук айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Токтосун уулу Алмазга өткөрүп берилди.
Супатаев Нурдин (Ак-Суу районунун Кара-Жал айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Эстебесов Талантбекке өткөрүп берилди.
Жалал-Абад облусунун төмөнкү депутаттары өз каалоолору боюнча өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту:
Баратова Гульзина (“Өнүгүү-Прогресс” фракциясы, №3. Майлуу-Суу шаардык кеңеш). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Абдукаров Дилшатка өткөрүп берилди (“Өнүгүү-Прогресс” фракциясы, №7).
Кыдыралиев Белек (Сузак районунун Кыз-Кол айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Сейитов Назарбайга өткөрүп берилди.
Ош облусунун төмөнкү депутаты өз каалоосу боюнча өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту:
Позилов Азизолло (“Элдик партия” фракциясы, №4. Ноокат шаардык кеңеш). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Туланов Ахлидинге өткөрүп берилди (“Элдик партия” фракциясы, №16).
Депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга айкалышпаган кызмат орунуна дайындалганына байланыштуу, берген арыздарынын негизинде Ош облусунун төмөнкү депутаттары өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотушту:
Абдираим уулу Акылбек (Ноокат районунун Көк-Жар айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Жарматов Абдыганыга өткөрүп берилди.
Маматов Маратбек (Ноокат районунун Исанов айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Амиров Маматсалиге өткөрүп берилди.
Каза болгондугуна байланыштуу Талас облусунун төмөнкү депутатынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду:
Эсенов Адилеттин (Талас районунун Айдаралиев айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Шабданбек уулу Ноорузбекке өткөрүп берилди.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Туйбаев Таалайбек Адиевич Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды
2019-жылы 5-июлда КР БШК мүчөлөрү 2019-жылы 1-июлда болуп өткөн шайлоодо добуш берүүнүнжыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдордун негизинде Туйбаев Таалайбек Адиевичти Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн башчылыгына бекитти.
Туйбаев Таалайбек Адиевич
1965-жылы 3-мартта Ош облусунун Кара-Суу районунун Шарк айылында туулган.
Билими жогорку. К.И. Скрябин атындагы айыл чарба институтун “Зооинженер” адистиги боюнча (диплом ТВ-1 №130686, 1992-ж. 30-май) бүтүргөн.
Эмгек жолу:
1986 ж. – “Отуз-Адыр” совхозу, жумушчу
1986-1992 жж. – К.И.Скрябин атындагы айыл чарба институту, студент
1992-1995 жж. – “Отуз-Адыр” совхозу, зоотехник-селекционер
1995-2000 жж. – “Улукман” фермердик чарбасы, зоотехник-селекционер
2000-2006 жж. – “Максат” фермердик чарбасы, жетекчи
2006-2015 жж. – Отуз-Адыр айыл өкмөтү, аскердик каттоо бөлүмүнүн ага инспектору
2015-ж. - Отуз-Адыр айыл өкмөтү, башчы
Үй-бүлөлүк абалы: үйлөнгөн, беш баласы бар
Кыргыз Республикасынын ИИМдин маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын берген маалымкатына ылайык Туйбаев Таалайбек Адиевичтин соттуулугу жок.
Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясына Отуз-Адыр айыл ъкмът\н\н шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү берүү тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Сулайманов Баиш Дайырбекович Талас облусунун Кара-Буура районунун Бейшеке айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды
2019-жылы 28-июнда КР БШК мүчөлөрү 2019-жылы 21 июнда болуп өткөн шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдордун негизинде Сулайманов Баиш Дайырбековичти Талас облусунун Кара-Буура районунун Бейшеке айыл өкмөтүнүн башчылыгына бекитти.
Сулайманов Баиш Дайырбекович
1962-жылы 9-мартта Талас облусунун Кара-Буура районунун Бейшеке айылында туулган. Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетин “Менеджмент” багыты боюнча аяктаган.
Эмгек жолу:
1980-1982 жж. – Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн
1982-1983 жж. – Бейшеке айылынын колхозунда, инструктор
1986-1987 жж. – Свердлов РИИБ, инструктор
1989-1991 жж. – Бакыян орто мектебинде, сүрөтчү
1992-2015 жж. – "Максат" дыйкан чарбасынын жетекчиси
2011-2019 жж. – Бейшеке айылдык кеңешинин депутаты.
Үй-бүлөлүк абалы: үйлөнгөн
Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясына Бейшеке айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү берүү тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Мадаев Гулжигит Мурзамидинович Ош облусунун Алай районунун Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды
2019-жылы 5-июлда КР БШК мүчөлөрү 2019-жылы 1-июлда болуп өткөн шайлоодо добуш берүүнүнжыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдордун негизинде Мадаев Гулжигит Мурзамидиновичти Ош облусунун Алай районунун Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн башчылыгына бекитти.
Мадаев Гулжигит Мурзамидинович
1984-жылдын 9-январында Ош облусунун Алай районундагы Кабылан-Көл айыл өкмөтүнө караштуу Күңгөй айылындатуулган. Билими жогорку. Ош Мамлекеттик Университетинин “Дене тарбия” адистиги боюнча (диплом №CD080117406, 2008-жылдын 25-августу) бүтүргөн.
Эмгек жолу:
2008-2010 жж. – Кабылан-Көл интернет клубта оператор
2013-2019 жж. - Кабылан-Көл айыл өкмөтүнө караштуу №25 Э.Мурзаев атындагы орто мектеби, мугалим
2015-2019 жж. - Кабылан-Көл айылдык кеңеши, депутат
2019 - азыркы убакытка чейин Кабылан-Көл айылдык кеңешинин депутаты
Үй-бүлөлүк абалы: үйлөнгөн, 3 баланын атасы.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин маалыматык технологиялар башкы башкармалыгынын берген маалымкатына ылайык Мадаев Гулжигит Мурзамидинович соттуулугу жок.
Алай аймактык шайлоо комиссиясына Кабылан-Көль айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү берүү тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Анаров Саатбек Гапарович Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды
2019-жылы 5-июлда КР БШК мүчөлөрү 2019-жылы 28-июнда болуп өткөн шайлоодо добуш берүүнүнжыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдордун негизинде Анаров Саатбек Гапаровичти Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчылыгына бекитти.
Анаров Саатбек Гапаровичти
1981-жылы 15-сентябрда Баткен облусунун Баткен районунун Көкташ айылында туулган.
Билими жогорку. Баткен Мамлекеттик Университетин экономика жана тарых факультетин тарых мугалим адистигин (диплом №УВ170473108 22.09.2017) бүтүргөн.
Эмгек жолу:
2015-2019жж. - Ак-Сай айылдык кеңешинин төрагасы
2011-2015жж. – Ак Сай айылдык кеңешинин төрага жардамчысы
2004-2011 жж. - Баткен ОсОО жана жеке менчик, дыйкан чарбаларда
2000-2004 жж. - Ш.Ганы атындагы толук эмес мектебинде тарых мугалими
Үй-бүлөлүк абалы: үйлөнгөн, 5 кыз 2 уулу бар
Кыргыз Республикасынын ИИМдин маалыматык технологиялар башкы башкармалыгынын берген маалымкатына ылайык Анаров Саатбек Гапарович соттуулугу жок.
Баткен аймактык шайлоо комиссиясына Ак-Сай айыл өкмөтүнүншайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү берүү тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2019-жылдын 5-июлунда өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 5 -июль 2019-ж.
Убактысы: 11:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Талас облусунун Кара-Буура районунун Бейшеке айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
2. Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл өкмөтүнун башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
3. Ош облусунун Алай районунун Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
4. 2019-жылдын 1-июлунда өткөрүлгөн Баткен облусундагы Кадамжай районунун Айдаркен шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
5. Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
6. Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону жана Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
7. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Балыкчы, Ак-Суу, Майлуу-Суу, Сузак, Ноокат жана Талас аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
8. Ар түрдүү маселелер
Төрага
Кененирээк билүү >>
Шайлоо талаш-тартыштарын чечүү – шайлоо процессинин маанилүү бөлүгү
2019-жылы 27-28-июнда Братислава шаарында КР БШК мүчөсү А.Т.Асаналиевдин, КР Президентинин Аппаратынын жана сот тутумунун өкүлдөрүнүн катышуусунда “Шайлоого байланыштуу талаш-тартыштарды чечүү” деген темада шайлоолорду уюштурууга жооптуу органдардын 16 Европа конференциясы болуп өттү.
Конференциянын катышуучулары шайлоо талаш-тартыштарын натыйжалуу чечүү үчүн көз карандысыз сот тутуму, соттук коргоонун натыйжалуу каражаттары жана тийиштүү укуктук жол-жоболорду сактоо менен сотто адилет териштирүү сыяктуу негизги укуктарга жана стандарттарга таянуу зарыл экенин белгилешти.
Конференциянын жыйынтыгында шайлоолорду уюштурууга жооптуу органдарга ашкере татаалдашууга жол бербеш үчүн даттанууларды жана апелляцияларды берүүнүн так, ырааттуу жол-жоболорун аткаруу сунушталган тыянактар чыгарылды. Шайлоо комиссиялары менен соттордун ортосундагы юрисдикциялардын кагылышуусунан жана бирдей даттанууларды берүүнүн кош ыкмаларынан оолак болуу керек.
КР БШК 2017-жылы Венеция комиссиясынын эксперттик колдоосу менен шайлоо талаш-тартыштарын чечүү үчүн ченемдик базаны жана талаш-тартыштарды даттануунун практикасын иштеп чыккан. Даттанууларды берүүнүн жөнөкөй жана түшүнүктүү механизми иштелип чыкты, ошондой эле судьялар, шайлоо комиссияларынын, укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн окутуу семинарлары өткөрүлдү.
БШКда түзүлгөн жана сайтта иштелип чыккан даттануулардын электрондук реестри бардык даттанууларды жана алар боюнча БШКнын жана соттордун чечимдерин камтыйт. Бул реестр шайлоо процессине талдоо жүргүзүп, анын солгун жактарын ачууга мүмкүнчүлүк берет. Учурда маалыматтарды сайтта чагылдырууну жакшыртуу боюнча иштер аткарылып жатат. Санариптештирүү алкагында маалыматтардын блоктору көрсөтмөлүү болсун үчүн реестрге өзгөртүүлөр киргизилмекчи.
Бул механизм Кыргызстандын тарыхында шайлоо талаш-тартыштарын жөнгө салуу маселелери боюнча жаңылык болуп саналат.
Европа конференциясынын корутунду документинде шайлоо талаш-тартыштарын чечүү техникалык маселедей көрүнгөнү менен анда саясий эрк жана мыйзамды талаптагыдай колдонуу айкындуулук, мыйзамдуулук жана шайлоого ишеним үчүн чечүүчү мааниге ээ экени белгиленет.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Астанакулов Байышбек Кахроманович Айдаркен шаарынын мэри болуп шайланды
2019-жылы 1-июлда Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркен шаарынын мэрин шайлоо болуп өттү.
Астанакулов Байышбек Кахроманович Айдаркен шаарынын мэрлигине шайланды.
Анын талапкерлиги үчүн 11 депутат добуш берди. Айдаркен шаардык кеңешинде бардыгы 21 депутат бар, добуш берүүгө алардын 21и тең катышты. Шаар башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер катталган.
КР БШКнын 2019-жылдын 11-июнундагы №77 токтомуна ылайык Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурду.
Астанакулов Байышбек Кахроманович
1988-жылы 13-мартта Кадамжай шаарында туулган.
Жогорку билимдүү. Ош технологиялык университетин “финансист” адистиги боюнча, Жалал-Абад эл аралык университетин (КЭУ) “укук таануу” адистиги боюнча бүтүргөн; КР Президентине караштуу Башкаруу академиясынын “мамлекеттик башкаруу” адистиги боюнча магистранты; Түркия Республикасынын Анкара шаарында окутуудан Европадагы сот тутуму боюнча сертификаты бар адис.
Эмгек жолу:
2017-ж. – Ош шаардык кеңеш, башкы адис-юрист;
2016-2017-ж.ж. – судьянын жардамчысы;
2013-2016-ж.ж. – Жалал-Абад шаардык сот, сот жыйналышынын катчысы;
2012-ж. – Ош облусунун юстиция башкармалыгы, стажер;
2010-2011-ж.ж. – Жалал-Абаддагы “Билим Ордо” окуу борбору, директор.
Үй-бүлөлүк абалы: үйлөнгөн, үч баласы бар.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2019-жылдын 1-июлунда Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн башчысынын шайлоосу өттү
2019-жылдын 1-июлунда Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды. Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 17 добуш алган Туйбаев Таалайбек Адиевич шайланды. Добуш берүүгө Отуз-Адыр айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 21 тең катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 3 талапкер катталган.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2019-жылдын 1-июлунда Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн башчысынын шайлоосу өттү
2019-жылдын 1-июлунда Ош облусунун Алай районунун Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды. Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 7 добуш алган Мадаев Гүлжигит Мурзамидинович шайланды. Добуш берүүгө Кабылан-Көл айылдык кеңешиндеги 11 депутаттын 11 тең катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 2 талапкер катталган. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо эки тур менен өттү.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2019-жылдын 1-июлунда Кызыл-Дыйкан айыл өкмөтүнүн башчысынын шайлоосу өттү
2019-жылдын 1-июлунда Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды. Кызыл-Дыйкан айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 8 добуш алган Манапов Азизбек Кубанычбекович шайланды. Добуш берүүгө Кызыл-Дыйкан айылдык кеңешиндеги 11 депутаттын 11 тең катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 2 талапкер катталган.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2019-жылдын 1-июлунда Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысынын шайлоосу өткөн жок
2019-жылдын 1-июлунда Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо, талапкерлердине тиешелүү добуш ала албагандыгына байланыштуу өткөн жок.
Добуш берүүгө Самаркандек айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 21 тең катышты.
Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 4 талапкер катталган.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2019-жылдын 1-июлунда Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысынын шайлоосу өттү
2019-жылдын 1-июлунда Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды. Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 21 добуш алган Нурмаматов Кубанычбек Досболович шайланды. Добуш берүүгө Ак-Татыр айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 21 тең катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 1 талапкер катталган.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
-
-
Кененирээк билүү >>
Калмуратов Тагдырбек Токтосунович Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды
2019-жылы 28-июнда КР БШК мүчөлөрү Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун негизинде Калмуратов Тагдырбек Токтосуновичти Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчылыгына бекитти.
Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2019-жылы 21-июнда болуп өттү. Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына даттануулар жана арыздар түшкөн жок.
Калмуратов Тагдырбек Токтосунович
1982-жылы 29-октябрда Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылында туулган.
Жогорку билимдүү. Ош технологиялык университетин “бухгалтердик эсеп жана аудит” адистиги боюнча (диплом №CD070236325, 2007-ж. 25-октябрь) бүтүргөн.
Эмгек жолу:
2001-2002 ж.ж. – Кара-Суу райондук оорукана, бухгалтер
2007-2011 ж.ж. – Кеңеш айылы, катчы-машинист
2011-2013 ж.ж. – Кеңеш айылы, жаштар комитетинин төрагасы
2013-2014 ж.ж. – Кара-Кулжа району, Кеңеш айыл өкмөтү, финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу
2014-2015 ж.ж. – Кара-Кулжа району, Кенеш айыл өкмөтү, финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы
Үй-бүлөлүк абалы: үйлөнгөн, беш баласы бар.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин маалыматык аналитикалык борборунун берген маалымкатына ылайык Калмуратов Тагдырбек Токтосуновичтин соттуулугу жок.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Каратаев Таяныч Асанбекович Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды
2019-жылы 28-июнда КР БШК мүчөлөрү Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун негизинде Каратаев Таяныч Асанбековичти Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчылыгына бекитти.
Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2019-жылы 21-июнда болуп өттү. Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына даттануулар жана арыздар түшкөн жок.
Каратаев Таяныч Асанбекович
1960-жылы 26-февралда Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой айылында туулган.
1986-жылы Фрунзедеги политехникалык институтту “машина куруу технологиясы, металл кесүүчү станоктор жана аспаптар” адистиги боюнча аяктаган.
Эмгек жолу:
2018 жылы – “Көк-Ой” айыл өкмөтү, башчы
2018 жылы – “Көк-Ой” айыл өкмөтү, экономист-статист
2012 жылы – “Көк-Ой” айыл өкмөтү, жетектөөчү адистин м.а.
1994-2012 ж.ж. – “Көк-Ой” дыйкан чарбасы, мүчө
1991-1994 жылдары “Эмел” совхозу, башкы инженер
1988-1991 ж.ж. – “Көкө Мерен” совхозу, башкы инженер
1986-1988 ж.ж.–Миң-Куштагы Кыргыз өндүрүштүк “Оргтехника” бирикмеси, сменалык мастер
Жумгал аймактык шайлоо комиссиясына Көк-Ой айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү берүү тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
30.09.2026
Бир катар шайлоо участокторунун даректери өзгөрдү
30.09.2026
КР БШКсы бир катар аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктады
30.09.2026
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
29.09.2026
КР БШКнын 2026-жылдын 30-сентябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
29.09.2026
КР БШКда президенттик шайлоого даярдык боюнча мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен кеңешме өттү
29.09.2026
КР БШКнын өкүлдөрү Индияда шайлоону башкаруу органдарынын потенциалын чыңдоо боюнча эл аралык семинарга катышууда